WeChat      Избранное

Үмүт Култаева, профессор: “Кытай жазуучулары Лу Синь жана Ба Жиндин чыгармачылыгы менин жан дүйнөм менен шайкеш келди”

20/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Үмүт Култаева, профессор: “Кытай жазуучулары Лу Синь жана Ба Жиндин чыгармачылыгы менин жан дүйнөм менен шайкеш келди”

Жакында эле, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын белгилүү окумуштуусу Үмүт Култаева Кытай Өкмөтүнүн эл аралык сыйлыгына ээ болду. Бул сыйлык “Кытай адабиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн” деп аталып, аны тапшыруу салтанаты Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында болуп өттү. Профессор Үмүт Култаева мындай премияга татыган алгачкы кыргыз илимпозу болуп, Кытай жергесинде Кыргызстандын атын дагы бир жолу даңазалап кайтты. 

Мына дал ушундай мыкты саамалыкты аркалай биз дагы, Үмүт эже менен баарлашып, эженин алгачкылардан болуп, кытай адабият дүйнөсүн кыргыз окурмандарга тааныткан жолу менен жакындан тааныштык. 

-Үмүт эже, алган сыйлыгыңыз кут болсун! Жакында эле, Кытай Өкмөтүнүн “Кытай адабиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн” аттуу эл аралык сыйлыгына ээ болуп келдиңиз. Ушул саамалык тууралуу айтып берсеңиз?

-Рахмат, бул сыйлык Кытай Өкмөтү тарабынан 2005-жылы негизделиптир. Ага кытай адабиятын жайылтууга жана эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошкон белгилүү котормочулар, жазуучулар жана окумуштуулар татыктуу болушат экен. 

“Кытай адабиятын жайылтууда өзгөчө салым кошкон” дегенге, бир гана көркөм чыгарма эмес, илимий популярдуу, котормо, педагогикалык, саясий адабияттардын бардыгы кирип, жалпы эле адабияттын кең маанисиндеги түшүнүктү ичине камтыйт экен.

Чындыгында, мен бул сыйлыкты деле күткөн эмесмин. Бир жыл мурун, Кытай тарап менден кытай-кыргыз мамилелери боюнча библиографиямды сураган болчу. Жалпысынан, 20дан ашуун макала, окуу китептери жана котормолор тууралуу толук маалымат бергем. Андан соң, чыгармалардын түп нускасын эч ким сурабагандан кийин, мен деле көңүл бурган эмесмин. Адатта, бизде сыйлык бериле турган болсо сөзсүз түрдө оригиналы керек болот да. Көрсө алар, эмгектеримди башка жактан өздөрү таап, изилдеп чыгышкан экен. 

Жыйынтыгында, бир канча текшерүүдөн өтүп, комиссиянын чечими менен “Кытай адабиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн” сыйлыгына татыктуу болдум. Бул тууралуу расмий билдирүү мага 19-июль күнү келди. Ал жакта сыйлыкты тапшыруу аземи 21-августта КЭРдин мамлекеттик резиденциясында өтөөрү тууралуу маалымат дагы камтылыптыр. Андан соң, 19-августка чейин уюштуруу тобу күн сайын мени менен байланышта болуп турушту. Сөзсүз түрдө бул салтанатка катышуум керектигин айтышып, виза алууга да көмөкчү болоорун билдиришти. 

Ошентип, 21-август күнү Пекин шаарында жайгашкан мамлекеттик резиденцияда сыйлыкты тапшыруу аземи болду. Иш-чара абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп, Кытай Өкмөтү дүйнөнүн булуң-бурчунан келген бардык катышуучуларды мыкты маанайда тосуп алды. Бул жылы сыйлык жалпысынан 15 мамлекетке берилди. Сыйлыкка татыктуу болгон өлкөлөр дагы, чындыгында дүйнөнүн өнүккөн, алдыңкы мамлекеттери болду. Мисалы, Англия, Франция, Венгрия Польша, Йемен ж.б. 

Буга чейин, 44 мамлекеттен 108 киши ушундай сыйга татыктуу болгон экен. Кыргызстан болсо, быйыл биринчи жолу бул сыйлыкка эгедер болду. Мен үчүн бул абдан кубанычтуу жана да абдан сыймыктуу болду. Албетте, жалгыз дарак токой болбойт. Бул сыйлыкка жетүүгө менин пикирлеш, мыкты адабиятчылардын, мени менен бирге бардык иште чогуу жүргөн өзүмдүн шакирттеримдин Дабыт Абдылбары уулу менен Айгул Мидин кызынын да салымы чоң. Негизинен, жалпы эле Кыргызстандын медиа тармактарынын дагы үлүшү бар. Анткени, дал ушул ЖМКлар аркылуу кыргыз эли дагы кытай адабиятынын даамын татып, баа бере алды. Ошондуктан, бул сыйлык жалгыз меники эмес, жалпы эле Кыргызстандыкы деп эсептейм. 

