WeChat      Избранное

​Эркинбек Маматаев, Ноокен районунун акими: “Райондун аймагында Кытай Республикасынын 31 ишканасы өз ишин жүргүзүп келет”

16/08/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Эркинбек Маматаев, Ноокен районунун акими: “Райондун аймагында Кытай Республикасынын 31 ишканасы өз ишин жүргүзүп келет”

Эркинбек Маматаев

Сүрөттөр интернеттен алынды 

Жакында, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жыйынтыктаган өкмөттүн кеңейтилген отурумунда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ноокен районунун акимине ыраазычылык билдирди. Азыркы учурда аткаминерлер үчүн сейрек кездешчү көрүнүштүн себеби эмнеде? Деги эле Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун бүгүнкү күндөгү акыбалы, президент Сооронбай Жээнбеков жарыя кылган аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жер-жерлерде кантип ишке ашып жатат, жалпысынан элет турмушу тууралуу биздин гезит райондун акими Эркинбек Маматаев менен кенен маек курганга мүмкүнчүлүк алды.

- Ноокен районун 3 сүйлөм менен сүрөттөп бере аласызбы?

- Албетте. Биздин район Жалал-Абад облусу гана эмес түштүк жергесиндеги экономикасы өнүккөн, табияты кооз, климаты дыйканчылыкка төп келген, республикалык маанидеги жаратылыш байлыктары бар, мал киндиктүү, күнөстүү, кут даарыган баатырлардын Мекени.

Алаш, Тоскоол-Ата, Казар-Мазар, Көчкөн-Терек, Алчалуу-Майдан, Шыңгыма, Сере, Чилмайран сыяктуу табияты кооз токой, жайлоолору, жети колду бириктирген касиеттүү Көлкупан-Ата көлү бар.

Ноокендиктер алдыга койгон максатынын майын чыгара аткарып, балын таткан, ак эмгектен мандай тер төгүп 15 Баатыр тапкан, пейли кенен, дили таза,беттегенин бербеген, конок келсе кел деген, ак көнүл, меймандос, айкөл эл.

- Жакында, өкмөттүн кеңейтилген жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сизге рахмат айтты. Учурда чиновниктер үчүн алкыш алуу сейрек көрүнүш. Алкышты кайсы аткарган ишиңиз үчүн алдыңыз, кененирээк токтоло кетсеңиз?

- Райондо жылыштар көп. Социалдык-экономикалык  өнүгүү  көрсөткүчтөрүнүн 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жетишкендиктерин айта кетсем. Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 7 ишкана курулуп ишке киргизилип, калкты жумуш менен камсыз кылды.

Алты  ай ичинде  райондо 6 миллиард  394 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, ички дүң продукциянын план прогнозу 105,6 пайызга аткарылып, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 107,3 пайызды түзүп,  433 миллион 624 миң сомдук продукция ашыгы менен өндүрүлдү.

Өнөр жай тармагына токтоло кетсек,  2019-жылдын 1-июлуна карата акчалай түрүндө белгиленген экономикалык прогноз 1 миллиард  903,9 миллион сом болсо, иш жүзүндө 1 миллиард 911,2 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, аткаруу 100,4 пайызды  түздү.  Салыштырмалуу өсүү темпи   103,5 пайыздыды түздү. 

Өзүңүздөр билгендей, бизде өнөр жай тармагынын  негизин  нефть өндүрүү түзөт. Аны өндүрүү  103,3 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу өсүү темпи  115,5 пайыз болуп, 13,9 миң тоннага көп өндүрүлгөн. 

- Башка экономикалык көрсөткүчтөр кандай болууда?

- Курулуш жааты жакшы өсүүдө. Буга күбө, кыш чыгаруунун көлөмү. Мисалы, отчеттук маалда 250,2 миң даана кыш чыгарылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 149,8 пайызга  камсыз болду.  Жүк ташуу 3 пайызга өскөн, жүргүнчүлөрдү ташуу 3,9 пайызга көбөйгөн. Капиталдык салымдар жана инвестицияларды тартуу 757, 7 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,7 пайызга өскөн. Жалпы тартылган инвестициянын көлөмү 540,9 миллион сом болду, анын ичинде 216,8 миллион сому ички инвестицияны түздү.

- Инвестор үчүн бүгүнкү күндө Ноокен району эмне сунуш кыла алат? Район аймагында биргелешкен ишканалар иш жүргүзөбү? 

