WeChat      Избранное

Чинара Мааткеримова:“Чет жерде окуу программаларына кабыл алуу үчүн атайын система иштелип чыкты”

02/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Чинара Мааткеримова:“Чет жерде окуу программаларына кабыл алуу үчүн атайын система иштелип чыкты”

ФотоWWW

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги да жыл сайын студенттерибиздин чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында билим алуусуна шарт түзүп келет. Министрлик былтыркы жылы Орусия, Корея, Кытай, Египет жана Туркия сыяктуу 20га жакын өлкөнүн окуу жайларына келишимдин негизинде билим алууга жөнөтө алган. Мындай өнөктүк быйылкы жылы дагы болуп жатат.

Мына, ушул тууралуу 27-ноябрь күнү Билим берүү жана илим министрлигинде атайын маалымат жыйыны болуп өттү. Жыйында кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдө акысыз билим алууга ажыратылган гранттык орундар боюнча толук кандуу маалымат берилди. Муну менен эле катар, 2021-2022-окуу жж. киргизилген эки жаңылык тууралуу дагы айтылды. 

Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Чинара Мааткеримова чет өлкөдө окуу программалары боюнча журналисттерге сүйлөп берди.

-Бүгүнкү биздин маалымат жыйындын башкы максаты өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттерде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу биздин жарандарыбызга кенен маалымат берүү болуп саналат.  Учурда Билим берүү жана илим министрлиги колдонулуп жаткан өкмөттөр аралык сегиз келишимдин негизинде иш алып барууда. Муну менен катар эле, учурда иштелип жаткан бир катар келишимдердин алкагында  көптөгөн өлкөлөр менен дагы кызматташып келүүдө. Мисалга алсак, Словения, Болгария, Чехия, Норвегия, Франция, Эстония, Испания, Япония, Араб өлкөлөрү ж.б. 

2021-2022 окуу жж. бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча Белоруссиядан 10 гранттык орун бөлүнгөн. Венгрия 150, Казакстан 5 гранттык орун бөлүп берди. Учурда Казакстан менен орун санын 10го чейин көбөйтүү жаатында дагы сүйлөшүп жатабыз. 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматтыштык жөнүндө макулдашуу Пекин ш., 2015-жылдын 16-декабры жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу Шанхай ш., 2006-жылдын 15-июнунда болуп өткөн.

Аталган макулдашууларга ылайык кытай тарабынан КРнын жарандарына Кытай Эл Республикасынын ЖОЖдорунда бакалавриат, магистратура, докторантура, жана тил такшалма программаларында окуу үчүн жыл сайын бюджеттик орундар бөлүнөт. Ошол эле учурда, аталган эки макулдашуулардын негизинде Кытай Эл Республикасында окуп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы саны 70 адамдан ашпоого тийиш, алардын ичине азыркы учурда окуп жаткандар жана окууга жаңы жөнөткөндөр кирет.

Кыргыз тарабынан талапкерлерди тандоо жана алардын документтерин кытай тарабына жөнөтүү иштерин КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзөт. Кыргыз тарабынан сунушталган талапкерлерди окууга кабыл алуу боюнча акыркы чечим кытай тарабынан кабыл алынат.

Эки өлкөнүн Билим берүү жана илим министрликтеринин келишиминин негизинде 30 гранттык орун берилсе, экинчиси - Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун негизинде 40 гранттык орун бөлүнгөн.

Латвия жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасы ачык. Ал жакта ар бир мамлекетке берилген гранттык орундардын саны, жалпы мамлекетте берилген гранттык орундардын 10%нан ашык болбоосу керек. Ошондуктан, бул жылы Латвиядан бизге канча орун бөлүнүп берилээри азырынча белгисиз. Бирок, бул программанын негизинде 3 жыл аралыгында 6 студент окууга жиберилген. 

Россия болсо, бизге жыл сайын 370-400гө чейин гранттык орун бөлүп берип келе жатат. Ал эми, Туркия болсо 80ден 100гө чейин бюджеттик орун берип, Тажикстан 2021-2022-окуу жылы үчүн бакалавриат программасынын түрдүү багыттары боюнча 50 гранттык орун бөлдү. 

