“Рух биримдиги-Күч биримдиги!”-Жүрөк толкуткан Көчмөндөрдүн улуу майрамы
2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары болуп өттү. Бул эл аралык масштабдуу иш-чара дүйнөнүн булуң-бурчунан көчмөн элдерди бир арага чогултуп, “Рух биримдиги-күч биримдиги” ураанынын алдында жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинен баштап, таймаштардын жүрүшү, “Көчмөндөр ааламынын” алкагында уюштурулган маданий иш-чаралар, сырттан келген меймандардан баштап, жергиликтүү эл үчүн дагы өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.
III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда буга чейин бекитилген программага ылайык иш-чаралар өткөрүлүп, Кыргызстандын 7 облусу өздөрүнүн ордосунда түрдүү улуттук оюндарды, театралдашкан оюн-зоокторду тартуулашты.
Алсак, Ош облусу театралдашкан кыргыз элинин “Хан көтөрүү” каада-салтын, нарк-насилин көрсөтүштү. Алгач аксакалы жайкалган даанышман чыгып, ак шумкарды учуруп ал кимдин башына консо ошону хан шайлап алууну сунуш кылды. Көтөрүлгөн ак шумкар элдин үстүнөн айланып учуп, бир азаматтын башына барып конуп, ал жигитти ак кийизге салып, ак боз бээни чалып хан көтөрүп алышты.
Журт аксакалы хандын эл алдындагы милдетин айтып, эл алдында ант бердирип, жалпы журттун батасы берилди
Ал эми, Теңир-Тоо аймагы, Нарын облусу болсо, “Каада-салт” сынагында “Куда түшүү” салтын айтылуу Соң-Көлдүн сулуусу Ак мөөрдүн образында театрлаштырып эл назарына салды. Көк түстөгү көлөмдүү кездеме ордонун ортосуна жайылып, толкуган көлдүн элесин берди. Бул иш-чара көрүүчүлөр тарабынан абдан жогорку деңгээлде кабыл алынып, мыкты баага арзыды.
Биз дагы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына күбө болуп, анын кандайдыр бир иш-чараларына катышып жаткан катышуучулардын ой-пикирлерин топтоп, таймаштарга болгон даярдыктары тууралуу маалымат алдык.
Аманбай Кайыпов, КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
“Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары көөнөргүс”
- Кыргыз жергесинде Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары мына быйыл 3-жолу өткөрүлүп жатат. Жылдан-жылга уюштуруу, өткөрүү деңгээли жогорулап жатат десем жаңылышпайм. 2016-жылы болуп өткөн оюндарда дагы Нарын облусу жакшы жетишкендиктерге жеткенбиз. Бир катар конкурстардан алдыңкы орундарды камсыз кылып, боз үйдөн башкы байгени, Нарын облусунун ордосун жасалгалоодон биринчи орунду, саркеч кийим сынагынан экинчи орунду, театрлаштырылган оюн-зоок программасынан биринчи орунду ээлегенбиз.
Быйыл дагы бардык маданий иш-чараларга жогорку деңгээлде даярдыктарды көрүп келдик. Элибиз өзү эле Көчмөндөр оюндарына катышууга даярдыктарды көрүп, “кандай барабыз, эмне кылышыбыз керек?”-деп сурап жатышты. Ошондуктан, Теңир-Тоо элине көрсөткөн ушундай колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Элимдин батасы, тилеги, колдоосу менен бүгүнкү күнү Кырчын жайлоосунда дал ушул көчмөндөр майрамын өткөрүп жатабыз.
Жалпы элдин, сырттан келген меймандардын бардыгынын көңүлдөрү жайдары, жайлоодо мыкты маанай орноп турат. Быйыл биз 30 боз үй тигип келдик. Чет элдик туристтер дагы быйыл көп келгендигин көрүп жатабыз. Алар ар бир боз үйгө кирип, кыргыздын даамын татып, өзгөчө кубануу менен биздин каада-салтыбыз, кол өнөрчүлүгүбүз менен жакындан таанышып жатышат. Чындыгында, кыргыз элинин улуттук баалуулуктары көөнөргүс.
Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын мэри:
“Көчмөндөр оюнуна эки айдан ашык убакыт даярдандык”
- III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Кыргыз жергесинде абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлүүдө. Анын ачылыш салтанаты дагы өзгөчө даярдалып, бардыгыбызды мыкты маанайга бөлөдү. Президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович өзү баш болуп катышып, башка мамлекеттердин өлкө башчыларынын дагы келип катышуусу эл үчүн да абдан жакшы дем-күч болду десем жаңылышпайм.
Муну менен катар, Кырчын жайлоосунда дагы маданий иш-чаралар мыкты даярдыктар менен өтүп жатат. Бул жакка Кыргызстандын жети дубаны толугу менен катышып, боз үйлөрүн тигип, келген меймандарга кыргыздын каада-салтын көрсөтүп, оюн-зоок программаларын тартуулоодо. Бишкек менен Ош шаары дагы өз ордолорун куруп, маданий иш-чараларга катышып жатат.
Биз, Ош шаары бул Көчмөндөр оюндарына эки айдан ашык убакыт даярдыктарды көргөнбүз. 300гө жакын жалпы жетекчилер, маданият кызматкерлери түрдүү тармактан элдер келип, маданиятыбызды, кыргыздын зергерлери, усталары колго жасаган буюмдарын бүт дүйнөгө тааныталы деген максатта катышып жатабыз. Биз жалпысынан 24 боз үй тиктик. Чет мамлекеттен келген коноктор дагы келип кыргыздын биримдигин, көчмөн эл экенибизди, тарыхта биздин жашообуз маданиятыбыз каада-салт, үрп-адатыбыз кандай болгондугун Ош ордосунан дагы көрүп кетип жатышат. Алдыда, уюштуруу тобу тарабынан дагы өткөрүлө турган конкурстар бар. Ал жакка дагы биз толугу менен даяр болуп келдик.
Мирбек Манапбаев, уста:
“ “Көчмөндөр жаңылыгы” болгон жез добулбасты алып келдим”
- Мен Нарын облусунан келдим. 30 жылдан ашуун устачылык өнөрүн аркалап келем. Бул III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына дагы өз эмгектеримди, музыкалык аспаптарды алып келип отурам. Атай кетсем, жезден жасалган добулбас, кыргыздын комузу, кыл кыягы, сурнайы жана жетигени менен катышуудамын. Кыргыз жергесинде өтүп келген көчмөндөр оюндарына мен дагы үчүнчү жолу катышып жатам.
Чындыгында, кыргызды, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда Көчмөндөр оюндарынын кошкон салымы абдан зор. Көрүп турганыңыздай, жылдан-жылга сырттан келген туристтердин саны көбөйүүдө. Быйыл дагы мурунку жылдарга салыштырмалуу чет элдиктер бул иш-чарага абдан көп катышууда. Алар үчүн биздин маданият, каада-салт жаңылык болуп жатса, биз үчүн унутуп бара жаткан улут баалуулуктарына тереңдеп көңүл бурууга, кайрадан жаңы дем берүүгө көчмөндөр оюндары мыкты мүмкүнчүлүктү түзүп берүүдө.
Мисалы үчүн, жез добулбасты азыр эч ким жасабайт. Мен болсо, аны чаап кайрадан жасап чыктым. Башкача айтканда, жез добулбасты “көчмөндөр жаңылыгы” десек да болот. Ошондуктан, келип көрүп жаткан бардык меймандар үчүн бул эмгек өзгөчө кызыгууну жаратып жатат.
Роланд Ксали, Венгриядан келген мейман:
“Бизди бир арага чогултуп, көчмөндөрдүн баалуулуктарын даңазалаган кыргыз элине ыраазычылыгымды билдирмекчимин”
- Мен Венгриядан болом. Кыргызстанга алгач, 2016-жылы келип, II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышып кеткем. Учурда, экинчи жолу келип отурам. Жеке пикиримде Көчмөндөр оюндары абдан масштабдуу, эл аралык деңгээлдеги мыкты иш-чара. Кыргызстан бул оюндарды өткөрүүгө бардык жагынан татыктуу. Меймандос эли, көз жоосун алган жаратылышы мени биринчи келгенде эле өзүнө арбап алган десем жаңылышпайм.
