WeChat      Избранное

Кыш мезгилинде кыргызстандыктарга электр энергиясы жана жылуулук үзгүлтүксүз берилмекчи

26/11/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыш мезгилинде кыргызстандыктарга электр энергиясы жана жылуулук үзгүлтүксүз берилмекчи

ФотоWWW

20-ноябрь күнү “Кабар” маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын жарандарын, социалдык мекемелерди жана башка объекттерди 2020-2021-жылга карата жылытуу мезгилинде электр энергиясы, жылуулук жана көмүр менен камсыз кылуу максатында КР Өкмөтү тарабынан жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берүү иш-чарасы болуп өттү. 

Бул иш-чарага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев, “Электр станциялары” ААКнын директорунун орун басары Талайбек Бектенов, Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова ж.б. катышышты. 

Маалымат жыйындын жүрүшүндө тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү өз тармактары боюнча жалпы маалымат берип, андан соң журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти. 

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаевдин айтымында, ЖЭБге Кара-Кечеден 326,4 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 29 миң тонна, Казакстандан 67 миң тонна көмүр алынып келинген. Бүгүнкү күнгө, тактап айтканда 20-ноябрга карата ЖЭБде 299,1 миң тонна көмүр калган.

Ал: “Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кара-Кечеде көчкү жүрүп, жол жабылып калган. Бирок, учурда КРдин Каржы министрлиги тарабынан атайын акча каражаты бөлүнүп, ал жакта жолду тазалоо, кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Көмүр кениндеги жумуштар бир жуманын ичинде аягына чыкмакчы” – деп билдирди. 

Сагынбаев кошумчалагандай, Ош шаарынын ЖЭБинде азыркы тапта 20 миң тонна мазут даярдалган.

Ал эми, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айылында жайгашкан Ак-Улак көмүр тилкесин мамлекеттин карамагына өткөрүү демилгеси болуп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, бул демилгени Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев көтөрүүдө. 

Ал: “Миң-Куштагы Ак-Улак көмүр тилкеси учурда бош турат. Аны ишке киргизип, “Кыргыз көмүр” мамлекеттин ишканасына өткөрүп берүү демилгеленүүдө. Анткени былтыр түштүк аймакка 1 млн 50 миң тонна көмүр даярдалса, анын жарымын мамлекеттик ишкана берген. Ак-Улак көмүр тилкеси мамлекетке өткөрүлүп берилсе, натыйжалуу болот эле. Мындай жол аркылуу көмүрдүн баасын дагы туруктуу баада сактап тура алмакпыз”, - деп өз ой-пикирин айтып өттү.

Ашырбаев кошумчалагандай, өкмөттүн тапшырмасы менен өлкөдө 2 млн 460 миң тонна көмүр даярдалышы керек. Анын 1 млн 110 миң тоннасы калк үчүн, 1 млн 110 миң тоннасы ЖЭБге жана 240 миң тоннасы бюджеттик мекемелерге кетет. Быйыл 10 ай ичинде 1 млн 696 миң тонна көмүр даярдалган. Анын 695 миң тоннасы түндүк регионго, 1 млн 1 миң 554 тоннасы түштүк регионго жумшалаары белгилүү болду. 

“Электр станциялары” ААКнын директорунун орун басары Талайбек Бектенов учурда, Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 9 буу казан, 5 турбогенератор иштеп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, ЖЭБде резервде 6 буу казан, 3 турбогенератор бар. 

Ал: “Жылуулук борборунда кемчиликтер жок, кышка даярбыз. Бүгүнкү күндө “Электр станциялары” ишканасы туруктуу режимде иштеп жатат”, - деп белгиледи.

Бектеновдун айтымында, өлкөдө былтыркы жылга салыштырмалуу электр жарыгын колдонуу бир кыйла өскөн. Мисалы, өткөн суткада электр жарыгын колдонуу жалпысынан 65 млн 600 миң киловатт-саат болсо, өткөн жылы бул көрсөткүч 54 млн 400 миң киловатт-саатты түзгөн. Быйыл бул 11 млн киловатт-саатка көп болуп жаткандыгы айтылды. 

Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова электр энергиясына болгон тарифтер 2022-жылга чейин өзгөрбөй тургандыгын дагы айтып өттү. 

Анын айтымында, 2020-жылдын жаз мезгилинде өкмөт электр энергиянын жаңы тарифин бекитип берген. Ал 2022-жылга чейин өзгөрбөйт. 

Ал: “Электр жарыгы 700 киловатт-саатка чейин колдонулса 1 киловатт-саат үчүн 77 тыйын төлөнөт. Тоолуу аймактарда ал чек 1000 киловатт-саатка чейин. Ал лимиттен ашса 2,16 сом төлөнөт. Калган абоненттер 2,24 сомдон төлөшөт. Ошондой эле балдар үйү үчүн жаңы тариф киргизилген. Алар 1 киловатт-саат үчүн 1,58 сомдон берет. Ал эми майнинг-фермалар 2,91 сомдон төлөшөт”, - деп маалымат берип өттү. 

Артем Новиков: “Калк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кышка даяр экендигин так түшүнүшү керек” (подзаголовок)

Эске сала кетсек, 19-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын калкын жана экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Республикалык штабдын кеңешмеси болуп өткөн. Ал жыйында дагы ушул маселелер талкууланып, тиешелүү ведомстволордун жетекчилери премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго маалымат беришкен. Муну менен эле катар, ал КР өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча дагы маалыматын уккан.

КР премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков дагы өз сөзүндө, кыш мезгилинде калкыбыз электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалышы керек экендигин баса белгилеген. 

Ал: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күз-кыш мезгилинен өтүү маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдө кармашы кажет. Буга катар орнотулган лимиттин алкагынан тышкаркы электр энергиясын пайдаланууга чек коюлушу керек. Эч кандай электр энергиясын өчүрүү болбошу зарыл. Бизде кышты авариясыз өтүүнү камсыздоо үчүн энергоресурстар жетиштүү. Акыркы мезгилдеги авариялык өчүрүүлөр боюнча статистика түйшөлтүүдө. Энергетикалык компаниялардын жетекчилери аталган маселени чечүүгө басым жасашы керек. Калкыбыз электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан жабыркабашы абзел”,-деген оюн билдирген. 

Муну менен эле катар, Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: “2020-жыл оор болгонун баарыбыз түшүнүп турабыз. Акыркы окуялар республикалык бюджетти оңдоп-түздөө зарылчылыгына алып келди. Жылытуу мезгилин өткөрүү боюнча чыгымдарды каржылоо 90%га аткарылды. Каражаттын калган бөлүгү ушул жылдын аягына чейин план боюнча которулат. Демек, каржылоонун жетишсиздиги жөнүндө маалымат орунсуз. Учурда бизден бир гана нерсе талап кылынат - күз-кыш мезгилин кыйналбай өткөрүү. Калк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кышка даяр экендигин так түшүнүшү керек”, - деп сөзүн жыйынтыктаган. 





(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)