WeChat      Избранное

2019-жыл өкмөт үчүн макроэкономиканы турукташтырууда, социалдык кырдаалды жакшыртууда конкреттүү кадамдарды жасоочу жыл

07/08/2019  Источник:оригинал   шрифта:

2019-жыл өкмөт үчүн макроэкономиканы турукташтырууда, социалдык кырдаалды жакшыртууда конкреттүү кадамдарды жасоочу жыл

Сүрөт интернеттен алынды

2019-жылдын 24-июль күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.  Жыйында 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары талкууланып, ага КРдин премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев,  КРдин биринчи вице премьер-министри Кубатбек Боронов, вице премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, министрликтердин жетекчилери жана өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышышты. 

Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөп, Экономика министри Санжар Муканбетов “2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана жылдын аягына чейинки милдеттер жөнүндө” доклад окуду. Аны менен катар эле КРдин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Догоев Дастан да мамлекетти санариптештирүү боюнча маалымат берди. 

Мухаммедкалый Абылгазиев, КР премьер-министри: “2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы коомубузда коомдук-саясий окуялар жана бир катар эл аралык иш-чаралар менен эсте калды” 

-2019-жыл өкмөт үчүн макроэкономиканы турукташтырууда, социалдык кырдаалды жакшыртууда конкреттүү кадамдарды жасоочу жыл болуп турат. Коомдун актуалдуу маселелерин чечүүдө өкмөткө Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңеш чоң колдоо көрсөткөндүгүн баса белгилеп кетким келет. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы коомубузда коомдук-саясий окуялар жана бир катар эл аралык иш-чаралар менен эсте калды деп ойлойм. 

Өлкөдө бул мезгилде 10дон ашык жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар өткөрүлүп, алардын алкагында Россия Федерациясы менен 6,2 млрд. АКШ долларына, Кытай Эл Республикасы менен 7,6 млрд. АКШ долларына, Корея Республикасы менен 145 млн. АКШ долларына бизнес-контракттар жана келишимдер түзүлдү.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө бир нече маанилүү фактыларга көңүлүңүздөрдү бургум келет. Өлкөнүн экономикасы дүйнөдөгү терс өзгөрүүлөргө, тышкы кризистик таасирлерге карабастан, макроэкономикалык оң көрсөткүчтөргө ээ болду. Биз экономикалык стимулдаштырууда ички ресурстарды активдүү колдоно баштадык. Өлкө ИДПсынын көлөмү 232,5 млрд. сомду түзүп, 6,4% өстү.

“Кумтөр” ишканасын кошпогондо өсүш – 2,1%га чыкты. Ошону менен бирге экономиканын бардык секторлорунда өсүш камсыз болду. Отчеттук мезгилде өлкөнүн өнөр жай субъекттери тарабынан 127,5 млрд. сомдук продукция өндүрүлгөн. Белгилей кетсем, биз ички өндүрүшкө түрткү берүү менен өзүбүздүн ресурстарды пайдаланууга өтүп жатабыз. Муну менен биз атаандаштыкка жөндөмдүү экономикага негиз түптөөдөбүз. Өнөр жай өндүрүшүнүн мурдагы даңктуу салттарын кайтарышыбыз керек. 108 ишкана ишке кирип, 25,2 миң жумушчу орундары түзүлдү. Анын ичинде 23,5 миң орун жеке ишкердикте ачылды. Өнөр жайында – 2820, тамак-аш жана кайра иштетүүдө 42 жаңы ишкана ишке кирип, 1278 жумуш орундары түзүлдү. 

Президент тарабынан 2 жыл катары менен “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланышы региондордун өнүгүшүнө жакшы түрткү болду. Жаштар арасында патриоттуулук сезимдери менен кичи мекендерине жардам берүү демилгелери да көбөйүп бара жатат.  2019-жылы региондордогу бизнес-долбоорлорду колдоо жана жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында мамлекеттик бюджетте 2 млрд. сом каражаттар каралган. Учурда приоритеттүү бизнес-долбоорлорду тандап алуу, механизмдерин иштеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссия бекитилди. Аймактарда ишкердикти тейлөөчү борборлор ачылды. Жергиликтүү ишканалардын жана жарандардын жеке демилгесин баса белгилеп кетким келет. Алар аймактардын экономикасына 6,3 млрд. сом каражат салып, 9 миңден ашык туруктуу жумушчу орундарын түздү.

Дүйнөдө санарип маселеси мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө катуу таасирин тийгизип жатат. Эгер биз азыр бул маселеге тиешелүү көңүл бурбасак, кийин кеч болуп калат. Санариптештирүү бир гана мекеменин же ведомствонун маселеси эмес. Бул долбоор ар бирибизге тиешелүү экенин унутпашыбыз керек. Азыр ар бир жарандын колунда телефону жана интернети бар. Ошондуктан бардык мамлекеттик кызматтар эл үчүн дайыма, кандай жерде болбосун, ар убак жеткиликтүү болушу керек. Алыскы аймактардын жана айылдардын тургундары мамлекеттик кызматтарды алуу жеңилдеп калганын сезиши зарыл. Ал үчүн өлкөнүн аймактары кеңири форматтагы интернет менен камсыз болуусу кажет.

Миграция процессин токтотуп, жакырлыкты кыскартып, билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарбасы тармактарында абалды жакшыртып жана социалдык маселелерди чечкенге чейин биз аймактарды өнүктүрүү саясатын кармануубуз керек. Биз коомду бириктирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын аткарууга жетишүүбүз керек. Бүгүнкү күнү жакшы натыйжалар бар – жаңы жумуш орундары түзүлүп, социалдык маселелер чечилүүдө. Ошону менен бирге убакыт активдешүүнү талап кылат. Калк өзгөрүүлөргө даяр, ал эми аймактардын жетекчилери даяр эмес.