III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Венгриядан 50 кишиден турган делегация келдик. Таймаштардын бардык түрүнө катышпасак дагы негизги оюндарында өз күчүбүздү сынап жатабыз. Жыйынтыктары кубантарлык.
Ал эми, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын уюштурулушу, ачылыш салтанаты, маданий иш-чаралардан өткөрүлүшү тууралуу айта кетсем, бардыгы абдан жогорку деңгээлде өтүп жатат. Даярдыктар мыкты болгондугун байкап жатабыз. Бул күндөр эң сонун маанайда өтүп, биз үчүн кыргыз элин, башка көчмөндөрдү жакындан таануу абдан кызык болууда. Мен бош убактымда Кырчындагы маданий иш-чараларды көрүп, этнобазарды кыдырып жатам. Тилди толук түшүнбөсөм дагы, оюн-зоок программаларды көргөндө алардын көркөмдүүлүгүнөн, актерлордун оюндарынан абдан жакшы таасир алуудамын.
Бул сапар дагы кыргыздын маданияты ушунчалык бай, каада-салты каадалуу экендигине толук ынандым. Айрыкча, шамал менен тең жарышып, ат жалында ойногон кыргыз жигиттерин көрүп өзгөчө таасирлендим. Сиздерге айтаарым ушул бойдон улуттук баалуулугуңарды кармап, сактап калгыла. Бул абдан маанилүү.
Венгрияда дагы биз көчмөндөр оюндарын өткөрүп келебиз. Ал оюндар үч күндөн бир жумага чеийн созулат. Мына, ошол жакта мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн спортчуларыбыз учурда, Кыргыз жергесинде өз күчтөрүн сынап жатышат. Чындыгында, көчмөн жашоо бардыгыбыздын кан-жаныбыз менен тең бүткөн. Ошондуктан, бизди бир арага чогултуп, көчмөндөрдүн баалуулуктарын даңазалаган кыргыз элине ыраазычылыгымды билдирмекчимин.
Канат Жаныбеков, жеке ишкер:
“Касым менен Арууке куурчактарыбыз кыргыз тилинде сүйлөгөн биринчи оюнчуктар” (подзаголовок)
- Биз Бишкек шаарынан келип, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган “Этнобазар” жарманкесине катышып жатабыз. Биздин компания 2016-жылы негизделип, “Аруу Тойс” аталышында ачылган. Эң биринчи куурчактарыбыз Касым менен Арууке. Булар кыргыз тилинде сүйлөгөн алгачкы, куурчактар болуп саналат. Ал эми, 3-куурчагыбыз болсо III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон ак илбирс. Мына, ушундай оюнчуктар менен бүгүнкү күнү Кырчын жайлоосунда жарманкеге катышып отурабыз.
Этнобазар абдан кызыктуу өтүп жатат. Чет элдиктерди биздин кыргыз кийимдерин кийген куурчактар кызыктырса, биздикилерге алардын кыргыз тилинде сүйлөөсү абдан жагып жатат. Ак илбирстерибиз дагы жакшы өттү.
Чындыгында, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп, мыкты маанайда өтүп жатат. Чет элдиктер гана эмес биз үчүн дагы абдан кызыктуу болуп жатат. Ар бир маданий иш-чара, оюн-зоок программалары өзгөчө атмосфера алдында өтүүдө. Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи бир башкача шаң менен өттү. Сахнанын жасалгаланышынан баштап, ар бир катышуучунун кийген кийимине чейин чоң көңүл бурулгандыгы билинип турат. Бул кадам дагы да болсо, кыргыз элин дүйнөгө таанытууга чоң салым кошо алды деп ишенем.
