WeChat      Избранное

Кайрат Осмоналиев: ““Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде өткөрүлгөн Коопсуздук тармагындагы кызматташуу боюнча эл аралык Форумдун мааниси абдан зор”

12/01/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кайрат Осмоналиев: ““Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде өткөрүлгөн Коопсуздук тармагындагы кызматташуу боюнча эл аралык Форумдун мааниси абдан зор”

2018-жылдын 15-декабрь күнү Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде Коопсуздук тармагындагы кызматташуу боюнча 3-эл аралык Форум болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргызстандан көз карандысыз серепчи катары Юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Шанхай Саясий илимдер жана укуктар университетинин штаттан сырткары профессору Кайрат Осмоналиев барып катышып келди.

Бүгүн Кайрат Медербекович, бизге Шанхай жергесине болгон ушул сапары тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

-         Кайрат Медербекович, алгач “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде өткөрүлгөн Коопсуздук тармагындагы кызматташуу боюнча 3-эл аралык Форум тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз?

-         Бул Форум быйыл 3-жолу өткөрүлүп жатат. Иш чара Шанхай Саясий илимдер жана укуктар университети тарабынан уюштурулуп, Эл аралык алмашуу жана сот кызматташуу боюнча Кытай Улуттук институту жана Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Заманбап дүйнө таануу эл аралык департаментинин колдоосунун алдында өткөрүлдү. 2018-жылдын август айында “Бир алкак-бир жол” долбоору 5 жылдык мааракесин белгилеген. Мына, ушул дата дагы бул иш чаранын өткөрүлүшүнө кошумча себеп болду десек болот.

Форумдун аты эле айтып тургандай, анын башкы максаты Жибек жолун бойлой жайгашкан мамлекеттер ортосундагы коопсуздук маселесин талкуулоо болду. Ушул жааттагы маселелер талкууга алынып, сунуштар жана ой-пикирлер айтылды. Эл аралык коопсуздукту чыңдоо ишине басым жасалды.

Муну менен катар эле, Кытай-Америка кызматташтык мамилеси жаатындагы суроолор дагы күндеминде каралды. Учурда, бул маселе күндүн актуалдуу темаларынын бири болууда. Чындыгында 2016-жылы Ханчжоудагы Чжежан университетинин чакыруусу менен эл аралык Т20 Форумунда баяндама жасоо учурунда, ушундай кырдаалдын толугу менен пайда болуусу мүмкүн экендигин айткан элем.

-         Форум өз максатына жетти деп ойлойсузбу, анын жүрүшү тууралуу айтып берсеңиз?

-         Жогоруда айтылгандай, бул эл аралык Форумдун мааниси абдан зор. Ал жакка, чындыгында күчтүү серепчилер келип катышып кетишти. Бул жаатта өз ойлорун так айтышып, курч суроолорду талкууга коюшту. Чындыгында серепчилер ушундай болуулары керек. Алар чындыкты айтып, алдыда боло турган жагымсыз жагдайларды да көрө билүүлөрү абзел. Башкача айтканда, серепчи талкууланып жаткан маселени бардык тарабынан баалап, ойлонуп, ар тараптуу көйгөйлөрүн дагы изилдеп чыгуусу зарыл.

Мисалы, Кытай Эл Республикасы Россия Федерациясы менен дагы тыгыз кызматташтык алакада. Ал жакта дагы “Бир алкак-бир жол” демилгеси жакшы өнүгүп-өсүүдө. Россияда “Сибирь күчү” долбоору дагы ушул демилгенин алкагында жүзөгө ашырылууда. Учурда түзүлгөн кырдаал да аталган долбоорду ишке ашырууга көмөкчү болуп, Кытай тарапка жакшы пайда алып келди десек болот. Ошондуктан, кандай гана кырдаал болбосун жакшы жактары дагы болоору шексиз.

Форумда учурда түзүлгөн кырдаал боюнча бардык маселелер талкууланды. Серепчилер өз ойлорун айтып, сунуштарын киргизишти. Иш чараны уюштуруу иштери дагы жогорку деңгээлде болду. Анын ийгиликтүү өтүүсү үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү. 

-         Форумда сиз кайсы тема боюнча баяндама жасадыңыз, сунушуңуз кандай маселени ичине камтыды?

-         Бүгүнкү күнү кыргыз-кытай экономикалык кызматташуусу алакаларынын укуктук базасын өнүктүрүүгө аймакта болуп жаткан интеграциялык процесстер да чоң таасирин тийгизип жаткандыгын көрсөк болот. Мына, ушундай глобалдуу интеграциялык долбоордун бири Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан 2013-жылы сунушталган “Бир алкак-бир жол” эл аралык демилгеси. Бул демилге Кытай лидеринин Борбордук Азияга болгон иш сапары учурунда сунушталган. Аны аймактын бардык өлкөлөрү колдоого алгандыгы белгилүү.

