WeChat      Избранное

Пандемия айынан КРге 67 мамлекеттен 55 миң 192 жаран кайтып келген

17/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Пандемия айынан КРге 67 мамлекеттен 55 миң 192 жаран кайтып келген

ФотоWWW

Коронавирус пандемиясы бүтүндөй дүйнө жүзүнүн жашоосуна өз таасирин тийгизди. Кааласак дагы, каалабасак дагы пандемиянын шарттары менен жашап, анын “ою” менен эсептешүүгө туура келүүдө. Бул жугуштуу дарт элдин жашоосуна дүрбөлөң салуу менен бирге эле, адам өмүрүн дагы алып кетип жаткандыгына күбө болуудабыз. Мына, ушундай оор кырдаалда экономикасы күчтүү мамлекеттер дагы алсырагандыгын көрсөк болот. Ал эми, Кыргызстандын экономикалык абалы болсо, чеке жылытарлык эмес. 

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, экономика артка кетээрин Кыргыз өкмөтү пандемия башталганда эле мойнуна алган. Ага өлкөдө киргизилген өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдери жана чек аралардын жабылышы дагы башкы себептердин бири болду. Мындай кырдаалда өлкөгө сырттан акча которуу азаяры, жумушсуздук көбөйөөрүү белгилүү эмеспи. Ички дүң өнүм жана башка көрсөткүчтөрдүн мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөгөнү маалым. Ошондуктан, бул жылы Кыргыз өкмөтү антикризистик аракеттерди жандантып, иш алып барып жаткандыгы айтылып келүүдө. 

Экономика начарлаганына байланыштуу өлкөдө жумушсуздук да күчөй тургандыгы боло турган иш. Ошондой эле, быйыл мигранттардын сырттан акча которуусу дагы азайды. 2019-жылы Кыргызстанга жалпысынан 2 млрд. 406 млн. доллар которулуп келгенин эске алганда, бул сумма быйыл 1 миллиардга чейин төмөн болуусу мүмкүн. Доллар дагы кымбаттап, элди кыйнап турган кези. Доллар кымбаттаган сайын, тамак-аш, буюм-тайымдар, кийимдер дагы кымбат болуп, сом менен айлык алып жашаган элдин акчасы азыр эч бирине жетпей турган чагы. 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын февраль айынан баштап сентябрь айына чейин 67 мамлекеттен 55 миң 192 Кыргызстан жараны алынып келинген. Аларды алып келүү үчүн 203 түз авиакаттамдары жана Казакстандын аймагы аркылуу 197 автобус унаасы уюштурулган. Муну менен катар эле, Казакстан менен сүйлөшүүнүн негизинде алардын чартердик авиа каттамдары аркылуу Кыргызстандын 614 жаранын дагы үчүнчү мамлеттерден алып келүү иштери жүргүзүлгөн. 

Мына, бул маалымат дагы учурда Кыргызстанда канчалаган мигранттарыбыз дагы жумушу жок, кыйын абалга кабылгандыгын көрсөтүүдө. Ушундай кырдаалда КРдин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу сурап кайрылдык. Аталган министрликтин Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Наргиза Туркебекова министрлик бул жаатта бир катар иштерди аткарып жаткандыгына токтолуп, маалымат берди.

Ал: “Коронавирус пандемиясына байланыштуу бизге өкмөттөн дагы эмгек мигранттарынын кайтып келүүсү боюнча кандай пландар, иш-чаралар аткарылып жаткандыгы тууралуу маалымат сурап кайрылышкан. Санариптеширүүнүн алкагында иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында биз эмгек рыногун автоматташтырганбыз. Тактап айтканда, эмгек рыногунун маалыматтык тутумун түзгөнбүз. Ал жакта эмгек рыногу боюнча маалыматтар кыймылын каттоого алган жана жумушсуздук статусу, иш менен камсыз кылуунун активдүү чаралары жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө жөнүндө маалыматтар камтылат.