Кытай Эл Республикасы мага ушундай сыйлыкты бергенден кийин мен муну, кандайдыр бир деңгээлде аванс катары кабыл алдым. Алардын ишенимине, алардын мага көрсөткөн сый урматына кытай адабиятын дагы тереңдеп изилдеп, алдыда ушул багытта бир катар эмгектерди жаратуу менен жооп берсем деген ой-толгоолор болууда. Котормо иштерин улантсам деген дагы максатым бар 

Учурдан пайдаланып, Кытай Өкмөтүнө дагы өз ыраазычылыгымды билдирмекчимин, негизи эле булар адисти, адамдын эмгегин баалай билген эл болот. Кытай Эл Республикасы тил, маданият, адабиятты жайылтууда эң мыкты үлгүлөрдү көрсөтүп жатат. Бул сыйлык дагы ага толук далил болуп бере алат деп ойлойм.

-Бардыгыбыз билгендей, сиз Кытай тарап менен көп жылдан бери кызматташып келесиз, бул жаатта өтөгөн эмгегиңиз дагы бүгүнкү күнү бааланып отурат. Ушул багытта сөз сүйлөп берсеңиз?

-Эми, мен Кытай Эл Республикасы менен 2000-жылдардан бери тыгыз кызматташтык байланышта болуп келем. Адегенде, кытайлык кыргыздардын адабияты, маданияты жөнүндө изилдеп, алар менен алака түзүп жакындан иштешкем. Кытайлык чыгаан манасчы Жусуп Мамайдын сегиз томдон турган “Манас” эпосун биринчилерден болуп биз кириллицага түшүрүп, кыргыз тилине өткөргөнбүз. Ошол чыгармачылык топту дагы жетектеген элем. 

Мындан сырткары, кытай тилин үйрөтүү боюнча Конфуций институту, институттун башкы штаб квартирасы Ханьбань Борбордук Азия үчүн окулуктар түрмөгүн иштеп чыгып, толугу менен каржылаган. Ал жерде Борбордук Азия мамлекеттерине өз тилдеринде берилген. Мына, ошондо Кыргызстан үчүн жазылган кытай тили окуу китебинин үстүнөн мен 2010-жылы иштей баштагам. Ага чейин дагы бул багытта иштегендер болуптур, бирок белгилүү бир себептерден улам ал адамдар чыгып кетишиптир. 

Чындыгында, бул китептер менен иштөө оор болду, кетирилген каталар абдан көп эле. Биринчиден, кытай тили өзү башка тилдик система болсо, экинчиден бул окулуктарды алгач Кытай жергесиндеги этникалык кыргыздар карап, андан соң бизге оңдоп-түздөөгө берилиптир. Бардыгыбыз билгендей кытайлык кыргыздардын оозеки тили абдан өнүккөн. Бирок жазууга келгенде иш таптакыр башка, биздин окуучулар, студенттер алардын жазуу иштерин кабыл ала албайт. Ошондуктан, бул дагы тынымсыз эмгекти, күчтү талап кылган иш болду. Бир ай бою эки котормочу менен алпурушуп, “грамматикалык материалдарды биздин студенттер кандай жол менен жакшы кабыл ала алат”-деген суроонун үстүндө иштедик. Балким ушул, 40 китеп түрмөгүнүн дагы бул сыйлыкты алуума белгилүү бир салымы болгондур. 

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Конфуций институтунун кыргыз тараптан директор болуп турган учурумда, кыргыз-кытай факультетине Эл аралык журналистика бөлүмү ачылган. Ошондо, бөлүмдүн окуу планына дагы өз демилгем менен кытай адабиятын киргиздирип, кытай адабияты боюнча лекция окугам. 

Бул багыт дагы Кыргызстанда такыр иштелбегендиги үчүн абдан оор жумуш болду. Тээ 4-кылымдан баштап, азыркы учур аралыгындагы кытай адабияты тууралуу жалпы маалымат берүү, кытай адабиятындагы мыкты жазуучулар менен биздин жаштарды тааныштырууну өзүмдүн милдетим катары сездим. 