Айгерим Алимбек кызы, салттуу жаа атуучу:
“Бул өнөр сабырдуулукка, чыдамкайлыкка жана концентрацияны өнүктүрүүгө чоң жардам берет” (подзаголовок)
- Мен салттуу жаа атуу өнөрүнө келгениме бир жылдын жүзү болуп калды. Мурун эле, бул өнөргө кызыгуум күч болчу. Былтыр бир иш-чарадан кыздардын жаа атып оюн көрсөтүп жатканын көрүп калып, буга болгон кызыгуум ого бетер күчөгөн. Андан соң, жаа атуу боюнча алгачкы сабакка катышканда эле жан дүйнөм менен ушул ишти сүйүп калдым.
Бул өнөр негизинен сабырдуулукка, чыдамкайлыкка жана концентрацияны өнүктүрүүгө чоң жардам берет. Муну менен катар көздүн курчтугун дагы өстүрүп, анын көрүүсүн жакшыртат. Ошондуктан, бизге көрүүсү начар кыздар да келип машыгып, жакшы жетишкендиктерге жетип жүрүшөт.
Менден бутаны кандай мээлейсиң деп дайыма сурап калышат. Чындыгында, бул боюнча атайын окуу жок. Ар кимдин өзүнө ылайыктуу, ыңгайлуу ыкмасы болот. Ушул машыгып жаткан бир жылдын ичинде жакшы жетишкендиктерге жеттим. Муну менен катар, машыгуу учурунда кадимкидей жан дүйнөм эс алып, сергип калам.
Келечекте кыргыздын салттуу жаа атуу өнөрүн дүйнөгө таанытып, мыкты ийгиликтерди жаратсам деген изги тилегим бар. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары башталгандан баштап, кыргыздын улуттук оюндарына, каада-салтына абдан мыкты көңүл бурула баштады. Алардын катарына дагы ушул жаа атуу өнөрү кирет. Учурда, жаштар арасында бул өнөрдү үйрөнүүнү каалагандардын саны абдан көп.
8-сентябрь күнү ДКОнун жыйынтыгы боюнча пресс-коференция болуп өттү.
Кубатбек Боронов, КРнын биринчи вице-премьер-министри:
“Уюштуруучулар бир нече кылым мурдагы атмосфераны берүүгө, көчмөндөрдүн рухун бардык катышуучуларга жана конокторго чагылдырууга аракет жасашты”
-Мен өзүмдүн жана Өкмөттүн атынан бардык катышуучуларга, уюштуруучуларга, ЖМКларга жана конокторго ДКОну ийгиликтүү өткөргөнүңүздөр үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Соңуна чыгып жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүткүл дүйнө жүзү үчүн маанилүү окуя болуп, популярдуу иш-чаралардын бири деп аталды. Уюштуруучулар бир нече кылым мурдагы атмосфераны берүүгө, көчмөндөрдүн рухун бардык катышуучуларга жана конокторго чагылдырууга аракет жасашты. Иш-чаранын жабылыш аземинде эстафетаны өткөрүп берүү жөрөлгөсү жасалып, улуу көчмөндөрдүн китеби тартууланат.
Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтө тургандыктан жабылыш аземинде оюндарды кабыл алуучу тарапка символикалык өткөрүп берүү болот. Түркияга ДКОнун тотеми катары көөкөрдөгү мөңгү суусу жана көчмөндөрдүн желеги тапшырылат.
Бардыгыбыз билгендей, азыркы учурдун башкы маселелеринин бири таза суу маселеси. Кыргызстан экологиялык балансты жана суу ресурстарын сактоого чоң маани берет. Ошондуктан, мөңгү суусун жөн жерден тандап алган жокпуз. Алгач көөкөрдү мөңгү суусу менен толтуруп, аны этно-эскорттун коштоосунда ат майданынын борбордук аянтына жеткиришет. Ал жерде мөңгү суусу куюлган көөкөр жакшы каалоо-тилектер менен Түркия тарапка өткөрүлүп берилет. Суу жашоонун символу болуп эсептелет. Аталган жөрөлгө олимпиадалык оттун альтернативасы катары болуп саналат.
