WeChat      Избранное

Кыргызстандык адистер Кытайдын айыл чарбасы менен жакындан таанышты

04/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстандык адистер Кытайдын айыл чарбасы менен жакындан таанышты

Сүрөттөр “Искра Азия” компаниясына таандык

Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрынан баштап, 14-ноябрына чейин кыргызстандык кызматкерлер Кытай Эл Республикасынын айыл чарба тармагы менен жакындан таанышып, коңшу элдин ушул багытта жетишкен ийгиликтерине күбө болуп, тажрыйба топтоп келишти. 

Бул иш-чарага жалпысынан жыйырма сегиз адам катышып, жыйырмасы мамлекеттик кызматта эмгектенгендер болсо, сегизи “Искра-Азия” ААКтын алдыңкы адистери болду. Коңшу мамлекетке болгон бир айлык сапар толугу менен Кытай тараптан каржыланып, ал КРдин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги жана КЭРдин Коммерция министрлиги тарабынан уюштурулду. 

 “Искра-Азиянын” кызматкерлери коңшу мамлекеттен алган таасирлери менен бөлүшүп, сапар тууралуу гезитибизге кызыктуу маек куруп беришти. 

Жумалиев Урмат: 

“Кытайдын айыл чарба жаатында багынткан ийгиликтерин көрдүк, бул тармакта алып барган ишмердүүлүгүнүн өнүгүү жолу менен жакындан тааныштык” 

-Жалпысынан Кытай жергесине болгон сапарыбыз абдан жемиштүү өттү. Кытай Эл Республикасынын айыл-чарба тармагында жетишкен ийгиликтерине күбө болуп, тажрыйбалары менен жакындан таанышып келдик. Муну менен катар эле, коңшу мамлекеттин бир катар шаарларын кыдырып, ажайып жерлерин, элинин меймандостугун көрүп, мыкты таасирлер менен өз жергебизге кайттык десем жаңылышпайм. 

Пекин, Ханьдань, Пуян, Чжэнчжоу, Кайфэн ж.б. шаарларына бардык. Пекинде 14 күн туруп, дүйнөгө белгилүү Улуу Кытай сепили менен катар, Тяньаньмэнь аянтын, Кытай борборунун башкы зоопаркын дагы кыдырып көрдүк. Чындыгында, Пекин мага өзгөчө таасир калтырды. 

Учурда, шаардын экологиясына кам көрүү, ага зыян келтирбөө, аймакты жашылдандыруу иштери абдан кызуу жүрүп жаткан кези экен. Абаны булгаган унаа түрлөрүнө дагы тыюу салынып, ал жакта экологияны коргоо башкы максат экендигин байкадым. Шаар ичи бак-дарактуу эс алуу жайларына толуптур. Башкача айтканда, Пекинди “Бакча шаар” деп койсок дагы туура болчудай. 

Көчөлөрү таза, имараттары заңгыраган, эли абдан меймандос  экен. Эң негизгиси “коопсуз, акылдуу шаар” экендигине күбө болдук, аймактын бардык жактарында камералар орнотулган. Азыркы учурда, дүйнөдөгү акыркы технологиялардын бардык түрлөрү Пекинде колдонулуп, иштеп жаткандыгын көрдүк. 

Муну менен катар эле, Пекинде жайгашкан Кытай Айыл чарба университетинде, айыл чарба продукцияларын өндүргөн лабораторияларда, завод-фабрикаларда дагы болдук. Тактап айтканда, Кытайдын айыл чарба жаатында багынткан ийгиликтерин көрдүк, бул тармакта алып барган ишмердүүлүгүнүн өнүгүү жолу менен жакындан тааныштык. 

Чындыгында, коңшу мамлекеттин агро өнөр жайы абдан өнүккөн. Муну менен катар, ал жакта тамчылатма сугаруу, жер семирткичти үрөндүн өзүнө куюу (капельный полив, капельное расширение) ыкмасы дагы өнүгүптүр. Ушул ыкма аркылуу сууну, жер семирткичти дагы ченеми менен колдонуп, үнөмдөй алышат экен. Бизде, азырынча мындай ыкма колдонула элек, колдонулса дагы абдан аз санда. Ушундай, ар түрдүү мыкты жолдор аркылуу, ал жакта бир жылда эки жолу түшүм жыйнашат экен. Бул дагы абдан жакшы жетишкендик десем болот.

