WeChat      Избранное

Кытай компаниясы 30 баланы толугу менен каржылап, Сиань Мунайзат университетине 4 жылдык окууга жөнөттү

21/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кытай компаниясы 30 баланы толугу менен каржылап, Сиань Мунайзат университетине 4 жылдык окууга жөнөттү

10-сентябрь күнү Бишкек шаарында “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы тарабынан студенттерди Кытай жергесине билим алууга жиберүүгө арналган расмий иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратов Абдиманнап, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Зиядин Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Махаммадов Ахмаджан, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Соода-экономикалык маселелери боюнча кеңешчиси Сунь Хэ, “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын башкы директору Гуань Синьлай ж.б. катышышты. Мындан сырткары, саамалыкка Кытай жергесине окууга кетип жаткан 30 студент жана алардын ата-энелери дагы күбө болушту. 

Иш-чарага катышкан тараптар “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын ишмердүүлүгүнө токтолуп, компания тараптан Кыргызстан-Кытай газ түтүгү долбоорун ишке ашырууга карата жасалган алгачкы кадамдарын жогору баалашты. Мына дал, ушул долбоордун негизинде, бүгүнкү күнү 30 студент Кытай Эл Республикасынын мунайзат жана мунайхимиясы жаатындагы техникалык адистерди даярдап чыккан Сиань Мунайзат университетине окууга жөнөтүлмөкчү. Бул саамалык ар тараптуу кызматташтык багыттарын ичине камтып, кыргыз-кытай алакасын чыңдоого кошулган дагы бир зор салым катары белгиленди. 

Муну менен катар, КРдин вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекованын кеңешчиси Жаныкеева Чинара вице-премьердин жолдогон каты менен иш-чаранын катышуучуларын тааныштырып, “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын жетекчилигине жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө биздин бүтүрүүчүлөрдү финансылык жактан колдоп бергендиги үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирип өттү. 

Эске сала кетсек, Түркмөнстандан Кытайга Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу газдын транзитинин аймактык долбоору өткөрүлмөкчү. КРда газ түтүгү Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтүп, анын узундугу 215 чакырымды түзөт. Долбоор 2019-жылдан 2021-жылга чейин ишке ашырылуусу күтүлүүдө. Келечектеги газ түтүгү 35 жыл иштейт. Бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эң ири долбоор катары бааланып, алдыда Кыргызстанга жалпысынан 2 миллиард доллардан ашык каражат алып келүүсү айтылууда. 

Сунь Хэ, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Соода-экономикалык маселелери боюнча кеңешчиси: 

“Кытай тарап Кыргызстан менен ар дайым биргеликте иш алып барууга, ар тараптуу кызматташтык алакаларды өнүктүрүүгө даяр”

- Бүгүн биз, “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы тарабынан студенттерди Кытай жергесине билим алууга жиберүүгө арналган салтанаттуу иш-чарада катышып отурабыз. Мен бул саамалыкка катышып, күбө болуп жаткандыгым үчүн абдан кубанычтамын. Алгач, мен КЭРнын Кыргызстандагы элчилигинин атынан Кытайга окууга кетип жаткан 30 студентти чын жүрөктөн куттуктайм. Силер аз күндө окууга жөнөгөнү жатасыңар, Кытай жергесиндеги окууңар жана жашооңор ийгиликтүү болсун! 

Муну менен катар Кыргызстан-Кытай газ түтүгү долбоорун ишке ашырууга көмөкчү болуп, ушул жылдар аралыгында колдоп келген бардык тараптарга, кытай жергесине студенттерди окууга жөнөтүүдө тандоо иштерине катышып, көмөк көрсөткөн КРдин Билим берүү жана илим министрлигине, КРдин вице-премьер министри Алтынай Сейитбековнага дагы өз ыраазычылыгымды билдирмекчимин.

Кыргыз-кытай кызматташтык алакасы байыртан бери болуп келген. Анын тарыхы узун. 2018-жылдын июнь айында КРдин Президенти Сооронбай Жээнбеков КЭРсына мамлекеттик сапары менен болуп кайтты. Ушул сапар учурунда эки мамлекеттин лидерлери кыргыз-кытай кызматташтык мамилесин ар тараптуу шериктештик алака деңгээлине көтөрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул дагы да болсо эки коңшу мамлекеттин кызматташтык мамилесин бекемдөөгө жаңы дем берүүдө. 

