WeChat      Избранное

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын тотеми - мөңгү суусу куюлган көөкөр Түркияга сапар алды

17/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын тотеми - мөңгү суусу куюлган көөкөр Түркияга сапар алды

8-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ат майданында III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи болуп өттү. Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Түркия Республикасынын Маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликая баштаган бир катар сыйлуу меймандар катышышты. 

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш салтанатына 500дөн ашуун артист, каскадер жана спортчулар катышып, келген элге мыкты маанай тартуулашты. Салтанаттуу Мирбек Атабековдун “Мурас” ыры менен башталып, андан соң көрүүчүлөр кыргыздын алдыңкы өнөрпоз адамдарынын чыгармачылыгына күбө болушту. Эң жагымдуу белектердин бири катары Германиядан жол арытып келген “Чыңгызхан” тобунун мыкты чыгармалары болду десек жаңылышпайбыз. 

Муну менен катар, алыскы жана жакынкы коңшу мамлекеттердин чыгармачыл инсандары дагы элибизге өз өнөрлөрүн тартуулап, дүркүрөгөн кол чабууларга арзышты. 

Бул Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинин расмий бөлүгү мурункулардан кескин түрдө айырмаланды. Себеби, дал ушул күнү Кыргызстан кийинки Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркия элине өткөрүп берди. 

“Суу өмүрдүн булагы, ошондуктан бүтүндөй ааламдагы жаратылыштын жана андагы бардык тирүү жандыктын өмүрүнө өмүр улап, жашоо кечирүү үчүн берилген бирден-бир ыйык ырыскы болуп саналат. Жер шарыбыздын өмүр башаты болуп эсептелет. Андыктан, ыйык үмүттүн символу болгон суу аруу тилектүү, адал жүрөктүү кыргыз элинен дүйнө жүзүнө тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү, ынтымакты алып барсын”-деген изги тилек менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын тотеми – мөңгү суусу куюлган көөкөрдү Түркия Республикасынын маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликаяга тартуулады. 

Аталган жөрөлгө Көчмөндөрдүн кийинки оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө өткөрүп берүүнү туюндурат. Эстафетаны кабыл алуу аяктаган соң, ардактуу конок көрүүчүлөргө жана конокторго жалпы түрк элинин жана президент Режеп Тайип Эрдогандын атынан жылуу салам жолдоду.

Оюндардын уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирип, өткөрүлгөн мелдештер миңдеген элдерди бириктиргенин айтты.

“Бул жерде өткөн мелдештер жөн гана спорттук иш-чара эмес, анын мааниси абдан терең. Алар биздин ата-бабалардын мурасын чагылдырып, бир тууган элдердин байланышынын бекемделишине чоң салымын кошот. Көчмөндөрдүн кийинки оюндары Түркияда өтө тургандыгына биз абдан кубанып жана толкунданып турабыз. Биз көчмөн маданиятын сактоо жана жайылтуу мүмкүнчүлүгүн алгандыгыбыз үчүн сыймыктанабыз жана бул үчүн Кыргызстанга терең ыраазычылык билдиребиз. III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын бардык катышуучуларын чын дилимден куттуктайм. Биздин ынтымагыбыз, биримдигибиз түбөлүккө улансын!”,-деп сөзүн жыйынтыктады Түркия Республикасынын Маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликая.

Ошентип, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын тотеми болгон мөңгү суусу куюлган көөкөр Түркияга сапар алды. 2020-жылы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркия жергесинде өткөрүлмөкчү. 

Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри:

 “Маданият, көркөм өнөр жана спорт – бул саясаттан тышкары элдердин ортосундагы тынчтыктын жана тилектештиктин кубаттуу инструменти” 

- Биз III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш салтанатында жолугуп турабыз. Мен Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын бардык катышуучуларына жана конокторуна бекем ден соолук, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалоо менен бирге, Ала-Тоо кыргыз жергеси, кереметтүү Ысык-Көл ар дайым сиздерди күтөөрүн айтып кетким келет.

Бүгүн Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары аяктап, Сиздер менен коштошуп жатканыбызга бир аз ичибиз ачышып турат.

Ошол эле мезгилде, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өзүнүн мааниси жана масштабдуулугу жагынан тарыхка калгандыгына, меймандос кыргыз эли Жер шарынын бардык булуң-бурчтарынан ишенимдүү жана чыныгы досторду тапкандыгына чын дилибиз менен кубанычтабыз.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары бүт дүйнө жүзүндө болуп жаткан карама-каршылыктарга карабастан, Жер планетасынын элдерин биримдикке жана жаратмандыкка чакырды.

