WeChat      Избранное

Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү үчүн кызматташуунун келечеги”-Кыргызстандын IT потенциалы

16/08/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү үчүн кызматташуунун келечеги”-Кыргызстандын IT потенциалы

Форумдун жүрүшүнөн бир көз ирмем.

Сүрөт редакцияга таандык

2019-жылдын 2-август күнү Чолпон-Ата шаарында “Ысык-Көл-2019”: “Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү үчүн кызматташуунун келечеги” VI Эл аралык экономикалык форуму болуп өттү. 

Форумга КРдин биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, Президент аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары А.М.Кененбаев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, Корея Республикасынын конгрессмени Лим Чон Сон, КР ЖК депутаттары менен бирге эл аралык жана жергиликтүү инвесторлордун, IT коомчулуктун, бизнес сектордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ар кыл мамлекеттик органдардын жана ЖМК өкүлдөрү катышышты. 

Иш-чара “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын аткаруу аракетинин негизинде өткөрүлдү.

Форумдун өзөктүү темасы Кыргызстанды санариптик трансформациялоо болуп саналат. Форум эки сессияда болуп өттү: өлкөнүн экосистемасы боюнча блок, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин уюшулган презентациялык аймактар жаатындагы IT потенциалы боюнча блок. 

Форумдун 2019-жылга карата негизги милдеттери төмөнкүлөр болду. Алгач, санариптик долбоорлорго басым жасалган ишкер кызматташууну жандандыруу, локалдык өнөктөштүктү уюштуруу максатында өлкөнүн IT дараметин презентациялоо, ошондой эле өлкөнүн санариптик экосистемасын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу. 

Иш-чаранын башкы өнөктөштөрү болуп Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, ошондой эле “Digital CASA – КР” долбоору болуп саналат. Анын уюштуруучусу - КР Инвестицияларды коргоо боюнча агенттиги. Кошумча уюштуруучулары - Жогорку технологиялар паркы. 

Эске сала кетсек, “Ысык-Көл” Эл аралык экономикалык форуму Кыргыз Республикасындагы масштабдуу иштиктүү экономикалык иш-чаралардын бири болуп саналат. Беш жылдын ичинде “Ысык-Көл” форумуна келген меймандардын жана Форумдун катышуучуларынын эл аралык инвестициялык жана бинес коомчулугу менен байланышын бекемдей ала турган, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалы жана инвестициялык ыңгайлуулугу жаатында маалымат ала турган эл аралык аянт катары статусун бекемдей алды. 

Алдыңкы серепчилерди, ишкерлерди жана инвесторлорду бир аянтта жолуктуруу – аларды эл аралык кооперациялоо үчүн жана ошондой эле ар кыл чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди чечүү үчүн практикалык мүмкүнчүлүктү түзүп берет. 

Кубатбек Боронов, КРдин биринчи вице-премьер-министри: “Кыргызстан экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү кеңейтүү үчүн бардык мүмкүндүктөргө ээ”

-Ысык-Көл форуму экономиканы өнүктүрүү маселелерин, анын тенденцияларын жана келечегин талкуулоо үчүн жылдан жылга өлкөдөгү эң ири аянтча болуп калууда. Биздин иш-чаранын башкы темасына өтүп жатып белгилей кетсем, 2019-жыл Президенттин Жарлыгы менен Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыяланган. Ага ылайык аймактарды өнүктүрүүгө жана коомчулуктун күнүмдүк жашоосуна жаңы технологияларды киргизүүгө зор көңүл бурулууда. Бул жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарында социалдык-экономикалык өнүгүүгө татыктуу салым кошот деп эсептейбиз. 

Өкмөт мүмкүндүктөрдү кеңейтип, Евразия экономикалык биримдиги, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму жана башка интеграциялык биримдиктер менен биргеликте атамекендик жана чет элдик бизнеске келечектүү рынокторго жол ачууда.

