WeChat      Избранное

Үрүмчү менен Улуу-Чат кытай кыргыздарынын ыр саптарында

18/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Үрүмчү менен Улуу-Чат кытай кыргыздарынын ыр саптарында

ФотоWWW

Кытайдагы кыргыз акын-жазуучулардын чыгармалары менен кыскача тааныштырууну улантып, бул ирет назарыңыздарга жазуучу Жакыбалы Баялиев менен комузчу Орозбай Семет тууралуу учкай айтып берүүнү эп көрдүк.

Кара сөздүн чебери Жакыбалы Баялиев 1936-жылы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Ак-Чий ооданынын Сомташ айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Синьцзяндагы Шойулини (окуу жай) 1956-жылы аяктаган. “Кытайдагы кыргыз акын жазуучулары” китебинин автору Жамийла Айсаракунованын маалыматы боюнча, 2009-жылы жазуучу Синьцзяндын Дашөсүндө (университет) иштеп келген.

Калемгердин чыгармачылыгы 1979-жылы “Узун сапар” аттуу ырынын Синьцзян эл радиосунда берилиши менен жол башталган. Ошол мезгилден тарта ташкындаган таланттын  кыргыз гезит, журналдарына жүздөн ашуун ырлары, дастандары, балладалары байма-бай чыгып турган. 

Бизге белгилүү болгондордон, 1990-жылы  Синьцзяндын эл басмасы тарабынан “Кашкар-Суу” аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. 

ҮРҮМЧҮ

Согулуп кара булут капшытынан,

Бөлөндүң октябрдын нурларына.

Үрүмчү, жаңы тарых баштадың да,

Ширетип ар-намысты курларыңа.

Бүгүн сен айдай сулуу алтын калаа,

Күлүңдөп күндөй күлгөн жаркын калаа.

Кышында ак кебездей карлар жаткан,

Жайында жашыл көркөм салкын калаа.

Үрүмчү, көп улуттун энесиндей,

Көркөмүң көктө чолпон элесиндей.

Артынып ынтымакты, ырыскыны,

Бараткан жыргал заман кемесиндей.

Тагдырлаш, талам, максат, тилеги бар,

Борборум улуу Бейжин энекем да.

Тараткан маданият нускаларын,

Түбөлүк түгөнбөгөн берекең да.

Үрүмчү, канат кагып баратасың,

Кажыбас кайрат күчтөр жаратасың.

Кубантып элди-жерди, ай-жылдызды,

Жап жаңы жаңылыктар жаратасын.

Үрүмчү, ак калпактуу атым бирге,

Ак көңүл акын кыял жаным бирге.

Күрсүлдөп түбөлүккө бирге соккон,

Туйлаган тамырдагы каным бирге. 

Койнуңда окуп, иштеп көп ойнодум,

Айнектей көчөлөрүң көп бойлодум.

Майрамдап октябрды, нооруздарды,

Жагалданып жай-кышы көп тойлодум.

Үрүмчү, комуз сенде сайрай берет,

Күүлөрү гүлүн ачып жайнай берет.

Кылымдан кылымдарга кыргыз уулуң,

Жүрөктөн сүйүү гүлүн арнай берет. 

УЛУУ СЕПИЛ

О, Чаңчың бул узун сепил тосулган,

Шанхайгоанын жайуйгоанга созулган.

Ыйларың эл терине жуурулуп,

Тарых сыры таш-топоңо кошулган.

Жүңго түгүл бүткүл дүйнө оозунда,

Сен келесиң улуу сепил атанып.

Сая кууп санжыраңды жатышат,

Урпактарың урмат менен жат алып.

Ай далыңда алга барам кубанып,

Толкундаган ойлор келет куралып.

Тарых изи тартылгансыйт элестеп,

Чагылгандын жарыгындай чубалып.

Улуу сепил, аралайсың тоолорду,

Азууланган аркы-терки зоолорду.

Ажыдаардай артыласың, өтөсүң,

Аркыраган шамалы бар коолорду. 

Көргөн сайын көркөм сулуу көрүнүп,

Кел дегендей ысык мээриң төгүлүп.

Көңүл чиркин эмне деген жүгүрүк,

Көңүл бураар көп суроолор бөлүнүп.

Абайласам ар кышын (кирпич) алты кез,

Аны кандай алып чыгып койду экен.

