WeChat      Избранное

Абдывахап Нурбаев: “Кытай да Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк болуусун каалайт”

21/05/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Абдывахап Нурбаев: “Кытай да Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк  болуусун каалайт”

 Абдывахап Нурбаев, сүрөт интернеттен алынды

Бардыгыбыз билгендей, 2019-жылдын июнь айында Бишкекте Шанхай Кызматташтык уюумунун саммити өтмөкчү. Мына, ушул саамалыкты утурлай биз КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаев менен маек курдук. Абдывахап Мамадрасулович ШКУнун саммитине болгон даярдык менен катар эле, кыргыз-кытай алакасына дагы сереп салып, өз ою менен бөлүштү. 

-Ушул жылдын апрель айында Кытайдын борбору Пекин шаарында эл аралык кызматташуу боюнча жогорку даражадагы “Бир алкак-бир жол” саммити болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков дагы бул иш-чарага катышып келди. Президенттин ушул иш сапарына бир аз токтолуп кетсеңиз?

-Ооба, Президентибиз Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 2019-жылдын 26-28-апрелинде “Бир алкак — бир жол” экинчи форумуна катышуу үчүн Кытай Эл Республикасына жумушчу визит менен барып келди.

Бул иш сапар жемиштүү болду десек жаңылышпайбыз. Анткени, 37 мамлекеттин жана өкмөттөрдүн лидерлери катышкан “Бир алкак — бир жол” форумунда Сооронбай Жээнбеков жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн президенттери менен жолугушууларды өткөрдү. Муну менен катар эле, ал 28-апрелде КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтык алакаларын талкуулашты. Бул жерде, негизинен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жана транспорт, темир жол маселелери каралды. 

Мындан сырткары, Президент жумушчу визиттин алкагында корпорациялардын бир катар башчылары менен жолугушту жана алар менен түз инвестициялар, айыл чарбасы, транспорт инфраструктурасы, энергетика, тоо-кен өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы жана туризм чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин, Кыргызстанда логистикалык борборлорду куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. 

Ошондой эле кытай архивиндеги кыргыздардын тарыхы тууралуу материалдарды изилдеп жаткан Кытай Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун окумуштуулары менен да баарлашты.

Мына, ушундай кадамдар дагы да болсо, кыргыз-кытай алакасын чыңдоого, өнүктүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Ошондуктан, мамлекет башчыбыздын иш сапары ийгиликтүү өттү десек жаңылышпайбыз. 

-“Бир алкак-бир жол” долбооруна быйыл беш жылдан ашты. Көп өлкөлөр бул демилгени колдоп, дагы да кошулууда. Кыргызстан үчүн анын мааниси кандай, долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн кандай иш-аракеттерди жасоо керек, Сиздин сунушуңуз? 

-2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан “Бир алкак-бир жол” демилгеси сунушталгандыгы бардыгыбызга маалым. Кыргызстан алгачкылардан болуп бул долбоорду колдоого алып, аны жүзөгө ашырууга көмөкчү болоорун билдирген. Мына, ошол мезгилден бери 5 жылдан ашуун убакыт өттү. Ушул убакыт аралыгында анын кадыр-баркы көтөрүлүп, эл аралык аренада өзүнүн маанилүүлүгүн тастыктай алды. 

Чындыгында, ааламдашуу заманында биргеликте өнүгүп, кызматташуу заман талабы. Ушундай ири долбоорлор аркылуу жаңы экономикалык байланыштар пайда болот, мамлекеттер, элдер ортосунда достук алакалар өнүгөт. Долбоордун эл аралык саясий өз ара ишенимди өнүктүрүүгө, экономикалык биригүүгө жана Жибек жолун бойлой жайгашкан өлкөлөрдүн ортосундагы маданий-интеграциялык байланышын өнүктүрүүдө дагы ээлеген орду абдан зор.

Кытай менен Кыргызстан байыртан коңшу жашап, алыш-бериши болуп келген. “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында да бир топ иштер аткарылып келе жатат. Дагы да болсо, берилген мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдоно албай жатабыз. Чындыгында, бул демилгенин негизинде чоң долбоорлор жүзөгө аша элек. Бирок, алдыда ушул жааттан жакшы ийгиликтерге жетишебиз деген ой-тилектер бар. 

