WeChat      Избранное

Акматбек Султан уулу: “Кытай бийлиги азчылык улуттардын салт-санаасын, улуттук баалуулуктарын коргоо, өнүктүрүү үчүн мыкты кам көрүп келет”

20/03/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Акматбек Султан уулу: “Кытай бийлиги азчылык улуттардын салт-санаасын, улуттук баалуулуктарын коргоо, өнүктүрүү үчүн мыкты кам көрүп келет”

Кыргыз эли байыртадан сөзгө өзгөчө маани берип, сөздү барктап, багып келишкен. Ак таңдай акындар, куюлуштура сүйлөгөн чечендер, манасчылар ар дайым кыргыздын төрүнүн көркүн ачып, той-аштар төкмө акындардын айтышысыз өткөн эмес. Бул өнөр муундан-муунга берилип, атадан балага өтүп, кыргыздын руханий көрөңгөсүн байытып келген улуттук баалуулук болуп эсептелет.

Ушундай кыргыздын салттуу өнөрүн аркалап, мыкты ийгиликтерди жаратып жүргөн сыймыктуу акындарыбыз көп. Алардын бири, кытайлык кыргыз төкмө акыны Султан уулу Акматбек. Жаш да болсо, мукамдуу үнү, төкмөчүлүк өнөрү менен эл сүймөнчүгүнө айланып, өз өнөрүн такшалтуу максатында Кыргызстанда келип билим алып жаткан Акматбек менен кызыктуу маек курдук.

-Акматбек, алгач, өзүң тууралуу окурмандарга маалымат бере кетсең?

-Мен Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономиялык облусунда жайгашкан Улуу-Чат районунан болом. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Бир агам жана карындашым бар. 2006-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин, Улуу-Чат районунда кесиптик орто окуу жайын аяктагам. Андан соң, 2010-2013-жж. аралыгы Иле педагогикалык институтунун алдындагы Айтыш классында окугам. 

Азыркы тапта, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Элдик ырдоо бөлүмүндө 3-курсунда билим алып жатам. Кыргызстанга келип өнөрүмдү тереңдетип, окуп жаткандыгыма төрт жылдын жүзү болуп калды.

-Үй-бүлөңдө дагы чыгармачылыкка жакын адамдар барбы, кыргыздын улуттук баалуулуктарынын бири болгон төкмөчүлүк өнөрүн тандооңо кимдер таасир берди?

-Апамдын энеси, Сайракан таенем өз кезегинде күчтүү акындардын бири болгон экен. Азыркыга чейин: “Дөөлөттүн кызы Сайракан дөбөгө чыгып сайраган”-деген сөздөр айтылып келет. Сайракан таенемдин дагы айтыштары эл арасында белгилүү. 

Мындан сырткары, апамдын өзү да элдик ырларды жакшы аткарат, төрт сап ырларды жамактап ырдап калат. Ошондуктан, кичинемден бери чыгармачыл чөйрөдө тарбия алып, кыргыздын ыр өнөрүнө, сөз байлыгына сугарылып өскөм десем болот. 

Мен өзүм ырдайм, төкмөчүлүк өнөрүн дагы аркалап, өнүктүрүп келем. Кыргызстандагы Айтыш коомунда төкмөчүлүккө окуп, ал жакта эмгектенген ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин алдында билим алуудамын. 

-Кыргызстанга кандай келип калдың?

-Жогоруда айтып кеткендей, Куйтунь шаарында Айтыш классында окугам. Өзүм кыргыз болгондон кийин: “Ушул өнөрдү өнүктүрөйүн, мага берген касиетти, мага берген милдетти жакшы аркалайын”-деп, Кыргызстанга келдим. Кыргыз жергеси ар дайым таланттууларга бай келип, күчтүү акындары менен белгилүү. Мына ушул, изги тилегимдин арты менен бул жерде келип окуп жатам. 

Чындыгында, акындыктын эч бир окуусу жок. Ал, ар кимдин өзүнө берилген касиет менен, ар кимдин өзүнүн изденүүсүнө жараша жемишин берген сыймыктуу өнөр болуп эсептелет. Учурда, мен консерваториядагы акындык өнөрдүн бир бутагы болгон элдик ырдоо бөлүмүнө тапшырып, элдик ырларды, кыргыздын классикалык ырларын үйрөнүп, билимимди тереңдетип, окуп жатам. 

-Кыргызстанда билим алуу менен бирге, чыгармачыл чөйрөдө дагы бир нече ийгиликтерди жаратып жүрөсүң, ушул тууралуу айтып берсең?

-Ооба, бул жаатта аз да болсо, ийгиликтерди жаратып жүрөбүз. Мисалы, 2016-жылдын апрель айларында Бишкек шаарында “Салттуу музыка жумалыгы” Санат телевидениясы тарабынан уюштурулган. Ал сынакка катышып, “Кыргыз элдик ырдоо чеберчилиги” боюнча башкы байгени утуп алгам. 

2015-жылы болсо, "Ысык-Көл манасчылардын алтын бешиги" аталыштагы республикалык айтышта 3-орунга татыктуу болуп кайткам. Ошол эле жылы"Санжыра" радиосунун тандоосу боюнча "Эл булбулу" номинациясынын ээси болгом. 

Айтыштарга дагы көп эле катышып жүрөм, сыйлыктарым бар. Бирок, бул сыйлыктар, жеңиштер алдыдагы чыгармачылык жолумдун башаты гана деп ойлойм. Алдыда, дагы мыкты ийгиликтерди багынтып, кыргыздын көөнөргүс айтышчылык өнөрүн татыктуу улайм деген ишеничим бар. 