Биз бизнеске, келечектүү жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун кеңири мүмкүндүктөрүн ачууга багытталган конструктивдүү диалог түзүүгө өзгөчө маани беребиз. Кыргыз Республикасынын аймактарында инвестицияларды жана маалыматтык технологияларды илгерилетүү аркылуу аймактык өнүгүү шексиз түрдө тиешелүү деңгээлде көтөрүлүп, күттүрбөстөн натыйжаларды берет. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, ички жана тышкы инвесторлор үчүн ылайыктуу мыйзам базасын түзүү жаатында бир катар демилгелер ишке ашырылды. 

Бардыгыбыз билгендей, Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке караштуу өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлгөн. Ошону менен бирге бизнести көзөмөлдөөчү мамлекеттик орган тарабынан негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу максатында эки жылдык (2019–2020-жж.) мораторий жарыяланды, ошондой эле ишкерлерди коргоо боюнча бизнес-омбудсмен институту түзүлдү. Бүгүнкү күнү маанилүү дагы бир нерсе, 2018-жылга салыштырмалуу ишкерлик субъекттерин текшерүүлөр 88% кыскарган.

Жергиликтүү бийлик органдарынын – өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, акимдердин жана айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгүн баалоо критерийлерине ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу жана өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо боюнча кошумча баалоо индикаторлору киргизилген.

Ал гана эмес, экономиканын артыкчылыктуу секторлорун өбөлгөлөө зарылдыгын эске алуу менен салык мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жергиликтүү ишканалар үчүн жеңилдик катары кошумча нарк салыгы 80 пайызга чейин кыскартылган.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир нече чара көрүлдү. Жүргүзүлгөн чаралар ишкерлер үчүн жаңы өндүрүш объекттерин ишке киргизүүдө, жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүүдө кошумча колдоо катары кызмат өтөйт.

Экономиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында продукцияларды сертификациялоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялык база түзүлдү. Республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу ар дайым өлкө жетекчилигинин көңүл борборунда. Бул багытта үзгүлтүксүз иш жүргүзүлөт.

Кыргызстан 2018-2040-жылдарга карата мамлекетти өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына кирген Санариптик трансформациялоо концепциясын ийгиликтүү ишке ашырып жатканын белгилеп кетүү керек. Бул багытта шайлоо тутумун санариптештирүү, мамлекеттик органдарды  “Түндүк” бирдиктүү тутумунун алдында интеграциялоо жана өз ара аракеттенүүдө белгилүү бир ийгиликтер бар. Ал гана эмес, мамлекеттик органдардын айрым кызматтары санариптик форматка келтирилип, Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталында Интернет аркылуу жеткиликтүү. 

Экономиканы санариптештирүү биздин өлкөнүн күчтүү тараптарынын позициясында ишке ашырылууда жана атамекендик санариптик инновацияларды жана эл аралык технологиялык трансферди, тармактык санариптик транформациялоону, айыл чарбаны санариптештирүүнү өбөлгөлөө, инновацияларга жана жеңил өнөр жайга дем берүү, ошондой эле туризмди санариптик трансформациялоо максаттары бар.

Ду Дэвэнь, КЭРдин КРдагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси: “2018-жылы КЭРдеги санарип экономикасынын жалпы көлөмү 30 триллион юаньдан ашып түштү”

-Мен бүгүн “Ысык-Көл-2019”: “Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү үчүн кызматташуунун келечеги” VI Эл аралык экономикалык форумуна катышып жаткандыгым үчун абдан кубанычтамын. Ушул берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кытай Эл Республикасынын санарип экономикасынын өнүгүү жолу тууралуу кыскача айтып бермекчимин. 

1994-жылы Кытай расмий түрдө эл аралык интернетти колдонууга мүмкүндүк алды. Ошондон баштап, биздин өлкөдөгү санарип экономикасы турукташып, алгачкы кадамдарын баштады. Ал кезде, Кытайдагы санарип экономикасынын бизнес-модели абдан эле жөнөкөй болчу. Бул маалымат порталы, почта даректери, издөө системасы ж.б.у.с. Интернетти колдонуучулардын күн санап көбөйүүсү менен электрондук коммерция дагы өтө тездик менен өнүгө баштады. 

