WeChat      Избранное

​КЫРГЫЗСТАНДЫН РЕГИОНДОРУН ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНА ИННОВАЦИЯЛЫК СУНУШ

07/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

​КЫРГЫЗСТАНДЫН РЕГИОНДОРУН  ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНА  ИННОВАЦИЯЛЫК СУНУШ

Cүрөт авторго таандык

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун Региондорду өнүктүрүү программасынын жана республиканын 2040-жылга чейинки өнүгүү Стратегиясынын  өзөгүн «адам, анын өмүрү, ден-соолугу, билим алуусу, укугу жана эркиндги» түзөөрү анык. Ушул өңүттөн алганда дүйнөлүк ири мамлекеттердин жетекчилери 2016-жылдын, сентябрь айында Парижде кабыл алган «Туруктуу өнүгүүнүн 2030-жылга чейинки он жети максаты» аттуу келишимге үндөшүп, аны ишке ашыруунун алгачкы кадамы катары айгинеленилет.

Бул туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын ичинен Кыгрызстанда артыкчылык кылуучу багыттарга экология, ден-соолук жана тамак-аш коопсуздугу кирери баса белгиленген. Чынында, айырыкча экологиянын акыркы мезгилде кескин өзгөрүшү, Кыргызстанды гана эмес, дүйнө элин өтө чоң кооптонууга алып келүүдө.

Кыргызстан тоолу мамлекет, анын жалпы аянтынын 95%нан көбүн тоолор ээлейт. Климаты кескин континенталдуу: кышында кээ бир жерлеринде аба температурасы –53,6ºС жетсе, жайында +44ºС жетет, дайыма өзөрүлүп турат. Мөңгү 67 миң км2 түзөт б.а. республиканын жалпы аянтынын 34%, ал эми күндүн радияциясы 136 ккал/см ден 161 ккал/см2 жетет. Акыркы мезгилде мөңгү аянтынын тез эрий башташы коомчулукту бушайман кылууда. Окумуштуулардын билдирүүлөрүнө таянсак 2025-жылы мөңгүнүн жалпы аянты, орточо эсеп менен 30-40% га кыскарат, мунун кесепетининен өлкө дарыяларындагы суулардын көлөмү 20-35% га азаяат. Бул өз учурунда табият комплексинде (экосистемада) эрозия жана деградация процесстерин күчөтөт. Бүгүнкү күндө, өлкөдөгү жалпы айдоо аянтынын 60-70%ы эрозияга жана деградацияга дуушар болуу коркунучунда турат. Ал эми жыл өткөн сайын бир адамга туура келүүчү суу баскан (айдоо) жерлердин саны 2030-жылы 0,18 га дан 0,1 га чейин кыскарары, ошондой эле антропогендик (адамдын) кийлигишүүсү менен, алардын сапаты кескин төмөндөшү аныкталган. Ошондой эле, айдоо жерлерде топурактын кунардуулугу, айрыкча андагы гумус контролдук (базалык) аналогдорго салыштырганда 16%дан 50%га чейин түшүп кетери тастыкталууда.

Ал эми жайыт жөнүндө кеп кылсак, бүгүнкү күндө республикада табигый тоют жайыты, жалпы айыл чарба жеринин 9,2 млн.га сын ээлейт же анын 86%ын, бирок 60%дан көбү түрдүү деградияцияга дуушар болгон. Мындай экологиялык абал (айрыкча акыркы жылдарда) адамдын жана жаныбарлардын ден-соолугуна кескин терс таасирин тийгизүүдө.

Эгер биз, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министирлигинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ветеринардык инспекциянын жана кесипкөй окумуштуулардын билдирүүлөрүнө ишенсек, анда өтө коркунучтуу деген оорулар: онкологиялык, иммундук, жүрөк-кантамыр, иче-карын жана нерв мурунку жылдарга салыштырмалуу 2-3 эсе көбөйгөндүгү, айрыкча алардын улам жашарып жатышы, коомчулукту ойлонтууда б.а. жогоруда белгиленген, артыкчылыка ээ экологиялык багыт, Кыргызстан үчүн эң көйгөйлүү проблеманын бири экендигин далилдейт.

Республикада бул багытта мамлекеттик бир топ бирикмелер, иш каналар, илим-изилдөө институттары, диагноздук борборлор жана атайын станциялар иш алпарышат, бирок бул борборлордо, илимий мекемелерде бүгүнкү күндүн талабына жооп берүүчү, бир максатты көздөгөн, комплекстүү изилдөө иштери жүргүзүлбөйт. Бул мекемелер ар бири өз алдынча, өзүлөрүнүн гана иштерин бир багытта аткарууда. Ошондуктан алдын ала экологиялык абалдын өзгөрүүсүн, анын кесепетинен адамдын жана жаныбарлардын ден-соолугуна таасир этүүчү терс факторлорду аныктоо мүнкүн болбой келет.

Эгерде биз 2040-жылга чейинки өнүгүү Стратегиясынын өзөгүн «адам, анын өмүрү жана ден-соолугу» түзөөрүнө басым кылсак, анда өлкөдөгү экологиялык абалды оптимизациялоо (жакшыртуу) жалпы элибиздин, айрыкча окумуштуулардын алдына коюулган милдет (наказ) катары кабыл алуу абзел. Ушул өңүттөн алганда, жогоруда айтылган бирикмелер, илим-илиздөө институттары, бул көйгөйлүү проблеманы чечүүдө, азыркы жаңы турмуш талабына жооп бербей калды.

