WeChat      Избранное

Дүйнөгө белгилүү каллиграфия жана салттуу кытай искусствосунун заманбап чебери Хе Шуи Фанын көргөзмөсү Бишкекте ачылды

28/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Дүйнөгө белгилүү каллиграфия жана салттуу кытай искусствосунун заманбап чебери Хе Шуи Фанын көргөзмөсү Бишкекте ачылды

20-сентябрь күнү Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Кытайдын белгилүү сүрөтчүсү, каллиграфия жана салттуу кытай искусствосунун заманбап чебери Хе Шуи ФАнын персоналдык көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Көргөзмө “Бир алкак жана бир жол, чеги жок искусство: гүлдөр жана канаттуулар”-деп аталып, сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөр үчүн мыкты саамалык болду. 

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа, КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Тамара Обозова, КРдин Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалай Усубалиев, Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев, КРдин Жогорку Кеңешинин депутаттары, жана кыргызстандык белгилүү сүрөтчүлөр катышышты. Мындан сырткары, сүрөт өнөрүн баалап, салттуу кытай живописине кызыккан көрүүчүлөр дагы көп болду. 

КРдеги КЭРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа өз сөзүндө, салттуу кытай живописинин гүлдөр жана канаттуулар жанрынын тарыхы абдан узун экендигин белгилеп, өзү бул тармакта адис болбосо дагы, чыгармачылык процесстин үстүндө иштөө өтө оор экендигин билээрин айтып өттү. 

Элчи мырза: “Хе Шуи Фа өзүнүн эмгектерин дүйнөнүн ондогон мамлекеттерине көргөзмөгө коюп келет. Ушундай жол менен ал, салттуу кытай маданиятын гана дүйнөгө таанытып, өнүктүрбөстөн, Кытай менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы достук алаканы, карым-катнашты дагы өнүктүрүүгө зор салым кошууда. 

Мына, бүгүн Кыргызстанда дагы персоналдык көргөзмөсү болуп жатат. Эки мамлекеттин ортосундагы достук алаканы кеңейтүүгө ушундай маданий иш-чаралар дагы мыкты өбөлгө болуп бере алат. Бүгүнкү көргөзмө дагы кыргызстандыктарга салттуу кытай маданиятын кытай живописи аркылуу таанууга жардамчы боло алмакчы. Чындыгында, искусстводо чек жок. Кытай Кыргызстан менен бардык тармактарда, маданият жаатында дагы алмашууларга, алакаларга ар дайым ачык. Эки элдин достугу түбөлүккө улансын”-деген ою менен сөзүн жыйынтыктады. 

Иш-чаранын жүрүшүндө, Хе Шуи Фа мастер-класс көрсөтүп, жыйынтыгында жаралган эмгекке өзүнүн мөөрүн басып, музейге белекке тапшырды. 

Музейге келген ар бир мейман белгилүү кытай сүрөтчүсүнүн эмгектери менен жакындан таанышып, анын сырткы жаратылыштын сулуулугу менен катар ички жан дүйнөсүнүн толкуп-ташкан сезимдери аркылуу жаралган чыгармачылыгына күбө боло алышты. 

Музейге сүрөтчүнүн 40тан ашуун эмгеги коюлуп, элге тартууланууда. Көргөзмө октябрь айына чейин созулмакчы. 

Эске сала кетсек, сүрөтчүнүн эмгектери КЭРдин Пекин Көркөм өнөр галареясында, Мао Цзэдундун мавзолейинде, Америка-Азия искусство музейинде, Чыгыш-Атлантика континентинин искусство музейинде, Шанхай Көркөм өнөр Академиясында сакталууда. Алар Кытайдын жогорку даражалуу меймандарды кабыл алуу жайларынын дагы көркүн ачып, илинип турат. Сүрөтчүнүн чыгармачылыгы 700дөн ашуун ар түрдүү жанрдагы китептерде жана адабияттарда жайгаштырылган. 1997-жылы Хе Шуи Фа “Кытайдын залкар сүрөтчүсү” наамына татыктуу болуп, сыйланган. 

Юристанбек Шыгаев, Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинин директору: 

“Музейде биринчи жолу кытай сүрөтчүсүнүн персоналдык көргөзмөсү уюштурулду”

- Бүгүн биздин Улуттук көркөм сүрөт музейинде Кытайдын белгилүү сүрөтчүсү, салттуу кытай живописинин чебери Хе Шуи Фанын персоналдык көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду. Иш-чара абдан жакшы деңгээлде өттү. 

Былтыр сүрөтчүнүн куратору келип, көргөзмөнү уюштуруу иштери боюнча дагы сүйлөшүүлөр болуп, ушул айга ылайыктаганбыз. Негизинен, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде көргөзмөнү ачуу планыбызда бар болчу. Бирок ал кезде музей бош болбой калып, азыр ачып жатабыз. 

