WeChat      Избранное

Интернет доорунун башкы майрамы - санариптештирүү заман талабы

26/11/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Интернет доорунун башкы майрамы  - санариптештирүү заман талабы

ФотоWWW

Акыркы жылдары Кыргызстанда санариптештирүү тармагына көңүл бурулуп, ушул жаатты өнүктүрүү үчүн “Санарип Кыргызстан” сымал бир катар иш-чаралар аткарылууда. Бирок, дагы да болсо бул тармак замандын талабына жооп бере алгыдай деңгээлде өнүкпөгөндүгү бардыгыбызга маалым. Ал эми, ушул жааттын ажырагыс бөлүгү бул-электрондук коммерция.  

Электрондук коммерция-бул кардар менен сатуучуну же болбосо ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүн жакындатуучу аянтча десек болот. Башкача айтканда, жарандар керектүү буюм-тайымдарын үйүнөн чыкпай эле, ашыкча убакыт коротпостон интернет аркылуу сатып алууга болгон мүмкүнчүлүк. Электрондук коммерция бизнесмендер үчүн дагы абдан ыңгайлуу. Себеби, алар өнөктөштөрү менен жерине барып келишим түзбөйт. Бардык маселелерди санариптик жол менен чечип алууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Эгерде, электрондук соода аянтчасы түзүлсө ага катталып, базасы менен таанышып, кандай байланыштар бар, кандай баа менен эмне сатылып жатканы тууралуу маалымат алууга дагы мүмкүн болмокчу. Ааламдашуу доорунда чеги жок байланыш алакаларын түзүүгө бул багыт эң мыкты жардамчы болмокчу. Өзгөчө, пандемия шарттарында санитардык-эпидемиологилык эржелерди сактоодо электрондук коммерция заман талабы экендиги шексиз.  

Чындыгында, заманбап экономиканы электрондук коммерциясыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Бул кадам эртеңки күндүн иши эмес, бүгүнкү күндүн талабы. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде ийгиликтүү иштеп жаткан бул тармакка биздин дагы муктаждыгыбыз бар. Жогоруда айтылгандай, Кыргызстанда бул багыт дагы да болсо өнүгүү жолунда. Азыркы тапта мамлекеттик кызматтарды санариптик форматка жана онлайн режимге өткөрүүнүн платформасын түзүү электрондук экономикага карай ташталган алгачкы кадамдардын бири болмокчу. 

Учурда бизде кандайдыр бир товарлардын акысын же кызматтарды төлөөдө электрондук капчыктарды колдонуу жолу жакшы өнүгүп жатат десек болот. Бирок, электрондук коммерция тармагында баары бир башка мамлекеттерден артта калуудабыз. Биздин жарандар, көнүмүш соода аянттарын колдонууну туура көрүшөт. Буга башкы себепкер катары, интернет соода тармагына болгон ишенимдин жоктугун, ушул багытта кардардын укугун коргоочу кандайдыр бир механизмдердин болбоосун жана эффективдүү, мобилдүү логистикалык борборлордун дагы жок болушун айтсак болот.

Электрондук бизнес, электрондук коммерция дүйнө жүзүндөгү айкын глобалдуу тренд болуп эсептелет. Ошондуктан, Кыргызстан дагы бул процесстен сыртта кала албайт. Бул заман талабы десек болот. Электрондук бизнестин ишмердүүлүгү чексиз. Мына дал ушул багыт берген мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну биз коңшу мамлекет Кытай Эл Республикасынан үйрөнсөк болот.

11-ноябрь - бир суткада миллиарддарды алып келген интернет доорунун башкы майрамы 

Электрондук бизнес эл аралык практикада кеңири колдонулуп, натыйжалуу жыйынтык берип келет. Алыс кетпей эле, коңшу мамлекеттерди эле ала турган болсок Орусия, Казакстанда электрондук коммерция эбак эле ишке ашкан. Ал эми, Кытай Эл Республикасы бул тармакты эң ийгиликтүү жүзөгө ашырган, интернетти өнүктүргөн дүйнөлүк лидер экендиги талашсыз. Бекеринен, коңшу өлкө “онлайн-империя” наамын алып жүрбөсө керек.

Кытай элинин жашоосуна электрондук коммерция ажырагыс бөлүк болуп кирген. Эң эле жөнөкөй мисал, вичат системасы. Вичат биз колдонуп жаткан WhatsAppтын аналогиясы десек болот. Кытай жергесинде кенен колдонулган бул система, жөн гана сүйлөшүү куралы болбостон, акча алмаштыруу, соода-сатык жүргүзүү аянты дагы болуп эсептелет.

Вичат (WeChat) бүгүнкү күнү социалдык тармактардагы эң ыңгайлуу акча төлөм системасы болуп эсептелет. Кытайдын бардык булуң-бурчунда таксиге же метрого жол кире төлөөдө, самолетко же поездге билет сатып алууда, соода-сатык кылып жатканда акчасын вичатты колдонуу менен төлөөгө мүмкүнчүлүк бар. Акча которууда жеке адамга же болбосо бир тайпанын ичиндеги бардыгына акча жиберүү шарты каралган.

Мындан сырткары, бардыгыбызга белгилүү “Алибаба групп” интернет холдинги. Бул интернет “соода базары” жеке гана Кытайда эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө жайылып, өнүгүп келүүдө. Анын негиздөөчүсү, миллиардер, Кытайдын белгилүү ишкери Джек Ма (Ма Юнь) болуп эсептелет.

