WeChat      Избранное

Академик Мамбет Мамакеев: “Мен ким элем, ким болдум?”

17/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Академик Мамбет Мамакеев: “Мен ким элем, ким болдум?”

ФотоWWW

Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрь күнү Дүйнөдө өз кесиби менен эң узак иштеген адис катары рекорд койгон кыргызстандык белгилүү хирург, академик Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебинин дипломун расмий түрдө алды. Бул тууралуу М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору билдирди. 

Берилген маалыматка ылайык, рекорд 2020-жылдын 29-февралында катталган. Анда Мамакеев практикалык хирургия жаатында тынымсыз 67 жыл 181 күн иштегени айтылат. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк рекорддун ээси жетишкендиктерин өркүндөтүп, күн сайын ар кандай хирургиялык операцияларды жасоону ийгиликтүү улантууда.

Мына ушул мыкты саамалыкты улай биз дагы Мамбет Мамакеевич менен баарлашып, агайдын өмүр жолуна кыскача сереп салуу менен бирге жакында эле алган сыйлыгы тууралуу дагы маалымат алдык. 

“Гиннестин рекорддор китебине киргеним мен үчүн кубанычтуу кабар”

-Мен учурда 94 жаштамын. Бул медицина тармагында 68 жылдан бери эмгектенип келе жатамын.  Ушул 68 жыл аралыгында 30 миңден ашуун операция жасадым. Бул эмгегимдин арты менен Кыргыз Республикасындагы бардык сыйлык, наамдарга татыктуу болдум. 

Үстүбүздөгү жылдын 29-февраль күнү Гиннестин рекорддор китебине катталдым. Мен билгенден хирургия жаатында өлкө ичинде эч ким катталган эмес. Чындыгын айтканда, Советтер Союзу мезгилинде бул рекорддор китеби тууралуу дагы эч маалыматыбыз жок эле. Ал эми, аталган уюмдун расмий сайтында мен тууралуу маалымат менен бирге эле, бүгүнкү күнү ушундай 90дон ашкан жашында дүйнө жүзү боюнча бир дагы хирург операция жасабайт деп жазылыптыр.

Чынында эле, 60 жылдан ашуун хирург болуп иштөө оңой эмес, мен муну өзүмдөн улам билем. Көз жакшы көрбөйт, кол титирейт, мээ дагы мурункудай эмес дегендей. Ошондуктан, хирургдар негизинен бул жашка чейин эле, операция кылууну токтотушат. Бирок, мага кудай ушундай жардам же колдоосун берсе керек. Мен бүгүнкү күнгө чейин операция жасап келе жатам. Мына, бүгүн эле үч операция кылып чыктым. Ар бир күнү операция кылып турам. Азырынча колдорум калтырап, көздөрүм начар көрбөй эле турат. Унутчаактык дагы жок. Бирок, баары бир карылык өзүнүкүн алат экен. Организм жаш эмес. Көпкө туруп операция кылганда белим, тизелерим ооруп калат. Эгерде, отуруп операция кылсам, эч нерсе тынчсыздандырбайт.

Албетте, Гиннестин рекорддор китебине киргеним мен үчүн абдан кубанычтуу кабар. Мамлекет үчүн дагы сыймык деп ойлойм. Дипломду Гиннесстин рекорддор китебинин эксперттери тапшырышы керек эле, бирок глобалдык коронавирус пандемиясынын кесепетинен бул ишке ашкан жок. Ошондуктан, Диплом экспресс-почта аркылуу жеткирилип, 3-декабрь күнү  колубузга тийди. 

Академик Мамбет Мамакеев: “Мен ким элем, ким болдум?”

“Жашоомдо изи бар инсандар” 

-Көпчүлүккө маалым болгондой, өспүрүм чагым Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилине туура келди. Атам согушка кетти. Үйдүн улуусу болгондуктан, инилеримди, үй-бүлөмдү кароого аргасыз болдум. Ачкачылык кез. Айылда жүрүп, көзү көрүп, жашына туура келгендердин бардыгын согушка жөнөштү. Мага окшогон балдар жана карылар гана калды. Биз да өз кезегибиз менен колхоздо күнү-түнү иштедик. Канчалык кыйынчылыктарга карабай окуп, билим алдык. Эртең мененден түшкү тамак - окуу, андан кийин - фермада иштөө. Бала кезимден кара жумушка быштым. Оор жумуштан, кыйынчылыктан эч качан качкан эмесмин. 

