WeChat      Избранное

Дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыздын адабият алптары Айтматов жана Алыкул

20/12/2017  Источник:оригинал   шрифта:

12-декабрь кыргыз эли үчүн маанилүү күн. Кыргызстан эли бул күнү адабият майрамын гана белгилеп тим болбостон, Кыргыз Эл жазуучусу, залкар инсан Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилеп кубанса, алп акын Алыкул Осмоновдун өлгөн күнүн эскеришет. 

Үстүбүздөгү жылдын 12-декабры да Кыргызстандын булуң-бурчунда ар кандай салтанаттар менен коштолду. Алардын катарында     

Бишкек шаарындагы  Свердлов районунун   №46-орто мектеби да бар. Аталган мектепте Адабият күнүнө карата Кыргыз Эл жазуучусу, дүйнөлүк адабиятка   чыйыр  жол  салган Ч.Айтматовдун 89 жылдыгына жана кыргыз Эл  акыны, кыргыз профессионал  поэзиясынын түптөөчүсү,  алп  акын  А.Осмоновдун 102 жылдыгына арналган «Дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыздын кош жылдыздары» аттуу адабий-музыкалык кече, ”Айтматов  жана  кино” аттуу жазуучунун чыгармалары  боюнча сүрөт  көргөзмө, өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча класстык сааттар, дил  баяндар, жат  жазуулар  жазылып, А.Осмоновдун  ырлары  боюнча  сынак   ж.б. салтанаттар болуп өттү. Аны  мамлекеттик  тил  боюнча  директордун  орун  басары Г.Н. Чокоева жетектеди. Мектеп  ичинде  “Айтматов  жумалыгы”  жарыяланды. Кеченин  башталышында №46 орто  мектебинин директору  Г.Ш.Сматова сөз  сүйлөдү.

Мектептин  кыргыз  тили  жана  адабияты  усулдук  бирикмесинин  мүчөлөрү жана класс жетекчилер, жалпы эле мектеп жамааты жаш  муундарга  татыктуу   билим   жана тарбия  берүүдө  алгылыктуу  иштерди  аткарышууда. Мектептин  насаатчы  мугалими  Алапаева  Гүлмира  Кулубаевна жетектеген 8-а классынын окуучулары  “Саманчынын  жолу” повестинен  үзүндү  көрсөтүп, Толгонайдын  образын ачып беришти. Мындан сырткары Жамшитова  Патима  даярдаган “Эрте  келген  турналардагы”   Султанмураттын  образы, Нурманбетова Айзада  камдаган “Ак  кеме”  повестиндеги Нургазынын  образы, жаш  мугалимдер Каджыбекова  Элмира даярдаган “Кылым  карыткан  бир  күн” романындагы  Жоломандын  образы,  Жакыпова  Айжан даярдаган “Биринчи  мугалим”деги  Алтынайдын  образы  көрүүчүлөргө  жеткиликтүү  көрсөтүлүп, шатыраган  кол  чабуулар  менен  коштолду.

Мектеп окуучулары  өздөрүнүн  ар  кырдуу  таланттарын, өнөрлөрүн көргөзө   алышты.  Окуучулар сүрөт  көргөзмөсүнө   активдүү катышышты.       

Адабий-музыкалуу кечеде окуучулар жазуучунун чыгармаларын сахналаштыруу менен өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алар  жазуучунун   ар  кылдуу  талант  экендигин  өз  көздөрү менен  көрүп,  атактуу  инсандардын  катарына  кирип, өз  мекенин  жанындай  сүйгөн  жана  сүйө  ала  турган мекенчил  уул-кыздардан  болууну  жүрөгү менен эңсеп турганын баамдай алдык. 

Дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыздын адабият алптары Айтматов жана Алыкул

Дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыздын адабият алптары Айтматов жана Алыкул


(Автор:Аноним / Редактор:GL)