WeChat      Избранное

Жаңылыктар

18/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Жаңылыктар

ФотоWWW

“Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагы - балдардын жана жаштардын демилгелерин колдоо программасы 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагын өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын кеңешмесинин жүрүшүндө: “Коронавирустук инфекция пандемиясынын шартында аймактардагы балдардын жана жаштардын билим алуу жана саламаттыгын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат”, - деп билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымат берди.  

Аталган сынактын Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында ишке ашырылып жатканы да символикалык мааниге ээ экендигин белгиледи.

“Бул демилге жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү гана көрө билүүгө мүмкүнчүлүк бербестен, өлкөбүздүн артыкчылыктуу багыттарын жана кызыкчылыктарын да эске алат. Анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, Баланын укуктары жөнүндө конвенция жана башка эл аралык макулдашууларда Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткарууда жергиликтүү стратегиялар жана программалар менен байланыштырууга шарттарды түзөт. Бул демилгенин башка программа жана стратегиялардан айырмасы – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан балдарга жана жаштарга багытталган  чечимдерди кабыл алууда, жаштардын милдетүү түрдө катышуусу болуп саналат”, - деди Эльвира Сурабалдиева. 

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын Концепциясынын негизинде аймактарда билим берүү, саламаттык сактоо, балдарды коргоо, спорт тармагындагы программалары дагы ишке ашырылат.

“Ошондуктан  “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” долбоорун балдардын жана жаштардын демилгелерин колдоо программасы катары карасак болот. Сынактын баалоо индикаторлору катары жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын катышуусу, жаштардын эс алуусу, маданияты жана өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, коопсуздук маселелери, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана турмуштук оор жагдайда турган үй-бүлөлөргө жардам берүү саналат. Пандемия шартында билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелери өтө маанилүү болуп эсептелет”, - деди вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева. 

“Кут билим”  билим берүү комплексинде санитардык эрежелер бузулгандыгы аныкталды  

Жаңылыктар

8-декабрда Шаардык медициналык тез жардам кызматынын балдар клиникалык ооруканасына тамак-аштан уулануу диагнозу менен жалпы 25 жабырлануучу жаткырылды. Алардын ичинен 24ү бала жана 1 чоң адам. Бүгүнкү күндө бардык бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Алар медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун оорунун очогунда жүргүзгөн санитардык-гигиеналык иликтөөсүнүн жүрүшүндө бир катар санитардык эрежелер бузулгандыгы аныкталды.

Аныкталган эреже бузууларга ылайык, мыйзам бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, мыйзам бузуу фактысы боюнча жаза колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынды: аталган мектептин жетекчисине 150/4 берене боюнча (23000 сом); кампачы-камсыздоо менеджери, азык-түлүк жеткирүүчүгө 150/4 берене боюнча (7500 сом); медициналык кызматкерге 150/4 берене боюнча (7500 сом); ашпозчуга 150/4 берене боюнча (7500 сом).

Оорунун очогунда санитардык-агартуу иштери жүргүзүлүп, тамак-аш азыктарынын үлгүлөрү алынды. Лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн алынган тамак-аш азыктарынын үлгүлөрү иштөөдө, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилет.

Улуттук адабият күнүндө Ч.Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” спектакли коюлду 

Жаңылыктар

Бүгүн, 12 – декабрь “Улуттук адабият күнүнө” карата А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрында Ч.Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” спектакли Т. Абдымомунов атындыгы Кыргыз Улуттук Академиялык драма тераынын артисттери тарабынан коюлду. Бул тууралуу КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Берилген маалыматка ылайык, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин м.а. Артем Новиков, Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, акын – жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты.

Жарандардын коопсуздугу үчүн, бардык санитрадык – эпидемиялогиялык талаптар так аткарылды. 

“Кылым карытаар бир күн” романынын негизинде даярдалган спектаклди Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын Көркөм жетекчиси, белгилүү режиссёр Назым Мендебаиров сахналаштырган.

