WeChat      Избранное

Кытай жана Кыргызстан-“Бир алкак-бир жол” программасынын негизинде кызматташуу алакалары

08/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кытай жана Кыргызстан-“Бир алкак-бир жол” программасынын негизинде кызматташуу алакалары

Иш-чаранын жүрүшүнөн бир көз ирмем.

25-сентябрь күнү Бишкек шаарында “ “Бир алкак-бир жол” программасынын демилгесинин алкагында Кытай жана Кыргызстан” аттуу темада тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чара Жибек жолундагы программаларды жана долбоорлорду аналитикалык жана эксперттик колдоо борбору менен бирге КРдеги Германиянын Фридрих Эберт атындагы фонду тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандын алдыңкы эксперттерин, дипломаттарын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн бир арага чогултту. 

Тегерек столду Фридрих Эберт атындагы фонддун аймактык директору Александр Розэнплентер ачып, алдыда “Бир алкак-бир жол” программасынын негизинде бир катар ушундай тегерек столдорду өткөрүүнү пландап жаткандыктарын, бул тема бүгүнкү күнү абдан актуалдуу темалардын бири экендигине токтолуп өттү. 

Ал өз сөзүндө: “Биздин фонд 90 жыл мурун Германиянын алгачкы демократиялык жол менен тандалып алынган президенти Фридрих Эберттин урматына ачылган. Дүйнөнүн жүздөн ашуун мамлекеттеринде өкүлчүлүктөрү бар. Кытай Эл Республикасында дагы эки кеңсеси орун алган. 

Ал эми, фонддун өкүлчүлүгү Кыргызстанда 1993-жылы ачылган. Ошол кезден бери бул жакта өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп келет. Анын башкы максаты, демократиялык институттар менен бирге демократиялык саясий маданиятты колдоо жана өнүктүрүү болуп эсептелет. Мындан сырткары, жаштар жана гендердик саясат жаатындагы маселелерди чечүүдө, диалог түзүүдө дагы өз салымын кошуп келүүдө”,-деп, фонд тууралуу дагы жалпы маалымат берип кетти. 

Кытай менен Кыргызстандын кызматташууга болгон мүмкүнчүлүктөрү 

Андан соң, тегерек столдун катышуучулары белгиленген тема боюнча өз ой-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов “Кытай жана Кыргызстандын кызматташуу перспективалары: маселелер жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу темада сөз сүйлөп, бүгүнкү күнү Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташуу перспективалары тууралуу абдан көп ой-пикирлер айтылып жаткандыгына токтолуп, ушул багыттагы өзүнүн жүргүзгөн бир катар байкоолору менен бөлүштү. 

Ал: “Кытай акыркы учурда көп түрдүү даяр продукцияларды чыгарган, ар кандай техникалык жабдыктарды даярдаган дүйнөлүк устаканага айланууда. Эки мамлекеттин кызматташуу багыттарынын бири катары мен дагы ушул эл аралык соода карым-катнаш мамилесине токтолот элем. Бизде, чындыгында эл аралык соода тармагын мыкты билген, күчтүү адистер абдан аз. Бардыгыбыз билгендей, бул тармак жөн гана алып-сатуу менен чектелбейт, аны ишке ашыруу абдан оор процесс болуп эсептелет. Мисалы, узак мөөнөткө эки тараптуу келишимдерди түзө билүү, товарларды убагында жеткирүү, аталган мөөнөттө ишти жүзөгө ашыруу, соода карым-катнашы үчүн бардык ылайыктуу шарттарды түзүү, ушул багыттагы инвестициондук долбоорлорду ишке ашыруу ж.б. Бизде, азырынча бул жаатта, эл аралык соода иштерин жүзөгө ашыруу тармагында тажрыйба жокко эсе. Ушул багытка дагы басым жасап, алдыга умтулсак жакшы болмок. 

Мындан сырткары, мурунтан айтылып, бирок учурда көңүл бөлүнбөй калган мыкты рынок бар, ал дары-дармек сырьесу. Бардыгыбыз билгендей, кытай медицинасы көптөгөн ар түрдүү чөп дары өсүмдүктөрү менен белгилүү. Кыргызстан дагы Кытай менен ушул багытта кызматташтык алакасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Муну менен катар, учурда, электрондук соода иштери багытында дагы кытай өнөктөштөрүбүз менен бирге иштешүүбүз керек деп ойлойм. 

Энергетика тармагында дагы Кытайдан жакшы үлгүлөрдү алып, өзүбүздө колдонсок болот. Мисалы күн энергиясын колдонуу боюнча Кытай менен жакындан иштешүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эске сала кетсек, Кытай күн энергиясы сферасындагы жабдыктарды чыгарууда дүйнөдөгү лидерлердин катарын толуктайт”,-деген пикирин билдирди.

Ал эми, КРдин Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун кызматкери Саламат Джыбыкеев болсо, “ЕАЭБ менен Кытайдын өз ара кызматташуусу жана Кыргызстандын бул алакадагы орду” аттуу темада доклад окуду. Саламат Джыбыкеев, өз сөзүндө ЕАЭБ программасы менен Кытайдын “Бир алкак-бир жол” долбоору башынан эле бир-бири менен карым-катнашта болуп келгендигин айтып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Кытай Эл Республикасынын кызматташтык алакасы дагы узак мөөнөттүү убакытты ичине камтыйт деп билдирди. Эки долбоор тең болжол менен бир тарыхый убакытта старт алган деп, алардын алгачкы кадамдары башталган мезгилге токтолуп өттү.