Чындыгында, Хе Шуи Фанын эмгектери абдан кызыктуу. Мурун кытай сүрөтчүлөрүнүн эмгектери музейге коюлуп жүрчү, бирок персоналдык көргөзмө уюштурула элек болчу. Албетте, ушундай белгилүү кытай сүрөт чеберинин чыгармачылыгы биздин музейге коюлуп, искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланып жаткандыгы үчүн абдан кубанычтабыз. 

Хэ мырза кытай каллиграфиясынын чебери, ал сүрөт тартууда гүлдөрдү жана канаттууларды көрүп, эске тутуп калганы боюнча тартат экен. Сүрөт өнөрүнүн бул багыты Кыргызстан үчүн жаңы десек болот, ошентсе дагы бүгүн Хе мырза мастер-класс көрсөтүп жатканда бардык көрүүчүлөр абдан кызыгуу менен карап, колдоп турушту. Анын каллиграфиясы эч кимди кайдыгер калтырган жок. 

Бул саамалык, бүгүн Бишкек шаары үчүн эң жагымдуу маданий жаңылык болду десем жаңылышпайм. Мына, ушундай иш-чаралардын арты менен дагы, кыргыз-кытай ортосундагы маданий көпүрө бекемдеп, өнүгүүдө. 

Дүйнөгө белгилүү каллиграфия жана салттуу кытай искусствосунун заманбап чебери Хе Шуи Фанын көргөзмөсү Бишкекте ачылды

Тамара Обозова, КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкы адиси: 

“Ушундай иш-чаралар эки мамлекеттин кызматташтык байланышын бекемдөөгө өбөлгө болууда” 

- Чындыгында, бүгүнкү көргөзмө бардыгыбыз үчүн кандайдыр бир деңгээлде жаңылык десек жаңылышпайбыз. Себеби, азырынча искусствонун бул түрү Кыргызстанда жайылган эмес. Ушул көргөзмөдөн кийин биздин жаштар арасында дагы салттуу кытай живописине кызыгуу пайда болуп, аны үйрөнүүнү дагы каалагандар арабыздан чыгат деген ойдомун. 

Чындыгында, эки мамлекет ортосунда ушундай маданий карым-катнаштардын көбөйүп, өнүгүп жаткандыгы бардыгыбызды кубандырат. Анткени, ушул алакалар аркылуу бир-бирибизди дагы жакындан-таанып, достук, кызматташтык байланышыбызды бекемдеп жатабыз. Учурдан пайдаланып, Хе мырзага дагы ыраазычылыгымды билдирүү менен катар, чыгармачылык ишине ийгилик каалап, ар дайым бизди эмгектери менен кубандыра берүүсүнө тилектешмин. 

Сөз соңунда, ушул көргөзмөнү уюштуруп, колдоп берген Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинин жетекчилигине, колдоо көрсөткөн КЭРдин Кыргызстандагы элчилигине дагы рахматымды айтмакчымын. 

Таалай Усубалиев, КРдин Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы: 

“Бул көргөзмө дагы табияттын көркүн ачкан гүлдөр жана канаттууларды даңазаламакчы” 

- Бул жылы, жаңылбасам үчүнчү жолу белгилүү, таланттуу кытай сүрөтчүлөрүнүн эмгектерине күбө болуп отурабыз. Бүгүн дагы мына, ушундай мыкты саамалык болуп отурат. Гүлдөр жана канаттуулар көргөзмөсүнө күбө болуудабыз. Чындыгында, көргөзмөнүн аталышы бүгүнкү күнү абдан актуалдуу темалардын бири болгон экология маселесине дагы туура келет. Бардык жерде табиятты коргоо, айлана-чөйрөнү сактоо боюнча маселелер көтөрүлүп жатат. Бул көргөзмө дагы табияттын көркүн ачкан гүлдөр жана канаттууларды даңазаламакчы. 

Хе мырзанын эмгектери эч кимибизди кайдыгер калтырбайт деп ишенем. Анткени, сүрөтчүнүн иштөө стили салттуу кытай живописинин негизинде иштелип чыгып, заманбап ыкмалар менен дагы коштолгон. Албетте, биздин сүрөтчүлөр үчүн бул жаңы нерсе эмес, ошентсе дагы кагазга өзгөчө чеберчилик менен түшүрүлгөн эмгектерди көрүү биз үчүн абдан жагымдуу болмокчу. Сүрөтчүлөр союзу дагы Хе мырзага болгон урматтообузду Алкыш каты аркылуу билдирүүнү туура көрдүк. Алдыда, дагы эки тараптуу кызматташуулар болот деп ишенебиз. Ал эми, таланттуу сүрөтчүгө болсо, чыгармачылык ийгилик кааламакчыбыз. 

