WeChat      Избранное

Этномаданий фестиваль-дүйнөнүн чыгаан таланттарын бир арага чогултту

17/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Этномаданий фестиваль-дүйнөнүн чыгаан таланттарын бир арага чогултту

4-сентябрь күнү III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан «Номад» амфитеатрында «Көчмөндөр ааламы» аттуу эл аралык этномаданий фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. 

Этномаданий фестивалдын ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, РФсынын Башкырстан Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Салават Сагитов, «Номад» амфитеатрынын негиздөөчүлөрү Аскар Салымбеков жана Ташкул Керексизов катышып, өз куттуктоо сөздөрүн айтышты. 

Мындан сырткары, сырттан келген меймандар менен бирге жергиликтүү калктын өкүлдөрү дагы иш-чаранын ачылыш аземине катышып, дүйнөнүн мыктыларын чогулткан, жогорку деңгээлде даярдалган концерттик программага күбө болушту. 

«III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2018-жылдын эң маанилүү үч окуясынын катарына киргизилди» 

«Заманбап дүйнөнүн келечеги-бул жогорку инновациялык технологиялардын жана ааламдык илимий жетишкендиктердин жыйындысы. Ушул сыяктуу жөнөкөй эмес шарттарда биз элдердин маданиятынын жана салт-санаасынын уникалдуулугун сактап калуубуз керек»-деди Өкмөт башчы өз сөзүндө. Ал белгилегендей, меймандос кыргыз жергесинде үч күндөн бери жогорку коноктордун жана дүйнөнүн бүт булуң-бурчтарынан келген делегациялардын катышуусундагы ири масштабдагы иш-чаранын өтүшүнө жалпы коомчулук күбө болуп жатат.

«Кыргызстанда-көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде, жайкалган Кырчын жайлоосунда Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары ийгиликтүү, бүйүрдү кызыткан, бийик деңгээлде өтүп жатат. Эл аралык эксперттердин рейтинги боюнча, Кыргызстанда өтүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары-2018-жылдын үч эң маанилүү окуяларынын катарына киргизилди. Дүйнөлүк коомчулукта мааниси жагынан уникалдуу жана популярдуу деп табылды. Бул Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Муну менен катар иш-чаранын дүйнөлүк телеканалдардан, массалык-маалымат каражаттарынан кеңири жана түз берилип жаткандыгы дагы абдан кубандырып жатат. Көчмөндөр оюндары менен кошо биздин жергебизге, кутман элибизге кут түштү десек болот. Кыргыз жергесинин табияты, каада-салты, үрп-адаты, улуттук колорити менен дүйнө коомчулугу жакындан таанышууда»-деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өлкөнүн Премьер-министри белгилегендей, «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын ачылышы көчмөндөрдүн духу жана тарыхы менен жакындан таанышууга болгон уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

«Көчмөндөрдүн этномаданий салтын өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу аталган этнфестивалдын негизги максаты болуп саналат. Ар бир маданият-өз алдынча кайталангыс жана уникалдуу. Ар-кыл маданияттын жуурулушу бири-бирине жагымдуу таасирин тийгизип, аны байытууга өз салымын кошот. Түрдүү улуттук маданияттар кездешкен, Манас баатырдын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун меймандос кыргыз эли тууралуу жаркын элестер, кызыктуу учурлар эсиңиздерде көпкө чейин калат деп ишенебиз. Этнофестивалдын меймандары көчмөн элдердин маданияты менен жакындан таанышып, кыргыз элинин меймандостугу, кол тийгис жаратылышы жана Ысык-Көлү тууралуу жагымдуу пикирде калат деген ишеничтемин»,-деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын алкагында алтай, монгол, тыва элдеринин муундан муунга берилип келе жаткан элдик оозеки чыгармалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болот.

«Жалпысынан алганда бүгүнкү этнофестивалга дүйнөнүн туш тарабынан 30дан ашуун чыгармачыл топтор келип, өзүнүн өнөрлөрүн көрсөткөнү турат. “Манас” эпосубуздун сакралдуулугуна, артисттик жана импровизатордук жандуу айтылышына конокторубуз күбө болушат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын катышуучуларына, намыс үчүн тикесинен тик туруп жогорку деңгээлде өткөрүп жаткан уюштуруучулардын жалпысына, ошондой эле белгилүү коомдук ишмерлер Ташкул Керексизовго, Аскар Салымбековго жана башка бир катар патриот демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгын билдирди.