Пекинде бизге, Синьцзяндын айыл чарбасын мисал катары айтып беришти. Анткени, Кыргызстан менен ал жактын аба-ырайы окшош келип, Синьцзянда колдонулуп жаткан ыкмаларды бизде дагы колдонуп, мол түшүм алууга болооруна токтолушту. Синьцзян бизден, толугу менен бир эсеге көп түшүм жыйнап алаары дагы айтылды. 

Бизде ушул тармакты тереңдеп үйрөтүү, өнүктүрүү максатында атайын окуу борборлорун ачуу заман талабы десем жаңылышпайм. Мына, ошол борборлорго Кытайдын айыл чарба тармагында эмгектенип, ийгиликтерди жараткан алдыңкы адистерин, өзүбүздүн дагы ушул тармактагы окумуштууларыбызды чакырып, сабактарды өткөрсө дагы жакшы жыйынтыктарды берет деп ойлойм. 

Чындыгында, Кытай Эл Республикасында кандай гана тармак болбосун, бардыгына мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жардам берилип турат. Мамлекеттин колдоосу жок, ушундай мыкты көрсөткүчтөргө жетүү абдан оор, оңой эмес. 

Бул жаатта алардан үйрөнчү жактарыбыз көп. Мисалы, Кытайда дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды мамлекет өзү сатып алат экен. Дыйкандар кылган эмгеги эртеңки күнү акталаарына ишенишет. Анткени, жыйнаган түшүмү өтөөрүн билет. Баасы дагы мамлекет тарабынан коюлуп, тең салмактуулукту сактап турат экен. Мисалы, Кытайда ар бир провинцияга өзүнө ылайык айыл чарба продукциясын өндүрүп чыгууга тапшырма берилген. Алар ошого жараша, өз милдеттерин аткарып, атаандашуу, өтпөй калуу деген коркунучка дуушар болушпайт. Айыл чарба ишкерлерине ушундай ишеним берүү бул абдан жакшы кадам деп ойлойм.

Ал эми, кытай ашканасына токтоло турган болсом, мага бардыгы абдан жакты. Чындыгында, ар бир провинция өзүнө гана тиешелүү өзгөчө спецификага эгедер болгон, тамак-аштын түрлөрүнө ээ экен. Эң башкысы, ашказанга жеңил, бат сиңимдүү тамактар болгондугу кубандырды. Канчалык көп жесең деле, бат эле аш болуп кетет экен. Нан, картошканы абдан аз колдонгону жакшы экен. Бирок, бизде жасалган кытай тамактарына даамы жетпейт экендигин сездим. Баары бир, бул жактын кытай ашканасы мага жакын сезилди. 

Чындыгын айтсам, мен мурун кытай эли тууралуу башкача ойлочумун. Бирок, мисалы, Пекинди ала турган болсок, пекиндиктер абдан маданияттуу, билимдүү экендигин көрдүм. Кимге кайрылба, бардыгы англис тилинде эркин сүйлөшөт экен. Мен үчүн бул жагымдуу көрүнүш болду. Милиция кызматкерлери абдан кичипейил, ар дайым жардам берүүгө даяр тургандыктары кубандырды. 

Кыргызстандык адистер Кытайдын айыл чарбасы менен жакындан таанышты

Осмонов Нуразис: 

“Өз мезгилинде “фарфор ишмердүүлүгү” менен атактуу Ханьдань, учурда бир катар өндүрүш ишканалары менен белгилүү экен” 

-Мен дагы кытай жергесине биринчи жолу бардым. Абдан жакты. Технология, өндүрүш негизи эле бардык тармактарда өнүгүү абдан күчтүү экен. Мени таң калтырганы Кытайда велосипедди унаа катары колдонуу өтө жогорку деңгээлде өнүккөндүгү болду. Коңшу мамлекеттин биз көргөн бардык шаарларында эле, жашынан карысына чейин велосипед тээп жүргөндүгүнө күбө болдук. Ушул бир ай аралыгында кыдырган бардык шаарларыбыз өзүнүн тарыхый, маданий ажайып жайлары менен өзгөчө таасир калтырды. 