- Райондун аймагына кайра иштетүүчү ишканаларды курса болот,  айыл чарба продукцияларын, чийки заттарды кайра иштетүү боюнча, мисалы айтып кетсем логистикалык борборлор айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнө сапаттуу продукцияларды экспорттоого, ал эми күнөсканалар  жер-жемиштерди экспорттоого көмөк көрсөтүп иштеп келишет.

- Кытай мамлекети менен алака барбы сиздерде?

- Райондун аймагында учурда  Кытай республикасынын  31ишканасы өз ишин жүргүзүп келет, алардын 23ү калкка кызмат көрсөтүү багыты боюнча, ал эми 8и болсо нефтини кайра иштетүү боюнча иш алып барышат.

- Былтыр өлкө башчысы аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыя кылган. Президенттин жарлыгын аткаруу алкагында кандай көзгө көрүнөрлүк иштер болду?

- Былтыркы жылдын жыйынтыгын айта кетсем. Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында райондун финансалык өз алдынчалыгын жогорулатуу боюнча, 12 айда 

828, 5 миллион сом салык жыйналып,  салыштырмалуу 14,6 пайызга  көп жыйналган. 10 кичи ишкана  ишке киргизилип, 100 ашуун  адам жумуш менен камсыз болгон. Андан сырткары, Бүргөндү айыл аймагында ишкерлер тарабынан күнөсканалар курулду. Сакалды айыл аймагында Дүйнөлүк банк тарабынан 47,2 миллион сомго ички каналдар тазаланып, оңдолду.  Масы айыл өкмөтүнүн аймагында кайрымдуулук фонд аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөгө там салынып берилди. Бир нече айылдарда спорт залдар, ФАП курулду. Ошону менен бирге жергиликтүү бюджет менен районду өнүктүрүү фонддору аркылуу каржыланып жолдорго асфальт төшөлдү, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери жүрдү. Айта кетчү нерсе, өзүңүз билгендей райондо сел, көчкү сейрек кездешчү кырсыктар эмес, ошол себептен табигый, техногендик кырсыктардын алдын алуу иштерин ишке ашыруу боюнча каналдарды тазалоо, суу жээктерин бекемдөө, көппүрөлөрдү бекемдөө сыяктуу иштер жүрдү. 

- Быйыл санариптештирүүгө өзгөчө көнүл бурула баштады. Деги эле, санариптештирүү деп эмнени түшүнөсүздөр жана бул жаатта эмне иштер жасалууда?

- 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында  калкка кызмат  көрсөтүүнү жакшыртуу  үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым   укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан   416 миң сом каржыланып, Достук айыл өкмөтүндө “Бирдиктүү терезе” кызматы жакынкы күндөрдө ишке киргизилет. 

Райондун аймагындагы айыл өкмөттөрдө   маалымкаттарды жана башка маалыматтарды берүү электрондук түрдө айыл программасынын негизинде ишке ашырылат. Ошондой эле учурдун талабына ылайык коом менен байланыш түзүү үчүн райондун аймагындагы мектептерге  Кыргызтелеком ААК райондук бөлүмү тарабынан линиялары тартылып жана модемдердин жардамы менен жогорку ылдамдыктагы интернет байланышына туташтырылган.

Ошондой эле райондун аймагындагы калкты паспорт менен камсыз кылууда,  жарандык абалды каттоодо, туулгандыгы боюнча, каза болгондугу  жөнүндө, никелешкендиги жөнүндө  күбөлүктөрдү берүү иштери да санариптештирүү  жолу менен иштерин жүргүзүшүп келишет.

- Президент Сооронбай Шарипович, айылдарды таза суу менен толук бойдон 5 жыл аралыганда камсыздагыла деген тапшырма берген. Сиз жетектеген райондо, канча айыл таза суу менен толук кандуу камсыз болгон?  5 жыл ичинде 128 миң калкы бар районду толук бойдон таза суу менен камсыз кылуу мүмкүнбү?

- Райондун аймагында 54 айыл болсо анын 19 айылы таза суу түтүктөрүнө оңдоо иштерин талап кылат, бул багытта  донорлор, демөөрчүлөр менен  иштер жүргүзүлүп жатат. Калктын 63,2 пайызы таза суу менен камсыз болгон.