Ал, өз сөзүндө: “Учурда, Кыргызстандын ЕАЭБ жана КЭР менен болгон кызматташуусу негизинен экономикалык карым-катнашты ичине камтыйт. Буга кошумча, туризм, маданият тармактарын дагы өнүктүрүүгө жакшы перспективалар бар. Албетте, билим берүү тармагын дагы өнүктүрүү зарыл. Өзгөчө, акыркы учурда энергетика тармагындагы кызматташуу алакаларын өөрчүтүү боюнча бир катар алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Негизинен, ЕАЭБ менен Кытайдын өз ара кызматташуусунун ишке ашуусу убакытты талап кылмакчы. Бул дароо эле жүзөгө ашып кетчү иш эмес. Ошондуктан, бул долбоорлор алкагында Кыргызстандын дагы орду аныкталып, кандайдыр бир бараандуу иштердин аткарылуусу үчүн убакыт керектелет”,-деген оюн айтып өттү.

“Заманбап Кытай тууралуу маалыматыбыз жокко эсе” 

Иш-чаранын жүрүшүндө, КРдин Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин кеңешчиси Медер Асейинов дагы “2013-2018-жылдар аралыгындагы Кыргызстан жана Кытай жетекчилеринин стратегиялык билдирүүлөрүнө анализ жана кол коюлган келишимдердин ишке ашуусу” аталышындагы доклад менен тегерек столдун катышуучуларын тааныштырып өттү. 

Ал өз сөзүндө: “Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен болгон ар тараптуу жана достук кызматташууларга абдан чоң маани берет. Биздин карым-катнаш убакыт менен сыналган узак мөөнөттү ичине камтыйт. Бүгүнкү күнү дагы бул алакалар өөрчүп-өнүгүп келүүдө. Ушул мезгил аралыгында эки тарап тең кызматташтыкты бекемдөө багытында бир катар жакшы иш-чараларды жүзөгө ашырып келишти. Эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий келишпөөчүлүктөр жок. Бардык аткарылган иштер эки тараптуу алаканын жемиштүү ишке ашуусу үчүн кызмат кылып келет. Толугу менен чек ара иштери чечилген, соода-экономикалык, маданий жана коопсуздук тармактарында бараандуу ийгиликтерге жетише алдык. 

Кытай көптөгөн жылдар бою, учурда дагы Кыргызстан үчүн эң башкы соода жана инвестициондук өнөктөш болуп келүүдө. 2016-2017-жылдардын жыйынтыгы боюнча, Кытай Кыргызстандын экономикасындагы товар жүгүртүү жана инвестиция тартуу боюнча биринчи орунду ээледи. 

Акыркы жылдары, Кытайдын колдоосунун алдында бизде негизги ири долбоорлор ишке ашып келүүдө. Бул иштерди биз, транспорт, энергетика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарынан көрсөк болот. “Бир алкак-бир жол” долбоору дагы Кыргызстан үчүн социалдык-экономикалык жактан алганда абдан маанилүү. Муну менен катар, бул долбоордо коопсуздук маселеси дагы жакшы каралган”,-деп, бир катар эки тараптуу келишимдерди атап өттү. 

Тегерек столдун кадырлуу конокторунун бири, КРдин экс-тышкы иштер министри, ШКУнун (Шанхай кызматташтык уюму) экс-башкы секретары Муратбек Иманалиев дагы өз ой-пикири менен бөлүштү. 

Муратбек Сансызбаевич: “ “Бир алкак-бир жол” долбоору Кытай Эл Республикасынын абдан маанилүү стратегиялык программасы. Ошондуктан, Кыргызстан дагы бул багытта иш алып баруу үчүн атайын долбоорлорду иштеп чыгуусу керек. Кытай учурда, дүйнөнүн бирден-бир бараандуу финансы борбору болуу менен катар, технологиялык аймагына дагы айланууда. Маданият, цивилизация жаатында дагы алдына эч кимди салбайт. Чындыгын айтканда, биздин заманбап Кытай тууралуу маалыматыбыз жокко эсе. Ооба, барып-келип жүрөбүз. Бирок, ал жөнүндө толук биле бербейбиз. 

Дүйнөдөгү эң ири экономикага ээ, цивилизация борбору менен коңшу туруп, аны менен кандай кызматташууну биз ойлонушубуз керек. Ал үчүн бизге, атайын кыргыз-кытай мамилелери боюнча иш алып барган өзүнчө бир башкаруу бөлүмү керек. Атайын мамлекеттик деңгээлде синологиялык борбор ачылуусу заман талабы. Кытай үчүн эң башкы нерсе бул-Кыргызстан терроризмдин жана экстремизмдин булагы болбоосу зарыл. Ошондуктан, ал бизди бардык жактан колдоого алып, жардам көрсөтүүгө даяр. Коопсуздук маселеси биринчи орунда”-деген, өз оюн айтып өттү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)