Учурда, Кыргызстанда кытай таануу жаңы гана калыптанып келе жатат. Биздин бир кемчилигибиз кытай тилин үйрөнүү менен гана чектелип келе жатабыз. Чыныгы чет тилди үйрөнүү, эл таануу, ошол элдин адабиятысыз мүмкүн эмес. Ар бир элдин жан дүйнөсү көркөм адабият аркылуу чагылдырылат, таанылат. Ошондуктан бул адабияттын үстүнөн көп-көп иштөөбүз зарыл. 

-Сиз ушул эмгектериңиз менен катар, кытай жазуучуларынын чыгармалары менен дагы биздин китеп сүйүүчүлөрдү жакындан тааныштырып, котормо иштери менен алектенип келесиз. Ошол котормолоруңуз коомчулукка тарап жатабы, дегеле окурмандардын баасын кандай болууда?

-Кытай адабиятына жалпы жонунан көз салып отурганда эле мага Лу Синь жана Ба Жин аттуу эки жазуучунун эмгектери өзгөчө таасир калтырды. Алгач, Лу Синьдин “А-кью” чыгармасын котордум, ал өзү абдан көлөмдүү чыгарма, “Кыргыз-Туусуна” үзүндүлөрү жарыяланып жүрөт.

Андан кийин, Ба Жиндин “Кулдун жүрөгү” аттуу аңгемесин “Рухэш” сайтына жарыяладык. Сайттан дагы аңгеме, окурмандар тарабынан абдан жакшы кабыл алынып, “дагы кайсы жактан бул чыгарма менен тааныша алабыз”-деген суроолор менен кайрыла башташкан. Бул эмгек окурмандар тарабынан “чындыкты чагылдырган абдан кызыктуу чыгарма” деген баага татыган. Ушундан соң, “Санжыра” үналгысы аудио китеп кылып, ал жактан дагы системалуу түрдө берилип турду. 

Мындан соң, “Рухэш” сайты чет элдик адабияттан которулган көркөм котормого конкурс жарыялады. Мен Лу Синьдин “Жиндинин күндөлүгү” чыгармасын которуп, өзүмдүн этникалык кыргыздардан келген Дабыт Абдылбары уулу шакиртим менен чыгарманын кытайча варианты менен салыштырып карап чыктык. Жыйынтыгында, ушул котормо конкурста биринчи орунду ээледи. 

Мына ушул чыгармалардын кыргыз окурмандарына жайылуусу, алардын популярдуу болуусу дагы жогоруда айтылган сыйлыкты алууга өбөлгө болуп берсе керек. 

-Кыргызстанда кытай таануу багыты кандай өнүгүүдө?

-Чындыгында, учурда кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштар абдан көп. Бирок, Кытай жергесинде окууга кетип жаткан жаштардын көпчүлүгү ал жактын стипендиясына жана жер кыдырып көрүп келүүсүнө эле кызыгышат. Чындап, ушу Кыргызстанда “кытай таануусун өнүктүрөм, кытай таануусун калыптандырам”-деген жаштар аз. Бирок, бул нерсеге бир эле жаштар күнөөлүү эмес, биз-чоңдор күнөөлүбүз. Биз студенттерге ошондой багыт берип, окуу планын жакшы иштеп чыгуубуз керек болчу. Ошондуктан, кытай таануу боюнча билим берүү жаатында чечиле элек чоң маселелер бар. Окуу пландарын туура жолго салып, ал эмес дипломду эки мамлекет тең тааный тургандай деңгээлге жеткирүү зарыл. Бул багытта жасачу иштер абдан көп. 

Бирок, муну менен катар Кытайдан докторантураны бүтүрүп, мыкты адис болуп кайткан жаштарыбыздан дагы уучубуз куру эмес. Эң негизгиси, ошондой билим жолуна кадам таштап, ушул багытты өнүктүрөм деген жаш адистерибизди колдоп, иштөөсүнө жакшы шарттарды түзүп берүүбүз заман талабы. Биз ушул маселерди жакшылап чечип алсак, кытай таанууну Кыргызстанда калыптандырып, андан ары өнүктүрүп кетүүгө жакшы жол ачылат эле. 

Алгач, биз өзүбүздүн транскрипцияны иштеп чыгуубуз зарыл. Кыргыз тилинин мүмкүнчүлүгү абдан чоң, ал кытай тилинде айтылган бардык тыбыштарды эч өзгөртпөй, туура айтууга толук көмөкчү болуп бере алат. Биздин транскрипция иштелип, жолго коюлса, ошондо кытайчадан кыргызчага которгондо, сөздөрдү айтканда дагы катачылыктар кетпейт эле. Ошондуктан, жогоруда айтып кеткендей кытай таануу иши күчтүү адистерге муктаж. Алдыда, ушул ишти жөнгө салып, бир калыпка келтирген жаштарыбыз чыгаарына ишенем. 

