WeChat      Избранное

«Аркус» басмасы кытай авторлорунун китептеринин сериясын кыргыз тилинде чыгарды

20/11/2020  Источник:оригинал   шрифта:

«Аркус» басмасы кытай авторлорунун китептеринин сериясын кыргыз тилинде чыгарды

ФотоWWW

«Аркус» басмасы кытай авторлорунун китептеринин сериясын кыргыз тилинде чыгарды. Бул тууралуу «Жибек жолундагы маданий өнүгүү» гезитине басмакананын өзүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, басма эмгектерди China Renmin University Press (Бээжин, КЭР) басмасы менен биргеликте чыгарган.

“Аркус” басмаканасынын маалыматы боюнча, Чжу Юнсиндин авторлугунда жазылган “Кытайдагы жаңы жана соңку жаңы доордогу педагогилкалык акыл-ойдун тарыхы” аттуу эмгегин орус тилинен кыргыз тилине журналист жана котормочу Кубат Чекиров которгон.

Китепте азыркы коомдо билим берүү өзгөчө бир оор иш эмес, ар бир адам аны каалаган тармактан алса болору, заманбап билим берүүнүн өнүгүшү менен Кытайда монархиянын, залим башкаруунун, эски коомдук түзүлүштүн күнү бүтүп, эски билим берүү системасынан баш тартылгандыгы тууралуу баяндалат. Автор, Кытай өнүгүү жолуна түшкөнүн, апийим согушунан тарта Кытай Эл Республикасынын негизделеген күнгө чейинки педагогикалык акыл-ойдун тарыхан талдоого алат.

Эмгекте Чжу Юнсинь заманбап билим берүүнүн эмнеден башталганын, көрүнүктүү ишмерлер жана алардын педагогикалык идеялары, революциялык кыймылдар, тарбия-таалим процесси жана билим берүү программалары жөнүндө баяндайт.

Бул китеп синология, педагогика, тарыхты окуган студенттерге, адистерге жана кытай маданиятына кызыккандарга арналат.

«Идеологиялык өнүгүү» (автор Ли Хоубин) жана «Дипломатия жана эл аралык мамилелер» (авторлор Чен Юй и Пу Пиң) аттуу эки китеп Кытайдагы мамлекеттик башкаруу системасынын ар кыл тармактарын үйрөнүүгө арналган.

Англис тилинен кыргыз тилине эки китепти тең публицист жана котормочу, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Бул китептер жалпы чыгыш таануучуларга жана заманбап КЭРдин дипломатиялык тарыхын жана мамлекеттик башкаруу системасын үйрөнүүгө кызыккан жалпы окурмандар чөйрөсүнө арналат


(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)