WeChat      Избранное

Барчагүл Бектурганова: “Мен ак баракка “миллион сом иштеп таап, анан Кытайга окууга барам” деп кыялданып жаза берчүмүн”

29/10/2020  Источник:оригинал   шрифта:

 Барчагүл Бектурганова: “Мен ак баракка “миллион сом иштеп таап, анан Кытайга окууга барам” деп кыялданып жаза берчүмүн”

ФотоWWW

Бүгүнкү биздин “Дүйнө тааным” рубрикабыздын сыйлуу коногу Бектурганова Барчагүл Абдырасуловна болду. Барчагүл бизге Кытай жергесинде өткөн студенттик күндөрү тууралуу айтып, Ат-Башы окуучуларына кытай тилин үйрөтүп жаткандыгы жөнүндө дагы кеп салып берди. 

- Барчагүл, алгач үй-бүлөңүз тууралуу маалымат берип, алыска атагы кеткен Ат-Башы тууралуу дагы айтып берсеңиз?

- Мен өзүм жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлгөм. Учурда үй-бүлөөлүмүн, бир уул, бир кызым бар. Ал эми, туулган жерим Ат-Башы тууралуу айта турган болсом, эли меймандос, жери малга бай.

“Ат-Башы” деген атты алгач уккан адамга аттын же тулпардын башы элестеп “А-а, кайсы бир атактуу күлүктүн башы калган жер” деген божомол көкүрөктө пайда болоор… Бирок, “Ат-Башы” деген аталыштын тарыхы андан кыйла башкача . 

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, бул чөлкөмдө кыргыз журтунун калкасы, акылман, жол башчысы Кошой ата жашап өткөн. Ал инсан ашкан албан мүчөлүү, арстан жүрөк айбаттуулугу менен катар тулку-боюна ширелген акыл-эс, ар нерсени ар кырынан ойлонуп, адамга залакасы жок, жалпы журтка жакшылык алып келээр жагына чечкен, бийик кадыр баркка ээ, кыргыздын кутун кармаган кадырманы да болгон экен. Ошондон улам аны кыргыздын кыйыры таанып, ага урмат-сый мамиле жасап, ата ордуна ата, ага ордуна ага тутунуп, анын алтын уютулгандай салмактуу сөздөрүн угууга куштарланып турушчу дейт.

Ошондон улам бара-бара хан Кошойду кыргыздар “Кошой ата” дешип, аны казканактай тегеректеп, улуттун атасы катары урматташкан. Мына, ошол мезгилден бери хан Кошой жердеген чөлкөм “Ата-Башы жери” –деп айтылып , бара-бара сөз ыңгайына жараша –“Ат-Башы” аталып калгандыгы айтылат. 

- Кытай тилин үйрөнүүгө эмне түрткү болду, тилди окууда кандай кыйынчылыктар болду?

- Кыргызстанда Кытайга өтүүгө эки өтмөк бар эмеспи. Алардын бири түштүктө жайгашкан Иркечтам болсо, экинчиси биздин аймактагы Торугарт өтмөгү. Мына, ошол Торугарт аркылуу атам өз мезгилинде камаз айдап иштеген. Кытайдан байма-бай оюнчуктарды бизге алып келип берээр эле. Бул 1990-1996-жж. аралыгы болгон. Ошол кезде эле Кытайга алгачкы кызыгуум пайда болуп, кытай тилине болгон сезимим ойгонгон десем жаңылышпайм. Кийин мен мектепти бүтүп, Бишкек шаарындагы Чуй университетинин Кытай тили факультетине тапшырдым. 

Бул тилди үйрөнүп баштаганда эле, ак баракка мен “миллион сом иштеп табышым керек, анан Кытайга барам” деп кыялданып жаза берчүмүн. Ал акчаны табуу үчүн ата-энемди кыйнабай официант, нан чеккич болуп, тигүүчү цехтеринде дагы иштеп жүрдүм. Изги тилегим Кытай жергесине барып тилди тереңдеп үйрөнүү эле. 

Барчагүл Бектурганова: “Мен ак баракка “миллион сом иштеп таап, анан Кытайга окууга барам” деп кыялданып жаза берчүмүн”

Ошондой күндөрдүн биринде, биздин бактыбызга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетитин кытай тили боюнча мугалими Зоя лаоши сабак өтө баштады. Жыйынтыгында, анын жардамы аркылуу биздин университеттен 4 окуучу Кытай Эл Республикасынын  Үрүмчү шаарынын Синьцзян Педагогикалык университетине гранттык негизде окууга жолдомо алдык. 

