WeChat      Избранное

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитине окурмандардын берген баасы

12/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Бүгүн биздин окурмандар “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” (“Шелковый путь. Культурное развитие”) гезити тууралуу ойлорун билдиришип, аны дагы да өнүктүрүү үчүн өз сунуштарын айтып, кызыктуу ой-пикирлери менен бөлүшүштү. 

Чолпон Субакажоева, тарых илимдеринин кандидаты, манас изилдөөчү: “Бул ишмердүүлүк Кыргызстанга дагы, Кытай тарапка дагы абдан пайдалуу” 

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитине окурмандардын берген  баасы

-“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткандыгына быйыл 3 жылдын жүзү болду. Ушул 3 жыл аралыгында эки өлкө ортосундагы карым-катнашты, кызматташтык алакаларын берүү менен бирге, маданият жана тарых тармактарына дагы басым жасап иштеп келишет. 

Улуу Жибек жолундагы маалыматтардын жыштыгы ушундай көп кезде, бир-бирибизден такталган маалымат алышып-беришип жаткандыгыбыз чоң иш. Бул ишмердүүлүк Кыргызстанга дагы, Кытай тарапка дагы абдан пайдалуу. Эч нерсени укпай, көрбөй, окубай билбегенден көрө, бир нерсени билип туруп сүйлөп, окуп туруп жыйынтык чыгарып жасаган иш ийгиликтүү болот. Кыргыз-кытай алакасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошкон, ааламдашуу учурунда өз ара түшүнүүчүлүк болушу үчүн объективдүү материалдардын, ар тараптуу маалымат берген гезиттин чыгып жатканы заман талабы. Албетте, 3 жыл гезит үчүн аз гана убакыт. Алдыда, дагы кыргыз-кытай кызматташтык алакасын бекемдөөдө жакшы өбөлгө болуп бере алат деп ойлойм. 

Жеке пикиримде, гезит бетине Кытайдын болобу, Кыргызстандын болобу кандайдыр бир тармактарда бийиктиктерди багынткан улуу инсандары тууралуу, боорукерлик, адамгерчиликти даңазалаган окуялар жөнүндө дагы көбүрөөк макалалар жазылса жакшы болоор эле. Бардыгыбыз билгендей, учурда Кытай Эл Республикасы жаратылышты коргоо, экологияны сактоо багытында дагы жигердүү эмгек кылып, жакшы бир иштерди жасап жатышат. Ушул экология жаатына дагы көңүл буруп, аны сактоо жана коргоо боюнча маалыматтар эл арасында өз окурмандарын табаары күмөнсүз. 

Эң негизгиси, гезит туура жолдо өнүгүп бара жатат. Анын милдети менен катар жоопкерчилиги дагы ошондой эле чоң. Эки мамлекет ортосундагы байланышты, алаканы туура жана так берүү, эки элди бир-бирине таанытуу дагы оңой иштерден эмес. 

Азамат Байышбеков, ОшМУнун Пекиндеги өкүлү, Цинхуа университетинин докторанты: “Мындай, медиа тармагындагы кызматташуу кыргызстандыктардын кошуна мамлекет жөнүндөгү түшүнүгүн кеңейтет деп ойлойм”

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитине окурмандардын берген  баасы

-Биринчиден “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити чыгып, эл арасына тарай баштагандан бери, көптөгөн кыргызстандыктар кыргыз-кытай алакасы, кызматташуусу жөнүндө биринчилерден болуп маалымат ала башташты. Айрыкча, Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда болуп жаткан маданият жана билим тармагындагы байланыштарды чагылдырган макалалар байма-бай чыгып, өз окурмандарын тапты десем жаңылышпайм. Мындай, медиа тармагындагы кызматташуу кыргызстандыктардын кошуна мамлекет жөнүндөгү түшүнүгүн кеңейтет деп ойлойм.

Бирок ошол эле учурда, маалымат эки жакка тең чагылдырылып, сиздердин гезит КЭРдин башка гезиттери менен дагы тыгыз кызматташса деген оюм бар. Ушундай жол аркылуу, Ички Кытай дагы Кыргызстан тууралуу маалымат алса, эки элдин кызматташуу алакасы дагы бир деңгээлге көтөрүлөт эле. 

Мен гезиттин уникалдуулугу катары анын үч тилде, кыргызча, кытайча жана орусча чыгышын айтаар элем. Ушул үч тилде маалымат берип, макала-маектерди чыгарган гезиттин окурмандарынын аудиториясы аябай кең. Кыргызстанда, мындай үч тилде чыгарылган гезиттер жокко эсе. Бул сиздердин гезиттин артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү. 

Ал эми, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү» нүн социалдык тармакта дагы сайты, жеке баракчалары болгону жагат. Бирок, жеке пикиримде сайттын аталышын жеңилдетип жана аны колдонууну дагы ыңгайлаштырышса, окурмандар дагы көбөйөөрүнө ишенем. Убакыттын өтүшү менен гезит Кыргызстанда акырындык менен өзүнүн ордун таап, алдыңкы ММКлардын катарына кирет. Ошондуктан, туура жолдо баратат деп ойлойм. Дагы да болсо, эки элдин ынтымагы, достугу үчүн эмгек кылып, кыргыз-кытай кызматташтык алакасында “ишенимдүү байланыш көпүрөсү” болуп жүрө бериңиздер. 