11-ноябрь Кытайда өзгөчө бир майрам күнү экендигин бардыгыбыз биле бербесек керек. Бул күн-“Бүткүл дүйнөлүк шопинг (сатып алуу) күнү”. Көпчүлүк билбесе дагы, ал тууралуу уккандан кийин сөзсүз түрдө, ушул сатып-алуучулардын катарын толуктайт. Бул интернет доорунда негизделген майрам десек эч жаңылышпайбыз. Анткени, дал ушул күнү Кытай интернет-холдинги “Алибаба групп” өзгөчө төмөн арзандатуулары менен интернет кардарларын кубантып, бүгүнкү күнү дагы бул салт уланып келет.

Бул майрамдын келип чыгышына, 11-ноябрда белгиленген “Бойдоктор күнү” себепкер болгон. Анткени, 2009-жылы аталган майрамдын урматына карата, “Алибаба групп” өзүнүн AliExpress.com интернет дүкөнүндө эң арзан “шопинг күнүн” уюштурган. Мына, ошол күндөн баштап, жыл сайын 11-ноябрь күнү “Бүткүл дүйнөлүк шопинг күнү” белгиленип келет.

Бүгүнкү күнү бул майрам толугу менен интернет айдыңын өз кучагына камтып, Кытайдын башка интернет аянтчалары дагы ушул демилгенинин негизинде кызмат көрсөтүп келишет. Учурда болсо, эл аралык интернет-дүкөндөрү мисалы, AliExpress сыяктуу дүкөндөр дагы сатып-түгөтүү акцияларына катышып, ушул күндү бүтүндөй дүйнө жүзү белгилеп келүүдө.

Электрондук коммерция аркылуу адамдар каалаган буюмун онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жылдан-жылга бул тармак өнүгүп, кардарлардын сүйүктүү “дүкөндөрүнө” айланып жатканы талашсыз. “Бүткүл дүйнөлүк шопинг күнүндө” арзандатууга учураган товарлар абдан көп түрдүү. Ал жактан бардыгын табууга болот, анын мүмкүнчүлүгү чексиз. Катардагы кардар өзү жана жакындары үчүн эң эле жөнөкөй кооздук буюмдарынан баштап, үйгө кийген кийимдердерди, чоң бир майрамга ылайыктуу стилдүү көйнөктөрдү, үй буюмдарын, техниканын түрлөрүн арзан баада сатып ала алат.

Эң негизгиси, шопинг убактысы башталганда жаккан буюмуңа өтө тездик менен буйрутма бергенди үйрөнүшүң зарыл. Антпесе, товардын бир канча пайызы алгачкы мүнөттөрдө эле сатылып кетет. Аны алып калууга үлгүрүү керек. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча миллиарддаган акча сатып алууга коротулат. Бул дагы да болсо, электрондук коммерциянын өтө тездик менен өнүгүп жаткандыгынан кабар берет.

Ал эми, “Бойдоктор майрамы” тууралуу айта турган болсок, бул майрам 1993-жылы КЭРдин Нанкин шаарындагы университетте белгилене баштагандыгы айтылат. Студенттер календардагы төрт бирдик катары менен (11-айдын 11-күнү) жалгыздык менен байланыштуу деп чечишкен. Майрамдын баштапкы аталышы 光棍节 (Guānggùn jié) жана ал чындыгында “Бойдоктор күнү” дегенди билдирет. 

Бирок, бүгүнкү күндө Кытайда бул майрам биринчи кезекте сатуунун күнү болуп калды. Бул күнү кытай дүкөндөрү менен сайттары ири арзандатууларды сунушташат, ал эми керектөөчүлөр 11-ноябрда сатып алуу үчүн жыл бою акча топтошот.

Быйыл дагы 11-ноябрда Кытайда дүйнөдөгү ири соода фестивалы болуп өттү. Covid-19 эпидемиясына карабастан, сатуу мурунку рекорддорду жаңыртууга коюлган. 2020-жылы Alibabaнын China Shopping Festival экиге бөлүнгөн. Биринчи толкун 1-ноябрдан 3-ноябрга чейин болуп өттү жана анын натыйжалары эң мыкты болду. Экинчиси 11-ноябрда түн ортосунан башталып, бир күн созулду.

2009-жылы компания, бул күнү сатууларды уюштуруу үчүн болгону 27 фирманы макул кылдыра алган. Беш жылдан кийин, 2014-жылы, Alibabaдагы 27000 интернет дүкөн бул сатыкка кошулган. 2020-жылы Taobao платформасында, Tmall жана AliExpress интернет-дүкөндөрүндө 250 миң бренд жана 5 миллион сатуучу соода фестивалына катышты. Быйыл сатып алуучулардын саны 800 миллиондун тегерегинде болду. 

Фестивалдын күндөрү жеткирүү ар дайым өз деңгээлинде болот. Быйыл, 11-ноябрдан 16-ноябрга чейин, кытайлык жеткирүү кызматтары күнүнө 490 миллион посылка жөнөтүшү керек. Alibaba платформаларындагы буйрутмалардан дагы көп жеткирүүлөр болот, анткени сатууга башка электрондук соода сайттары дагы катышууда. Өткөн жылы 11-ноябрда 535 миллион посылка иштетилген. Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында гана 900 миллион буйрутма күтүлүүдө. Мындай көлөмгө туруштук берүү үчүн жеткирүү кызматтары өз кызматкерлеринин санын 150 миң кызматкерге жана 65 миң жүк ташуучу унаага көбөйттү.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)