WeChat      Избранное

Эмил Токтошев: ““Бир алкак-бир жол” долбоору бүгүнкү күнү экономикалык, маданий, коопсуздук карым-катнаштардын “кербени” болуп өнүгүүдө”

12/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Эмил Токтошев: ““Бир алкак-бир жол” долбоору бүгүнкү күнү экономикалык, маданий, коопсуздук карым-катнаштардын “кербени” болуп өнүгүүдө”

Бүгүн биздин “Маанилүү маек” рубрикабыздын сыйлуу коногу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырымынын депутаты Эмил Токтакунович Токтошев болду. Эмил Токтакунович кыргыз-кытай алакасына сереп салып, аны дагы тереңдеп өнүктүрүү зарылчылыгына токтолуп, өз ою менен бөлүштү. 

-Кыргызстан көз карандысыздыгын колуна алгандан кийин, кыргыз-кытай алакасынын өнүгүү жолу кандай болуп жатат, ушул тууралуу кеп баштап берсеңиз?

-Чындыгында, 1991-жылы Кыргызстан эгемендүү өлкөлөрдүн катарын толуктагандан кийин, мамлекетибиздин тышкы саясаты жаңы дем, жаңы күч менен ишке киришип, заман талабына ылайык өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады десек жаңылышпайбыз. Муну менен катар, коңшу мамлекет болгон Кытай Эл Республикасы менен дагы кызматташтык алакабыз жогорку деңгээлге көтөрүлүп, эки өлкө ортосундагы байланыштар бардык тармактарда өнүгө баштады. 

Учурда, кайсы гана тармакты алба, бардык жактан кыргыз-кытай кызматташуусун көрүүгө болот. Бул коңшу мамлекеттердин эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кылган иш-аракеттерин билдирет. Ушул Кыргызстандын көз карандысыздык жылдар аралыгы бир катар абдан маанилүү, мамлекеттик деңгээлдеги келишимдерге, макулдашууларга кол коюлган. Дал, ошол документтер аркылуу кыргыз-кытай алакасы өнүгүп, ийгиликтүү жүзөгө ашып келүүдө. Эки ортодо кабыл алынган макулдашуулар дагы орду менен аткарылып, тараптардын кызыкчылыктары корголуп, өз ара ынтымак жана достук ичинде карым-катнаш өнүгүүдө. Чындыгында, мындай ишенимдүү алаканын болуусу бардыгыбыз үчүн абдан маанилүү. 

Кытай Эл Республикасы азыркы тапта, экономикасынын өнүгүүсү жагынан дүйнөнүн күчтүү державаларынын катарын толуктап, дүйнөлүк аренада өз ордун тапкан, алдыңкы мамлекеттерден. Ал учурда, жеке өзү гана өнүкпөстөн башка мамлекеттерди дагы өнүктүрүүгө жардам берип, ушул максатты көздөгөн бир катар эл аралык ири долбоорлорду сунуштап, анын үстүнөн иштеп келүүдө. 

Мен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчисинин орун басары болом, биздин депутаттык тайпа дагы кыргыз-кытай достук алакасынын өнүгүүсүнө, эки өлкө ортосундагы достук кызматташтыкты бекемдөөгө өз салымын кошуп келет. Эң негизги максатыбыз эки тараптуу алаканы чыңдоо, аны өнүктүрүүгө жардамчы болуу. 

-Өзүңүз айтып кеткендей, КЭР тарабынан сунушталган эл аралык деңгээлдеги ири долбоор бул-“Бир алкак-бир жол” демилгеси, ушул долбоордо Кыргызстандын стратегиялык орду кандай деп ойлойсуз?

-2013-жылы “Бир алкак-бир жол” демилгеси Кытай Эл Републикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган. Бул демилгени Кыргызстан биринчилерден болуп колдогон. Себеби, канчалаган кылымдар бою эки эл ынтымак, достук ичинде коңшу болуп жашап келишкен. Улуу Жибек жолу мурун соода кербени гана болсо, бүгүнкү күнү бул “Бир алкак-бир жол” демилгесинин негизинде, экономикалык, маданий, коопсуздук карым-катнаштардын кербени болуп өнүгүүдө. Бүгүнкү күнү дагы , байыркы Жибек жолундагы кызматташтык, биримдик саамалыгы уланып келүүдө.

Акыркы жылдары Кытай тарабынан аталган долбоор дүйнөлүк аренада дагы өзүнүн актуалдуулугун өөрчүтүүдө. Ал эми, Кыргызстандын бул багыттагы ээлеген позициясы баштапкыдай эле. Биздин бийлик жетекчилиги, мамлекет бул проектти ар дайым колдойт жана аны иш жүзүнө ашыруу үчүн болгон жардамын көрсөтүүгө даяр.

“Бир алкак-бир жол” долбоору жеке гана Кытайдын келечеги үчүн маанилүү болбостон, жалпы Борбордук Азия үчүн дагы баалуу. Бул долбоордун сунушталган мезгилинен бери 5 жыл өттү. Менин жеке пикиримде, “Бир алкак-бир жол” демилгеси абдан масштабдуу перспективаларды ичине камтыган мыкты долбоор. Убакыттын өтүшү менен ал мындан дагы өнүгүп, өсүшүнө ишенем. Беш жыл мындай ири долбоорго аз гана убакыт аралыгы болуп саналат. Аны өнүктүрүүнүн жаңы жолдору бүгүнкү күнү дагы, бир катар эл аралык бараандуу иш-чараларда каралып, мүмкүнчүлүктөрү изилденүүдө. 