Албетте, ар бир нерсенин башы кыйынчылыктар менен башталат эмеспи, бөлөк-бөтөн жерде окуп жүргөндө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Алгачкы жыл кытай тилин үйрөнүү жана Кытай жергесине көнүү менен коштолду. Кытайчаны жакшы билбегендиктен, кайсы бир жерге же дүкөнгө киргенде кол менен жаңсап бир нерселерди түшүндүрүүгө аракет кылып журдүк. Колубузда болсо китепче сөздүк. Анда азыркы смартфондор жаңы чыга баштаган мезгил.

Мен окууга гранттык негизде 6 айга гана барган элем. Бул убакыт аралыгы кытай тилин жетиштүү деңгээлде окуп үйрөнүүгө аздык кылгандыктан, контракттык негизде ата-энемдин жардамы менен окуумду улантып калдым. Ошол кездерде Кытай жеринде жашоо-тиричилик, күнүмдүк тамак-аш бизге салыштырмалуу кымбат болгондуктан, ата-энем мага Кыргызстандан акча жөнөтүп, ал акча менин колума тийгиче 6-7 күн суу ичип ачка-ток болуп жүргөн күндөр дагы өттү. Ошол убакта кытай тилин дагы жакшы өздөштүрүү үчүн кайрадан бюджеттик негизде окуумду улантып, Кытай Өкмөтүнөн стипендия алууну максат койдум. Ал үчүн мен өзүмдүн тайпамда эң жакшы деген бааларды алып, коомдук университеттин иш-чараларына активдүү катышып, бир дагы күнү сабак калтырбай окушум керек болчу.

Барчагүл Бектурганова: “Мен ак баракка “миллион сом иштеп таап, анан Кытайга окууга барам” деп кыялданып жаза берчүмүн”

Көздөгөн максатыма жетип, мени окуткан Yan Xin Yan, Wang аттуу мугалимдерим менин аракетимди байкап, Синьцзян ПедагогикалыкУниверситети дагы 4 жыл гранттык негизде окуганга мүмкүнчүлүк беришти. Чет жерде таянаар адамың өзүң болгондон кийин алган стипендиябызды туура пайдаланга үйрөнүп, окууну ийгиликтүү аяктоого максат койдум.

- Кытай сизге кандай таасир калтырды, ал жактагы өзүңүз жакшы билген ажайып жайлар тууралуу айтып берсеңиз?

- Кытай жергесинде билим алып, окуп жашап келүү - менин жашоомдун эң кызыктуу бөлүгү болуп калды.  Студенттик күндөрүм тасмадай улам күндө бир маал көзгө тартылып, түйшүгү түмөн турмуштун бүркөмдөрүндө калган студенттик күндөр кайрадан эсиңе түшүп, артта калган алтындан кымбат күндөргө болгон сагыныч жүрөгүмдө азыр дагы кусалык жаратат.

Кытай жергесинде болгон 5 жыл аралыгында коңшу мамлекеттин нечендеген ажайып жайларын көрдүм. Канчалаган маданиятты ичине камтыган шаарларын кыдырып, кездик. Жер жүзүндөгү сегиз кереметтин бири катары эсептелген Улуу Кытай сепилине чыгуу мен үчүн дагы абдан таасирдүү көз ирмемдердин бири болду. Эң алдыңкы шаарлары Пекин, Шанхайда болуп, Иву, Шеньчжен, Шаньдун аймактарын дагы кыдырып, көрдүк.  Дүйнө жүзү боюнча, бир гана жерде чыныгы кунфуну үйрөткөн атактуу Шаолинь монастырында дагы болдум. Тээ атам замандан бери жаратылыштын сепили менен бирге жашап, анын касиеттерин өзүнө сиңирип, абдан аяр мамилени жаратылышка арнап күн кечирип келген, айлана-чөйрөдө да ой-туюму аркылуу сезиле келген көп кырдуу касиеттерин акырындап канына сиңирип, адамдын кулк-мүнөзүнө биротоло орноткон атактуу бул жайда болуу мен үчүн сыймыктуу дагы болду. 

Ар бир чоң шаарга барганда ого бетер оозум ачылып, көп улуттуу эл, поезд менен жүргөнүңдө күрүч өскөн талаалар, алда канча өнүккөн тейлөө кызматы, шаарлардын кооздугу суктандырып турат.

Кытай элинин бир жакшы жери, билбеген нерсеңди  үйрөтүп турганы. Тактыгы, мыйзамды сыйлаганы. Кытай эли мен үчүн  адамгерчиликти жогору коюп, улуттук кызыкчылыкты жактаган эл болуп кала бермекчи. 

- Учурда кандай иш менен алектенесиз?