-Кыргыз-кытай маданий алакасына бир аз токтоло кетсеңиз?

-Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы алаканы эң жогорку деңгээлге жеткирүүгө бизде мыкты мүмкүнчүлүк бар. Анткени, Кытайда биздин этникалык кыргыздар жашайт. Кытай тилин бардыгы биле бербесе дагы, араларында кытай тилин мыкты билген, белгилүү илимпоздор дагы бар. Алар эки өлкө ортосунда эң сонун ортомчу болуп бере алат.

Ошондуктан, маданий, адабий багытта кыргыз-кытай алакасында жаңы долбоорлор керек. Буга чейин дагы бир канча иш-чаралар ишке ашырылып келген. Бирок, дагы да болсо ушул багытта иштерди уланта берүүбүз керек. 

Ба Жин-кытай адабиятынын корифейи

Ба Жин Сычуань провинциясынын Чэнду шаарында туулган. Кытай адабиятында жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер катары белгилүү. 1985-жылдан 2005-жылга чейин Кытай Жазуучулар союзунун төрагасы болгон. Ба Жин 70 жылдык адабий чыгармачылыгында 26 томду, башка элдердин адабиятынан 10 томду которгон. 

1923-жылы Нанкин улуттук институтуна тапшырган. 1927–1929-жылдары Франциядан билим алган. Ушул эле жылы Кытайга кайрылып келип, 1934-жылы Жапонияга билимин өркүндөтүү курсуна барып, 1935-жылга чейин окуган. Бир нече чыгармасы чет тилдерге которулган. 

Чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер Кытай кинематографиясынын казынасына зор салым кошкон. Ага Италия, Франция, Япония, АКШ адабий сыйлыктарын ыйгарган. 

Лу Синь-жаңы кытай адабиятынын негиздɵɵчүсү 

Лу Синь-кытай адабиятынын тарыхында, азыркы кытай адабиятынын негиздɵɵчүсү болуп эсептелет. Ал ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турат. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, азыркы кытай адабиятында майда жанрды өнүктүргɵн жазуучу жана акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Лу Синь солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан, Мао Цзедун өмүрү өткөнчө анын күйөрманы болгон. 

Лу Синь Шаосин шаарында (провинция Чжэцзян) 1881-жылы 25-сентябрда туулган, ысымын бир нече жолу өзгөрткөн. Ал туулганда берилген ысым-Чжоу Чжаншоу болсо, экинчи аты-Юшань, кийинчерээк Юцай катары таанылган. Ал эми дүйнɵлүк адабиятта аны Лу Синь деп билишет. Бул анын адабий псевдоними, Лу энесинин фамилиясынан алынган.

1898-жылы Лу Синь Цзяннань деңиз-аскердик академиясында эки жыл окугандан кийин, темир жолчулардын академиясынан дагы билим алган. Дал ушул окуу жай Лу Синьдин тагдырында зор роль ойногон. Анткени бул окуу жайда чет тилдерди үйрөтүүгө чоң кɵңүл бурулгандыктан, ал немис, англис тилин үйрөнүп, чет тилдеги көркөм адабияттарды окуй баштаган. 

Ал студенттик кезде эле котормочулук ишин баштап, дүйнɵлүк адабияттан Томас Гекслинин адабияттан «Эволюция жана этика», Джон Стюарт Миллинин «Эркиндик жɵнүндɵ» чыгармаларын, Вальтера Скоттун «Айвенго» романын кытай тилине которгон .

1918-жылы май айында биринчи жолу олуттуу чыгармасы-«Жиндинин күндɵлүгү» аттуу аңгемесин Лу Синь деген псевдоним менен байхуа – оозеки сүйлɵшүү тилинде басмадан чыгарат. Бул буга чейин кытай адабиятынын салтында болбогон жаңы чыгарма эле. Чыгарма албетте, катуу сынга кабылат. Бирок жазуучулардын аң-сезимине курч таасир эткендиктен, адабий салттын ɵзгɵрүшүнɵ алып келет. 

Ошондуктан, Лу Синь кытай адабиятынын тарыхында жаңы адабияттын негиздɵɵчүсү болуп эсептелет.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)