Кытай тарап Кыргызстан менен ар дайым биргеликте иш алып барууга, ар тараптуу кызматташтык алакаларды өнүктүрүүгө даяр. Кыргызстан “Бир алкак-бир жол” долбоорун алгачкылардан болуп колдогон мамлекеттердин бири. Акыркы жалдары эки өлкөнүн мамилелери бардык тармактарда күн санап чыңдалып жатканын көрүүгө болот. Биз бир катар ири долбоорлорду биргеликте жүзөгө ашырууда белсенип иштеп жатабыз. Бул кадамдарды айыл-чарба, экономика, энергетика, транспорт ж.б. тармактардан көрүүгө болот. 

“Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы дагы “Бир алкак-бир жол” долбоорунун экономикалык алкагындагы жаңы бир байланыш багытын түзүп берүүдө. Ушул жол аркылуу дагы биз алакабызды чыңдап, алдыда мунайзат, техникалык багытындагы күчтүү адистерге эгедер болгону жатабыз. Бүгүнкү салтанатты “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы уюштуруп, жүзөгө ашырууда. Келечекте, студенттерибиз окууларын ийгиликтүү аяктап, мыкты адистер болуп өз жергесине кайтканда, ушул алгачкы жасалып жаткан кадамдарыбыз толук акталат деп ишенем. 

Алдыда, Кыргыз Өкмөтү менен катар биз дагы, КЭРдин Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстан-Кытай газ түтүгү долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусуна ар тараптуу көмөкчү болмокчубуз. 

Зиядин Жамалдинов, КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты:

 “Бүгүнкү күнү, мындай шартты, мындай мүмкүнчүлүктү табуу абдан оор” 

-Мына бүгүн, дал ушул жерде тарыхый күндөрдүн бири өтүп жатат десек эч жаңылышпайм. Себеби, биздин 30 мектеп бүтүрүүчүбүз, Кытай компаниясы тарабынан коңшу мамлекетке окууга жөнөтүлүп жатат. Бүгүнкү күнү, мындай шартты, мындай мүмкүнчүлүктү табуу абдан оор. Ошондуктан, биздин бүтүрүүчүлөрүбүзгө окуусун мыкты окууга, өздөрүн үлгүлүү алып жүрүүгө чакырмакчымын. Кытай тилин жакшы өздөштүрүп, татыктуу билим алып, Кыргыз жергесине алдыңкы кесипкөй адистерден болуп кайтып келүүлөрүнө тилектешмин. Бул эң мыкты мүмкүнчүлүк, себеби алар келгенде бул жакта жумуш орундары даяр. Эң негизгиси, терең билим алып кайтуу башкы максат. 

Кытай менен Кыргызстан эң жакынкы коңшу мамлекеттерден. Мына, учурда стратегиялык өнөктөштүк мамлекеттерден болдук. Кытай тараптан, бүгүнкү күндө канчалаган жардамдар Кыргызстанга грант түрүндө берилип жатат. Аларды атай турган болсок, Бишкек шаарынын жолдорун оңдоп-түздөө иштерине бөлүнүп берилген грант, сугат суулары менен камсыз кылуу үчүн каналдарды курууга гранттарды берип жатат. 

Чындыгында, бүгүнкү күнү эки коңшу мамлекеттин кызматташтык алакасы өөрчүп, өнүгүүдө. Алдыда, дагы ушул мамилелерди чыңдоонун үстүнөн иштерди жүргүзө бермекчибиз. 

Абдиманнап Муратов, КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары: 

“Элеттик жана жакшы окуган балдар Кытайдан билим алууга тандалып алынды” 

- Кыргызстан-Кытай газ түтүгү долбоору эл аралык ири долбоор болуп саналат. Анын 215 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Тактап айтканда, Алай жана Чоң Алай аркылуу өткөрүлмөкчү. Мына ушул биздин аймактан өткөн газ түтүктөрүн тейлөө үчүн өзүбүздүн адистерибиздин болуусу зарыл. Учурда, бизде бул багыттагы адистерди даярдоого шарт жок.

Бирок, бүгүнкү күндө аталган ири долбоорду Кытай Эл Республикасы каржылап жаткандан кийин, ушул кадр маселесине дагы жакшы көңүл бөлүшүүдө. Ошондуктан, бүгүнкү иш-чараны өткөрүп, кыргызстандык 30 мектеп бүтүрүүчүсүн Кытай жергесине Сиань Мунайзат университетине окууга жөнөтүп жатышат. 

Бүтүрүүчүлөрдү тандоо иштери боюнча айта турган болсом, эки негизги критерий болду. Биринчиси, Алай жана Чоң Алайдын балдары болушу керек болсо, экинчисинен Жалпы республикалык тестирлөөдөн алган упайлары да жогору болуусу башкы шарт болду. Бул жылы биздин балдар кытай тилин үйрөнүшөт, андан кийинки жылдары болсо өз адистигине жараша окуп, билимин тереңдетишет. 