Кыргыз Республикасынын Президенти 2018-жылы июнда Кытайга барган кезде, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк статусун алганы баарыбызга маалым. Быйыл Президентибиздин коңшу мамлекетке болгон апрель айындагы жумушчу сапары, июнь айында КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары-мына ушул кадамдардын бардыгы эле кыргыз-кытай алакасын чыңдоого, достук мамилесин арттырууга багытталууда. Ушундай кызматташтык мамиленин арты менен “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде да ири иш-чаралар аткарылат деп ойлойм.   

Учурда, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык алака жакшы өнүгүүдө. Бардык тармактарда эки тараптуу мамилелер бар. Эки өлкөнүн ортосунда билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономикалык ж.б. байланыштарды көрүүгө болот. Айрыкча, бүгүнкү күндө айыл чарба тармагындагы кызматташтык алаканы өнүктүрүү заман талабы. Биздин айыл чарба продукцияларын Кытай рыногуна киргизүү башкы максатыбыз. Эгерде, бул максатыбыз жүзөгө ашырылса дыйкандарыбыздын ак эмгеги акталат эле. Соода-сатык алакаларын да бекемдеп, логистика жолдорун куруу зарылчылыгы келип чыгууда. 

КЭР дагы Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк болуусун каалайт. Биздин өнүгүп, өсүүбүзгө Кытай тарап дагы кызыкдар. Ошондуктан, алдыда дагы жакшы жетишкендиктерге жетебиз деп ишенем. Азыркы учурда, көптөгөн кытай инвесторлору биздин жерде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышат. Кыргызстан инвесторлорго дагы жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнүн үстүндө иштөөдө. Албетте, бул жаатта бардыгыбызга белгилүү болгон көйгөйлөр бар. Бирок, аларды чечип, туура жолго салуу бардыгыбыздын башкы милдетибиз. 

-Кыргызстан ШКУнун мамлекет башчыларынын кезектеги саммитин-2019-жылы июнда өткөрөт. Даярдыктар кандай болууда? ШКУнун аймактык жана эл аралык аренадагы ролун кандай баалайсыз?

-Шанхай Кызматташтык уюмунун эл аралык аренада барган сайын сый-урматы ашып, жакшы бир жетишкендиктерди көрсөтүп келүүдө. Анткени, бул жерде саны боюнча дагы эң көп мамлекеттер мүчө болуп кирип жатат. Мына, Индия менен Пакистан кирди. Кытай Эл Республикасы, Россия, Казакстан турат. Эл аралык аренада өзүнүн ордун таап, башка уюмдар дагы анын ою менен эсептешип жатат. 

ШКУ түзүлгөндөн бери коопсуздук, экономика жана гуманитардык жаатында жакшы иштер аткарылууда. Ал ондогон ири өлчөм чениндеги транспорт, энергетика, телекоммуникация тармактарындагы долбоорлорду сунуш кылып, мүчө-өлкөлөрүнүн коопсуздук, куралдуу күчтөр, коргоо, тышкы иштер, экономика, маданият, банк жана башка тармактардын жетекчилеринин туруктуу жолугушууларын өткөрүп келет. ШКУнун көңүл чордонунда негизинен Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелери, көбүнчө башкы коркунучтар терроризм, сепаратизм жана экстремизмге байланыштуу маселелер каралып келет. Коопсуздук маселесине абдан зор көңүл бурулат.  

Жогоруда айтылып кеткендей, апрелде болуп өткөн эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Президент Сооронбай Жээнбековдун быйыл июнь айында Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүү жөнүндө чакыруусун кабыл алганын билдирди. Ал жакта дагы 20га чукул документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө. ШКУнун алкагында дагы бир катар экономикалык, маданият, коопсуздук маселелери талкууланмакчы. Бул дагы болсо кыргыз-кытай алакасын бекемдөөгө, өнүктүрүүгө мыкты өбөлгө болуп бере алат.

Учурда, ШКУнун саммитине Кыргызстанда даярдык кызуу жүрүүдө. Бул саммит бардыгыбыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы кызматташуу алакаларына жол ачып бермекчи. Чындыгында, бул абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү иш-чара. Аны жогорку деңгээлде өткөрүп алуубуз абзел.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)