WeChat      Избранное

ШКУ Эл аралык Ысык-Көл Run the Silk road марафону 27 өлкөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирди

22/05/2019  Источник:оригинал   шрифта:

 

ШКУ Эл аралык Ысык-Көл Run the Silk road марафону 27 өлкөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирди

3000ден ашуун жөө күлүк катышкан эл аралык марафондун старт алуусунан бир көз ирмем.

Сүрөттөр редакцияга таандык

11- май күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Москва Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси, даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган 8-Эл  аралык Ысык-Көл Run the Silk road марафону болуп өттү. Быйыл бул эл аралык иш-чара ШКУнун саммитинин алкагында өтүп, ага мүчө мамлекеттердин спортчулары да катышышты. 

Марафон Чолпон-Ата шаарынын ат майданында башталып, ага 27 өлкөдөн 3 миңге чукул спортчу катышып, баш байгелер үчүн ат салышышты.  Марафондо ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин алдыңкы спортчулары гана жарышка түшпөстөн, катардагы сергек жашоону сүйүүчүлөр дагы өз күчүн көрсөтүп, спорт чеберлерине мыкты атаандаштыкты көрсөтө ала тургандыктарын тастыктай алышты. 

ШКУ марафонунун максаты жана милдеттери болуп дени сак, сергек жашоону пропагандалоо, ден соолукту чыңдоочу туризмди популяризациялоо, калкты үзгүлтүксүз дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу, спорттук-массалык иш-чаралар аркылуу ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланышты жана туризмди өнүктүрүү, Кыргызстандын күчтүү марафончуларын аныктоо болуп саналат. 

Ысык-Көл жарышынын алкагында 42 км 195 м марафону, 21 км 97 м жарым марафону, 10 км жана 3 км скандинавдык жүрүш таймаштары орун алды. ШКУнун марафонунун жалпы байге фонду 2 млн 790 миң сомду түздү. Эске сала кетсек, старт жана финиш Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өтүп, ал эми марафондук аралыктарга бурулуш түйүндөрү Корумду айылынын аягынан орун алды. 

Марафонду өткөрүү үчүн 5 тез жардам унаалары, бир өрт өчүрүү унаасы жана КРдин Ички иштер министрлигинин 300 кызматкери тартылып, коопсуздук иштерин өз көзөмөлүнө алышты. Ал эми, иш-чаранын катышуучуларына жана көрүүчүлөрүнө Кыргызстандын алдыңкы ырчылары өнөрлөрүн тартуулап, айлана-чөйрөнү өзгөчө майрамдык маанайга бөлөштү.

ШКУ Эл аралык марафонунун уюштуруучулары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктиги, КРдин Улуттук олимпиада комитети, КРдин Жеңил атлетика федерациясы, “Эл аралык марафон боюнча дирекциясы” коомдук уюму болду. Быйылкы жылдын кошумча уюштуруучулары катары “Кытай атлетика ассоциациясы” жана ““Юннань Шанхе” кытай компаниясы өз колдоолорун көрсөттү. 

Марафондун ачылыш аземине КРдин Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, КРдин Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоева, “Юннань Шанхе” кытай компаниясынын башкы директору – ШКУ Эл аралык марафондорун өткөрүү боюнча ШКУ катчылыгынын расмий өнөктөшү Чжан Цинь, КРдин Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, 1980-жылдагы Москва шаарында болуп өткөн Олимпиада оюндарынын оор атлетика боюнча жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев жана кыргыздын чыгаан жөө күлүгү Сатымкул Жуманазаровдун жубайы Сүйүн Жуманазарова катышышты. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан жалпы марафондун катышуучуларын КРдин Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев куттуктап, Президенттин кайрылуусун окуп берди. Президент өз кайрылуусунда: “Марафон Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында өтүп жатат. Бүгүнкү эң сонун иш-чарага көптөгөн өлкөлөрдүн курама командаларынын эң күчтүү өкүлдөрү, ошондой эле спорт ышкыбоздору чогулушту.

Спорт адамдарды бириктирет, коомдун өнүгүшү үчүн негиз түзөт. Жыл өткөн сайын бул марафонго катышкан өлкөлөр менен катышуучулардын саны өсүп бара жатканы бизди кубандырат.