Көз талдырат көркөм сулуу накыштар,

О, чиркин ай, эмне менен ойду экен?

Таштарыңдан тартылгансыйт элестер,

Тартылганы аргыз жалган эместей.

Аралашып кыш койгонсуп кетемин,

Ойлой калам сангоандыгып (экскурсия) эми эстей.

Сулуулардан сулуу тура жер деген,

Сулууларды колдо жасайт тер деген.

Эгер сени улуу десек сепилим,

Сени курган улуу турат эл деген.

Атың улуу, затың улуу сепилим,

Тарыхтарды таамай айтар кепилим,

Анан менин кулагыма шыбырап,

Кайта-кайта “унутпа” – деп жекидиң.

Айткандарың айтып барам жериме,

Айтып барам ак калпактуу элиме.

Сенден алган кажыбас күч-кайратты,

Байлап барам медер кылып белиме. 

ОРОЗБАЙ СЕМЕТ

Белгилүү комузчу, акын Орозбай Семет уулу 1937-жылы Улуу Чат ооданына караштуу Улуу Чат айылынын Жоюлган суу кыштагында малчынын үй-бүлөсүндө туулган.

Он үчкө чыгып, 1950-1956-жылдар аралыгында айылдык башталгыч мектепти, анан областык биринчи орто мектепте билим алган. 

Билим алып, бири-бирине жакындыгы жок ар кандай мекемелерде эмгектенген. Мисалы, оодандык көркөм өнөр үйүрмөдө, оодандык прокуратурада, коомдук, казыналык, маданий мекемелерде кызмат өтөгөн.

Бай кесип тажрыйбасын топтоп, 1991-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 

Эми чыгармачылык жолунан баштасак, каарманыбыз 12 жаш курагында айылдагы белгилүү комузчу жездеси Козутайдан комуз черткенди үйрөнөт.

Кийинчерээк, 60-жылдардан тарта ыр жаза баштайт. Бирок, белгисиз себептерден чыгармачылыгында узак мезгил “тыныгуу” болуп, 1979-жылы гана кайрадан колуна калем алып ырларды жаза баштайт.

Ырлары, театралдык пьесалары жергиликтүү радиолордо уктурулуп, “Улуу Чат кыргыз адабияты” аттуу ири басылмаларда чыга баштайт. 

Улуу Чат оодандык көркөм өнөр үйүрмөсүндө көркөм жетекчилик милдетин аркалап жүрүп, бир топ жаш өнөрпоздордун талантынын өрчүшүнө көмөк көргөзгөн. Өзгөчө комуз өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салып кошкон. Анын арты менен элге да комузчу катары кеңири таанылган. Талантуу комузчу, акын Орозбай Семет, 2000-жылы Улуу Чат ооданында капыстан каза болгон. 

КЫРГЫЗДЫН ТИЛИ КОМУЗДА 

Кыйуусу келди айтууга,

Кымбаттуу мурас кыргызга.

Кылымдыр бою келетат,

Кыргыздын тили комузда.

Укмуштуу сүйлөп жайынча,

Үч кылын басса төрт манжа.

Өксүтпөй алып келетат,

Өмүрлүк мурас кыргызга.

Абалкы өткөн окуя,

Айтылып жүрөт комузда.

Арман-кайгы кубанычын,

Айрылып сүйлөп добушта. 

Кыргызга мурас калтырды,

Кылымдан-кылым күүлөрүн,

Ынталуу колго алгын деп,

Ышкылуу жанды үндөдүк.

Кантип батты ичиңе,

Кадимки залкар күүлөрүң?

Камбаркан, бото, терс кайрыш,

Капырай кандай сүйлөдүң?

Үч торгой менен турумтай,

Үйрөттү бекен тилдерин,

Ошолордун баарысын,

Укмуштай кандай сүйлөдүң?

Кайраса кармап чебер кол,

Кааданы-салтты сүйлөдүң,

Казына байлык турбайбы,

“Каразкөй” өңдүү күүлөрүң,

Камыкса кыргыз кайгырып,

Кайгысын айтып сүйлөдүң.

Камыккан кара түндөрдө,

Кайгылуу чыгып үндөрүң,

Кош болсо кыргыз кубанып,

Коштугуң кошо сүйлөдүң.

Кош доош чыгып шаңгырап,

Кубулжуп чыккан үндөрүң,

Бар болсо балдар акылың,

Байкагын сөздүн акырын.

