WeChat      Избранное

Кылымдарды карыткан сай өнөма дүйнөсү-кыргызда табият кооздугун даңазаласа, кытай элинде адамдын коомдогу ордун билдирген

16/08/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кылымдарды карыткан сай өнөма дүйнөсү-кыргызда табият кооздугун даңазаласа, кытай элинде адамдын коомдогу ордун билдирген

Кыргыз салттуу билиминин окутуучусу Толсун Көкеева.

Сүрөттөр интернеттен алынды

Саймачылыктын да адамзат менен тагдырлаш узак өмүр жолу бар. Анын өздүк тажрыйбасы аркылуу акырындык менен түзүп, чогултуп алган тактыгын жана көркөмдүгүн билүүгө болот. Ошол көркөм буюмдун үлгүсүнө канча бир чеберлердин көз нуру, көкүрөк мээри, акыл табы сиңирилип, жасалгада колдонмо өнөрүнүн кайталангыс салттуулугу жаралган. 

Бүгүн биз дал ушул саймачылыкка токтолуп, кыргыздын жана кытайдын салттуу өнөрү менен окурмандарды жакындан тааныштырмакчыбыз. 

Амантур Акматалиев агайыбыздын “Кыргыздын кол өнөрчүлүгү” китебинде баяндалгандай, саймачылык элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Байыртан кыргыз элинде кыз бала тестиер чагынан тартып жалаң сайма саюу менен алектенүүчү. Бул — тоолуу калкыбыздын турмушунун элестүү белгилеринин бири. Элдик колдонмо-жасалга өнөрүндө негизги орунду ээлеген саймачылыктын өнүгүшүнүн мерчемдүүсү өткөн кылымдарга өзгөчө таандык. Ал эми жыйырманчы кылымдын башынан тартып элибизде саймачылык өнөрү кулачын кеңири жайгандыгы белгилүү. Элдик өнөрдүн берки көркөм түрлөрүндөй эле, саймачылык да элибиздин көчмөңдүү турмуш-тиричилигин, кесибин, калк мүдөөсүн жан дилинен чагылдырып келет.

Саймачылыктын элдик санжыралуу салты-абалы — боз үйдүн ичи-сыртын кооздоодо жаралганы чындык. Ал кийиз оюму, чий чырмагы, таар термелери, килем көчөттөрү, тор чачыктары менен кошо боз үйгө улуттук өз алдынчалыкты тартуулап турган. Бул өнөр аркылуу боз үйдүн “ичи-тышы” кооздолгон. “Ашкана башын” саймалоо-кештелөө, элибизде адатка айланган.

Кылымдарды карыткан сай өнөма дүйнөсү-кыргызда табият кооздугун даңазаласа, кытай элинде адамдын коомдогу ордун билдирген

Ажыдаардын келбети императордун кийимине гана түшүрүлгөн. 

Бир кездерде боз үйдүн керегесине жалаң кийиз тартылган. Андыктан үй ичи жылуу жана таза турган. Андан соң, кийиз бетин аста-секин кооздоо жышааны башталат. Жүндөн анан кебезден ийрилген жипке дүйүм өсүмдүктөрдүн тамыры менен жалбырагынан колго жасалган боекту сиңирип, башкаларына караганда алгач ак кийиз бетин саймалоо өңдүү жупуну аракеттери бара-бара өнүгүп-өскөн. Сайма өнөрү оболу ушул туш кийиз бетинен көрүнгөн. Андан кийин уздар жалаң кийизге эле эмес соккон таардын, ийлеп өңдөлгөн теринин беттерин да саймалашкан. 

Боз үйдүн керегесине кыдырата илинип, саймасы аркылуу кооздукка-кооздук жалгаган: “Күзгү кап” да, “кайчы кап” да, “самын кап” да, “текче”  жана ушул өңдүү буюм-жасалгалары кийизден, териден, таардан басымдуу болуп келген. Илгерки элдик салттарыбызда да калың көчтү баштоочу, үлпөт менен күйөөгө аттануучу бийкечтердин ат үстү саймаланып “үртүк”, “тердик”, “көрпөчө” өңдүүлөр болот. “Көшөгө”, “кеп такыя”, “белдемчи”, “кемсел”, “элечек” мындан сырткары күлгүн жигиттердин адими кийимдери да түрдүү саймалар менен кооздолгон.

Боз үйдүн ичин-сыртын жасалгалоодогу уздардын айрым жогорудагы кооздуктары менен күтүүсүз жаңы шартта үйдүн жасалгалоо жагдайына байланыштуу өзгөрүүлөр кирип, уздар “керебетке тарткыч”, “кийим жапкыч”, “сүлгү”, “эшик парда”, “терезе парда”, “бет аарчы” сыяктуу буюмдарды ак полотнойго (ак сурп) “ийне сайма” ыкмасы аркылуу ар кандай чөптөрдүн (гүлдүн) формаларын бажырайта бере башташкан. 