Хе Шуи Фа, Кытайдын залкар сүрөтчүсү:

 “Бала чагымдан бери эле Кыргыз жергесине болгон өзгөчө бир сезимим бар” 

- Бала чагымдан бери эле Кыргыз жергесине болгон өзгөчө бир сезимим бар болчу. Бул сезим түгөнбөгөн кызыктуу окуялардан жана романтикалуу кыялдардан улам пайда болгон. Мен Кыргызстан тууралуу алгачкы маалыматты окуу китебинен үйрөнгөм. Ал жакта Кытай менен батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолу жөнүндө, бул жолду бойлой жайгашкан Кыргыз жери тууралуу маалымат бар эле. Кийин чоңойгондо, улуу акын Ли Бонун ырларын сүйүп окудум. Анын туулган жери бир жагынан Сычуань провинциясы катары айтылса, бир жагынан Кыргызстанда жайгашкан “байыркы тарыхый шаар Суяб” деп айтылгандыгы дагы мени таң калтырып, ушул аймакты көрүп, табиятынын сулуулугуна күбө болууга куштар кылды. 

Мындан он жыл мурда Ички Кытайдан отуздан ашуун сүрөтчү менен катар мен дагы Синьцзянга сүрөт тартууга келгенбиз. Качан биз Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына келгенде, мен Кыргыз жерине алыстан көз салып, Ли Бонун чыгармаларын эстеген элем. Кыргызстан абдан жакын эле, мен ушул кооз аймактын көк мелжиген тоосун, шаркырап аккан суусун, талааларын, гүлдөрүн аралап, өз көзүм менен көргүм келген. 

Мындан беш жыл мурун, бардыгыбызга белгилүү болгондой КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин “Бир алкак-бир жол” демилгесин сунуштаган. Бул долбоор Кыргызстан тарабынан дагы кызуу колдоого алынып, эки коңшу мамлекеттин ортосундагы алакаларга жаңы күч, жаңы дем берип, өнүктүрүүгө өбөлгө болуп келүүдө. Мен дагы чыгармачыл адам катары, өзүмдүн эмгектерим аркылуу ушул алакалардын, маданий байланыштын өөрчүп-өнүгүүсүнө салым кошо алам деп үмүттөнөм. 

Чындыгында, бул күн мен үчүн өтө баалуу жана маанилүү. Көптөн күткөн оюм ишке ашып, Кыргызстанга келип отурам. Ал гана эмес, менин колумдан жаралган эмгектер кыргыз жеринде, кытай искусствосун таанытууга көмөкчү болууда. Аз да болсо, жан дүйнөмдөн чыккан “канаттуулар жана гүлдөр” дүйнөсүн кыргыз элине тартуулоого мүмкүнчүлүк болууда. 

Учурдан пайдаланып, ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген бардык уюштуруу тобуна ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Дүйнөгө белгилүү каллиграфия жана салттуу кытай искусствосунун заманбап чебери Хе Шуи Фанын көргөзмөсү Бишкекте ачылды

Зарема Давлетова, студент: 

“Көрүүчүгө ушундай таасир берүү үчүн, чыныгы талантка эгедер болуу керек” 

- Мен сүрөт тартууга абдан кызыгам. Ошондуктан, бүгүнкү кытай сүрөтчүсүнүн көргөзмөсүнө келдим. Чындыгында, анын эмгектери мага абдан жакты. Өзгөчө таасирдүү тартылыптыр. Ар бир тартылган гүлүндө кандайдыр бир жөнөкөйлүк, ошол эле учурда өзгөчө бир кооздук бардай сезилди. Көрүүчүгө ушундай таасир берүү үчүн, чыныгы талантка эгедер болуу керек деп ойлойм.

Менде мурун салттуу кытай живописи тууралуу маалымат деле жок болчу, бирок бүгүн салттуу кытай живописи үчкө бөлүнөөрүн, анын бирөөсүн “гүлдөр жана канаттуулар” жанры түзөөрүн үйрөндүм. Бул жанр мага дагы абдан жакты, себеби, табияттын жан дүйнөсүн ушулар аркылуу дагы толук чагылдырууга болот деп ойлойм. 

Менин жеке пикиримде, сүрөттү жан дүйнөсү таза, өзгөчө сезимтал, башкалар көрбөгөн сулуулукту көрө билген, кыялы оргуп-ташыган адамдар гана тарта алат. Ошондуктан, ушундай эмгектерди жараткан Хе Шуи Фа агайга терең ыраазычылык. 

Хе Шуи Фанын жашоосундагы белек-Лу И Фэ 

Хе Шуи Фа Ханчжоу шаарында жарык дүйнөгө келген. Карапайым үй-бүлөнүн баласы болгон, жөнөкөй мектепте билим алган. Бирок, кичинекей кезинен бери эле сүрөт тартууга кызыгып, алгачкы эмгектерин жарата баштаган. Искусство, живопись багытындагы китептерди көп окуп, билимин тереңдеткен. Ошентип, 15 жашар кезинде, Хе Шуи Фа Көркөм өнөр мектебине тапшырып, ал жактан графика жана дизайн бөлүмүн аяктайт. 