Кыргыз Республикасы дене тарбиясын, спортту активдүү колдойт жана өнүктүрөт. Мындан ары карай Ысык-Көл эл аралык марафону жыл сайын өткөрүлөт жана ал ШКУга катышкан өлкөлөрдүн элдери үчүн жакшы салт жана биримдиктин, достуктун майрамы болуп калат.

Шанхай кызматташтык уюмунун Куньминдеги эл аралык марафону жана 22-Олимпиада оюндарынын коло медалынын эсси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган Ысык-Көл эл аралык марафону бир туугандык байланышта болот деп ишенем. 

Мелдештин бардык катышуучуларын ийгиликтүү старттарды жана кубанычтуу фиништерди, командалык бекем рухту жана спорттук жетишкендиктерди каалайм!”деген ой-максатын билдирген. 

ШКУ Эл аралык Ысык-Көл Run the Silk road марафону 27 өлкөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирди

КРдин Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Космосбек Чолпонбаев, КРдин Саламаттыкты сактоо министри: “Ысык-Көл марафону быйыл ШКУ саммитине арналып өткөрүлүүдө” 

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, КРдин премьер министринин атынан бүгүнкү спорт майрамы менен бардык марафондун катышуучуларын куттуктайм. Алыстан жана жана жакындан келген меймандарыбызга дагы “Кыргыз жергесине кош келиңиздер” демекчимин. Бүгүн биз Москва Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси, айтылуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган 8-Эл  аралык Ысык-Көл Run the Silk road марафонунун ачылыш аземинде жолугуп отурабыз. Бул иш-чара быйыл Кыргыз жергесинде өтө турган ШКУ саммитине арналып өткөрүлүүдө. Марафон 27 өлкөнүн спортчуларын, спорт сүйүүчүлөрүн бир арага чогултуп, достук алакаларды бекемдеп, сергек жашоо образын даңазалап отурат. ШКУга мүчө-мамлекеттердин кызматташтык алакаларын чыңдоого дагы бул таймаштын салымы зор болмокчу.

 Бүгүнкү иш-чарага өнөктөш болуп Кытай жергесинен дагы меймандарыбыз келип отурат. Алардын бардыгына өз ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Негизинен, Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтык алакабыз жылдан-жылга бекемдеп, өнүгүүдө. Биздин министрлик дагы коңшу мамлекет менен тыгыз алакада иш жүргүзүп келе жатат. 

Былтыр, Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарында биз дагы барып, бир катар маанилүү макулдашууларга кол коюп келгенбиз. Алардын бири Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен болгон кызматташууга кол коюлган эки тараптуу келишим болду. Мына, алдыда боло турган  ШКУнун саммитинде дагы ушул багыттагы маселелер талкууланып, ортодогу келишимдерди жүзөгө ашырып, өнүктүрүүнүн жолдору каралмакчы. 

Жакында эле, 22-апрелде Ош шаарында Кытай Өкмөтүнүн грантына салынган 150 орундуу заманбап оорукананын ачылышы болду. Мындан сырткары, учурда көптөгөн теле медицина, санарип боюнча дагы биргеликте иштерди аткаруу ойлорубуз бар. Негизинен, Кытай менен саламаттык сактоо тармагындагы аткарып жаткан иштерибиз жакшы деңгээлде өнүгүп келүүдө. 

Бүгүнкү 3 кмдик марафонго өзүм дагы катыштым. Ар бир адам өзүнүн ден соолугуна кам көрүүсү кажет. Мен студент кезимден баштап спорттун дзюдо түрү менен машыгып келем. Дзюдо боюнча спорттун чеберимин. Күн сайын 30 мүнөт дене тарбия менен машыгып турам. Бош убактым болсо 1-2 саат басам. 

Ден соолукту чыңдоо жаатында быйыл биздин министрлик 12 жылга жакшы программа кабыл алды. Ал “Дени сак адам-өнүккөн өлкө” деп аталат. Анын эң негизги приоритеттеринин бири бул-оорулар менен күрөшүү. Оору менен күрөшүү үчүн биринчи кезекте сергек жашоону, спорт менен машыгууну, туура тамактанууну элдин арасына жайылтуу зарыл. Бүгүнкү марафон дагы сергек жашоону пропагандалоонун эң мыкты жолу болууда десек жаңылышпайбыз. Бул жерде жеке гана спортчулар эмес, жөнөкөй адамдар дагы, карысы-жашы дагы катышып, өз күчтөрүн сынап жатышат. Бул ден соолугу чың коомду түзүүгө арналган эң сонун иш-чаралардын бири .

