WeChat      Избранное

“Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы мыкты ораторлорун тандап алды

20/05/2019  Источник:оригинал   шрифта:

“Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы мыкты ораторлорун тандап алды

Сүрөттөр редакцияга таандык

17-май күнү “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы өз кызматкерлери үчүн мыкты иш-чара уюштуруп берди. Бул таймаш “Мен жана менин компаниям” темасынын алдында өтүп, конкурска катышкан ар бир кызматкер компанияга байланыштуу өзүнүн кыскача окуясын көркөм жана кызыктуу кылып айтып беришти. Чындыгында, ар бир окуя өзүнүн уникалдуулугу менен айырмаланып, көрүүчүлөргө жана калыстар тобуна мыкты маанай тартуулап турду. 

Таймашка 9 конкурсант катышып, алардын үчөө кытай тилинде ат салышса, беш катышуучу орус тилинде өзү жана компанияга байланыштуу окуялары менен бөлүшүп, оратордук таланттарын дагы көргөзө алышты. Конкурстун катышуучулары ар түрдүү адистиктин ээлери болушту. Алар жеке гана кызыктуу окуялары менен бөлүшпөстөн, компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизинде топтогон тажрыйбасы жөнүндө да айтып берип, ар дайым көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ишкананын жетекчилигине, кесиптештерине ыраазычылыктарын билдирип жатышты. 

Чындыгында, компанияда жетекчилик, катардагы кызматкер ортосунда эч кандай чектөө жок экендиги байкалып, достук жана ынтымак, бир-бирине болгон сый-урмат мамилелери бардыгынан жогору турат экендиги байкалып турду. 

Калыстар тобун “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын башкы директору Гуань Синьлай баштаган, бир катар жетекчиликтин өкүлдөрү түзүп, ар бир катышуучунун айтып берген окуяларын кунт коюп угуп, татыктуу бааларын берип жатышты.

Конкурстун жыйынтыгында кытай тилинен сүйлөө таймашынан кытай тили котормочусу Муканбетов Нурканат биринчи орунду багынтса, орус тилинен сүйлөөдө болсо жеңишти англис тили котормочусу Осмонджанова Умчам илип кетти. 

Эки жеңүүчү тең ноябрь айында Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында компаниянын башкы кеңсеси тарабынан уюштурулуп жаткан “Сүйлөө таймашына” Кыргызстандагы филиалдын атынан катышууга жолдомо утуп алышты. 

Гуань Синьлай, “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын башкы директору: “Ар бир кызматкер компания менен катар өнүгүп, замандан артта калбай өсүүсү керек” 

-Биздин компания кызматкерлерибиздин жамааттык ынтымагын, достугун бекемдөө, өнүктүрүү үчүн ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп турабыз. Биз үчүн жеке гана жумуш эмес, ар бир кызматкерибизге мотивация берип, аны ар тараптуу өнүктүрүү, колдоо дагы башкы максаттарыбыздын бири. Мына, бүгүн дагы ушундай иш-чараларыбыздын бири, Кытай жана орус тилинде сүйлөө таймашы өтүп жатат. Алгач, компаниянын ишмердүүлүгүнө, таймаштын уюштурулушуна активдүү катышкан жалпы кызматкерлерибизге ыраазычылык билдирмекчимин. 

Конкурстун тандоо турунан жергиликтүү тогуз кесиптешибизди тандаган элек. Учурда, биз алардын талантына күбө болуп, өзүнүн жана компаниянын жашоосунан алынган кызыктуу окуяларын уктук. Ар бир катышуучу конкурска мыкты даярдык менен келиптир. Мындан ары дагы, ушундай иш-чаралар өткөрүлө бермекчи. Ар бир кызматкер компания менен катар өнүгүп, замандан артта калбай өсүүсү керек.

Акыркы жылдары эки өлкөнүн мамилелери бардык тармактарда күн санап чыңдалып жатканын көрүүгө болот. “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы дагы “Бир алкак-бир жол” долбоорунун экономикалык алкагындагы жаңы бир байланыш багытын түзүүнүн үстүнөн иштеп келүүдө. 

“Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы мыкты ораторлорун тандап алды

Муканбетов Нурканат, жеңүүчү: “Бизде эмгек жамааттын ынтымагын бекемдөө үчүн көптөгөн иш-чаралар уюштурулуп турат” 

-Бул компанияда иштеп жаткандыгыма эки жылдын жүзү болуп калды. Кытай тилин К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуп үйрөнгөм. Бүгүнкү конкурста биринчи орунда жеңип алгандыгым үчүн абдан кубанычтамын. Дагы да болсо кытай тилин тереңдетип үйрөнүп, компаниянын ишмердүүлүгүнүн өсүп-өнүүсү үчүн өз салымымды кошууга аракет кыла бермекчимин. Бизге ушундай мыкты мүмкүнчүлүктү түзүп берген компаниянын жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Чындыгында, бизде эмгек жамааттын ынтымагын бекемдөө үчүн көптөгөн иш-чаралар уюштурулуп турат. Бул дагы ишибиздин ийгиликтүү болуусу үчүн зор салымын кошуп, иштөөбүз учүн кошумча мотивация берип келет. 

Осмонджанова Умчам, жеңүүчү: “Ушул жерде өсүп, адис катары такшалып, көп нерсени үйрөндүм” 

-Мен бул компанияда иштеп жатканыма быйыл беш жыл болуп калды. Тактап айтканда, компания жаңы гана ачылып, өз ишмердүүлүгүн баштап жаткан кезинде жумушка киргем. Ошондон бери, ийгиликтүү иштеп келе жатам. Чындыгында, компанияны мен экинчи үйүм десем эч жаңылышпайм. Анткени, ушул жакта өсүп, адис катары такшалып, көп нерсени үйрөндүм. 

Биздин жетекчилик да, эмгек жамааты да абдан жакшы. Ар дайым колдоп турушат. Керектүү учурда жардамын эч аябайт. Бүгүнкү конкурстан жеңип алгандыгым үчүн абдан кубанып турам, мага колдоо көрсөтүп келген бардык кесиптештериме өз ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Алдыда, дагы компаниянын өнүгүүсүнө өз салымымды кошуп, жемиштүү иштегим келет. 

“Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы Сиань Мунайзат университети менен абдан тыгыз кызматташтык алакада 

Бардыгыбыз билгендей “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы Сиань Мунайзат университети менен абдан жакшы кызматташтык алакада. Эске салсак, 2018-жылы сентябрь айында 30 окуучуну ушул кытай компаниясы толугу менен каржылап, Сиань Мунайзат университетине билим алууга жиберген. 

30 баланын бардыгы Ош облусунун Алай жана Чоң Алай райондорунун мектеп бүтүрүүчүлөрү. Алар Кыргыз Республикасынын Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына карата тандалып, андан соң маектешүү аркылуу окууга кабыл алынышкан. 30 кыргызстандык таланттуу студент мунай-газ инженериясында билим алуу үчүн келишкен. Үч жылдан кийин, окууларын ийгиликтүү аяктап, жергесине кайткан соң, газ түтүктөрү менен иштешүү жана башкаруу жаатында өз эмгек жолун башташмакчы.

“Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы менен Сиань Мунайзат университетинин кызматташуусу эл аралык деңгээлдеги мыкты адистерди даярдоого дагы өбөлгө болуп берүүдө. Бул кадам “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде эл аралык байланыштарды бекемдеп, өнүктүрүүгө дагы өз салымын кошууда.

Бардыгыбыз билгендей, мунай-газ инженерлерин даярдоо жаатында Сиань Мунайзат университети эң күчтүү жогорку окуу жайлардын катарын толуктайт. Эл аралык деңгээлдеги мыкты адистерди тарбиялап чыгууда өзүнүн чоң тажрыйбасы бар университет болуп саналат.

КРда газ түтүгү Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт 

Эске сала кетсек, Түркмөнстандан Кытайга Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу газдын транзитинин аймактык долбоору өткөрүлмөкчү. КРда газ түтүгү Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтүп, анын узундугу 215 чакырымды түзөт. Долбоор 2019-жылдан 2021-жылга чейин ишке ашырылуусу күтүлүүдө. Келечектеги газ түтүгү 35 жыл иштейт. 

Бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эң ири долбоор катары бааланып, алдыда Кыргызстанга жалпысынан 2 миллиард доллардан ашык каражат алып келүүсү айтылууда.

Газ түтүгү жер астында болот, андыктан айыл чарба ишмердүүлүнө, экологияга эч кандай зыяндуулугу болбойт. Долбоор ишке ашканда, жердин транзити жана ижарасы үчүн дүйнөлүк рынокко байланыштуу, жылына орточо 50-60 миллион доллар салык төлөнөөрү күтүлүүдө.

Долбоор Кыргызстанда 100 пайызга жеке инвестициялардын негизинде ишке ашат. Долбоордун алкагында, курулуш иштери учурунда 1 миңге жакын кошумча жумушчу орундар түзүлүп, эксплуатация учурунда 200 жумушчу орун берилмекчи. Компания менен жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү калк болот деп макулдашылган.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)