“Бир алкак-бир жол” демилгеси төрт багыт менен иш алып барат. Ал багыттарды атай кетсек: достукту жана салттуу жакындыкты сактоо; коңшу мамлекеттер алдындагы берилген сөздөргө туруктуу болуу; өз ара пайдага жетишүү; толеранттуулукту камсыз кылуу жана биримдикте ар тараптуу өнүгүү.

Бул долбоор эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууларды ичине камтыйт. “Бир алкак-бир жол” долбоору негизинен Кытай Эл Республикасынын эки тараптуу кызматташтыгынын негизинде жүзөгө ашырылат. Тактап айтканда, Кытай менен долбоордун ишмердүүлүгү жүргүзүлгөн аймактагы мамлекеттер ортосундагы келишимдердин аркылуу ишке ашат. Мисалы, бүгүнкү күнү Кытай менен Кыргызстандын ортосунда 200дөн ашуун мамлекеттер аралык, Өкмөттөр жана ведомстволор аралык документтерге кол коюлган. Бул дагы да болсо, эки өлкөнүн ортосундагы олуттуу келишимдик-укуктук базанын бар экендигин тастыктап, эки коңшу өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтык алакасын ырааттуу өнүктүрүүгө да өбөлгө болмокчу.

Баяндамам негизинен ЕАЭБ (Евразия Экономикалык бирлиги) жана “Бир алкак-бир жол” долбоорунун укуктук аспектилеринин тегерегиндеги суроолор боюнча болду. ЕАЭБ бул-бирикме, организация, ал жакта атайын кабыл алынган устав бар. Ишмердүүлүктү жүргүзүүдө абдан көп бюрократтык талаптар дагы кездешет.

Ал эми, “Бир алкак-бир жол” долбоору абдан чоң, ири инвестициялык проект болуп саналат. Бул Кытайдын эки тараптуу карым-катнышынын негизинде жүзөгө ашырылган ишмердүүлүк. Тактап айтканда, коңшу мамлекет өз чөнтөгүнөн чыгарып, Жибек жолу чөлкөмүндөгү өлкөлөргө инвестициондук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумшайт. Ошондуктан, ЕАЭБ жана “Бир алкак-бир жол” бир-бири менен баары бир кандайдыр бир байланышта болот. ЕАЭБдин экономикасынын өнүгүүсү инвестицияларга дагы көз каранды боло тургандыгын эч ким тана албайт.

Мисалы, ЕАЭБде Казакстандын же Россиянын ири, туруктуу, экономикасы күчтүү ишкерлери Кыргызстанга келип өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Бул кызматташууунун бардыгыбызга белгилүү жакшы жактары менен катар, коркунуч туудурган тараптары бар. Мисалы, ири корпорациялар, алар “карышкырга” окшош. Майда ишкердүүлүктүн өнүгүүсүнө жол толугу менен буулуп калуусу мүмкүн.

Ал эми, “Бир алкак-бир жол” бул негизинен инвестициондук долбоор. Жогоруда айткандай, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосунда көптөгөн келишимдер, макулдашуулар кабыл алынган. Бирок, бүгүнкү күнү ошолорду эффективдүү колдонуу заман талабы. Бул ишти КРдин Тышкы иштер министрлиги, КРдин Юстиция министрлиги менен катар Өкмөт дагы тыкыр көзөмөлгө алып, жүзөгө ашыруусу шарт.

Ал эми, ушул демилгенин алкагында, беш жыл ичиндеги экономикалык долбоорлордун жүзөгө ашуусу тууралуу айта турган болсок, бул берилген мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан толугу менен колдоно алган жок. Бизге караганда, бул демилгени коңшу өлкөлөрүбүз жакшы колдонууда. Ошондуктан, бул жаатта дагы да иштөөбүз, аракет кылуубуз зарыл деп эсептейм.

Биздин Кытай менен эч кандай чек ара маселелерибиз жок. Кыргызстанда революция болгон учурларда, кээ бир коңшуларыбызга караганда Кытай чек араны жаап салган эмес. Дагы да болсо, ортодогу иштерди жакшыртуунун үстүнөн, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн үстүнөн иштөөбүз керек. ШКУнун Төрагалыгы Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул мүмкүнчүлүктү быйыл биз толугу менен колдонуп калуубуз абзел. Анткени, мындай шарт бизге дагы 9 жылдан кийин гана кайтып келмекчи. Бул жерде Тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандын КЭРдеги ыйгарым укуктуу элчисинин, консулдардын жоопкерчилиги абдан чоң. Мына, эми бул багытта дагы иштер ийгиликтүү болот деген ойдомун. Азыр көптөгөн кызматтарда орун алмашуулар болду, бул дагы да болсо ийгиликтүү ишке карай ташталган алгачкы кадам десек болот.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)