2003-жылдан баштап, санарип экономика дагы өзгөчө ылдамдык менен өөрчүй баштады. Өткөн жылы Кытайда онлайн-чекене сатуудан түшкөн акчанын көлөмү 9 триллион юаньдан ашты. Ушундай көрсөткүч менен Кытай алты жылдан бери бул жаатта биринчи орунду дүйнө жүзүндө эч кимге бербей келүүдө. 

Электрондук коммерциянын өнүгүүсү төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун дагы жаңы ыкмаларына жол ачты. Бүгүнкү күнү бизде элдер капчыгы жок эле үйдөн чыга алышат. Анткени, бардык төлөмдөрдү мобилдик жол менен төлөөгө болот. Бул колдонууга абдан ыңагйлуу жана жеңил ыкма болуп саналат. 2013-жылдан баштап интернет-индустрия өнүгүүнүн жаңы этабына көтөрүлдү. Смартфондор толугу менен адамдын сырткы дүйнө менен болгон байланышына жуурулушуп кирди. Такси чакыруу, тамакка буйрутма берүү, кийим-кече жуудуруу, үй тазалатуу сыяктуу кызматтарды көрсөткөн атайын тиркемелер иштелип чыгып, элдин жашоосунун ажырагыс бир бөлүгүн ээледи. 

2018-жылы КЭРдеги санарип экономикасынын жалпы көлөмү 30 триллион юаньдан ашып түштү. Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бири болуп саналат. Санарип экономикасынын өнүгүүсү салттуу тармактардын дагы өөрчүсүүнө жаңы дем берип, өлкөнүн экономикасынын да күчтүү болуусуна зор салымын кошот. 

2019-жыл КРдин Президентинин Жарлыгы менен “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” катары жарыялангандыгы, аймактарды өнүктүрүүгө мыкты көмөкчү болмокчу. Санариптешүү Кытайда жакырчылык менен күрөшүүгө жакшы өбөлгө болгон. КЭРде кедей райондордун 90%ы тоолуу, чөлдүү жана токойлуу аймактарда жашашат. Чындыгында, бул аймактар жаратылыш байлыктарына, айыл чарба продукцияларына бай. Бирок, соода жолдорунун жоктугу же болбосо анын жакшы өнүкпөгөндүгүнүн айынан ал жакта жашоо жакшы өөрчүбөй калган. Ал эми, жаңы заманбап технологиялардын, электрондук коммерциянын жардамы аркылуу бул көйгөйлөрдү, тоскоолдуктарды чечүүгө мүмкүн болду. Учурда, бул ыкма өзүнүн алгачкы жемиштерин берип, эл арасына кеңири жайылууда. 

“Санарип Кыргызстан”-элдин жашоосун жакшыртуу арналган мыкты кадам.

“Cанарип Кыргызстан” санариптик трансформациялоо концепциясы –өлкөнү жана коомчулукту санариптик трансформациялоо аркылуу Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиялык программасы болуп саналат. Ал натыйжалуу экосистеманы түзүүгө жана санариптик экономиканы  өнүктүрүүнүн негизин түзүүгө, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, деңгээлин жогорулатууга жана санариптик дивиденддерди алуу үчүн глобалдык санарип экономикага кошулууга шарт түзөт. 

“Санарип Кыргызстан” концепциясын ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын камсыз кылууга, экономикалык жаңы чөйрөлөрдү өнүктүрүүгө, жарандардын турмуш-тиричилигин жакшыртууга, өлкөнүн натыйжалуулугун арттырууга жана процесстерди автоматташтыруунун натыйжасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга багытталган. 

Санарип Кыргызстан – бул “санарип көчмөндөр” үчүн жаңы философия, жаңы идеология! Санариптик трансформациялоо– баарынан мурда адам жөнүндө, андан соң гана технологиялар жөнүндөгү түшүнүк, бул коомчулуктун менталдык өзөгүн трансформациялоо.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)