WeChat      Избранное

“Кыргызстан-Кытай эксперттик-аналитикалык диалогу”-эки өлкөнүн “акыл борборлорунун” өкүлдөрүн бир арага чогултту

22/05/2019  Источник:оригинал   шрифта:

 

“Кыргызстан-Кытай эксперттик-аналитикалык диалогу”-эки өлкөнүн “акыл борборлорунун” өкүлдөрүн бир арага чогултту

Сүрөт редакцияга таандык

13-май күнү Бишкек шаарында “Кыргызстан-Кытай эксперттик-аналитикалык диалогунун” III Форуму болуп өттү. Форум “Кыргызстан жана Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгү: чакырыктар, перспектива жана артыкчылыктуу багыттары” темасынын алдында өтүп, эки мамлекеттин ар тараптуу кызматташтык алакалары талкууланып, аларды өнүктүрүү жолдору дагы күндемде каралды. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту менен Эл аралык изилдөө Кытай Академиясынын Евразия институту тарабынан уюштурулуп, жүзөгө ашырылды. 

Форумдун жүрүшүндө ата мекендик аналитиктер, илим дүйнөсүнүн, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Кытай Эл Республикасынын кадыр-барктуу “акыл борборлорунун” жана академиялык чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Кыргыз-кытай кызматташтык мамилесиндеги маселелер, эки ортодогу көйгөйлөр талкууга алынды. 

Иш-чаранын катышуучулары эки тараптуу мамилелерди жаңы талаптардын негизинде чыңдоо жана “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында Кыргызстан-Кытай мамилесин өнүктүрүү багытында өз ойлору менен бөлүшүштү. Форумдун башкы максаты ушул аянтчада эки өлкөнүн күчтүү серепчилери, дипломаттары жана белгилүү окумуштуу-изилдөөчүлөрү менен биргеликте Кыргыз-Кытай кызматташтыгын чыңдоо, өнүктүрүү багытында талкуу иштерин жүргүзүү болуп саналат. 

Форумга жалпысынан 40 киши катышып, алардын 12си Кытай Эл Республикасынан келген сыйлуу меймандар болду. Кытай делегациясын Коомдук илимдер Кытай Академиясы университетинин Эл аралык мамилелер институтунун директору, Чыгыш Европаны жана Борбордук Азияны, Россияны изилдөө Бүткүл Кытай ассоциациясынын президенти Ли Юнцюань жетектеп келди. 

Ли Юнцюань өз сөзүндө “Бир алкак-бир жол” демилгесинин ишмердүүлүгүнө токтолуп, Шанхай кызматташтык уюмунун башкы максаты коопсуздук маселесин чыңдоо экендигин дагы айтып өттү. Ал ар бир мамлекет өз коопсуздугу, тынчтыгы үчүн аракет кылаарын баса белгилеп, ШКУнун жүргүзгөн ишмердүүлүгү менен бөлүштү. 

Абдрахманов Нурлан, КРдин Тышкы иштер министринин орун басары: “Бүгүнкү күнү кыргыз-кытай байланышы динамикалуу түрдө өнүгүп, жакшы жетишкендиктерди көрсөтүүдө”  

-Чындыгында, бүгүнкү болуп жаткан иш-чаранын мааниси абдан зор. Ал эки тараптуу мамилелердин актуалдуу көйгөйлөрүн, жетишкендиктерин талкуулап, кыргыз-кытай алакасын өнүктүрүүгө өз салымын кошооруна ишенем. 

Быйыл, 2019-жылы Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын дипломатиялык алакасын курганына 27 жыл толду. Ошол мезгилден бери эки тарап кадам артынан кадам таштап, өз ара мамилелерин, кызматташтык байланыштарын бекемдеп келе жатат. Бул жылдар аралыгы эки мамлекеттин ортосундагы бардык тармактардагы алакаларды ичине камтыган бир далай нормативдик-укуктук база түзүлдү. 

Бүгүнкү күнү кыргыз-кытай байланышы динамикалуу түрдө өнүгүп, жакшы жетишкендиктерди көрсөтүп келүүдө. Эки өлкөнүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилесин чыңдоо, өз ара ишенимди өнүктүрүүгө, достук мамилени өөрчүтүүгө мыкты өбөлгө болуп бере алмакчы. Кыргызстан менен Кытай ортосунда талаш-тартыш маселелерди жарата турган эч кандай түшүнбөстүктөр жок. 

2013-жылы эки мамлекет стратегиялык өнөктөштүк мамилесин орнотушкан, 2014-жылы стратегиялык өнөктөштүк мамилесин чыңдоо тууралуу сүйлөшүшкөн. Ал эми, 2018-жылы биздин байланышыбыздын динамикалуу түрдө өнүгүп, мыкты көрсөткүчкө жеткендигин көрүүгө болот. Ал былтыркы жылдын башкы жаңылыгы биздин Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай жергесине болгон мамлекеттик сапары болду. 

