WeChat      Избранное

Гульмира Джумалиева: “Ар жыл сайын бүтүрүүчүлөрүбүз Кытайга бекер окууга кетүүгө мүмкүнчүлүк бар”

12/01/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Гульмира Джумалиева: “Ар жыл сайын бүтүрүүчүлөрүбүз Кытайга бекер окууга кетүүгө мүмкүнчүлүк бар”

Учурда, Кыргызстанда Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайлары менен кызматташып, тыгыз иш алып барган окуу мекемелери аз эмес. Алардын бири И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Академия Кытайдын бир катар алдыңкы университеттери менен алака түзүп, тажрыйба алмашуу жаатында жигердүү иш алып барууда. Мына, ушундай кадам аркылуу дагы эки мамлекет ортосундагы билим берүү байланышы бекемделип, өнүгүп жаткандыгы шексиз.

Бүгүн бизге, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Эл аралык байланыш жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Джумалиева Гульмира Артыкбаевна академиянын эл аралык ишмердүүлүгү тууралуу маек куруп берди.

-         Гульмира Артыкбаевна, алгач, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-         Кыргыз мамлекеттик медициналык академия Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүү боюнча алдыңкы окуу жай болуп саналат. Ошондой эле Борбордук Азия аймагындагы эң көрүнүктүү окуу жайлардын катарына кирет.

Академиянын тарыхы 1939-жылы башталган десем туура болот. Анткени, аталган жылдын 16-апрелинде Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар кеңешинин чечими менен токтом кабыл алынган, анын биринчи пунктунда “1939-жылдын 1-сентябрынан баштап Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик медициналык институту ачылсын, 1-курска 200 студент кабыл алынсын” деп жазылган. Бул окуу жайдын пайдубалынын түптөлүшүнө Москва, Санкт-Петербург, Харьков жана Киев шаарларынан келген окутуучулар зор салым кошушкан. 1943-жылы медициналык институттун алгачкы бүтүрүүчүлөрү 120 дарыгер болгон.

Ал эми, 1996-жылдын 5-июлунда Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык институту “академия” болуп өзгөргөн.

КММАнын негизги милдеттери: орто кесиптик жана жогорку, кошумча жана дипломдон кийинки кесиптик медициналык билим берүүдө үзгүлтүксүз окуу процессинин, илимий изилдөөлөрдүн жана клиникалык иштердин негизинде инсандарды интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык жактан канааттандыруу, медициналык жана аралаш илимий тармакта фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат. Бизде, билим берүү кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

2000-жылдан баштап КММАда эл аралык стандартка туура келген жаңы окуу программасы киргизилген. Бүгүнкү күндө КММАда дарылоо, педиатрия, стоматология, фармация, коомдук саламаттыкты сактоо, жогорку мээрмандык билим берүү жана чет элдик жарандар үчүн факультеттери, медициналык орто окуу жай бар. Мындан сырткары, дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультети дагы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Учурда, КММАда 473 окутуучу билим берет, алардын ичинен 101 профессор жана медицина илимдеринин доктору, 358 медицина илимдеринин кандидаттары жана доценттер. Окуу жайда 4000ден ашуун студент окуйт, алар Кыргызстандын, КМШ өлкөлөрүнөн жана 16 чет мамлекеттен келгендер.

Биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын бардык аймактарында жана КМШ, АКШ, Израил, Германия, Турция, Бельгия, Голландия, Австралия, Кытай, Англия, Ирак, Пакистан, Индия, Непал, Сирия, Корея, Афганистан, Иордания, Греция, Марокко, Судан өңдүү чет өлкөлөрдө да иштеп жатышат.

-         Эми сөз нугун, КММАнын эл аралык байланыш кызматташтыгына бурсак, академиянын ушул багытта алып барган ишмердүүлүгү менен тааныштыра кетсеңиз?