Канатбек Арпачиев, КРдин Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары: “Жылдан-жылга марафондун дагы кадыр-баркы өсүп, эл арасына кенен жайылууда”  

-Бул Run the Silk road эл аралык марафону быйыл 8-жолу өткөрүлүп жатат. Өзүңүздөр көргөндөй 3 миңден ашуун адам катышты. 42 жана 21 км аралыктагы марафонго дүйнөгө белгилүү спортчулар катышууда. 

Иш-чара жалпысынан алганда жакшы бир деңгээлде өтүп жатат. КРдин Президенти, Өкмөтү тарабынан дагы колдоо бар, көптөгөн демөөрчүлөр да келди. Атайын Кытайдан ШКУнун катчылыгынын өкүлдөрү келип, кытай компаниялары дагы өз колдоолорун көрсөтүп жатышат.

Кытайда “Куньмин марафону” жана биздин “Ысык-Көл марафону” ушул ШКУнун алкагына кирген. Ошондуктан, биз алар менен биргеликте меморандум түзүп, достук ирээтинде мындан ары иштешүү боюнча да пландарды түзүп жатабыз. Кытайдан 4 спортчу келди. Алар дагы мурун башка марафондорго катышып жүргөн балдар-кыздар. 

Биз ушул ШКУга мүчө-мамлекеттерден бир өлкөдөн 1 тренер, 2 спортсменди жол киресинен, жатаканасынан бери төлөп берип чакырганбыз. Чындыгында, күчтүү спортсмендер келишти. Жылдан-жылга марафондун дагы кадыр-баркы өсүп, эл арасына кенен жайылууда. Ага катышууну каалагандардын саны өсүүдө. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын булуң-бурчунан бери келип катышып жатышат.

ШКУ Эл аралык Ысык-Көл Run the Silk road марафону 27 өлкөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирди

Кытай Эл Республикасынан келген жөө күлүк Янг Ле. Сыйлыкты тапшыруу учурунан бир коз ирмем. 

Чжан Цинь, “Юннань Шанхе” кытай компаниясынын башкы директору: “Алдыда, дагы да болсо достук мамилебизди бекемдейбиз деп ишенем” 

- Мен Кыргызстанга алгачкы жолу келип жатам. Бүгүн атактуу көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде болуп, ушундай мыкты иш-чарага катышып жаткандыгыма абдан кубанычтамын. Ысык-Көлдүн сулуулугу, табияты миндеген чакырымдар алыс жаткан туулган жерим Куньмин шаарын эске салды. 

Мен марафондун бардык катышуучуларына ийгилик каалайм. Ар дайым сергек жашоону даңазалап, өз өлкөсүнүн сыймыгы болуп жүрө беришсин демекчимин. Бул иш-чаранын уюштуруучуларына дагы өз ыраазычылыгымды билдирем. Уюштуруу иштери жогорку деңгээлде болуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатышат. 

Чындыгында, ушундай мыкты атмосфераны жаратуу оңой эмес. Өзүм дагы 3 км жүгүрүп келдим. Жарыш учурунда теңтайлашууну, жеңишке болгон аракетти, өзгөчө толкунданууну сездим. 

Алдыда, дагы да болсо бир-бирибизге колдоо көрсөтүп, достук мамилебизди бекемдейбиз деп ишенем. 

Янг Ле, кытай спортчусу: “Кыргызстан менен Кытай мыкты коңшу, дос мамиледеги өлкөлөрдөн” 

-Мен Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Мага бул жактын жаратылышы, эли абдан жакты. Кыргызстан менен Кытай мыкты коңшу, дос мамиледеги өлкөлөрдөн. Ысык-Көл тууралуу окуп, угуп жүрчүмүн. Ошондуктан, алгачкы жолу ушул жерге келип, жарышка катышып жаткандыгым үчүн абдан кубанычтамын. 21 км 97 м аралыгындагы марафондон биринчи орунду ээлегендигим  дагы кош кубаныч тартуулады. 