- Учурда Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүндө методист болуп эмгектенем. Муну менен катар эле, жергиликтүү окуучуларга кытай тилин үйрөтүү боюнча курстарын ачып, ушул багытта дагы иштеп келем. Тил үйрөтүү курстарын алгачкы жолу “Аю-альфа” окутуу борборунун жетекчиси Аида Исмаилова менен сүйлөшүп, өз кесибим менен иштебей каламбы деп 2 жыл күтүп жүрүп, 2015-жылы кытай тили курсу Аида эженин көмөгү менен ачылган болчу. 

2015-жылдан 2017-жылга чейин 60 тай балага кытай тилин үйрөттүм. Анын ичинен 10дой окуучум өз күчү менен гранттык негизде Кытай жергесине барууга мүмкүнчүлүк алышып, окуп келишти. Азыркы тапта, дагы окуп жаткандары бар. Тилекке каршы, 2017-жылы “Аю-Альфа” окутуу борбору жабылып калды. Ошондуктан, кайрадан курстарды ачуунун аракеттерин көрө баштадым. 2018-жылы К.Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборуна Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Дөөткулов агайдын көмөгү менен ата-энелердин суроосу, кайрылуусу аркылуу кытай тили курсу ачылды. Чындыгында, кытай тили курсун ачтыруу оңой болгон жок. Учурда бир тайпада 12-20 бала окутабыз. Окуучулар бекер билим алышат. 

 Өзүңүздөр билгендей, Ат-Башы району борбордон алыс, жаратылышы татаал жерге кирет. Кыш эрте келет. Бирок ошого карабастан (Ат-Башы районунда 46640 адам жашайт) мезгил талабынан артта калбоо үчүн Ат-Башы жаштарын ар тараптуу өнүктүрүүгө болгон аракеттер көп. Окуучулар арасында кытай тилин үйрөнүүгө ынтызар болгондордун дагы саны арбын. Мен кытай тилин Ат-Башыда алгачкы болуп үйрөтө баштаганым үчүн, тилди тереңдеп үйрөтүүдө көйгөйлөрүм көп. Эгерде, бул жаатта Кытай тараптан, Конфуций институттарынан дагы жардам болсо, алыскы аймактарда кытай тилин үйрөтүүгө дагы чоң салым болот эле. 

- Кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Кытай тилин үйрөнүү мезгил талабы. Чет жерден алып келген билим, жашоо-турмуш тажрыйбаларын Кыргызстанда пайдаланып, өздөрү да жакшы жашап, элге дагы пайдасы тийгендер көп. Ар бир чет тилин үйрөнгөн сайын сайын айлыгын ошончо эсе жогору болот. Сергек, акылы тунук кытай тилин үйрөнүп жүргөн жаштарга чындап ийгилик каалайм. 

Бул тилди үйрөнүүдө чыдамкайлык, ар тараптуу изденүүчүлүк чоң роль ойнойт. Ар тараптуу билимдүү жаштар көп чыкса, өлкөбүз ошончолук тез өнүгүп, алга кетет деген тилегим бар.

- Кытайда калып иштөөнү ойлонгон жок белеңиз?

- Синьцзян педагогикалык университетин аяктап жатканда Гуанджоу шаарындагы Guangdong Dongfang Daxue университетинен аспирантурага жолдомо келди. Анткени тилди үйрөнүп калганда университетти аяктоо мезгилдеринде кошумча котормолорду алып иштеп баштайбыз. Ошол себептен мен иштеген Кытайдын ар кайсы шаарында жайгашкан ишканаларынан дагы чакыруулар келип жатты.

Бирок, кыргызда “Ата конуш” “Туулган жердин топурагы алтын” деген ардактуу да, салмактуу да жакшы сөз бар эмеспи. Ошондуктан, аска- зоолор менен курчалып, кыргыздын  өткөнүн камтыган Кошой Коргон, Чеч-Дөбө, Таш-Рабат сыяктуу тарыхый жайлары, Башкайыңды айылындагы Орто Азиядагы эң узун шаркыратмасы, Ак-Сай, Арпа ,Босого жайлоосунун кооздугу, Арашан, Нарзан сыяктуу адамга күч-кубат берген, касиети бийик, кереметтүү аймак- Ат-Башыма келүүнү чечтим. 

Мен алыста жүргөндө ата-энемдин “сени эстегенде күнүгө жүрөгүм ооруйт. Эмне ичип, эмне жеп жүрөт деп сарсанаа болом. Үйдөн күнүгө жакшы тамак жасаганда, тамак жеп жаткан жеримен тып токтойм” –деген сөздөрү кулагыма бекем сиңип калган окшойт. 

Ошондуктан бизди колунан келишинче бөпөлөп баккан атам, өмүрүн бизге арнаган апамдын жанында болууну чечтим. 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)