WeChat      Избранное

Улуу Жеңиш майрамына 73 жыл

09/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Улуу Жеңиш майрамына 73 жыл

Сүрөттөр редакцияга таандык

Бүгүн 9-май күнү Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күнгө байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, согуштун жана тылдын ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлүүдө.

Улуу Жеңиш майрамына 73 жыл

Улуу Жеңиш күнүнүн урматына карата, өчпөс отко гүлчамбарлар коюлуп, шаар тургундары жана коноктору Улуу жеңиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү митингине күбө болушту. Мындан сырткары, Жеңиш аятында концерттик программа дагы уюштурулуп, кыргызстандыктар үчүн майрамдык маанай тартууланды. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков дагы бүгүн, 9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышып, кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады. 

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө, Жеӊишке жетиш үчүн эмгектеги теӊдешсиз эрдикти жаратып, адамдын мүмкүнчүлүгү чегине жеткен аракеттерди ишке ашырган, фронтко ишенимдүү тыл болуп, жоокерлерге дем берип турган согуштун ардагерлерине ыраазычылыгын билдирүү менен, мекен үчүн өз өмүрүн арнап, согушта курман болгондордун элесине таазим этип, алардын ар биринин ысымдары эч качан унутулбастыгын айтып өттү. 

Улуу Жеңиш майрамына 73 жыл

“Жеңиш күнү – Ыйык Күн. Жеңишти алып келген каарман аталарыбыздын саны жыл сайын суюлуп барат. Азыркы күндө арабызда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан саналуу гана улуу муундун өкүлдөрү калды. Аларга сый-урмат көрсөтүп, камкордукка бөлөп, баалап-барктап алуу – биздин ыйык парзыбыз. Намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыз аӊыз болуп айтылып, урпактарга мисал болчу эрдиктин үлгүсүн калтырып кетти. Алардын жолу – биздин улуу мурасыбыз, муундан-муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз болуп калат. Улуу Манастан бери келаткан даӊазалуу жолдун уландысы болот. Аталардын даӊктуу жолун улантуу – Мекенди көздүн карегиндей коргоо – биздин бүгүнкү милдетибиз”-деп, Президентибиз баса белгиледи. 

Улуу Жеңиш майрамына 73 жыл

Мамлекет башчысы Түбөлүк отко гүлчамбар коюп, Бишкек горнизонунун аскерлеринин салтанаттуу парадына күбө болду. 

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты. Анын уулдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков согуштан жарадар болуп кайтып келишкен. Алар көрсөткөн каармандыгы үчүн “Кызыл Жылдыз” орденине жана медалдарга татыктуу болушкан. Согуштан кийин көп жылдар бою партиялык, советтик жана чарбалык кызматтарда жетекчи болуп эмгектенишкен.

“Өлбөс полк” жүрүшү 5 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Былтыр бул акцияга 30 миңден ашуун адам катышкандыгы белгилүү. Жүрүш Түштүк магистралдан башталып, катышуучулар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп Жеңиш аянтына чейин басып келишти. 

Бул күнү 2000 адамга жоокерлердин тамагы берилери пландалган. Андан тышкары Улуу Жениш күнүнө карата концерттик программа уюштурулууда. Бул майрам күндү "Ала-Тоо" аянтында майрамдык фейерверк жыйынтыктайт. 

Улуу Жеңиш майрамына 73 жыл

1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта немистик фашисттерге каршы күрөшкө 365 миң кыргызстандык мобилизацияланган. 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон. Согушка катышкандардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон.

Советтик Кызыл Армия 1945-жылдын апрель айында Берлин шаарын курчоого алган. Берлин шаарындагы нацисттердин уюгу эсептелген рейхстаг үчүн салгылаш 29-апрелде башталган. Бир канча чабуулдан кийин 1-май күнү лейтенант Алексей Берест, сержант Михаил Егоров менен сержант Мелитон Кантария рейхстагга Жеңиш Туусун орнотушкан. Рейхстагдын чатырына андан кийин ар кайсы аскер бөлүктөрүнүн туулары сайылган. 

Сүрөттөр галереясы


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)