Мисалы, иш издеген жарандарга туура келген жумушту жана иш берүүчүлөргө керектүү жумушчуларды табууга көмөктөшүү; эмгек жана ишке орношуу боюнча кеңеш берүү; жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу; акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу; жарандардын туура кесип тандашы, жумушка орношушу, кесиптик окутуудан өтүшү максатында кесипке багыт берүүнү уюштуруу; жумушсуз жарандарды психологиялык жактан колдоо; жумушсуз жарандардын эмгек рыногунда социалдык жактан адаптация болушу; бош орундар жарманкесин, окуу жайлардагы жарманкелерди ж.б эмгек рыногундагы атайын иш чараларды уюштуруу; эмгек рыногун анализдөө жана болжолдоо. Мына, ушул жактагы кайрылууларга жараша иш алып барабыз”-деп, жооп берди.

Муну менен катар эле, бөлүм башчы бул программага август айында пандемиянын шарттарында өзгөртүү киргизилгендигин дагы белгилеп өттү.  

Наргиза Тукербекова: “Эмгек рыногунун маалыматтык тутумундагы “жумушсуздун карточкасына” кошумча эмгек мигранты деген белгини дагы коштук. Бул жерде эмгек мигранты өзү бизге кайрылуусу шарт. Ошондо гана өз көмөгүбүздү көрсөтүп, жардам берүүгө даярбыз. Кайсы гана жаран кайрылбасын бардыгына бекер кеп-кеңештерибизди берип, мыйзам чегинде кызматтарды көрсөтөбүз. Биз август айынан баштап эле эмгек мигранттары боюнча статистиканы жүргүзө баштаганбыз”-деген маалыматы менен дагы бөлүштү. 

Даанахан Козубекова, эмгек мигранты: “15 жылдан бери эмгек мигранты болуп, сыртта иштеп жүрөм” 

-Мен Баткен облусуна байланыштуу Кадамжай районунун Орозбеков айылынан боломун. 1974-жылы төрөлгөнмүн. Учурда, 46 жаштамын. 15 жылдан бери эмгек мигранты болуп, сыртта иштеп жүрөм. Кесибим боюнча мугалиммин. Эки балам бар. Учурда, Москва шаарында иштейм.

Пандемия бардыгыбыздын эле көнүмүш жашообуздун агымын бузуп койду. Жашообузга өзгөртүү киргизди. Карантин мезгилинде иштебей үйдө отуруп калдым. Бир эле мен эмес, көптөгөн мигранттар жумушу жок, үйдө отуруп калышты. Бирок, бардык эле нерсенин оң жана терс жактары болот эмеспи. Бул кырдаалдын дагы кандайдыр бир деңгээлде оң жактары болду. Себеби, карантин мезгилинде үйдө отурганда эл-жерибизди, бир туугандарыбызды ойлоп, мигрант кыз-келиндерибиз менен бирге “Кара-Кечүү” кайрымдуулук фондун ачтык. Ал фонд карантинден бери ийгиликтүү иштеп келе жатат. Мисалы, айылыбыздагы ооруканага жылуулук системасын орнотууга материалдык көмөк көрсөттүк. Муну менен катар эле, элдердин социалдык денгээлин жогорулатуу боюнча да моралдык жактан колдоп келебиз. 

Чындыгын айтканда, көп жылдан бери чет  жерде жүрөм. Эмгек мигранты болуп кетүү оңой эмес, абдан көп кыйынчылыктарга жолуктук. Бирок, балдарыбыздын келечегин ойлоп бардыгына чыдоого туура келди. Ошондуктан ар дайым жаңы эмгек мигранты болуп келген кыз-келиндерибиз менен өз тажрыйбам менен бөлүшүп, өз билгенимди дагы үйрөтүп келем. Өлкөбүздөн деле кандайдыр бир колдоо, жардам алган жокпуз. Учурда, мамлекетибизде болуп жаткан кырдаалдан улам кандайдыр бир жардам күтүү деле ыңгайсыз. Бирок, жакынкы аралыкта өлкөбүз дагы өнүгөт, экономикасын бекемдейт. Алыста, жакында жүргөн жарандарына жардам берет деп ишенем. Буга үмүтүбүз чоң. 