Софья Апаева, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз-Кытай факультетинин деканы: “Дал ушул гезит аркылуу Кытай Эл Республикасы жөнүндө кенен маалымат алып, аны жакындан таанууга мүмкүнчүлүк алып жатабыз”

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитине окурмандардын берген  баасы

-“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити бүгүнкү күнү абдан актуалдуу гезиттердин бири. Бул жактан кыргыз-кытай байланышы, кызматташтык мамилеси жана бүгүнкү күнү ушул алака кандай өнүгүгүп жаткандыгы тууралуу толук маалымат ала алабыз. Бардыгыбыз билгендей Кытай Кыргызстандын башкы инвестору катары дагы белгилүү. Бул байланыш дагы да болсо, тереңдеп өнүгө берет деген ишеничтемин. Муну менен катар, ал биздин жакынкы коңшубуз болуп дагы эсептелет. Ошондуктан, дал ушул гезит аркылуу Кытай Эл Республикасы жөнүндө кенен маалымат алып, аны жакындан таанууга мүмкүнчүлүк алып жатабыз. 

Ошол эле, учурда Кытай тарап дагы биз тууралуу жаңылыктарды окуп, Кыргыз жерин, элин таанууга мүмкүнчүлүк алышууда. “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин Кыргызстандын медиа айдыңында пайда болуусу менен биз, КУУнун Кыргыз-Кытай факультети тууралуу, элдер көп угуп, билип жатышат. Бизде болуп жаткан жаңылыктар, иш-чаралар, Кытай тарап менен байланышыбыз жөнүндө окурмандарга маалымат берилүүдө. Биздин факультет студенттерге жеке гана кытай тилин үйрөтүү менен чектелбестен, кытай маданияты, тарыхы, каада-салты, майрамдары, улуттук баалуулуктары тууралуу дагы үйрөтүп, эки элдин алакасын өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошуп келе жатабыз. 

Бардыгыбыз билгендей, гезиттин дагы башкы максаты дал ушул эки элдин баалуулуктарын бир-бирине таанытуу. Дагы да болсо, ушул өңүттө иш алып, бул багытты тереңдетүү керек деп ойлойм. 

Маматибраим Самиев, ОшМунун доценти, техника илимдеринин кандидаты, КР Жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, милициянын отставкадагы полковниги: “Гезит кыргыз-кытай ортосундагы алакага данакер”

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитине окурмандардын берген  баасы

-Мен “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин ар дайым алып, кыргыз жана орус тилиндеги маалыматтарды калтырбай окуп турам. Ал жакта кесипкөйлүк, ийгилик сырлары, билим, маданият, тарых жаатында мыкты макалалар, маектер чыгып турат. Гезиттин Кыргызстандын маалымат айдыңында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткандыгына быйыл 3 жылдын жүзү болду. Ушул жылдар аралыгы эл арасынан өз окурмандарын таба алды. Учурда, дагы ийгиликтүү иштеп келе жатат. Эң негизгиси, Кытайды жакындан таанууга өбөлгө болуп берүүдө. 

Чындыгында, учурда, Кытай бардык тармактарда өнүгүп жатат. Бизге дагы ал жакта болуп жаткан өнүгүүлөр тууралуу көбүрөөк маалымат берилсе. Мисалы, айыл чарба тармагындагы акыркы жетишкендиктери ж.б.у.с. Эң негизгиси, бул гезит кыргыз-кытай ортосундагы алакага данакер болуп, өз ишин так жана туура аткарып келүүдө, жаркын келечеги дагы алдыда. 

Гулзат Джумалиева, Кыргыз мамлекеттик Юридикалык академиясынын кытай тили ага окутуучусу: “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин уникалдуу деп айтсам болот”

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитине окурмандардын берген  баасы

-“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин уникалдуу деп айтсам болот. Анткени, ушундай багытта иш алып барып, үч тилде чыгарылган гезиттер жок. Сиздер алгачкылардан болуп кыргыз-кытай мамилелерин ар тараптуу, бардык аспекттерде чагылдырылган макалаларды жазган, абдан кызыктуу, окумдуу жаңылыктар, маектерди чыгарган Кыргызстандагы бирден-бир гезит болуп саналасыңар. Ошондуктан, эл арасында дагы бул гезитти күтүп окугандар аз эмес. 

Өзүм студенттер менен иштешкендиктен, дагы да болсо Кытайдын университеттери, шаарлары, тамак-ашы, аба-ырайы тууралуу көбүрөөк маалыматтарды берсеңиздер деп өтүнөт элем. Анткени, кытай тилин үйрөнүп, коңшу мамлекетке окууга кетип жаткан студенттерибиз үчүн бул жакшы жардам болмок. Муну менен эле катар, мүмкүн болсо кытай тилин тез үйрөнүү ыкмасын билген, кытай мугалимдери менен дагы маек куруп, алар дагы өз тажрыйбалары менен бөлүшсө жакшы болот го деп ойлойм. 

Чындыгында, сиздердин гезиттин кыргыз-кытай алакасына кошкон салымы чоң. Ушул сиздер аркылуу Кытайды дагы жакындан таанып жатабыз. Рахмат, иштериңиздерге ийгилик! 

(Автор:Чолпонай Турдакунова / Редактор:GL)