-         Биз негизинен чет элдик окуу жайлар, ооруканалар менен окутуучулар арасындагы академиялык мобилдүүлүк жаатында дагы кызматташып келебиз. Башкача айтканда, биздин мугалимдер чет өлкөлөргө тажрыйба алмашуу максатында, адистикти көтөрүүгө жиберилсе, ошондой эле максат менен бизге дагы сырттан мугалимдер келип кетишет. Күчтүү алдыңкы дарыгерлер дагы келип студенттерибизге баяндамаларды жасап, мастер-класс өткөрүп турушат. Муну менен катар, ординаторлор, студенттер арасында дагы ушундай жол менен тажрыйбасын көтөрүүгө, билимин өркүндөтүүгө шарттар түзүлгөн.

Мындан сырткары, бир катар эл аралык долбоорлорго дагы катышканбыз. Бул долбоорлор негизинен саламаттыкты сактоого, медициналык билимди өркүндөтүүгө арналган. Ушундай кызматташуунун алкагында дагы чет мамлекеттер менен ар тараптуу алака түзүүгө, байланышты бекемдөөгө мүмкүнчүлүктөрдү алып келебиз.

Азыркы тапта, абдан көп мамлекеттер менен медицина тармагында кызматташып, байланышыбызды бекемдеп келебиз. Мисалы, Австрия, Улуу Британия, Германия, Индия, Италия, Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Малайзия, Пакистан, Россия Федерациясы, АКШ, Таджикистан, Туркменистан, Турция, Өзбекстан, Швейцария, Швеция, Түштүк Корея ж.б. Бардык тараптар менен кызматташуу келишими кабыл алынып, учурда ийгиликтүү өнүгүп келүүдө десек эч жаңылышпайбыз.

Мына, жакында эле биздин радиология боюнча мугалимдерибиз Финляндияга барып баяндама жасап келишти. Ошондой эле, ушундай кызматташуунун алкагында КММАга келип билимин улантып жаткан чет элдик студенттер дагы аз эмес. Жалпысынан айтканда, академия эл аралык байланышты чыңдоого абдан чоң көңүл буруп келет. Анткени, эл аралык байланышты бекемдеп, аны өнүктүрүү заман талабы. Бул жол аркылуу студенттерибиздин гана окуусун тереңдетип, татыктуу билим бербестен, мугалимдерибиздин дагы тажрыйбасын өркүндөтүүгө мыкты мүмкүнчүлүктү түзүп бермекчибиз.

-         “Кытай Эл Республикасы менен дагы тыгыз кызматташып келе жатабыз”-деп калдыңыз, ушул багытта кеп салып берсеңиз?

-         Негизинен Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтык алака 1991-жылдан бери жемиштүү өнүгүп келүүдө. Ал эми, саламаттыкты сактоо тармагындагы карым-катнаш өз жолу, өз орду менен өөрчүп келе жатат десем болот.

КММА дагы Кытайдын бир катар алдыңкы университеттери менен карым-катнашын бекемдеп, тажрыйба алмашуу жаатында мугалимдерди, билимин тереңдетүү максатында студенттерди жиберип келүүдө. Мисалы, Муданьцзян шаарындагы Муданьцзян медициналык институту, Хенан шаарындагы “Сиас” эл аралык университети, Үрүмчү шаарындагы Синьцзян медициналык университети ж.б.

2013-жылы биздин И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Хэбей медициналык университети ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюшкан. Ушул келишимдин негизинде, кыргызстандык студенттер, мугалимдер Кытай жергесине кыска мөөнөттүү окуу, тажрыйба алмашуу, жогорулатуу максатында барып келишкен.

Мына, 2018-жылы болсо бул келишим дагы беш жылга узартылды. Ушул макулдашуунун алкагында узак мөөнөттүү сапарларды уюштуруп турмакчыбыз. Бул кызматташууда негизинен фармацевтика жаатына басым жасалмакчы. Ошондуктан, ар жыл сайын бизден барган топ беш адамды ичине камтып, Кытайдын алдыңкы фармацевтикалык өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен дагы жакындан таанышып, көрүүгө мүмкүнчүлүк алышмакчы.