Сайрагүл Полотова, эмгек мигранты: “КРден кайра Россияга келгенде деле жумуш табуу оор” 

-Мен 1983-жылы Баткен облусунда төрөлгөм. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Ош мамлекеттик университетинин англис тили адистиги боюнча чет тилдер факультетин бүтүргөмүн. Андан кийин Бишкек шаарындагы Президенттик башкаруу академиясында магистратураны аяктагам. Бирок, журналистика тармагында көп жылдар эмгектендим. ЭЛТР каналында иштедим. Ушул канал аркылуу Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги менен келишим түзүп, Россиядагы биздин бир миллионго жакын мекендештерибиздин жашоо-турмушун, көйгөйлөрүн чагылдырып дагы иштеп жүрдүм. 

Бул жылы декреттик өргүүдө болдум. Пандемия албетте, менин дагы алдыга койгон пландарымды бузду. Жолдошум дагы Россияда эмгектенет. Анын ишмердүүлүгүнө дагы пандемия өз таасирин тийгизди. Бирок, ал Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгы үчүн кайра эле башка жумуш таап кете алды. Мен дагы бир ай мурда эки кызымды таштап коюп, Москвага келдим. Учурда, жумуш караштырып жатам. Бул жакта мурдагыга караганда көбүрөөк документтер талап кылынып жатыптыр. 

Бүгүнкү күндө пандемиянын таасири мигранттарга бир кыйла эле терс таасирин тийгизип жатат. Көпчүлүк мигранттар жумушсуз калышты. Өздөрүн эптеп зорго багып калган учурлар дагы болуптур. Ошондо, бул жердеги кыргыздардан түзүлгөн волонтерлор жардам берип, колдоо көрсөткөндүгүн айтып жатышат. Ал эми, Кыргызстанга учуп кетүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк болбогондугун дагы айтышты. Ооругандар, кары-картаңдар, жаш балалуулар же жакындары кайтыш болгондор гана учуп барууга мүмкүнчүлүк алгандыгы айтылууда. 

Чындыгында, мамлекет тарабынан мигранттарга колдоо болгон жок. Жеке биздин үй-бүлөнү айта турган болсом, өзүбүз эле аракет кылуудабыз. Убактылуу жумуштарга чыгып келип жатам. Чындыгында абал оор. Кыргызстандан кайра Россияга келгенде деле жумуш табуу жеңилге турбайт экендигин өз көзүм менен көрүүдөмүн. Пандемияга байланыштуу көп ишканалар жабылып калган. Россияда деле абал азыр оңой эмес. Мындан улам Кыргызстандын ахыбалы өтө эле оор деген ойдомун. Азыркы тапта жумушсуздук күчөдү. Элдин жашоосу кыйын эле болууда. Сыртта жүргөндөр деле жыргап кетишкен жок. Эң башкысы ден соолук, аманчылык болсун. Бул мезгил дагы өтөт. 

Рахим Марат уулу: “2021-жыл жемиштүү жылдардан болсо экен деп үмүттөнөм” 

-Мен өзүм Талас облусунан болом. Пандемияга чейин Германияда иштечүмүн. Азыркы тапта болсо, Бишкекте жумуш караштырып жатам. Бирок колумдан келсе эле Геманияга кайра кетүүнү ойлонуудамын. Себеби, бул жакта айлык акы абдан аз экен. Ошончо саат эмгекти эч актабайт деп ойлойм. Кесибим боюнча архитектормун. Мамлекет тарабынан кандайдыр бир колдоо деле көргөн жокмун. Билимдүүлөргө эми жол ачык эмеспи. 

Бирок, сыртта кара жумуштарда иштеп жүрүп, пандемиянын айынан үйдө отуруп калган эмгек мигранттарыбызга кыйын эле болду. Менин оюмча, мамлекет алгач ушундай мекендештерибизге кам көрүүсү шарт. Биз деле сыртта жүргөндө өз жердештерибизге колдон келген жардамдарыбызды берип келебиз. 2020-жыл пандемиянын айынан эң “жансыз, кыймылсыз” жыл болду окшойт. 2021-жыл жемиштүү жылдардан болсо экен деп үмүттөнөм. 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)