Дал мына ушундай иш-чараларда элдердин улутуна, динине, социалдык тегине карабастан, гуманизм, эркиндик жана руханий өнүгүү сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктарга болгон умтулуусу жана мүдөөсү ачык көрүнөрүн Оюндардын катышуучулары жана коноктору чын дили менен белгилеп кетишти.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын тотеми - мөңгү суусу куюлган көөкөр Түркияга сапар алды

Маданият, көркөм өнөр жана спорт – бул саясаттан тышкары өз жолунда элдердин ортосундагы тынчтыктын жана тилектештиктин кубаттуу инструменти. Жылдан жылга Көчмөндөр оюндары кулачын кенен жайып, өтө популярдуу болуп баратат: 2014-жылы бул оюндарга 7 өлкө гана катышса, быйыл бардык континенттерден 74 өлкө катышып, 10 эсеге өстү. Улуттук спорттун түрү 37ге жетти.Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3 миңге жакын спортчулардын жана катышуучулардын башын бириктирди.

Демек, дүйнө элдери өзүнүн нукура салтын жана улуттук оюндарын таза сактап, бүт дүйнөгө мурунку калыбында тааныткысы келет. Көчмөндөр оюндарынын эң чоң баалуулугу жана маңызы мына ушунда турат.

Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн бул уникалдуу долбоор дүйнө элдеринин өткөн ата-бабаларына көрсөткөн бийик урмат-сыйы экендигин баса белгилеп кетем. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында дагы бир катар ири иш-чаралар өткөрүлдү. 

Абройлуу эл аралык илимий уюмдардын бири болгон Туруктуу Эл аралык Алтаистикалык Конференциянын “Элдик оюндар жана ага байланыштуу алтай дүйнөсүндөгү каада-салттар” аттуу отуруму өттү. Ага 16 мамлекеттен 160 илимпоз катышты. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин саммитинин өтүшү жылдын олуттуу окуяларынын бири болду.

Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Татарстан Президенттери жана Венгриянын Премьер-министринин Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышканы бул оюндардын мартабасын жогорулатты.

Кыргызстанда өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарын 778 ата мекендик, 58 чет өлкөдөн 600дөн ашык массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырып турушту.

Булардын арасынан БиБиСи радиосун, Нью-Йорк таймс агенттигин, СиСиТВ кытай телеканалын, Абу-Даби медиасын, Ал-Жазира прессин, ТАСС, Интерфакс, Анадолу кабар агенттиктерин, Бүткүл россиялык мамлекеттик телерадио компаниясын, “Мир”, “Хабар” каналдарын, Дүйнөлүк улуттук географиялык коомун, Канада, Нидерландия массалык-маалымат каражаттарын атоого болот.

Оюндар дүйнөнүн 60 өлкөсүндө, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө, Балтикада, Грузияда, Францияда, Германияда жана Японияда кеңири жана түз берилип жатты. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук оюндардын мелдештери менен катар этнографиялык маданий иш-чаралар да жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп кетким келет.

Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөрдүн алтын доору” аталышындагы этно шаарча 150 миңден ашык конокторду өзүнүн кучагына батырды.

13 ордо болуп каз-катар тигилген боз үйлөрүбүз майрамды шаңга бөлөдү. Ордолордо коюлган элдик буюмдар, айрыкча алардын абдан көөнөлүгү, азыр да аларды колдонуп, иш жасалып жаткандыгы конокторду да, бизди да таң калтырды. Кыргыздар дүйнөгө байыркылыкты сактаган эл катары таанылды.

Ошондой эле Номад амфитеатрында өткөн “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивалында бүт континенттерде жашаган ар бир элдин маданияты – өзгөчө уникалдуу жана улуу экендиги даңазаланды.

Байыртан кыргыз эли сөз багып, сөз кадырлап, сөз менен эл достугун чыңдап келген. Муну акындардын айтышы дагы бир жолу тастыктады.

Кырчын жайлоосундагы иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбековдун барышы элибизге – бардык катышуучуларга зор күч, дем берип, маанайын көтөрдү.

Жалпы элдин Сиздердин колдооңуздар менен кыргыздар дүйнөгө өз тарыхын жана маданиятын абдан жогору сыйлаган эл катары таанылдык. Айрыкча баарыбызды жарандарыбыздын меймандостугу жана патриоттуулугу суктандырды. Элдин пейилине рахмат!

Биздин элибиз бүгүн мындан дагы ири масштабдуу иш-чараларды өткөрө ала тургандыгын дүйнөгө далилдеди. Жогорудагылар менен катар Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында бардык иш-чараларды өткөрүүгө катышкандарга, айрыкча ак элечек энелерге, ак сакалын жайкалткан аталарга, намыс үчүн тикесинен тик туруп жогорку уюшкандыкта өткөрүп жаткан уюштуруучулардын баарына, ошондой эле патриот демөөрчүлөргө жана ыктыярчыларга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)