Анна Соловьева, марафондун көрүүчүсү: “Бир жагынан марафонду көрсөк, бир жагынан эс алып жатабыз”  

-Биз үй-бүлөбүз менен Россиядан келгенбиз. Жолдошумду колдоп келдик. Бир жагынан марафонду көрсөк, бир жагынан эс алып жатабыз. Иш-чара абдан көңүлдүү өтүп жатат. чындыгында, мыкты диджейлер бар экен. Уккан сайын бийлеп жатабыз. Абдан сонун убакыт өткөрүп жатабыз десем эч жаңылышпайм. 

Ошондуктан, бизге ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген уюштуруу тобуна өз ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Кыргызстанга, Ысык-Көлгө жайында эс алууга көп эле келип жүрөбүз. Андыктан, бул жак бизге чоочун эмес. Чындыгында, көптөгөн мамлекеттин спорт сүйүүчүлөрү чогулушуптур. Кийинки жылы да келип катышып кетебиз деген ой-тилегим бар. бардыгыңыздарга чоң рахмат. Кыргыз эли да, кыргыз жери да таза жана сулуу. 

Сатымкул Жуманазаров ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү 

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров 1951-жылы 17-сентябрда Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында туулган. 1979-жылы “СССР спортунун эл аралык чебери”, 1981-жылы “СССР спортунун эмгек сиңирген чебери” деген ардак наамдарга арзыган. 

Ал 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1985-91-жылдары Бишкек шаарындагы “Колхозчу” жана “Эмгек резервдери” ыктыярдуу спорт коомдорунда машыктыруучу болуп эмгектенип, жаш жөө күлүктөр менен өз тажрыйбасын бөлүшкөн. 

1992-жылдан бери Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы спорт комплексинде башкы директор болуп иштеп келген. Даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров жеңил атлетика менен 1968-жылдан бери машыгып, эл аралык мелдештерде мөрөй алган. 1974-жылы “Правда” гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 14 км. аралыкка чуркоодо 2-орунга жеткен. Ал СССРдин чемпионатында 10 км аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-Олимпиадалык оюндарда 42 км. 195 м. аралыкты 2 саат 11 минута 16 секунда чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын тарыхында алгачкы болуп үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган. 

1977-80-жылдары өткөн СССР чемпионаттарында бир нече ирет күмүш медалдарды уткан. Жапония, Германия, Греция, Чили, Финляндияда өткөрүлгөн эл аралык Гран-при марафондук жарыштарда да жеңиштерге жетишкен. СССР - Американын жолдоштук беттешүүлөрүндө 1000 метрге чуркоодо марага озуп биринчи келген. Сатымкул Жуманазаровду спорт коомчулугу ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү деп атап, сый-урмат көрсөткөн. Спорттогу жетишкендиктери “Эл достугу”, “Ардак белгиси” ордендери жана “Даңк” медалы менен бааланган.

Жөө күлүктөрдүн чыгаандары 

ШКУ Эл аралык Ысык-Көл Run the Silk road марафонунун башкы жеңүүчүлөрүнүн тизмеси: 

42 км аралыктагы жарышта аялдар арасында:  

1-орун – Дарья Маслова, Кыргызстан, сыйлык – 4 миң АКШ доллары;

2-орун – Юлия Андреева, Кыргызстан, сыйлык – 3,5 миң АКШ доллары;

3-орун – Пан Юн Ли, Кытай, приз – 3 миң АКШ доллары;

42 км аралыктагы жарышта эркектер арасында: 

1-орун  – Адилет Кыштакбеков, Кыргызстан, сыйлык – 4 миң АКШ доллары;

2-орун – Шохрух Давлятов, Өзбекстан, сыйлык – 3,5 миң АКШ доллары;

3-орун – Андрей Петров, Өзбекстан, сыйлык – 3 миң АКШ доллары;

21 км аралыктагы жарышта аялдар арасында:

1-орун – Виктория Полюдина, Кыргызстан, сыйлык – 1,5 миң АКШ доллары;

2-орун – Нурхон Мукхидинова, Өзбекстан, сыйлык – 1300 миң АКШ доллары;

3-орун – Тамила Кучкорова, Өзбекстан, сыйлык – 1 миң АКШ доллары;

42 км аралыктагы жарышта эркектер арасында: 

1-орун – Янг Ле, Кытай, сыйлык – 1,5 миң АКШ доллары;

2-орун – Михаил Красилов, Казакстан, сыйлык – 1300 АКШ доллары;

3-орун – Жоодар Кочконбаев, Кыргызстан, сыйлык – 1 миң АКШ доллары.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)