Этномаданий фестиваль-дүйнөнүн чыгаан таланттарын бир арага чогултту

«Көчмөн деми, баатырдык, айкөлдүк, намыстуулук кан-жаны менен бирге бүткөн, талаа, тоо ээлери кыргыз жеринде мейманда» 

«Башкортостан делегациясынын жана өзүмдүн жеке атымдан жалпы кыргыз элине, КРнын Президентине жана Өкмөтүнө ушундай дүйнөлүк деңгээлдеги эл аралык иш-чараны уюштуруп, мыкты майрам тартууулап жатканыңыздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Биз Чыңгыз Айтматовдун элине ачык жүрөк менен, кубануу, изги ниеттер менен келдик»-деп, билдирди өз сөзүндө Башкырстан Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Салават Сагитов.

«Бүгүн биз «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземинде жолугуп отурабыз. Ушул күнү бул кут тамган жерде, чындыгында нукура көчмөндөр чогулду. Көчмөн деми, баатырдык, айкөлдүк, намыстуулук кан-жаны менен бирге бүткөн, талаа, тоо ээлери кыргыз жеринде мейманда. Ушул бараандуу иш-чараны уюштуруп, өткөрүп жаткан меймандос кыргыз элинин арты менен биз дагы бир жолу, Танабай менен Гүлсарат баскан жолду басууга, Жамийла менен Даниярдын тунук сүйүүсүнө күбө болууга, Биринчи мугалимдин сөзүнө кулак салып угууга мүмкүнчүлүк алып отурабыз. Эң негизгиси, ушул ажайып Ысык-Көлдүн жээгине Ак кеме сүзүп келээрине ишенебиз»,-деген сөзү менен Салават Сагитов келген меймандардын дүркүрөгөн кол чабууларына татыды. 

Муну менен катар, ал: «Биздин элде бир жакшы салт бар. Эгерде, үй ичинде от өчүп калса, анда коңшунун үйүнө барып от алып келишет. Ошентип, үйгө жарыкчылык, жылуулук кирип жаңы жашоо башталат. Биз дагы бүгүнкү күнү бардыгыбыз Кыргыз жергесинен ушул “жылуулукту” алуу үчүн келдик. Биз дагы кыргыз элиндей каада-салтка, улуттун дөөлөттөрүнө урмат-сый менен мамиле кылууну, кастарлоону тереңдеп үйрөнүү үчүн келдик. Бардыгыбыз болуп жаткан Көчмөндөр оюндарынан эргүү алып, мыкты эс алып кетебиз деп ишенем»,-деген ою мене сөзүн жыйынтыктады. 

Бул маданий иш-чарага дүйнөнүн отузга жакын мамлекеттеринин чыгармачыл өкүлдөрү катышып, төрт күн бою көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жалпысынан 350 чет өлкөлүк чыгармачыл инсан катышып, 4-сентябрдан 7-сентябрга чейин «Этнохит», «Этнобий», «Этносаркеч» багыттарында күч сынашышты. 

Этнофестивалдын башкы максаты болуп, дүйнө цивилизациясынын негизги себепкери болгон көчмөндөр элдеринин этномаданий мурастарын сактоо жана ааламдашуу доорунда эл аралык деңгээлде көчмөн элдеринин жана дүйнө жүзүндөгү этностордун этномаданиятын, салттарын өнүктүрүү, даңазалоо жана илгээрилетүү болуп саналат.

«Этнохит» иш чарасына фольклордук этнографиялык ансамбльдар, элдик ырларды ырдаган жеке ырчылар, аспаптык музыкалар, эстрада ырчылары катышышты. «Этнобий» салттуу улуттук бий-бул ар бир элдин этномаданиятынын ажырагыс бир бөлүгү. Бул иш чарага ырым жырым бийлери, элдик бийлер жана тарых, маданият, жашоону чагылдырган бийлер камтылып, көрүүчүлөргө тартууланды. «Этносаркеч» багытында болсо, көрүүчүлөр ар улуттун алдыңкы дизайнерлеринин эмгектери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар салттуу, улуттук кийимдердин коллекцияларын, этно нуктагы заманбап кийимдеринин топтомдорун көрсөтүштү.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)