Ханьдань шаары тууралуу айта турган болсом, бул түндүк Кытайдын Хэбэй провинциясында орун алган шаар экен. Өз мезгилинде “фарфор ишмердүүлүгү” менен атактуу аймак, учурда бир катар өндүрүш ишканалары менен белгилүү экен. Ал жакта машина куруу, текстиль өндүрүшү менен катар айыл чарба тармагы дагы мыкты өнүгүптүр. Эл жашаган үйлөрү дагы бирдей салынып, жашоо турмушу бир калыпта, жакшы нукта өнүгүп жаткандыгына күбө болдук. Кытайда билим берүү тармагына дагы абдан мыкты көңүл бурулат экен. Буга биз орто мектептерин көрүп барганда күбө болдук. Окуучулардын татыктуу билим алуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, мектеп заманбап техникалык жабдыктар менен толугу менен камсыз болуптур. 

Кытайдын бардык шаарларында эле курулуш иштерин, оңдоо-түздөө, жаңылоо аракеттерин көрүүгө болот. Бул дагы да болсо, мамлекеттин экономикасынын өнүгүп жаткандыгынан кабар берет. 

Биз “Искра-Азиянын” башкы кеңсеси болгон Гуй Ю корпорациясына дагы барып келдик. Бул соода-өнөр жай корпорациясы Хэнань шаарынын Шанцю шаарында жайгашыптыр. Ал жактан дагы Гуй Юнун жүргүзгөн ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду.

Жалпысынан алганда, сапарыбыз абдан кызыктуу өттү. Көп нерсени көрдүк, үйрөндүк. Кытай тарап бизди абдан жакшы тосуп алды. Биз менен дайыма котормочу, медицина кызматкерлери жана коопсуздук үчүн милиционер дагы кошо жүрдү. Коңшу мамлекет менен жакындан таанышып кайттык.

Чэнь Сюйхуэй, “Искра-Азия” компаниясынын директорунун орун басары: “Алдыда, бул топтолгон тажрыйбалар биздин агропарктын өнүгүүсүнө зор салымын кошмокчу” (подзаголовок)

-Биздин кызматкерлер Кытай жергесине айыл чарба техникалык даярдыктарын жүргүзүү, тажрыйба топтоо, Кытай менен жакындан таанышуу максатында бир айга барып келишти. Ал жакка, алдыңкы мыкты адистерибизди жибердик. 

Чындыгында, мындай иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп турат. Былтыр дагы барып келишкен. Албетте, ушундай кадамдар кызматкерлерибиздин тажрыйбасын жогорулатуу менен катар, кандайдыр бир деңгээлде жаңы бир нерсени үйрөнүүгө, Кытай эли, жери, маданияты менен жакындан таанышууга дагы өбөлгө болуп бермекчи. Биздин башкы максат, жумушчуларыбызды заман менен бирге өнүктүрүп, күчтүү, өз ишин мыкты билген адистер кылып өнүктүрүү. 

Мына, ушул максаттын негизинде быйыл Жумалиев Урмат, Мокушева Адиля, Исмаев Малик, Жукова Оля, Бакалеева Гулзат, Яншанло Малика, Крамаренка Наталья жана Осмонов Нуразис аттуу кызматкерлерибизди жөнөткөнбүз. Алар Кытайдын айыл чарбасы, ушул тармакта колдонулган алдыңкы технологиялык жабдыктар, тамак-аш азыктарын кайра иштетүү багытында билимин өркүндөтүп, маалымат алып келишти. Алдыда, бул топтолгон тажрыйбалар биздин агропарктын өнүгүүсүнө зор салымын кошмокчу. 

Чындыгында, Кытай айыл чарбасы учурда жогорку деңгээлде өнүгүп, тармактын дагы да болсо өнүгүп-өсүүсү үчүн мамлекет өзгөчө көңүл буруп келет. Муну менен катар, Кытай тарап Кыргызстан менен дал ушул тармакта дагы кызматташтык мамилесин бекемдөөгө кызыктар экендиги бардыгыбызга белгилүү. Биз ушул багытта жигердүү иштеп, эки коңшу мамлекеттин ортосундагы кызматташтык алаканы чыңдоого өз салымыбызды дагы кошсок деген изги тилегибиз бар. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)