WeChat      Избранное

Кытайдын Сиань Мунайзат университети кыргыз студенттерин тосуп алды

28/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кытайдын Сиань Мунайзат университети кыргыз студенттерин тосуп алды

12-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Сиань Мунайзат университети жаңы окуу жылынын башталышына карата салтанаттуу кече уюштурду. Бул кечеге жаңыдан гана университеттин босогосун аттаган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун 30 студенти катышышты. Дал ушул күндөн баштап, кыргыз балдардын Кытай жергесиндеги 4 жылдык окуу мезгили башталды десек болот. 

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, бул студенттерди “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” кытай компаниясы толугу менен каржылап, Сиань Мунайзат университетине билим алууга жиберди. 30 баланын бардыгы Ош облусунун Алай жана Чоң Алай райондорунун мектеп бүтүрүүчүлөрү. Алар Кыргыз Республикасынын Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына карата тандалып, андан соң маектешүү аркылуу окууга кабыл алынышкан. 

10-сентябрь күнү болсо, Бишкек шаарында студенттерди Кытайга узатуу салтанаты болуп өткөн. Андан соң, “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын директору Гуань Синьлай өзү баш болуп, кыргыз студенттерин Кытай жергесине коштоп келип, Сиань Мунайзат университети менен тааныштырды. 

Ал эми, 12-сентябрь күнү Гуань Синьлай мырза университеттин ректору Ли Тяньтай менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап кыргыз студенттерин биргеликте адистикке даярдоо макулдашуусуна кол коюшту. Жыйынтыгында, студенттерди жаңы окуу жылына кабыл алуу салтанаттуу кечеси болуп өттү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө, Кытай тарап студенттерге өз куттуктоолорун билдирүү менен бирге, бул кадам эл аралык байланыштарды бекемдөөгө дагы мыкты өбөлгө боло тургандыгын баса белгилешти. Шэньси провинциясынын Билим берүү департаментинин жетекчиси Ван Цзяньли дагы, өз сөзүндө кыргыз студенттерине ийгилик каалап, “Бир алкак-бир жол” долбоору тууралуу маалымат берип, Шэньси провинциясынын Байыркы Жибек жолу боюнда жайгашкан мамлекеттер менен болгон кызматташтык алакасы жөнүндө дагы айтып берди. 

Эске сала кетсек, Түркмөнстандан Кытайга Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу газдын транзитинин аймактык долбоору өткөрүлмөкчү. КРда газ түтүгү Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтүп, анын узундугу 215 чакырымды түзөт. Долбоор 2019-жылдан 2021-жылга чейин ишке ашырылуусу күтүлүүдө. Келечектеги газ түтүгү 35 жыл иштейт. Бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эң ири долбоор катары бааланып, алдыда Кыргызстанга жалпысынан 2 миллиард доллардан ашык каражат алып келүүсү айтылууда. Мына, ушул долбоордун алкагында, 30 мектеп бүтүрүүчүсү бүгүнкү күнү Кытайдын Сиань Мунайзат университетине окууга тандалып алынган. Алардын 15и Кытай Өкмөтүнүн стипендиясына татыктуу болушту.

Ли Тяньтай, КЭРдин Сиань Мунайзат университетинин ректору:

 “Университет студенттерге мыкты билим алуусу үчүн бардык жагынан колдоо көрсөтүп, ыңгайлуу шарттарды түзүп берет” 

- Сиань Мунайзат университети Кытай Эл Республикасынын энергетикалык стратегиясына кызмат кылып, башка аймактардын дагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн өз аракеттерин көрүп келет. Бул жолу “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы кыргызстандык студенттерди Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин жана КЭРдин Сырттан билим алуу фондун жетектеген мамлекеттик комитеттин колдоосунун алдында биздин университетке окууга алып келишти. 

Сиань Мунайзат университети алгачкы жолу эл аралык компания менен биргеликте жогорку квалификациялуу, эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоо боюнча кызматташтык алакасын курууда. Университет студенттерге мыкты билим алуусу үчүн бардык жагынан колдоо көрсөтүп, ыңгайлуу шарттарды түзүп бермекчи. Келечекте өзүнүн ишин ийне-жибине чейин билген, күчтүү адистерди даярдап чыгууга окуу жайдын алдыңкы мугалимдери тартылып, студенттердин татыктуу жана сапаттуу билим алуусу үчүн кызмат кылышмакчы. 

Биринчи жылы кыргыз балдар кытай тилин үйрөнүшүп, кийинки үч жыл бою өз адистиги боюнча билим алышат. Биз бардыгыбыз келечекте ушул балдардан эл аралык деңгээлдеги мыкты кесипкөй адистер чыгуусу үчүн болгон аракеттерди жумшамакчыбыз.