Мында орус, украин, белорус элдеринин сайма ыргактарынын мыкты үлгүлөрү арбын учурайт. Кыргыз саймаларынын өңүнүн ачыктыгы жана кооздугу, көп кырдуулугу аркылуу ойдогудай баркталат. Мындай биз кесе айтып жаткан көрүнүштү, баарыдан мурда, тектеш тилдердеги жана канатташ жашаган бир тууган элдердин сайма көчөттөрүнүн өтө окшошун, ич ара жуурулушуп жана жупташып кеткенинен баамдайбыз. 

Кылымдарды карыткан сай өнөма дүйнөсү-кыргызда табият кооздугун даңазаласа, кытай элинде адамдын коомдогу ордун билдирген

Туш кийиздин саймалары уйдун көркүн ачкан.

Толсун Көкөева, саймачы: “Саймачылыкты жайылтып, аны дагы өркүндөтүп-өнүктүрүү заман талабы”

Бүгүн жана эртең саймачылык өнөрүнүн элдик түрүн сактап калуу, анын унутулганын кайра калыбына келтирүү, жагымдуу жактарын талаптагыдай жандандыруу милдеттери күн тартибинде турат. 

Мына, дал ушул салттуу билимди улантып, кийинки муунга  өткөрүп берүү боюнча “Кийиз дүйнө” коомдук фонду уюштурган “Белдемчи” баштаган бир катар курстардын окутуучусу Көкөева Толсун апа менен маек курдук. Толсун апа жетимиштен өтүп калгандыгына карабастан, шайдоот кыймылдап, “ушул өнөрдү көпчүлүккө үйрөтсөм, саймачылык унутулбастан эл арасына жайылып, өнүксө”, - деген изги тилеги менен бөлүштү.  

“Апа абдан ачык, шайыр, жөнөкөй адам. “Келгиле айланайындар, үйрөнгүлө, башкаларга да үйрөткүлө”, - деп турат”, - деген оюн билдирген окуучулары дагы Толсун апага өз ыраазычылыктарын билдирип, ден соолук каалашты.

“Мен Талас районунун Манас айылында 1947-жылы төрөлгөм. Биздин убагыбызда кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгү эл арасында дагы кенен жайылып, азыркы учурдан бир топ өнүккөн десем болот. Анткени, дээрлик ар бир үйдө сайма сайылып, шырдак шырылып, кийиз басылган. Анын бардыгын чоң эне, апаларыбыз үйрөтүп, кол өнөрчүлүк менен алектенген келин-кыздар абдан көп эле. Эртеден кечке телефон карап убакыт өткөргөн заман эмес болчу. Мен дагы саймачылыкты ушундай жол менен үйрөнгөм”, -деп кебин баштады маектешибиз. 

“Үйгө сайманын түрүн саят элек. Азыркы тил менен айтканда бул абдан популярдуу эле. Анын үстүнө Экинчи дүйнөлүк согуш жаңы гана аяктап, эл кыйналып турган мезгил болчу. Ошондуктан, үй ичин негизинен колдон жасалган буюм-тайымдар менен толтураар элек. 3-4-класстан баштап эле мен дагы кол өнөрчүлүк менен алектенип баштагам. Ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин ушул өнөрдү аркалап келем. 

Убакыттын өтүшү менен саймачылыкты уланткандар азайды. Заманбап колдун эмгегин талап кылбаган, үй буюмдары көбөйдү. Биз ошол убакка туш келип, кол өнөрчүлүктү үйрөнүп калдык. Заман өзгөрүп, улам жаңы нерселер чыгып жатты. Терме саймадан кийин чий баркыт, курак курамай пайда болду. Аны да жасадык. Андан кийин заводдор курулуп, кол өнөрчүлөрдүн деле, кереги жок болуп калды. Алыстан килемдер алынып келе баштады. Өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери кол өнөрчүлүктөн бир аз алыстап калгам. Бирок, кыздарыма, неберелериме кийим тигип бере калчумун. 

Азыр болсо, илгерки кол өнөрчүлүк кайрадан жанданып жатат. Ошондуктан, бул өнөр унутта калбасын, мен дагы билгенимди каалаган кыз-келиндерге үйрөтөйүн деген ой менен, “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун жетекчиси Айдай Асангуловага байланышка чыктым. Ал дагы демилгемди колдоп, атайын окуу курсун уюштуруп, мени чакыртты. Бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берди. 200дөн ашуун шакиртим болду. Эң кызыктуусу алардын арасында японка окуучум да болду. Ал дагы абдан жакшы деңгээлде бул өнөрдү үйрөнүп кетти. 