ДКОнун ачылыш аземинде театралдаштырылган көрсөтүү көчмөндөрдүн философиясын ачып берген болсо, жабылыш аземинде дагы бул тема улантылмакчы. Конокторду ат майданында 500гө жакын артисттин, каскадёрдун жана спортчунун катышуусундагы унутулгус шоу күтөт. Көңүл бургандарыңыздарга жана аткарган иштериңиздерге ыраазычылыгымды дагы бир жолу билдирмекчимин. Ар дайым кыргыз жергебизде тынчтык жана бакубат жашоо өкүм сүрсүн!
Айнура Темирбекова, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары:
“Уюштуруу комитети журналисттер үчүн жакшы шарттарды түзүп берди”
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын учурда 56 өлкөдөн 600дөн ашуун журналист чагылдыруу үчүн келишти. Жалпысынан 177 чет элдик ЖМКдан 604 журналист келген. Быйыл 50 өлкөдөн 500 журналист келет деген план койгонбуз. Кечээ биз жыйынтык чыгарып жатып биз күткөндөн дагы көп журналист келгенине күбө болдук. Бул жакшы жыйынтык деп эсептейбиз. Себеби ар бир журналист өз өлкөсүнө барып Кыргызстанда өткөн оюндар тууралуу материал жасап, кыргыз маданиятын, улуттук баалуулуктарын таанытышат.
Уюштуруу комитети журналисттер үчүн жакшы шарттарды түзүп берди. Чындыгында, биз чет өлкөлүк журналисттерден ыраазычылык сөздөрүн укканыбызга кубандык. Эки пресс-борбор күнү-түнү иштеди. Ал жакта жумушчу орундары берилип, ЖМК кызматкерлеринин иш алып баруусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатты.
Муну менен катар, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби, оюндар кайсы жакта өтпөсүн өзгөрүүсүз калат”-деген маалыматты, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, логотиптин ээси Кыргызстан болуп эсептелет. Ал патенттелген, көчмөндөр оюндарын өткөрө турган бардык өлкөлөр бул логотипти колдонууга уруксат сурашы керек болот.
"Бул логотип Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу бойдон калат. Оюндар качан, каякта өтпөсүн, логотиби өзгөрүүсүз калат. Сырткы бөлүгү жана жээктери өзгөрүшү мүмкүн, бирок логотип өзү ДКОнун символу бойдон калат",-деди Азамат Жаманкулов.
Анын билдиргенине караганда, Көчмөндөр оюндарын өткөрө турган өлкө ар түрдүү түстөрдү колдонсо болот, бирок аттын үстүндөгү киши түрүндөгү логотип эч өзгөрбөшү керек.
Кыргызстан-Көчмөндөр оюндарынын чемпиону
Кыргызстандын курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунда турат, алар 100 медаль утуп алышкан. Бул тууралуу ДКОнун Катчылыгынан билдиришти.
Кыргызстандыктар утуп алган медалдардын ичинен 40ы алтын, 30у күмүш жана 30у коло болгондугу маалым болду.
Медалдык эсепте экинчи орунду Казакстан 69 медалы менен ээлеп, анын 16сы алтын, 24ү күмүш, 29у коло. Ал эми, Россиянын командасы 52 медалды багындырып үчүнчү орунду алган. Анын 16сы алтын, 11и күмүш, 25и коло.
Төртүнчү орунда Түркмөнстандын курама командасы турат (10 алтын, 5 күмүш, 12 коло). 5-орунду болсо Өзбекстандын курама командасы 7 алтын, 8 күмүш жана 18 коло медалы менен ээлеген.
последние
Рекомендация
- 1По итогам Всемирных игр кочевников Кыргызстан завоевал 40 золотых медалей и вышел на первое место в медальном зачете
- 2Великим борцом Всемирных игр кочевников стал Айдин Монгуш из России
- 3Китайские кардиохирурги спешат на помощь детям Кыргызстана
- 4Сколько лет озеру Иссык-Куль, или почему уран полезен для здоровья?
- 5III ВИК в цифрах