Учурда райондун аймагындагы 12 айыл таза суу менен камсыз болду алар, Ноокен айыл аймагындагы: Коминтерн, Рахманжан айылдары; Сакалды айыл аймагындагы: Кыргызстан, Аримжан, Кагазды, Бобуй, Сакалды айылдары; Момбеков айыл аймагындагы: Момбеков, Бостон, Жазгак, Чек айылдарында, Бүргөндү айыл аймагынын - Кызыл-Кыя айылы.

Мисалы, Бүргөндү айыл аймагынын  тургундарын  таза суу менен камсыз кылуу максатында жалпы сметалык баасы 64 миллион сомду түзгөн долбоор түзүлүп, ал эми  калктын салымы 3 миллион сом болуп, бүгүнкү күндө 5 пайыздык депозит РСК банкында сакталып турат. Донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Масы айыл аймагындагы калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча  “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду  тарабынан 2,5 миллион сом каржыланып, скважина кайрадан калыбына келтирилип, мектеп жана 3 километр аралыктагы калк таза ичүүчү суу менен камсыз болду. 

Ошону менен бирге эле райондун аймагынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча  донорлор жана демөөрчүлөр менен иштөө иштери учурда жүрүп жатат.

​Эркинбек Маматаев, Ноокен районунун акими: “Райондун аймагында Кытай Республикасынын 31 ишканасы өз ишин жүргүзүп келет”

Ноокен районундагы бала бакчаны ачуу аземи.

- Сугат маселеси кандай чечилүүдө? Илгери район пахта өндүрүү менен белгилүү эле. Азыр аймакта дыйкандар кайсы айыл-чарба өсүмдүгүн өстүрүүгө бел байлашкан? Эмне себептен?

- Ички дүң продукциянын 18,4 пайызын түзгөн айыл чарба тармагында 6 айдын жыйынтыгы менен 1 миллиард 174,7 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 113,7 пайызга  же 141 миллион 800 миң сомго ашыгы менен аткарылды. Мындан талаачылыктан 285 миллион сом болуп, жалпы айыл чарбасынын 24,3 пайызын түзүүдө, ал эми мал чарбасы 889 миллион  671 миң сом же 75,7 пайызды түздү. 

Талаачылык боюнча 2019-жылы айыл чарба тармагында  райондун аймагындагы дыйкан, фермер  жана  жеке чарбалар 20 миң 956 гектар айдоо аянтынын 20 миң 738 гектар  аянтына ар түрдүү айыл чарба эгиндерин эгүү жумуштарын  агротехникалык  эреже талап кылган мөөнөттө өз убагында бүтүрүштү. Былтыркыга салыштырмалуу эгилбей бош калган жер аянты  10 гектарга кыскартылган. Тактап айта кетсем,  күздүк буудай 1830 гектарга,  жүгөрү 3734 гектарга, шалы - 312, пахта - 7302, жашылча - 2081, коон, дарбыз - 572, картошка - 133, май өсүмдүгү - 186 жана көп жылдык чөп 4011 гектарга эгилген.   Сугат жагын айта кетсек, Бүргөндү айыл өкмөтүндө Жаңы-Арык айылында  Келечек каналы  Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып 49 миллион  сомго 5 километр канал курулуп, 400 гектар жер аянты өздөштүрүлүп сугат суу менен камсыз болду. Ушундай иштер башка бир нече айылдарда жүрүүдө. 

- Аймакта мал чарбасы кандай өнүгүүдө? Ветеринария кызматы кандай иштөөдө? 

- Мал чарбачылыгында жалпысынан алганда эт өндүрүү  2019-жылдын   6 айында 2870  тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  103,7 пайызга, сүт өндүрүү  16610,5 тоннаны түзүп, салыштырмалуу 103,6 пайызга,  жүн өндүрүү  255,6 тоннаны түзүп, 101,7 пайызга,  жумуртка өндүрүү  4098 миң даанага жетип, 104,2 пайызга камсыз болду. 

Бүгүнкү күндө  райондо 4 ийри мүйүздүү, 2 майда мүйүздүү асыл тукум фермердик чарбалары иштеп келүүдө. Мындан сырткары райондун аймагындагы 7 жасалма жол менен кууттандыруу пункттарында 6 ай ичинде  59 баш ири мүйүздүү мал уруктандырылып, ийри мүйүздүү мал асыл тукум сүт жана эт багытындагы (Ала-Тоо, Щвиц, Семментал, Абердин-Ангусс, Бурый пародасындагы) уруктар менен куудурулду.