Мэн Сяндун, “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын акционери, Кытай Эл аралык Мунайзат газ түтүгү долбоорунун жетекчиси: 

“Бул долбоор Жибек жолун бойлой жайгашкан бардык мамлекеттер үчүн пайдалуу жана керектүү, анын мааниси абдан зор ”

- Биздин долбоор “Бир алкак-бир жол” демилгесин Борбордук Азия мамлекеттеринде жүзөгө ашыруунун үстүнөн иштеп келет. Долбоордун башкы максаты энергетика тармагындагы эл аралык кызматташтык мамилелерди түзүү, бекемдөө менен катар жер-жерлерди мунайзат жана газ түтүктөрү менен камсыз кылуу болуп саналат. Бул долбоор Байыркы Жибек жолун бойлой жайгашкан бардык мамлекеттер үчүн абдан пайдалуу жана керектүү, ошондуктан анын мааниси абдан зор. 

Кытай Улуттук Мунайзат корпорациясы Кытай, Борбордук Азия жана Түштүк-чыгыш Азиядагы мунайзат газ түтүктөрүн куруу, ишке киргизүү жана башкаруу иштерине жоопкерчиликтүү болуп эсептелет. Учурда, корпорация алты газ түтүгү жана үч чийки мунайзат түтүктөрүн куруу иштери менен алектенүүдө. Ал ишмердүүлүгүн жүргүзгөн аймактарга Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Мьянма жана Кытай кирет. 

Бардыгыбыз билгендей “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы Сиань Мунайзат университети менен абдан жакшы кызматташтык алакада. Бул жолу 30 кыргызстандык студент мунай-газ инженериясында билим алуу үчүн келишти. Төрт жылдан кийин, окууларын ийгиликтүү аяктап, жергесине кайткан соң, газ түтүктөрү менен иштешүү жана башкаруу жаатында өз эмгек жолун башташмакчы. 

“Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы менен Сиань Мунайзат университетинин кызматташуусу эл аралык деңгээлдеги мыкты адистерди даярдоого дагы өбөлгө болуп берүүдө. Бул кадам “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде эл аралык байланыштарды бекемдеп, өнүктүрүүгө дагы өз салымын кошууда. 

Гуань Синьлай, “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын башкы директору: 

“Мунай-газ инженерлерин даярдоо жаатында Сиань Мунайзат университети эң күчтүү жогорку окуу жайлардын катарын толуктайт”

- Биздин компаниянын башкы максаттарынын бирине жергиликтүү адистерди даярдоо иши дагы кирет. Жөн гана адистер эмес, эл аралык деңгээлдеги, ар тараптан өнүккөн мыкты инженерлерди өстүрүп чыгуу керек деп эсептейм. Ошондуктан, келечектеги өзүбүздүн кадрларыбызга азыртан кам көрүп, компаниянын ийгиликтүү иш жүргүзүүсү үчүн күчтүү эмгек жамаатын топтоонун үстүнөн иш алып баруудабыз. 

Ар бир кызматкер компания менен катар өнүгүп, замандан артта калбай өсүүсү керек. Алдыда, компания өз ишин толук кандуу жүргүзө баштаганда дагы, биз кадрларыбызды тажрыйба алмашууга, квалификациясын жогорулатууга, билимин тереңдетүүгө Кытай жергесине жиберип турмакчыбыз. 

Бардыгыбыз билгендей, мунай-газ инженерлерин даярдоо жаатында Сиань Мунайзат университети эң күчтүү жогорку окуу жайлардын катарын толуктайт. Эл аралык деңгээлдеги мыкты адистерди тарбиялап чыгууда өзүнүн чоң тажрыйбасы бар университет болуп саналат. Мына, бүгүнкү күнү биздин компания менен Сиань Мунайзат университети ортосунда биргеликте адистерди даярдап чыгуу макулдашуусуна кол коюлду. Бул жакта татыктуу билим алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, университет биздин компаниянын келечектеги мыкты инженерлерин даярдап чыгат деп ишенем. 

Кыргыз студенттери дагы ушундай мүмкүнчүлүктү пайдаланып, мыкты окуп, Кытай жергесиндеги төрт жылдык убактысын туура пайдалана алат деп үмүттөнөм. Алыста калган ата-энесинин, жакындарынын, компаниянын ишенимин актап, ийгиликтүү окууларын аяктап келүүлөрүнө чын жүрөктөн тилектешмин. Алдыда, кыргыз-кытай кызматташтык алакасын өнүктүрүүгө дагы өз салымдарын кошооруна ишенимим чоң. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)