WeChat      Избранное

23-сентябрь-кыргыз тили “мамлекеттик тил” макамын алган улуу күн

28/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

23-сентябрь-кыргыз тили “мамлекеттик тил” макамын алган улуу күн

Мамлекеттик тил күнү ушундай концерттик иш-чаралар менен дагы коштолот. 

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 29 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон. 

Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Ушул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат. 

Биздин редакция дагы жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт. 

“Мамлекеттик тилди окутуу үчүн, мамлекеттик идеология керек” 

Бардыгыбыз билгендей, мамлекеттик тил бул-мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү түрдө колдонулуучу тил болуп эсептелет.

Ушул мамлекеттик тилге, мамлекеттик идеология керек деген оюн, бизге филология илимдеринин доктору, профессор Сүйүнбек Ибрагимов билдирип, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө, аны окутуу үчүн атайын программалардын иштелип чыгуусу керектигине токтолду.

-Азыркы мезгилде, кыргыз коомчулугунда кыргыз тилин эки түрдүү багытта окутуу зарылчылыгы бар. Биринчиси, кыргыз тилин кыргыз калкынын эне тили катары окутуу керек болсо, экинчиси, кыргыз тилин КРдин мамлекеттик тили катары үйрөтүү. 

Албетте, кыргыз тилинин илимий-практикалык жыйындарын өткөрүп, аны эл ичинде жайылтуу, башка элдерге кыргыз тилинин артыкчылыгын үйрөтүү бул өзүнчө маселе. Бул, кыргыз тилчилеринин, адабиятчыларынын, тарыхчыларынын жалпы эле гуманитардык багыттагы интеллигенциянын жана кыргызды улут катары барктап, ошону аздектеп келе жаткан элдин максаты, жоопкерчилиги. 

Экинчи маселе болсо, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу. Бул негизинен мамлекеттик документтерди кыргыз тилинде иштетүү, мамлекеттик иш-кагаздарын кыргыз тилинин мүмкүнчүлүктөрү менен башка элге жеткирүү деген сөз. Ошондуктан, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам интерпретацияга муктаж. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары колдонулушу дегеним бул, ошол кызматта иштеп жаткан, кыргыз эли менен, күндөлүк чыгып турган иш-кагаздар менен иштей турган адамдар кыргыз тилинин мамлекеттик деңгээлде колдонуло турган сөздөрүн, терминдерин, сөз айкаштарын, сүйлөмдөрүн билүүсү, үйрөнүүсү керек. 

Мисалы, КРдин жараны, бирок кыргыз болбосо дагы, кыргыз элинин алдына чыгып сүйлөөсү үчүн өзүнүн кесибине тийиштүү сөздөрдү тандап, сүйлөй ала тургандай болуусу керек. Эгерде, юридикалык тармактын өкүлү болсо, ошол сот-прокуратуранын тилин үйрөтүшүбүз керек, же болбосо, финансы темасында элге кайрылуу кыла турган болсо, анда ошо эсеп-чотко тиешелүү терминдерди билүүсү зарыл. Ал эми, маданият тармагындагы кызматкер болсо, анда кыргыз маданиятынын “Манас” баш болгон жетишкендиктерин башка элге түшүндүрүп бере тургандай тийиштүү сөз, сөз айкаштарын, фразеологизмдерди билүүсү шарт. 

Мына, эгерде кыргыз тилин мамлекеттик тил катары ушундай тартипте окутсак, кыргыз тили кандайдыр бир жагымдуу кабыл алынаар эле. Аны мамлекеттик тил катары окутканда экинчи жактын кыргыз тилине болгон сүйүү сезимин дагы кошо козгошубуз керек. Ошондуктан, менин жеке оюмда, бизге мамлекеттик тил жөнүндө өзүнчө бир идеология керек. Ошол мамлекеттик тилди окутуунун маселелери боюнча кеңири түшүндүрүп бере ала турган, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу үчүн атайын кандайдыр бир багыт берген программалар иштелип чыгуусу учурдун талабы. 

Мамлекеттик тил дегенден кийин, ошол тилди кызмат даражасында, бийлик даражасында, эл аралык даражада жана элдердин ортосундагы мамиле маселесинде колдоно турган атайын терминдер, сөз айкаштары, сүйлөмдөрдү үйрөтүү зарыл. Мына, ушуларды эске алып, ошонун негизинде окутуу керек. 

Учурда болсо, кыргыз тили менен мамлекеттик тилдин окутулушунда эч бир айырмачылык жок. Бирок, мен жогоруда айтып кеткендей экөөнү окутууда айырмачылыктар болуусу керек деп айтаар элем. Мамлекеттик тилди окутуу үчүн, мамлекеттик идеология керек. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы Улуттук тил комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык юбилейи менен куттуктап, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы 1989-жылы 23-сентябрда берилгенин эске салды. 

Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын аткарылышы боюнча маалымат берди. 

Бүгүнкү күндө республика боюнча “Кыргыз тесттен” жалпысынан 15 миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөндүгүн белгиледи. Алыскы региондордогу кызматкерлерди тесттен өткөрүү үчүн, атайын көчмө станциялар дагы өз ишин улантып жатканын кошумчалады.

Улуттук тил комиссиясы, сентябрь айында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу “Эне тил жана Айтматов” аталыштагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялагандыгын билдирди. Мамлекет башчысы бул иш-чараны колдой тургандыгын баса белгилеп, “Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүүгө, жазуучунун чыгармаларын жайылтууга арналган жакшы саамалык” – деген, оюн билдирди. 

Мамлекет башчысы билим берүү тармагында, анын ичинде мектепке чейинки жана башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу маселесин козгоп, жеткинчектер үчүн окуу китептерин басып чыгарууда “Байчечекей” бөбөктөр журналынын практикасын колдонуп, аны расмий өнөктөш кылып алууну сунуштады.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)