Окууну аяктагандан кийин, текстиль өнөр жайында дизайнерлик кызматын аркалаган. Муну менен катар, ал ар тараптуу өнүгүп,сүрөт тартуунун ар түрдүү жанрларында жана живопись ыкмаларында өзүн сынап көрөт. 1971-жыл сүрөтчүнүн жашоосуна чоң бурулуш алып келген жыл болуп эсептелет. Анткени, дал ушул жылы Хе Шуи Фа залкар сүрөтчү, белгилүү педагог, келечектеги устаты Лу И Фэ менен таанышат. Өз жолун тапбай жүргөн сүрөтчүгө Лу И Фэ жардам берип, жанр тандоого дагы көмөкчү болот. 

Ал 1975-жылы Искусство Академиясына магистратурага, Лу И Фэнин классына тапшырат. Ал жактан “хуа няо” жанрында ийгиликтүү иштеп, ушул багытты аркалаган Кытайдагы эң мыкты төрт сүрөтчүнүн бири катары таанылат. 

“Хуа-няо” жанры-искусство дүйнөсүндөгү атактуулукка башталган жол 

Каллиграфиянын жана салттуу кытай искусствосунун заманбап чебери Хе Шуи Фа жаратылыштын, гүлдөрдүн жана канаттуулардын образдарын жан дүйнөсү менен ачып берип, энергиясы ашып-ташып, бирок ошол эле маалда эң эле назик, үлбүрөгөн калеми (кисть) аркылуу дүйнө элин суктанткан эмгектерди жараткан. 

Хе Шуи Фа ушундай белгилүүлүккө жеке гана өзүнүн таланты жана тынымсыз эмгеги менен катар салттуу кытай искусствосунун бир багыты болгон “хуа-няо” жанрын терең изилдеп, үйрөнүү менен дагы жеткен. Ал өзүнүн чыгармачылыгында кайталангыс жана табият менен чексиз гармонияда болгон учурларды даңазалап келет. 

Чебер салттуу кытай искусствосун жогорку деңгээлде үйрөнгөндөн кийин, ааламдашуунун негизинде, ушул жанрга өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы бир эксперименталдык багытты ачкан биринчи кытай сүрөтчүсү болгон десек жаңылышпайбыз. Муну менен бирге, ал өз эмгектеринде салттуу кытай живописинин ордун жоготпостон, сактап кала алган. Ага, жөн гана заманбап көз караш менен жаңы күч жана дем берген десек да болот. 

Сүрөтчүнүн чыгармачылыгы өзүнүн ачык жана көп түстүүлүгү менен башкалардан айырмаланат. Ал эмгектеринде ачык өңдөрдү бир-бирине укмуштуудай айкалыштырып, сары, кызыл, кара кочкул түстөр менен гүлдөргө кандайдыр бир өзгөчө сулуулукту жана шаңдуулукту тартуулай алган. Бул эмгектерде чебер, сүрөттөгү образды майда-баратына чейин так берүүнү максат кылбастан, анын жан дүйнөсүн, эмоциясын, сезимин берүүгө аракет кылган. Ошондуктан, эмгектерди көргөндө ар бир адамды ойго сала турган бир сыр катылгандай сезим калтырат. 

Айгүл гүлү өзгөчө сулуулугу менен кытай сүрөтчүсүн дагы багындырды 

Хе Шуи Фа журналисттер менен баарлашып жатып: “Кыргызстандын белгилүү, символу катары болгон гүл барбы?”- деп сурап калды. Айгүл гүлү тууралуу уккандан кийин, аны кайдан көрө алам деп кызыкты. Бирок, ал алыскы аймакта өсөөрүн, май айында гана гүлдөп чыгаарын уккандан кийин, дароо эле анын сүрөтүн интернеттен таптырып, өз телефонуна сактап алды. Гүлдүн сүрөттөрүн көпкө карап, анын сулуулугуна өзгөчө баа берди. Эми, сүрөтчү май айында дагы келип, Баткен аймагына бармай болду. Анткени, ал гүлдөрдү сөзсүз түрдө өз көзү менен көрүп гана эмгек жараатарын айтып өттү. 

Чындыгында, Кыргыз табияты гүлгө оролгондой кооз эмеспи. Кытай сүрөтчүсү жеке гана Айгүл гүлүнө эмес, башка гүлдөрүбүзгө дагы ашык болоору турган кеп. Алдыда, кыргыз гүлдөрүн дагы салттуу кытай ыкмасы менен тартылган Хе мырзанын эмгектеринен көрүп калмакчыбыз.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)