Жогоруда айтып кеткендей, бул долбоор Кытай менен кызматташууга кызыкдар, коопсуз дүйнө, ынтымак, биримдик ичинде бирге, катарлаш өнүгүүнү каалаган бардык өлкөлөр үчүн маанилүү.

Ал эми, “Бир алкак-бир жол” демилгесинде Кыргызстандын ээлеген орду чоң. Анткени, биз географиялык жактан абдан ыңгайлуу жайгашканбыз. Бардыгыбыз билгендей,Байыркы Улуу Жибек жолу биздин аймакты дагы басып өтөт. Транзиттик жол катары, Жибек жолу өткөн мамлекет ирээтинде Кыргызстандын ээлеген орду маанилүү, ошондуктан, бул долбоор канчалык өнүгүп, өөрчүгөн сайын, бизге дагы жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, экономикабызга пайда алып келмекчи.

Чындыгында, биз бул долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн биз толук кандуу колдоно албай жатабыз. Менин жеке пикиримде Казакстан “Бир алкак-бир жол” долбоорун өз жергесинде ийгиликтүү жүзөгө ашырып жатат. Ушул багытта, биз дагы иштерди жүргүзүп, аны өнүктүрүүбүз заман талабы. 

-Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолу тууралуу өз оюңузду айтып берсеңиз?

-Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушу бүгүнкү күндөгү абдан актуалдуу маселелердин бири. Бул маселенин талкуу айдыңына чыкканына көптөгөн жылдардын жүзү болду. Ошентсе дагы, бир жактуу болуп чечиле элек. Чындыгында, бул темир жол курулуп калса, Кыргызстан транзиттик жол өткөн мамлекет катары дагы бир катар мыкты мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп калмак. Бардык тараптар үчүн абдан пайдалуу иш болмок. Ошондуктан, биз дагы бул маселени көпкө создуктарбай, бир чечимге келүүбүз зарыл. Дагы бир канча убакыт өткөндөн кийин башка тараптар темир жолду Кыргызстан аркылуу өтүүчү эмес, бөтөн жактан өтө турган бир вариантын иштеп чыгышса, өзүбүз эле жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган болуп калабыз. 

-Учурда, Кытай экономикасынын ушунчалык тездик менен өнүгүүсүнүн негизинде, дүйнөгө кытай туристтеринин агымы башталды. Ушул багытта, Кыргызстандын туризмин өнүктүрүү үчүн кандай иштерди аткаруу керек деп ойлойсуз?

-Ооба, өткөн жылы дүйнө жүзүндө эс алуу убагында эң көп акча коротуп кеткен туристтердин катарын кытай туристтери дагы толуктады. Туризм бул-мамлекеттин экономикасын көтөрүүдөгү бирден-бир мыкты тармак болуп эсептелет эмеспи. Ошондуктан, сырттан канча бай турист келсе, ошончо пайда алып келээри шексиз. Бул багытта “Кытай достугу” аттуу системанын үстүнөн иштөө керек деп ойлойм. Туристтик аймактарда англис тили менен катар кытай тилинде жазылган түшүндүрмөлөр дагы болуусу керек. Мисалы, учурда Россиянын ири эл аралык аэропортторунда бардык маалыматтар орус, англис жана кытай тилинде берилип жатат. Бул дагы болсо, кытай туристтерине, ишкерлерине түзүлгөн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк. 

Биздин жергебиз жаратылышынын көркөмдүгү, кооздугу менен башкалардан айырмаланып келет. Чындыгында, табиятыбыз кол менен жасап койгондой. Кытай турситтери дагы жаратылышка жакын болуп, табийгый сулуулукту баалаган эл. Ошондуктан, биз туризмди өнүктүрүп, сырттан келген зыяратчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берсек, коңшу элдин туристтери дагы келет деп ишенем. 

-Быйыл 2018-жылы Кытай Эл Республикасынын Ачыктык жана реформалар саясатына 40 жыл толуп отурат, ушул багытта айтып береңиз?

-Кытай Эл Республикасы тарабынан 40 жыл мурун жарыяланган Ачыктык жана реформалар саясатын, өз мезгилинде кабыл алынган эң туура чечим деп эсептейм. Чындыгында, ушул жылдар аралыгы коңшу өлкөнүн экономикасы өтө тездик менен өнүккөнүн көрө алабыз. 40 жыл мурун, бүгүнкү биз билип, тааныган Кытай такыр башкача абалда эле. Ушул саясаттын негизинде, учурда Кытай эл аралык аренада барандуу орунду ээлеген, өнүгүп-өскөн, заман менен тең, бирге кадам таштаган дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин бирине айланды. 

Аталган саясат көптөгөн багыттарды ичине камтыган, бардык өнүгүү жолдорун изилдеп чыккан ири бир система. Анын бир багыты бул-инвесторлорго шарт түзүп берүү болгон. Биз дагы ушул багыттардын өзүбүзгө керектүү, зарыл болгондорун үлгү катары алып үйрөнсөк болот. Жакшы, билимдүү адамдан бир нерсени, үйрөнүп жакшы сапаттарын алууга аракет кылат эмеспизби, анын сыңарындай коңшу мамлекеттин дагы бизге пайда алып келчү, өнүгүүгө өбөлгө боло ала турган “сапаттарын” изилдеп, окуп сабак алышыбыз керек.

(Автор:Чолпонай Турдакунова / Редактор:GL)