Дээрлик бардык райондордо аймактарды өнүктүрүү фонддору ачылган. Бирок көпчүлүгүңөр жеке ишкерлерди туулуп-өскөн жерине инвестиция салууга тарта албай жатасыңар. Кимдир бирөө жардам бергиче күтүп отурбай, өзүңөр жол тапкыла. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өнүктүрүү фондуна 2018-жылы түшкөн 88 млн. сомго 5 бала бакча, 6 спорт зал курулуп, 4 км жол асфальттанган. Мына, ушундай иштер аткарылууга тийиш. 

Санжар Муканбетов, КРдин Экономика министри: ““Айыл чарбасын каржылоо-7” программасы боюнча үстүбүздөгү жылдын 26-июнуна карата 4,5 млрд.сомдон ашык 9560 насыялар берилген” 

-Ушул жылдын январь – июнунун жыйынтыгы боюнча экономикадагы иш жүзүндөгү кырдаал төмөнкүдөй түзүлдү: ИДПнын көлөмү 232,6 млрд. сом суммасында, реалдуу өсүү темпи – 6,4 % түздү, (салыштыруу үчүн, 2018-жылдын январь – июнунда-болгону 0,3 % көп). Экономиканын өсүшүнүн мындай жогорку көрсөткүчү “Кумтөр” ишканасындагы негизги металлдарды өндүрүүнүн 1,5 эсеге тездетилген өсүшү менен шартталды, (2018 - жылдын январь-июнундагы терс көрсөткүчтөр 85,6 %). Ошондуктан ИДПны түзүүгө тийгизген оң салым 4,4 проценттик пункттун деңгээлинде бааланат, ал экономикалык өсүштүн жетишилген деңгээлинин дээрлик 70% ын (4,4% дан 6,4% га чейин) түзөт. Бирок, “Кумтөрдү” эске албаганда, экономикалык өсүш болгону 2,1% түзгөн. “Кумтөрсүз” улуттук экономиканын потенциалы төмөн бойдон калууда.

Айыл чарбасында көлөмдөр 1,7% га, курулушта – 5,9% га, өнөр жайда – “Кумтөрдүн” эсебинен –20,6% га жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө-бардыгы 1,1% га реалдуу өстү.

Жогоруда айтылгандай, 1 жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, бул өсүш 1,7% ашкан эмес. Малдын өнүмдүүлүгү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өтө төмөн бойдон калууда. Азыркыга чейин өндүрүштүн түзүмүн өзгөртүүгө жөндөмдүү ири агроөнөр жай комплекстери, айыл чарба кластерлери түзүлгөн эмес. Ташууда сугат суусу көп королууда. Бул көрсөткүч өсүү тенденциясына ээ. Алсак, эгерде 2013-жылы суунун жалпы көлөмүнө карата жоготууларынын көрсөткүчү 22,5% ды түзсө, 2017-жылы бул көрсөткүч 27,8% га жеткен жана көбөйүүнү улантат.

“Айыл чарбасын каржылоо-7” программасы боюнча үстүбүздөгү жылдын 26-июнуна карата 4,5 млрд.сомдон ашык 9560 насыялар берилген. Ал эми айыл чарба секторунун экономикага тийгизген таасири нейтралдуу бойдон калууда - ушул жылдын 1 жарым жылдыгында 0,14 пайызды түздү.

Бюджеттик туруктуулукту жогорулатуу үчүн бизде ушундай иштердин мурунку жыйынтыктарын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен бир жолку, мисалы, 1-январдан 31-декабрга чейин, Кыргыз Республикасында капиталга мунапыс боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сунуш кылынган.

Мындай акцияны өткөрүүдөгү маанилүү шарттардын бири жеке менчиктин жана капиталдын кол тийгистигинин жана алсыздыгынын принциптерин мыйзамдык бекитүү болууга тийиш.

Кыска мөөнөттүү мезгилде бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоонун башка булактары Өкмөттүн IPO элдик түзүүчү демилгелери, мисалы, Мегакомдун, “Манас” аэропортунун, “Учкун” ААК , “Телеком” АК акциялары, ж. б. боло алмак.

Биз 2023-жылга чейин заманбап ата-мекендик индустрияны кайра жаратуу боюнча планды иштеп чыгууну жана бекитүүнү сунуштайбыз.

Ишканалар жана калк үчүн энергия майнаптуулук жана энергия үнөмдөө боюнча 2023-жылга чейинки планды иштеп чыгуу жана киргизүү керек.

Экономикага инвестициялардын агымына дем берүү жана чакан, орто бизнести өнүктүрүүгө шарттарды түзүү үчүн жеке менчикке жана капиталга кол тийбестиктин принциптерин бекитүү жөнүндө, инвестициялар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кароо мезгили. 

Тийиштүү саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн бүткөрүлбөгөн курулуш объекттерин инвентаризациялоо боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүүсүн дагы сунуштамакчыбыз. 

Маалымдама 

Быйылкы жылдын ичинде бир катар ишканалар ачылды: Ошто “ОАЗИС-АГРО” минералдык тоют өндүрүшү, (250,0 миң евро); Ош облусунда “Иликс” кагаз ишканасы (70,0 млн. сом); “Сүлүктү шахта курулуш” көмүр кени (103,5 млн. сом); Шопоковдо “Ак-Кайың” кагаз фабрикасы (220 млн. сом); Ош шаарында “Кыргыз Текстиль ЛТД” (70 млн. АКШ доллары) ишканасы; Кулброс 250 адам (5 млн. АКШ доллары), ТМАЙ ишканасы 700 адам (40 млн. АКШ доллары).

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)