Бул сапардын негизги өзөгүн “Ар тараптуу стартегиялык өнөктөштүк декларациясынын” кабыл алынуусу түздү. Муну менен катар эле, айыл чарба, маданият, экономика ж.б. жааттардагы эки тараптуу келишимдер түзүлүп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Ду Дэвэнь, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси: “2018-жылдын жыйынтыгы боюнча эки мамлекет ортосундагы товар алмашуунун жалпы суммасы 2 млрд АКШ долларынан ашкан”  

- Мен бүгүн ушундай иш-чарага катышып жаткандыгым үчүн абдан кубанычтамын. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын Кыргыз жергесине боло турган мамлекеттик сапарынын жана дагы ШКУнун саммитине катышуусунун алдында кыргыз-кытай “акыл борборлорунун” өкүлдөрүнүн бир арага чогулуп, ой-пикир алмашып, өз сунуштары менен бөлүшүүсү дагы да болсо, эки мамлекеттин кызматташтык алакасын бекемдөөгө мыкты өбөлгө болмокчу. 

Жакында эле, КРдин Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай жергесинде жумушчу сапары менен болуп, “Бир алкак-бир жол” демилгесинин II форумуна катышып, КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырза менен дагы жолугуп кайтты. Бул жолугушууда дагы эки тараптын кызматташтык алакасын өнүктүрүү багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Кыргызстан менен Кытай ортосундагы алака жылдан-жылга өнүгүп, бардык тармактарды өз ичине камтууда. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча эки мамлекет ортосундагы товар алмашуунун жалпы суммасы 2 млрд АКШ долларынан ашкан. Ал эми, Кытайдан келген түз инвестициялар Кыргызстандын сырттан кирген жалпы инвестициясынын 43%ын ээледи. Кытай тарап Кыргызстан менен болгон кызматташтык алакасын жогору баалайт жана барктайт. 

Муратбек Иманалиев, КРдин мурунку тышкы иштер министри, ШКУнун экс-баш катчысы, синолог: “Эң негизгиси, эки коңшу мамлекеттин өлкө башчылары болуп жаткан байланышты, түзүлгөн кырдаалды позитивдүү баалап, аны өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеп жатышат” (подзаголовок)

-Кыргыз-кытай мамилеси акыркы жылдары олуттуу деңгээлде жакшы жакка өзгөрүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Буга, биздин президенттин Кытай жергесине болгон сапарлары, эки мамлекеттин кызматташтык алакасын өнүктүрүүгө көмөкчү боло турган тиешелүү документтердин кабыл алынышы, КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” демилгесинин дагы негизинде аткарылып жаткан иштер өбөлгө болууда. 

Мына, ушундай кадамдар эки тараптуу мамиленин өөрчүп, бекем болуусуна күчтүү бир өзөк болуп бере алат десек болот. Эң негизгиси, эки коңшу мамлекеттин өлкө башчылары бул кайсы гана тармак болбосун болуп жаткан байланышты, түзүлгөн кырдаалды позитивдүү баалап, аны өнүктүрүүнүн, бекемдөөнүн үстүнөн иштеп жатышат. Өзгөчө, КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары дагы бул жаатта абдан пайдалуу боло турган, эки тараптын кызматташтыгын чыңдай турган тарыхый бир иш-чара болот деп ойлойм. 

Чындыгында, ар бир тышкы саясат мамилесинде кандайдыр бир маселелер болот. Бул боло турган иш. Башкысы эки тарап тең ал маселерди чечүүгө кызыкдар. Кыргыз-кытай алакасын өнүктүрүү үчүн тоскоол жарата турган түшүнбөстүктөр, көйгөйлүү иштер жок. Ал эми, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы эки мамлекеттин байланышына токтоло турган болсок, эки тарап тең уюмдун жүргүзгөн ишмердүүлүгүн, иш алып бара турган багыттарын толук колдойт. Өзгөчө, бул коопсуздук маселеси. ШКУ уюму кадыр-барктуу, башка эл аралык уюмдар тарабынан дагы таанылган, беделдүү уюмдардан. 

Таалатбек Масадыков, эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча серепчи: “Биз Кытай менен абдан тыгыз кызматташтык алакасын түзүүбүз абзел”  

-Кытай Эл Республикасы абдан чоң жана күчтүү мамлекет. Дүйнө жүзү боюнча экинчи экономикага эгедер өлкө. Чындыгында, биз аны менен эч теңтайлаша албайбыз. 21-кылымда, ааламдашуу заманында мамлекеттер биргеликте, чогуу иш алып баруусу заман талабы болуп саналат. 

Мына, Кытай биздин жаныбызда жайгашкан. Биз алар менен абдан тыгыз кызматташтык алакасын түзүүбүз абзел. Шанхай кызматташтык уюму дал мына ушундай багытты карманып, элдерди бириктирип, чогуу иш алып баруунун үстүнөн иштеген эл аралык уюм болуп саналат. Учурда, уюм экономикалык байланыш тармагына басым жасап иштеп келет.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)