Баяндалат комузда,

Бай-манап менен жакырың,

Тарыхка болуп күбөчү,

Так сүйлөп келди баатырым.

Кош болсо кыргыз кубанып,

Коштугуң кошо сүйлөдүң.

Кош доош чыгып шаңгырап,

Кубулжуп чыккан үндөрүң,

Бар болсо балдар акылың,

Байкагын сөздүн акырын.

Баяндалат комузда,

Бай-манап менен жакырың,

Тарыхка болуп күбөчү,

Так сүйлөп келди баатырым.

Кошо жүрөт комузда,

Көөнөдөн калган баки ырың,

Комузду алып колуңа, 

Кошулуп сүйлөйт акының. 

Айыгышып жоо женген,

Атылат такыр баатырың.

Аңсаган ойго жетпеген,

Аксаткын менен Кулмырза.

Атадан калган балага, 

Айтылып жүрөт комузда.

Алты бакан селкинчек,

Сейилкан менен Бурулча.

Айчүрөк менен Канышай

Аялдан сулуу кыргызда,

Алардын алкымынан көрүнөт,

Алма менен кымызда.

Айтылып жүрөт аларда,

Азырга чейин комузда.

Байыркы өткөн арстандар,

Жаны-Байыш, Төштүк да.

Баатырың Манас, Семетей,

Баяндалат комузда,

Бала баатыр Курманбек,

Башкалардан Бекташ да.

Балага калып атадан,

Байралып келди комузда.

Саринжи Бөкөй, Карагул,

Өткөндүр кайсы заманда.

Ким билмек анын баянын,

Болбосо комуз колунда.

Уга берсең күүлөрүн,

Улам бири сонун да.

Улантып келген үзүлтпөй,

Устаттардын колунда.

Өзгөчө чыкты кубулжуп,

Октябрдын таңында.

Таанылды комуз тарыхың,

Так сүйлөп көркөм багыңда.

Өңгө алып айтып отурсак,

Өзөктө турат дайында.

Укмушуң анык таанылды,

Октябрдын таңында,

Баяндап айтып узартпай,

Баш-аягын жапканда.

Бакытка баштап жеткизген,

Партия берген багыңда,

Салаңдай түштүк сабыр суз,

Сайраган кызуу маалында.

Көмөкөйдө күңгүрөп,

Бала так сүйлөп келген тилиң да.

Басыла түштүң камыгып,

Байланбай жипсиз колумда.

Тозоктуу туман чырмалып,

Тосулган басар жолун да.

Басая түштүң үлүңдөп,

Жаркырап турган таңында.

Чыдабай сени сагынды,

Чынарда мөмө шагында.

Камыктырган комузду,

Кара нээт кайсы каманда?

Канатыңды кайрам деп,

Камандын нээти жаман да.

Так сүйлөп келген бул комуз,

Түркүм-түркүм заманда.

Тоскоолдук кылган комузга,

Топ ажыдаар, чаян жаман да.

Камыккан сенин түндөрүң,

Катадан атты жаркырап.

Кайратман баатыр партия,

Калың калкка шам чырак.

Каманды урду балталап,

Тайманбай жүрдү алгалап.

Какшатты сөөгүн талкалап,

Каткырык чыгып элимде.

Кайрадан жүрдү салтанат,

Бактарын өсүп шактады. 

Башталып суулар шаркырап,

Багыңда мөмө жемишиң.

Жайнап чыкты жаркырап,

Карасам тиктеп көз жеткис.

Карааның чексиз чалкалайт,

Ойлосом кадыр-кымбатың,

Ободо, көктө кайкалайт,

Кайрылып калган булбулду.

Канатка катты калкалап,

Башчыбыз улуу партия.

Баркыңа жеттик кайталап,

Партияга миң алкыш.

Комузда кыргыз айталат,

Саманын айтпай данын айт,

Сайратып кайра тил берген,

Салтанаттуу күнүңдү айт.

Закымдап алга жарышкан,

Сапар тарткан жолуңду айт.

Санаада ойлоп сагынган,

Замандашуу коомуңду айт.

Урпактан-урпак сүйлөткөн,

Устаттарың колун айт.

Урааны тунук жаңырык,

Улуу комуз жолун айт. 


(Автор:Сүйүнбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)