-Кыргызстанда баалаган төкмө акындарың кимдер?

-Айтыштын башкы максаты болуп, эки акындын бир чыгарманы жаратып, бир-бирин толуктап айтышып кетүүсү эсептелет. Эгерде, айтышып жаткан акындар бир куштун канаты сыяктуу болуп, бир-бирин улай толуктап кетсе, айтыш дагы жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн моокумун кандыра алат. Бирөө күчтүү болуп, бирөөсү начар болуп калса, андай айтыш дагы көңүлгө толбой калат. 

Кыргызстандын акындарынын бардыгы эле күчтүү деп айтаар элем. Ар биринин өзүнүн орду бар. Күчтүү, тасыккан акындарыбызды эл жакшы билет. Мисалы, Амантай, Жеңишбек, Элмирбек, Аалы, Азамат агайларыбыз, андан кийинки жаштардан Баян Акматов, Асылбек Маратов, Болот Назаров деген акындарыбыз бар. Ал эми, учурда жаш муундар дагы күчтүү чыгып келе жатат. 

Акматбек Султан уулу: “Кытай бийлиги азчылык улуттардын салт-санаасын, улуттук баалуулуктарын коргоо, өнүктүрүү үчүн мыкты кам көрүп келет”

 Акматбек Султан уулу.

-Төкмөчүлүк өнөр кыргыздын канында бар эмеспи. Кытайлык кыргыздар арасындагы белгилүү төкмө акындар тууралуу дагы айта кетсең?

-Сиз абдан туура айттыңыз, төкмөчүлүк өнөр кыргыздын канында, кыргыздын көкүрөгүндө бар экен. Мисалга алсак, Улуу-Чатта Бектур агайыбыз бар. Ак-Чийде болсо Дүйшөбек, Ак-Тоо районунда Доспай деген агайларыбыз бар. Ушундай, жер-жерлерде белгилүү төкмө акындарыбыз көп эле кездешет. Аларга мамлекет колдоосун көрсөтүп, бийлик тарабынан абдан жакшы көңүл бурулуп келет. Көпчүлүгү, жергиликтүү маданият үйлөрүндө эмгектенишет. Айлык маянасы дагы мамлекет тарабынан жакшы төлөнүп берилет. 

Негизинен, кытай бийлиги, аймагындагы азчылык улуттардын салт-санааларынын, улуттук баалуулуктарынын, сакталуусуна кам көрүп, алардын өнүгүүсү үчүн бүтүндөй колдоосун көрсөтүп келет. Кытай жергесиндеги кыргыздардын маданий баалуулуктары дагы алардын катарында. 

-Өзүң башында айтып кеткендей, төкмөчүлүктү, акындык өнөрдү үйрөнүүгө болбойт, ал үчүн аз да болсо идиреги болуусу керек. Ошол берилген талантты өнүктүрүү үчүн кандай кеңештерди берет элең?

-Төкмөчүлүк бул-өзгөчө сырдуу өнөр. Анткени, бирөөгө бул ата-бабасынан өтсө, кээ бирине “манасчылык” сыяктуу касиеттүү жөндөм болуп тартуу кылынат. Бул өнөрдү өнүктүрүү үчүн, азыркы тапта, мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Бизде китептерден, баштап илгерки залкарлардын жараткан эмгектерин угуп дагы көп нерсени үйрөнүүгө болот. 

Эң негизгиси, төкмө акын ар тараптуу өнүгүүсү зарыл. Ар күнү аз дегенде беш сааттан терме, дастандарды ырдап, өзүн жатыктырып, башка айтыштарды көрүп, изденүүсү зарыл. Төкмөлүк өнөр бир эле жамактап коюу эмес. 

Мисалы, Эстебес атабыз кубулжутуп комузун да черткен, мукамдуу үн менен ырдаган, терме-санат дастандарды дагы айткан. Ошол эле маалда, ашыктык ырларын дагы ырдаган. Сөзгө чечен келип, куюлуштура суйлөп, төкмөчүлүк өнөрү менен даңкы чыккан. Мына, төкмө акын болуу оңой эмес, бирок, талант бар болсо, аны өнүктүрүп-өөрчүтүү дагы тынымсыз эмгекти, изденүүнү талап кылат. 

-Алдыда кандай пландарың, максаттарыңыз бар?

-Буюрса, бул жакты аяктаган соң өзүмдүн туулган жериме, Улуу-Чатка барып ушул мен үйрөнгөн билимдерди, дагы да кыргыз фольклорунун чыгармаларын жакшылап үйрөтүп, өнүктүрөйүн деген оюм бар. 

Мени менен кошо билим алып жаткан кытайлык кыргыз жаштары дагы көп. Бардыгыбыз бул жакта билим алып жатабыз. Бул дагы да болсо Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын достук мамилесинин негизинде болуп жатат. 

Учурда, кыргыз-кытай мамилеси бардык тармактарда бекемделип, өнүгүп-өсүүдө. Дагы да достук алака чыңдала берет деп ойлойм. Кытай жергесинде билим алып жаткан кыргыз жаштары, бул жакта окуп жаткан биз-кытайлык кыргыздар, кытай жаштары келечекте кыргыз-кытай ынтымагын бекемдөөдө өз салымыбызды кошуп, өнүктүрөбүз деп ишенем. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)