WeChat      Избранное

ЖМК: Лондондогу Шерлок Холмстун үйүнө Назарбаевдердин үй-бүлөсү ээлик кылат

11/11/2020  Источник:интернет   шрифта:

ЖМК: Лондондогу Шерлок Холмстун үйүнө Назарбаевдердин үй-бүлөсү ээлик кылат

ФотоWWW

Назарбаевдин кызы менен небересине 2015-жылы Бейкер-стриттеги Холмстун үйүнөн тышкары бир нече курулуш жана ушул эле көчөдөгү жер тилкеси тиешелүү болгону айтылат.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева менен анын уулу Нурали Алиевге Артур Конан Дойлдун айтылуу каарманы Шерлок Холмстун Лондондогу үйү таандык. Бул тууралуу Times басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Журналисттердин колуна тийген документтерге караганда, 2015-жылы үй-бүлөгө Бейкер-стриттеги Холмстун үйүнөн (221В дарегиндеги) тышкары бир нече курулуш жана ушул эле көчөдөгү 215 жана 237 үйлөрдүн ортосундагы жер тилкеси тиешелүү болгон.

"Маалыматка караганда, бул кыймылсыз мүлктүн жалпы баасы 140 миллион фунт стерлинг (15,5 миллиард сомдун тегереги). Анын 90 пайызы Назарбаевага, калган 10 пайызы уулуна тиешелүү экени айтылат. Бирок жер реестирдеги азыркы маалыматта бул мүлктөргө Бириккен Араб Эмирлигинде катталган компанияга тиешелүү Farmont Baker Street Limited ишканасы 2005-жылдан бери ээлик кылат", — деп айтылат макалада.

Футбол, Лондон, клиника. Назарбаевдин маркум небереси Айсултан жөнүндө фактылар

Times басылмасынын жазганына караганда, 2015-жылы финансылык ачык-айкындуулукту көздөгөн Global Witness бейөкмөт уюму иликтөө жасап, сөз болуп жаткан мүлктөр Нуралинин атасы, ишкер Рахат Алиевдин менчиги экенин аныкташкан.

Англия менен Уэльсте 87 миң объект офшордук компанияларга тиешелүү. Андыктан алардын чыныгы кожоюну ким экенин билүү кыйын. Мындан улам Улуу Британияда 2018-жылдан бери ээси кайсы кирешеге сатып алганы белгисиз мүлктөрдү камакка алуучу мыйзамы күчүнө кирген.


Бул мыйзам Нурали Алиевге дагы каршы иштеп, Лондондун түндүгүнөн жер алдында бассейни жана кинотеатры бар үйдү (баасы 104 миллион доллар) сатып алууга кеткен киреше булагын көрсөтүү талап кылынган. Анда Алиев сотто утуп алганы жазылат.





(Автор:sputnik / Редактор:GL)