Бардыгыбыз билгендей Сиань шаары Кытайдын тарыхый шаарларынын бири. Шаардын басып өткөн жолу абдан узак жана маданияты өзгөчө бай. Ошондуктан, балдардын Кытай жергесиндеги жашоосу кызыктуу жана жемиштүү өтөт деп ишенем. 

Алымбек Орозов, КРдин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары: 

“Газ түтүгү жер астында болот, андыктан айыл чарба ишмердүүлүнө, экологияга эч кандай зыяндуулугу болбойт” 

- Бул долбоор алгач, 2013-2016-жылдары ишке ашуусу керек болчу. Бирок белгилүү бир себептерден улам артка жылдырылган. Убакытты создуктурууга Түркмөнстандын газ рыногундагы өзгөрүүлөр себеп болгон. Жалпысынан алганда, макулдашуу ошол бойдон калган. Долбоор регионалдуу, анын узундугу 1 миң чакырымды түзөт. 

Газ түтүгү жер астында болот, андыктан айыл чарба ишмердүүлүнө, экологияга эч кандай зыяндуулугу болбойт. Долбоор ишке ашканда, жердин транзити жана ижарасы үчүн дүйнөлүк рынокко байланыштуу, жылына орточо 50-60 миллион доллар салык төлөнөөрү күтүлүүдө.

Кыргызстан боюнча газ түтүгүнүн узундугу 215 чакырымды түзмөкчү. Долбоор Кыргызстанда 100 пайызга жеке инвестициялардын негизинде ишке ашат. Сумма 1 миллиарддан 1,2 миллиард долларга чейин жетет. Долбоордун алкагында, курулуш иштери учурунда 1 миңге жакын кошумча жумушчу орундар түзүлүп, эксплуатация учурунда 200 жумушчу орун берилмекчи. 

Компания менен жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү калк болот деп макулдаштык. Ушул максатта бүгүн Кытайда мунайзат, газ тармагында билим алып келүү үчүн биздин жаштарыбызга, башкача айтканда 30 окуучуга сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Учурда, бизде мындай кесиптин ээлери жок, ошондуктан бул жааттагы адистерге муктаждыгыбыз чоң. 

Ахмаджан Махаммадов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары:

 “Учурда, кытай тилин билген адис эң престиждүү кесиптин ээси катары бааланат” 

- Жогоруда айтылып кеткендей, чындыгында бүгүн бардыгыбыз тарыхый маанилүү бир күндө жолугушуп отурабыз. Ошондуктан, ушул салтанаттын катышуучуларын Ош облусунун жетекчилигинин атынан жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. 

Биздин сүйүктүү бүтүрүүчүлөрүбүз силердин жашооңордо дагы бир каалга ачылып, жаңы кадамдар ташталып жатат. Чындыгында, учурда кытай тилин билүү заман талабы. Биз Ганьсу провинциясы менен кызматташтык мамилебизди түзүп, эки жолу бештен балабызды Кытай жергесине окууга жөнөткөнбүз. Ошолор бүгүн кытай тилин мыкты өздөштүрүп келип, ардактуу кесип ээлери болуп кайтышты. Учурда, кытай тилин билген адис эң престиждүү кесиптин ээси катары бааланат. 

Биздин мыйзамдар боюнча, чет элдик компанияларда 80 пайыздан кем эмес жергиликтүү элдин өкүлдөрү иштөөсү зарыл. Ал эми, биздин дал ушул мунайзат, тоо-кен иштери багытында адистерибиз жокко эсе. Ошондуктан, бүгүн биздин жаштарыбызды колдоп, келечектеги мыкты адистерди даярдоого кытай компаниясы эң мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берди. 30 баланын паспортту алмаштыруусунан баштап, виза, жол кире, тамак-аш, жатаканасына чейин кытай тарап каржылоодо. Ошондуктан, биздин балдардан окуусун ийгиликтүү аяктап, Кыргызстанды, ата-энесин уят кылбай, татыктуу билим алып келүүсүн гана күтөбүз. 

Бул абдан жакшы долбоор. Долбоордун ишке ашуусунун алкагында бардык маселелер каралып, такталып чечилген. Ал жергиликтүү калктын жашоо-турмушун көтөрүүгө дагы зор салым кошуп бермекчи. 