Чындыгын айтканда, бала чагымда дарыгер болууну кыялданмак тургай, жалпы билим алууну деле ойлогондой болгон жокмун. Үйдүн улуусу болгондуктан, үй-бүлөмдү багуу үчүн окуумду таштадым. Бирок, тагдырдын буйругу менен, жашоомду өзгөртүүгө көмөкчү болуп, өз кеп-кеңештери менен туура жолго салган адамдар менен кездештим. Алардын бири мектебибиздин директору Касымбай Токоев болду. Агайдын аракетинин арты менен окуумду уланттым.

Мектептен кийин шаардан бизге аскер кафедрасынын майору келип, медициналык институтту аябай мактады. Сөз сүйлөп бүткөндөн кийин ал кимдин баргысы келгенин сурады, мен дароо макул болдум. Анткени ал кезде айылда адамдар абдан көп оорушчу. Төрөттөн дагы кайтыш болгондор бар эле. Дарыгер жок, молдо, бакшылар дарылашчу. Мына, ошол кезде менде бейтаптарга жардам берүү каалоосу пайда болду. 

Окууга жолго чыгаарда, колхоз берген буудайды сатып бир шым, көйнөк анан бут кийим алдык. Тамакка болсо бир мүшөк талкан беришти.  Жолдо ага дагы керосин сиңип, жегенге мүмкүн болбой калыптыр. Бирок, андан башка эч тамагым болбогондуктан, айла жок керосин сиңген талканды жеп түгөттүм. Ошентип менин медицина дүйнөсүнө болгон алгачкы кадамым ташталды. 

Орус тилинде бир дагы сөз билбей Медициналык институтта окуумду баштадым. Абдан оор болду. Көпчүлүк буга чыдабай окуусун таштап кетишти. Ошондо кыргыз дарыгер Иса Ахунбаев менен жолугушууга бардык. Ал жерден даярдоо курстары тууралуу сунушумду киргиздим. Иса Ахунбаевдин жардамы менен орус тили, физика, химия, биология ж.б. боюнча даярдоо курстары ачылды. Чындыгында, 3-курска чейин орус тилин жетишээрлик деңгээлде үйрөнгүчө абдан оор болду. Эч нерсе түшүнбөсөк дагы материалдарды жаттачубуз. Колубуздан келишинче окудук. Күнү-түнү уктабай билим алууга аракет кылдык. Ал эми, эң алгачкы жолу дал ушул Иса Ахунбаевдин кылган операциясын көргөндөн кийин менде хирург болуу кыялы ойгонду. Ошондон соң, дал ушул жаатты изилдеп, ушул багытта билимимди тереңдетүүнү чечтим. 

1954-жылы ординатураны аяктап, аспирантурада калуума кафедра жетекчиси, профессор Фридман Максим Ефимовичтин эмгеги зор. Ал кишиден дагы көптү үйрөндүм. Бирок, ушул күнү жетишкен ийгиликтеримдин артында тынымсыз изденүү, окуу, үйрөнүү дагы турат. Ар дайым билим алуунун үстүндөмүн. Мен эгерде бир ишке киришсем, аны аягына чыгармайынча уктабай дагы калам. Мына, ушул сапатымдын арты менен көп жакшы ийгиликтерге жетиштим. Мен ким элем, ким болдум? 

Ушул оорукананы өзүбүздүн, күчүбүз эмгегибиз менен тургуздук. Күнү-түнү дебей адам жанын сактап калууга аракет кылып келебиз. Ар дайым операцияларды өткөрүүгө даяр турабыз. Хирург болуу жеңил эмес. Ден соолугуң дагы мыкты болуп, организм да күчтүү болуусу абзел. Спорт менен машыгуу дагы талап кылынат. Кээ бир операциялар канчалаган сааттар бою созулуп, тикеден-тике туруп иш кылыш керек болгон учурлар дагы көп эле кездешет. 