Район  боюнча   9292  баш   ири  мүйүздүү  мал,  43662  баш  кой-эчки, 823 баш жылкы ортоңку жана алыскы жайыттарга чыгарылып багылууда.

Ноокен районунда 2019-жылдын 1-январына карата 33 миң 466 баш ири мүйүздүү мал, 148 миң 176 баш кой-эчки, 2558 баш жылкы жана 109 миң 531 баш үй канаттуулары катталган. 

Шарп оорусуна каршы алдын ала эмдөө боюнча 6 айда 49 миң 720 баш ири мүйүздүү мал эмделди.  Кутурма оорусуна каршы иш чараларды күчөтүү максатында 2019-жылы 6 ай ичинде 826 баш жолбун ит, мышык атып жок кылынган. 

Мындан сырткары, Ноокен районунун аймагында малдарды идентификациялоо иштери жүргүзүлүүдө, бардыгы болуп план боюнча 13 миң 581 бирка берилген, 13646 баш малга бирка кадалган, маалымат базасына 8034 баш түшүрүлгөн.

Ноокен районунун  аймагында  5  менчик   ветеринардык   аптекалар  жана 7 жасалма жол менен уруктандыруучу пункттары иштеп элге кызмат көрсөтүп келүүдө.

Ноокен РВФКББнын атайын каражатынын эсебинен 3 ветеринардык санитардык экспертиза лабораториялары дыйкан базарында азык-түлүктөрүнүн сапатын текшерүүдө. Ошондой эле райондун аймагындагы мал базарлар дайыма Ноокен РВФКББнын инспекторлору тарабынан көзөмөлдөнүп келүүдө. Ноокен районунун аймагында ЕАЭБ техникалык регламенттерин жүзөгө ашыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө райондун аймагында эпизоотиялык абал туруктуу.

- Бүгүнкү күндө, райондо эң чоң кандай көйгөй бар? Аны кандай жол менен чечсе болот? 

- Райондун аймагында көйгөйлүү маселелердин бири болуп бул калкты таза суу менен камсыз кылуу, бүгүнкү күндө райондун тургундарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча  донорлор жана демөөрчүлөр менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат.

- Район аймагында республикалык бюджет дотация алган айыл аймактары барбы? Акыркы жылдары дотациядан чыккан айылдар барбы? 

- Райондун аймагында 8  айыл өкмөт жана 1 шаар бар, 2018-жылдын жыйынтыгы менен Масы айыл аймагы  дотациядан чыкты, башка айыл аймактарды дотациядан чыгаруу боюнча  учурда алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

- 2019-жылдын 24-июлунда өкмөттүн жыйынында премьер-министр аймактарда 108 жаңы ишкана ачылды деди эле. Ошол 108 ишкананын арасында Ноокен районда ачылган ишканалар барбы? 

- 2019-жылдын  иш планына ылайык 8 ишкана ишке киргизилет деп пландаганбыз, бүгүнкү күндө алардын 7 ишкана  курулуп ишке киргизилди, аларды атап өтсөм, Масы айыл аймагында 11,8 миллион сомдук 2 май  куюучу жайы ишке берилип, иштеп жатат. Ушул эле айылда ден соолукту чыңдоо борбору жеке ишкер тарабынан 15 миллион сомго кошумча имарат курулуп ишке берилди. Момбеков айыл аймагындагы  Чек айылына  800 миң сомдук пескоблок чыгаруучу цехи ачылды, Бүргөндү айыл аймагындагы  Кыпчак-Талаа айылына 2 миллион 500 миң сомдук соода түйүнү курулуп иштеп жатат. Андан сырткары Кочкор-Ата шаарына  500 миң  сомдук тамактануучу жай курулуп, 300 миң сомго соода дүкөнү курулуп иштеп жатат. Достук айыл аймагындагы Ош-Бишкек жолунун жээгине 100 орундуу кафе 10 миллион сомдук курулуш иштери аткарылып, пайдаланууга берилип калкты тейлеп жатат. Кочкор-Ата шаарындагы курулушу 5 миллион сомдук соода борборунун курулуш иштери  бүткөрүлүп ишке берилгени турат.

(Автор:Суйунбек Шамшиев / Редактор:GL)