WeChat      Избранное

Өлкө ичиндеги эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда

26/11/2020  Источник:оригинал   шрифта:

17-ноябрь күнү “Өлкө ичиндеги эпидемиологиялык абал” тууралуу маалыматтык жыйын “Кабар” агенттигинде болуп өттү. Бул иш-чарага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана КР ССМдин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө ичиндеги эпидемиологиялык абал тууралуу толук кандуу маалымат берилип, андан соң журналисттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты.

Алымкадыр Бейшеналиев, Саламаттык сактоо министри: “29 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндөгү компенсация төлөндү” 

-Өткөн жуманын жыйынтыгы менен оорунун эң көп катталган учурлары Ош шаарында - 100 миң адамга 102,5 учур, Бишкекте - 100 миң адамга 83,8 учур жана Ысык-Көл облусунда 100 миң адамга 81,7 учур болгон. Бир жуманын ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны жалпы - 19 604, анын 12,5%ы оң жыйынтыкты тастыктаган.

Бул жугуштуу дарт менен мектеп жашындагы балдардын оорусу тууралуу айта турган болсок, сентябрь айында 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында жалпы 48 учур катталган, октябрь айында 6,5 эсеге жогору болуп, 315 учур катталган. Ал эми, 16-ноябрга карата 157 учураныкталды. Алардын арасында мектептен жугузуп алган учурлар жок, бардыгы үй- бүлө мүчөлөрүнөн жуктурушкан.

Жаңы коронавирус инфекциянын пандемиясынын уланышын эске алуу менен, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан күз-кыш мезгилине даярдыктарды күчөтүү боюнча план түзүлгөн. Азыркы тапта, ушул пландын негизинде иш-чаралар уюштурулуп, аткарылууда. Мисалы, кошумча стационарларды уюштуруу, дары-дармектер, жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору, жеке коргонуу каражаттары, дезинфекциялоо каражаттары, антисептиктер сатылып алынган жана запасы түзүлгөн. Коронавирус инфекциясы менен ооругандарды өз убагында кабыл алууну жана аларга керектүү медициналык жардамды көрсөтүү үчүн 9 стационарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, 3 стационар жаңы курулган.

ПЦР тест-системасынын 1,5 айга жете турган запасы даярдалды. Сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат. Өлкөдө 19 ПЦР аппараты бар 14 вирусологиялык лаборатория иштеп жатат. Алардын ичинен 3 мобилдик автолаборатория жана 2 жеке лаборатория ( Бонецский лабораториясы жана "AQUA" лабораториясы) келишимдин негизинде COVID-19 аныктоо үчүн лаборатордук изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүүдө.

Сасык тумоого каршы калктын 13%ын эмдөө пландаштырылган. 17-ноябрга карата 297,1 миң адам эмделди. Ошондой эле акы төлөп менчик клиникаларда 6 миң 750 киши эмделгендиги белгилүү.  Учурда, 25-ноябрга чейин 550 миң доза вакцина келет деп күтүп жатабыз. Андан тышкары ноябрь айында өнөкөт оорулары бар жана жашы 65тен ашкан 20 миң адамды пневмококк инфекциясына каршы профилактикалык эмдөө пландалган.

Азыркы күндө, КР Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясынын отурумунун жыйынтыгында, 200 миң сом өлчөмүндөгү компенсация - 479 медициналык кызматкерге төлөнүп берилди. 29 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндөгү компенсация төлөндү.

Өзбекстан Кыргызстанга тез курулуучу 2 көчмө оорукана салып берет. Бишкекте 200 орундуу жана Кадамжайда 200 орундуу оорукана курулуп, алар жабдыктар, жылуулугу менен болмокчу. Бишкектеги оорукана Улуттук госпиталдын, Кадамжайдагы стационар райондук оорукананын жанында салынат. Учурда курулушчулар өз ишин башташты.

Айнура Акматова, КР ССМдин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси: “Саламаттык сактоо министрлиги Ковакс механизминин өкүлү болуп саналат.”

-Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги бир нече жолу массалык маалымат каражаттары аркылуу ковид илдетине каршы вакцинаны изилдөө жана иштеп чыгуу жаатында толук маалымат берип келген. Муну менен эле катар, аны Кыргыз Республикасына алып келүү боюнча дагы бир катар иш-чараларага катышып, жигердүү аракеттерди көрүп келүүдө.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, июль айында Саламаттыкты сактоо министринин атына Глобалдык вакцинация-иммунизация Альянсы тарабынан атайын кат келген. Аталган альянс тарабынан иштелип чыккан Ковакс механизми жөнүндө айта турган болсок бул атайын дүйнө калкын ковид вакцинасы менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн механизм болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дагы ушул Ковакс механизминин өкүлү болуп саналат. Мына, ушунун негизинде биз Альянс өткөргөн бир катар онлайн иш-чараларга катышып, коронавируска каршы изилденип, текшерүүлөрдөн өтүп жаткан вакцинациялар жаатынан дагы толук кабардар болуп келүүдөбүз. Бул онлайн конференцияларынын иш-аракеттеринин үстүндө “Вакцина кандай болот, аны кандай кылып Кыргызстанга алсак болот, аны калктын кайсы катмарларына колдонсо болот?”-деген сыяктуу маселелердин үстүнөн дагы иштеп, талкуулар жүргүзүлгөн.

Негизинен, биздин мамлекет аталган механизм боюнча орточо жана аз кирешеси бар өлкөлөрдүн тизмесине кирет. Ошондуктан, ковид-19га каршы вакцина иштелип чыккандан кийин анын 3%ы Кыргыз Республикасына алынып келинмекчи. Бул багытта тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Ал иш-аракеттердин негизинде бул 3% вакцинанын өлчөмү негизинен медицина кызматкерлерине жана социалдык кызматта иштеген жарандарыбыздын бардыгын ичине камтыйт.

Муну менен катар эле, бүгүнкү күнү Саламаттык сактоо министрлигинин ичинде атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топ ошол “вакцинаны калк арасында кандай жүргүзүү керек, элдин кайсы катмарын камтыйбыз жана ошол эмдөөнү кайсы учурдан баштап жасап, кандай жүргүзөбүз” деген маселелердин үстүнөн иш алып барууда.

Мына, Россия Федерациясында дагы “Спутник V” аттуу вакцинасы иштелип чыккан. Учурда, бул вакцинанын 3-4-клиникалык изилдөө фазалары жүрүп жатат. Биздин адистер дагы Россиянын тиешелүү ведомствосунун чакыруусу менен барып, вакцинанын үстүнөн жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер менен жакындан таанышып келишкен. Алдыда, ал вакцинаны 3-4-клиникалык фазасын изилдөөгө биздин адистер дагы катышмакчы.

Гүлпери Адамкул кызы, студент: “Бул жугуштуу дарт нечендеген өмүрлөрдү алып кетип жаткандыгы факт”

-Азыркы тапта Кыргызстан ковид-19дун экинчи толкунун башынан өткөрүп жатат. Бирок, эл арасында биринчи толкундагыдай дүрбөлөң жок. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарган адамдарды деле көргөн жокмун. Соода үйлөрү, тамактануучу жайлар бардыгында эле адамдардын топтолуп, көп жүргөндүгүн көрүп жатабыз. Эл азыр ковидден коркпой калгандай сезилип жатат. Бирок, баары бир бул жугуштуу дарттын нечендеген өмүрлөрдү алып кетип жаткандыгы факт. Ошондуктан, дагы да болсо кыргызстандыктарды сактанууга чакырмакчымын.

Азыр сабактардын бардыгы аралыктан болуп жатат. Чындыгын айтканда, “окуу” аты эле болуп жатат десем болот. Онлайн болгондо интернетке дагы көз каранды болуп калат экенсиң. Ал бирде жакшы тартса, бирде жакшы тартпайт. Тайпалаштарымды деле сагындым. Бирок, айла жок. Азыр оору басылгыча үйдө эле болгонубуз жакшы деп ойлойм.

Үйдө чоң апам менен бирге тургандыктан, учурда көчөгө чыккандан корком. Жаштар үчүн анчалык деле коркунучтуу эмес экендиги айтылганы менен, апамды оорутуп аламбы деп ашыкча сыртка чыкпайм. Эң башкысы жаңы жылда чогулуп, оорудан коркпой, тууган-туушкандарыбыз, досторубуз менен бирге майрамдасак болду.


 


 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)