Бул максатты ишке ашырууда республикада, бүгүнкү күндүн ургалына жооп берүүчү, инновациялык илим-билим экологиялык борборлорун уюштуруу заман талабы болуп саналат. Дүйнөлүк алдынкы илимий-практикалык көз караштар да, экологиялык абалдын тездик менен өзгөрүшүнө байланыштуу тынчсызданып, бул багытта комплекстүү инновациялык иш-чараларды жүргүзүүнү сунуштайт.

Биз иштеп чыгып, сунуштаган инновациялык илим-билим экологиялык борбору, - биринчиден Кыргызстанда экологиялык абалды (экосистеманы) өз учурунда оптимизациялоону, - экинчиден экологиялык жактан таза мал жана өсүмдүк продуктуларын алууну, - үчүнчүдөн адам, мал жана өсүмдүк ооруларынын чыгышын токтотууну камсыздайт, б.а. республикадагы артыкчылык багыттарга толук жооп берет. 

Бул инновациялык илим-билим экологиялык борбору мамлекеттик мекеме болуу менен, өзүнүн иш аракетин Кыргыз республикасынын Конститутциясынын (баш мыйзамынын) жана илим-билим жаатындагы укук-нормалык актылардын негизинде жүргүзөт. Инновациялык илим-билим экологиялык борбору негизинен төмөндөгүдөй түзүмдөрдөн (бөлүмдөрдөн) турат:

•Окуу – билим берүү боюнча бөлүмү – мында адистерди даярдоо жана кесибин жогорлатуу жүргүзүлөт, айрыкча экология, топурак таануу, медицина, ветмедицина, гидрология, антропология багытындагы биогеоценологдорду, ошондой эле адамдын, малдын жана өсүмдүктөрдүн ооруларын изилдөөчү адистерди кайра даярдоо ишке ашырылат.

•Илимий иштерди жүзгүзүү боюнча бөлүмү – мында жалпы экологиялык абал изилденет, айрыкча ошол жердин (региондун, областын, райондун ж.б.) топрагы, суусу, абасы, өсүмдүктөрү, анторпогендик факторлор, өсүмдүк, мал жана адамдын оорулары.

•Эл аралык иштер жана эл аралык проектилерди даярдоо бөлүмү – мында эл аралык белгилүү уюмдар менен тыгыз байланыш түзүү жана алар менен иш алып баруу (мисалы, ПРООН, ДССУ, ФАО ООН, ЭИТБ, ЭЭБ, ТЕМРUS, ИКАРДА ж.б.).

Эл аралык илимий проектилерди даярдоо, айрыкча адам, мал жана өсүмдүк оорулары, ошондой эле топурак, суу, аба, өсүмдүк ресурстарын жана антропогендик факторлорду изилдөө боюнча.

•Маалымат, кеңеш берүү жана окуу куралдарын даярдоо бөлүмү – мында массалык маалымат каражаттары аркылуу өз учурунда элге маалыматтарды  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; кыска филимдердин сценарийлерин даярдап, аны тартуу; видео жарнактарды, илимий отчетторду, окуу китептерин, монографияларды, брошюраларды жана буклеттерди даярдап, аларды жарыкка чыгаруу ж.б.

Инновациялык илим-билим экологиялык борбордун негизги максаты – Кыргызстанда экосистеманы өз учурунда комплекстүү изилдөө, экологиялык жактан таза мал жана өсүмдүк продуктуларын алуу, ошондой эле коркунучтуу адам, мал жана өсүмдүк ооруларынын чыгышын алдын алуу. Мындай милдетти аткарууда заман талабына жооп берүүчү бир максатты көздөгөн, заманбап окуу-билим борборунун ачылышы жана аны коомдун өнүгүүсүнө пайдалануу мезгилдин талабы болуп саналат.

Инновациялык илим-билим экологиялык борборунда жаңы көз караштагы, адистигин жогорулаткан же кайра даярдоодон өткөн жогорку квалификациялуу биогеоценологдор: медициналык врачтар, экологдор, биолоктор, ветеринардык медиктер, антропологдор, технологдор, гидрологдор, агрохимиктер, токсикологдор ж.б. кесипкөй адистер, окумуштуулар бирге, бир борбордо иштеп коюлган максаты жүзөгө ашырат.

Бул маселе жалпы коомчулуктун, кыргыз интелигенциясынын, илимпоздордун, деги эле тажрыйбасы мол өндүрүш-практиктердин колдоосуна муктаж. Борбор өлкөбүздө кабыл алынып жаткан 2040-жылга чейинки республиканын өнүгүү Стратегиясына жана Региондорду өнүктүрүү жалпы улуттук жогорку технологиялуу долбоорду ишке ашыруудагы өзөктү компоненттин бири болуп саналат. Демек, бул борборду бүгүн колдоо учурдун талабы, эртең мүмкүн кеч болуп калат.   


                                                             К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, малдын ички ылаңдары кафедрасынын башчысы, Эл аралык жана Россия илимдер академиясынын академиги, ветеринардык илимдердин доктору, профессор 

                                                               Ногойбаев Мукамбет Дайырович 

(Автор:Аноним / Редактор:GL)