Гуань Синьлай, “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын башкы директору:

 “Кыргызстан-Кытай газ түтүгү долбоору эки мамлекет ортосундагы “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында аткарылып жаткан эң ири долбоорлордун бири”  

- Бүгүн биз, кыргызстандык студенттерди Кытай жергесине билим алууга жиберүүгө арналган расмий салтанатын ийгиликтүү өткөрүп алдык. Кыргызстан жана Кытай тараптан катышкан бардык мамлекеттик өкүлдөр бул иш-чараны колдоп, өз куттуктоолорун айтып, кыргыз-кытай алакасын бекемдөө багытында дагы аткарылган мыкты кадам катары баа беришти. Учурдан пайдаланып, компаниянын атынан салтанаттын бардык катышуучуларына өз ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. 

Кыргызстан-Кытай газ түтүгү долбоору эки мамлекет ортосундагы “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында аткарылып жаткан эң ири долбоорлордун бири болуп эсептелет. Газ түтүгү Кыргызстандын Алай жана Чоң Алай аймактары аркылуу өтүп, анын узундугу 215 чакырымды түзмөкчү. 

Ар бир компания өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүүсү үчүн, ишин мыкты билген, кесипкөй адистерге муктаж. Ошондуктан, биз дагы өз кызматкерлерибизди өстүрүп, алардын татыктуу билим алуусу, мыкты адистерден болуусу үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө даярбыз. Эл аралык, ири долбоорду жүзөгө ашырууда, жергиликтүү адистерди даярдоо дагы башкы максат. Ошондуктан, бүгүнкү иш-чараны уюштуруп, Кытай жергесине Алай жана Чоң Алайдын балдарын окууга жиберип жатабыз. Студенттерди окуу убагында биз толугу менен каржылап, мындан сырткары атайын стипендиялар менен дагы камсыз кылмакчыбыз. Алар, төрт жылдан кийин, ата-энесинин, биздин үмүтүбүздү актаган, мыкты кесипкөй адистер болуп кайтып келишет деп ишенем.

Бул кадам биздин компаниянын алгачкы гана кадамдары, иш башталганда дагы кызматкерлерибизди узак жана кыска мөөнөттүү окууларга, тажрыйба алмашуу багытындагы иш-чараларга активдүү жиберип турмакчыбыз. 

Ырыскелди Маматкалыков, Кытайга окууга кетип жаткан студенттердин бири: 

““Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы биздин жаркын келечегибизге өбөлгө болууда” 

- Бүгүн биз үчүн абдан өзгөчө күн болуп турат. Келечекке кадам таштап, чоң кубанычка бөлөнүп отурабыз. Эң биринчиден, ушул Кытайга сапар алып жаткан жалпы 30 баланын жана жеке өзүмдүн атымдан “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясына ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Бул компания биз үчүн өтө чоң олжо, башкача айтканда өтө чоң мүмкүнчүлүк болду десем эч жаңылышпайм. Ушул компания биздин жаркын келечегибиз үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип, алдыга карай ишенимдүү кадам таштообузга чоң өбөлгө болууда. Муну менен катар, ушул салтанаттын бардык катышуучуларына дагы рахматымды айтмакчымын. Агай-эжелердин ишенимин, үмүтүн актоого болгон күч-аракетибизди жумшамакчыбыз. 

Бизге “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын башкы директору май айында Алай жана Чоң Алай аймактарына келип ата-энелер, окуучулар менен жолугушуп кеткен. Ошондо ал, Кытай жергесине окууга жөнөтүү тууралуу, компаниянын алып барган ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берген. Ошондон баштап, окууга даярдана баштадым. Жалпы республикалык тесттен ийгиликтүү упай алуу башкы максат болду. Жыйынтыгында 160 упай топтоп, Кытайга окуу үчүн маектешүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Буюрса, мына Кытайга кетүү алдында турабыз. Ушул мүмкүнчүлүк менин жашоомдун эң чоң ачылышы болду. Кыргызстан-Кытай газ түтүгү долбоору эртерээк жүзөгө ашырылып, мамлекетибиздин экономикасынын өнүгүүсүнө жана кыргыз-кытай кызматташтык алакасын дагы да чыңдоого мыкты өбөлгө болооруна ишенем. 

Биз өзүбүздүн жүрүш-турушубуз, жакшы окуубуз жана да адеп-ахлагыбыз менен кыргыз эли ушундай маданияттуу эл экендигин көрсөткүбүз келет. Мен дагы буга жан-дилим менен киришип, алдымдагы максаттарды ишке ашырууга, университеттин иш-чараларына активдүү катышууга, төрт жыл убакыт ичинде чоң бир жетишкендиктерге жетишип, убакытты баалап, алган билимимди өз мамлекетиме жана ушул компанияга татыктуу арноого аракет кылам. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)