Мына, ушул жылдар аралыгы хирургия мектептерин дагы ачтым. Шакирттеримдин арасында азыр 20 илимдин доктору бар, 30у илимдин кандидаты. 12 эмгек сиңирген дарыгер жана жүздөгөн окуучуларым бул тармакта ийгиликтүү эмгектенип келишүүдө. Эң улуу окуучум азыр 80ге чыкты. Шакирттерим менен ар дайым сыймыктанам. Алар мыкты дарыгерлер.  

Академик Мамбет Мамакеев: “Мен ким элем, ким болдум?”

Узак жашоонун сыры..

-Жогоруда айткандай, мен ар дайым спорт менен машыгам. Чуркайм, жөө басам. Бул менин жаш кезимден бери болуп келген көндүмүм. Азыркы учурда дагы саат беште турам, гимнастика кылам. Кечинде дагы спортко убакыт бөлөм. Муну менен катар эле өз оюмду ачык айтам. Эч качан таарынычымды же болбосо кандайдыр бир сүйүнүчүмдү деле ичиме сактабайм.  Оор ойлордон арылганга аракет кылам. Өзүмө жүк кылбайм. Мына, мүмкүн ушул сапаттар менин жашоомду жеңилдетип, өз жардамын берсе керек. 

Ушул жылдар практика жүзүндө байкаганым боюнча, кыйынчылыкты көрүп чоңойгон адам көп бийиктиктерге жетише алат. Тарбиядан деле эч нерсе көз каранды эмес. Эгерде адамдын мээси болсо, бардыгын кыла алат. Мисалы, колунда бар, акылдуу адамдардын уул-кыздарынан деле окууну аягына чейин бүтүрүп, мыкты адис болуп чыккандар аз. Көпчүлүк учурда ач-токту билип чоңойгондор көп нерсенин баркын билишет. 

Академиктин басып өткөн жолу жана сыйлыктары 

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Ал 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн. 1952—55-ж. КММИнин госпиталдык хирургия кафедрасында ординатор, 1955—58-ж. аспирант. 1958—72-ж. ошол кафедрада ассистент, доцент. 1972-жылдан кафедра башчы болуп эмгек жолун баштаган.

Мамакеев 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. Hегизги илимий эмгектери өттүн таш оорусун хирургиялык жол менен дарылоо, ошондой эле оорулууларга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган. Анын “Катуу кармаган холециститти хирургиялык дарылоо”, “Уйку безинин сезгениши” деген жана башка эмгектеринин мааниси чоң.

Мамбет Мамакеев: КР Баатыры, Кыргыз Илимдер Академиясынын Академиги, медицина илиминин доктору, профессор, КРдин эмгек сиӊирген дарыгери, КРдин илимине эмгек сиӊирген ишмер, КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, И.К.Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, КРдин 4 жолку депутаты, Казак улуттук академиясынын ардактуу Академиги, Н.И.Пирогов атындагы бүткүл союздук хирургдар ассоциациясынын ардактуу мүчөсү, КРдин хирургдар ассоциациясынын төрагасы, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, Ысык-Көл облусунун ардактуу өкүлү, Жазуучулар союзунун мүчөсү, Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору. 

Сыйлыктары: Октябрь революция, Эмгек кызыл туу, Эл достугу, III даражадагы Манас, I даражадагы Манас, II даражадагы Манас ордени Улуу Петр ордендеринин ээси. КРнын Ардак грамотасы, Эл аралык “Алтын фортуна” сыйлыгынын медалы, Хирургдар коомунун эстелик алтын медалы, Саламаттык сактоонун отличниги, Эл агартуунун отличниги төш белгилери, Эмгек ардагер медалы, Эл аралык  “Руханият” ассоциациясынын алтын медалы, Улуттук илимдер академиясынын 50 жылдыгына арналган эстелик алтын медалы.

 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)