Бөлүнгөн бюджеттик орундар тууралуу маалымат министрликке келип түшкөндө эле, министрликтин расмий сайтында жайгаштырылат.

Бул жерден басым жасап айта кетчү нерсе, негизинен аталган программалар боюнча окууга кабыл алуу иштери кыш мезгилине туура келет. Ошондуктан, “чет жерде окуп, билим алам” деген жаштарыбыз жакынкы убактарга зарыл болгон документтерин даярдап, сынактарга катышууга даярдануусу керек. Тандоо процессинин мөөнөтү орточо эсеп менен алганда 1-2 айды ичине камтыйт. Жазында жыйынтыктары чыгып калмакчы. 

Ар бир программа боюнча тандоо турлары ар башкача өтөт. Тандоо турларын жеке гана биз, Билим берүү жана илим министрлиги өткөрбөйбүз. Кээ бир программалар боюнча тиешелүү мамлекеттин Кыргызстандагы элчилиги же болбосо кандайдыр бир атайын бекитилген мекемеси өздөрү тандоо өткөрүшөт. Мисалы, Белоруссияга анын Кыргызстандагы элчилиги өздөрү тандашат. Туркия дагы ушундай тартип менен иш алып барат. Россияга болсо, Россия кызматташтыгынын өкүлчүлүгү тандап алат. Башка программалар боюнча биз иш алып барабыз. 

Үстүбүздөгү жылы аталган программаларга тандоо турларын өткөрүүгө өзгөртүү киргиздик. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте программаларга катышып жаткан жарандарыбыздын документтерин онлайн түрдө кабыл алуу үчүн атайын система иштеп чыкты. Бул система биринчиден, балдардын жана ата-энелердин коопсуздугун сактоодо, оорунун жайылуусунун алдын-алуу жаатында жакшы болмокчу. 

Себеби, бардык иштер ушул система аркылуу жүзөгө ашырылмакчы. Аны жакынкы күндөрү ишке киргизгени жатабыз. Чынын айтканда, бул учурдун талабына жооп берген кадам деп эсептейм. Ушул система аркылуу жеке гана студенттерибизди чет мамлекеттерге жибербестен, алар менен кайтарым байланыш түзүүгө дагы мыкты мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Биз алар тууралуу толук маалыматка ээ болмокчубуз. 

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, пандемия учурунда биз кайсы өлкөдө биздин канча студентибиз билим алаары тууралуу маалымат ала албай кыйналдык. Анткени, министрлик өткөрүп жаткан программалардан сырткары дагы башка чет өлкөлөрдө окууга мүмкүнчүлүк берген эл аралык программалар бар. Алар аркылуу кеткен студенттерибиздин санын биз билбейбиз да. Ошондуктан, биз чет жерде билим алып жаткан ар бир кыргызстандыкты ушул системага кирип өзү тууралуу маалыматты толтуруп коюсун өтүнөт элек. Ошондо, биз кандай гана кырдаал болбосун студенттерибиз менен байланышта болуп, өз көмөгүбүздү көрсөтүүгө даяр болот элек. Бул система сыртта окуп жүргөн жарандарыбыз менен ар дайым тыгыз байланышта болууга эң мыкты жардамчы болмокчу. 

Мындан сырткары, министрлик быйыл биз аркылуу кеткен студенттер менен келишим түзүү планын коюп жатат. Тактап айтканда, ата-эне, студент, министрлик менен биригип үч тараптуу келишим түзүү. Бул келишимдин максаты студент чет жерден билим алып, окуусун аяктаган соң, аны Кыргызстанда жумуш орду менен камсыз кылуу. Менин оюмча ата-энелер дагы бул ойду колдойт. Себеби, баласы окуусун аяктап келгенде, бул жакта кызмат орду даяр болот.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, канчалаган күчтүү адистерибиз сыртта иштеп жүрүшөт.  Биз чет жерде окуган жаштарыбыздын  алган билимин Кыргызстанды өнүктүрүп, өстүрүүгө колдонуубуз зарыл. “Келечек жаштардын колунда” демекчи, күчтүү, акылдуу, өз ишин мыкты билген адистерге муктажбыз. Алардын Кыргызстанга келип иштөөсү үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүбүз заман талабы. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)