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо – ковид жана сасык тумоону жуктурууну азайтат 

Жаңылыктар


Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргыз Республикасында сасык тумоонун катталган учурлары декабрь айында башталып, декабрь айынын аягында жана январь айында эң көп катталган чегине жетет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам маалыматтын негизинде, 49-жумада 30.11.20-ж.- 06.12.20-ж. өткөн жумага караганда (48-жума 23.11.20-ж.- 29.11.20-ж) курч дем вирустук оорулардын катталуусу 10,3%га азайган, 2706 учурга каршы, 2430 учур катталып, 2019-жылдагы жогоруда белгиленген жумага караганда оору 2 эсе азайган ( 2019-ж. 49-жумасында 4931 учур катталган и.к. 100 миң калкка 78,0 түздү).

Өлкөдө 14 вирусологиялык лаборатория иштеп жатат, анда 19 ПЦР - аппараты бар. Андан сырткары, 4 жеке менчик лаборатория келишимдин негизинде COVID-19 аныктоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшүүдө ( Бонецкий лабораториясы, “AQUA”, “Гемотест”, “Интермедикал”). 

Ошондой эле, азыркы күндө 2,5 айга жете турган ПЦР тест-системасынын запасы бар.

12-декабрда XX кылымдын дүйнөлүк классиги, белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Улуттук адабият күнү белгиленди 

Жаңылыктар


11-декабрда Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында жайгашкан Чынгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

12-декабрда XX кылымдын дүйнөлүк классиги, белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Улуттук адабият күнү белгиленип келет. Бул иш чара КРдин Билим берүү жана илим министрлиги, КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы, ошондой эле USAID “Окуу керемет!” долбоору менен биргеликте уюштурулду. Иш-чарага КРдин билим берүү жана илим министринин орун басары Жусупбекова Надира, КРдин маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Балташев Ильязбек, РБЖКнын директору Султангазиева Роза жана “Окуу керемет!” долбоорунун директору Лиана Гертч катышышты.

Улуттук адабият күнүнө карата башталгыч класстардын арасында китеп окууну жана балдар адабиятын жайылтуу максатында жумалык акция уюштурулган. Бул акциянын алкагында 7-11-декабрларда бүткүл өлкө боюнча бир катар онлайн жана офлайн иш-чаралар “Окуу керемет!” долбоорунун социалдык түйүндөрүндө өттү. Мектептерде, коомдук китепканаларда жаңы китептердин маалыматтык презентациясы, 1-4-класстардын арасында “Китептеги сүйүктүү каарманым” видео конкурсу жана Чынгыз Айтматовдун өмүрү, ишмердүүлүгү тууралуу оюн-викторина болуп өттү.

К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында “Айтматовдун ааламы” жумалыгы онлайн форматта уюштурулду. Жумалыктын алкагында уюштурулгандар: Улуттук Комитеттин функционалдык сабаттуулук боюнча КР ББИМ, ММТМ жана USAID “Окуу керемет!” долбоору менен биргеликте онлайн отурум.

Окуу марафону: “Учур” театрынын артисттери, ырчылар, маданият жана искусство өкүлдөрү классиктин чыгармаларын окушту; китепкананын жаш окурмандары Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүнүлөрдү жатка айтып беришти.

Муну менен катар эле, Ч. Айтматов, А. Осмонов жана башка кыргыз адабиятынын классиктеринин жашоосу, чыгармачылыгына арналган онлайн китеп көргөзмөлөрү уюштурулду. Китепкана кызматкерлери КМШ өлкөлөрүнүн китепканачылары менен биргеликте “Локдаун учурунда балдардын китеп окуусу” онлайн конференциясына катышышты. 

Юридикалык академиянын студенттери менен Ч. Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгына арналган онлайн иш-чара уюштурулду. К. Карасаев атындагы БМУнун студенттери үчүн Улуттук адабият күнүнө карата экскурсия жана лекторий өткөрүлдү. 




(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)