Биз алдыда, университеттин окуу программаларын дагы карап, салыштырып, эки тарапка тең ыңгайлуу болгудай кылып, бирдей окуу программасын түзүүнү ойлонуп жатабыз. Эгерде, ушул багытты туура бир калыпка салып алсак, анда биздин студенттер эч кандай тоскоолдуктарга учурабастан курстан-курска эле которулуп, окууларын уланта беришмек. Бул кадам Кытайдагы жаңы технологияларды үйрөнүүгө, билимин тереңдетүүгө биздин студенттерге дагы жакшы болмок, ошондой эле кытай студенттери дагы биздин академияда узак мөөнөттө окуй алышмак. Албетте, эки тараптын тең бир-биринен үйрөнүп, сабак алчу жактары көп.

2014-жылдан бери Ганьсу провинциясынын Дуньхуан шаарындагы Салттуу кытай медицинасы университети менен дагы абдан тыгыз алака куруп, кызматташып келебиз. Бул негизинен билим берүү жана илим изилдөө багытындагы кызматташуу болуп саналат.

Ал эми, 2016-жылы болсо бул макулдашууга кошумча өзгөртүүлөр киргизилген. Ушул макулдашуунун алкагында КММА ар жыл сайын 15 бүтүрүүчүсүн 3 жылдык окууга жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал үчүн бүтүрүүчү дипломго ээ болууга жана кытай тилинин эң эле жөнөкөй деңгээлин билүүсү шарт. Ал жактан дагы бир жыл кытай тилин кошумча үйрөнө алышат. Ошондуктан аз да болсо, ар жыл сайын КММАнын бүтүрүүчүлөрү аталган университетке магистратурага тапшырып, бекер окууга кетип турушат. Азыркы тапта, биздин эки бүтүрүүчүбүз ошол жакта билим алып жатышат.

Муну менен катар Синьцзян медициналык университетинде дагы 3 студентибиз окуусун улантууда. Мына, өткөн жылы Кытай жарандарынын дагы биздин академияда окуусу тууралуу сөз болгон. Бул жаатта дагы иштер жүргүзүлүүдө. Мындай шартты түзүп берүү үчүн биз алгач коңшу мамлекеттин бүтүрүүчүгө болгон талаптарын изилдеп үйрөнүүбүз керек. Тактап айтканда, академиядан окуп бүтүп, диплом алган бүтүрүүчүнүн диплому Кытайда дагы кабыл алынып, жумушка жароосу керек. Билим берүү системасындагы айырмачылыктар абдан көп. Ушундай өзгөчөлүктөрдү тактообуз зарыл. Ошондуктан, бул биздин кызматташуунун жаңы гана кадамдары десек болот.

-         Сиз жогоруда айткандай, академияда окуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт экен. Ал эми, Кытайга окууга кыска жана узак мөөнөткө окууга кеткендер сөзсүз түрдө кытай тилин билүүсү керекпи, ошондой эле кытай студенттери бул жакта кайсы тилде билим ала алышат?

-         Ооба, бизде билим берүү 3 тилде жүргүзүлөт. Негизинен, сырттан келген студенттер англис тилинде окушат. Даярдоо курстары дагы бар. Ал жакта алты айдан бир жылга чейин англис же орус тилин үйрөнө алышат. Ошондуктан, тил үйрөнүү жагынан дагы студенттерибизге шарттар түзүлгөн. Ал эми, Кытайга окууга кеткен студенттерибиз негизинен англис тилинде окушат. Жогоруда айткандай, азырынча Кытайда билим алып жаткан студенттерибиз аз. Бул жерде албетте, тил барьери бар. Кытай тарап деле тил курстарын ачып берип, үйрөтүүгө даяр, бирок азырынча бир жылын тил үйрөнүп өткөрүүгө даяр студенттерибиз аз.

Бизде болсо, академиянын алдында чет тилдерди өнүктүрүү борборун ачканбыз. Ал жакта мугалимдер, студенттер үчүн тил курстары өтүп жатат. Азырынча, англис тилине суроо-талап көп. Түрк тили дагы жакында үйрөтүлө баштамакчы. Эгерде, студенттер тарабынан дагы кытай тилин үйрөнүү каалоосу болсо, биз кытай тили курстарын дагы ачып берүүгө аракет кылмакчыбыз. Бирок, азырынча жогоруда айткандай, англис тилин үйрөнүүнү каалаган студенттерибиздин саны көп.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)