Чындыгында, Айдайга абдан ыраазымын. Окугандарга курстун аягында атайын сертификат тапшырып, жакшы бир ишти уюштуруп берди. Абдан жакшы иштерди аткарып жатабыз. Унутта калган сайма, курак жана башкалар кайра жаӊы жүз, жаӊы стиль менен чыкканына абдан кубанычтамын. Мен тиккен белдемчилер көргөзмөлөргө коюлуп келет. Ал эми саймаларымдын эӊ арзаны 5 миӊ сомдон 15 миӊ сомго чейин бааланат. 

Кылымдарды карыткан сай өнөма дүйнөсү-кыргызда табият кооздугун даңазаласа, кытай элинде адамдын коомдогу ордун билдирген

Жибекке жибек жип менен саймаланган гүл.

Жаш өткөн сайын оор жумушту деле кыла албай калат экенсиң. Үйдө деле сайма саюу менен убактымдын көпчүлүк бөлүгүн өткөрөм. Бул сайма саюу абдан жакшы эс алуу деп айтаар элем. Кадимкидей жан дүйнөм эс алып, кылган жумушумдан эргүү алам. Бул абдан пайдалуу. Албетте, башында кол талып, далы чарчайт. Бирок, аста-астадан көнсө болот. Сайма сайып жатканда бардыгын унутуп, жалгыз гана кооздук жаратуу менен алектенип каласың. 

Саймачыга жакшы сүрөт тартуу дагы ашыктык кылбайт. Бул эми адамдын чыгармачылыгына дагы көз каранды. Кыргыздарда, байыртадан бери эле саймага түшүрүлгөн оюулардын өз орду, мааниси болуп келген.Чындыгында, бул сайма дүйнөсүнүн тарыхы узун. Ар бир элде сайма бар, бирок саймадагы көрүнүштөр кандайдыр бир деңгээлде ошол элдин кулк-мүнөзүн, табиятын, жашоо образын, ишенимин толугу менен чагылдырып бере алаары шексиз. Андыктан, саймачылыкты жаштар арасында жайылтып, аны дагы өркүндөтүп-өнүктүрүү заман талабы”. 

Кытайда сайма аркылуу түшкөн көркөм көчөттөр жашаган аймактын элестерин таасын берет.

Кыргызда сайманын көркөм каражаты — көчөт. Сайма аркылуу түшкөн көркөм көчөттөр өзүбүз жашаган аймактын элестерин таасын берет. Муну уздар өзүнүн көркөмдүк табитине, чеберчилик дараметине жараша түрдөн-түр, кооздуктан-кооздук түшүрө алышат. Сайма көчөттөрүндө кийиз оюмдун, чий чырмакчылыктын, өрмөк согуунун жана килем токуунун кооздук түрлөрүнүн ич ара кереметтүү айкалыштары ширелишип кетет. Мында, үлгүсү эскирген саймаларга түшкөн көчөттөр кайта табылгыстай сезилет.

Элдик саймачылыктын дагы касиетинин бири — алардын түстөр менен чебер иштеши. Демек, кызыл, көк, жашыл жана башка түстөр өз ара чеберчиликте айкалышып, буюмдардын ажарын ачып турат. Мында биринин өңүн экинчиси басып кеткен түстөр эч качан жанаша колдонулбайт.

Дагы бир өзгөчөлүк — буюмдун көлөмүн сезе билүү. Жасалып жаткан буюмдун жалпы аянты менен сайма көчөттөрүнүн көлөмүнүн ич ара катышы туура чечилет. Буюмдун көлөмү менен ага түшкөн көркөм көчөттөрдүн өзүнчө мыйзамченемдүү байланышы бар. Эгер сайма көчөттөрү чоң-чоң түшсө, буюмдун бетинен бери чыгып кетет. Тескерисинче, кичине сайылса, жердиктин бетине жутулуп, анча билинбей калат.

Кылымдарды карыткан сай өнөма дүйнөсү-кыргызда табият кооздугун даңазаласа, кытай элинде адамдын коомдогу ордун билдирген

Сайма саюу адамды эс алдырып, конулун жайлантат.

Сайма саюу жогорку даражанын белгиси болгон

Кытай маданияты уникалдуу. Ал бир катар Чыгыш элдеринин улуттук баалуулуктары жуурулушкан, миңдеген кылымдарды карыткан  өзгөчө маданиятка ээ. Сайма саюу өнөрү дагы кытай элинин күнүмдүк жашоосунда гана өзгөчө орунду ээлебестен, анын фольклорунун ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Коңшу элдеги саймачылык өнөрдүн башаты Байыркы Кытайда, Б.З.Ч. 1-миң жылдыкта эле башталган. Биз бүгүнкү күнү дагы кытай уз-чебер айымдарынын эмгектеринде байыркы саймаларды көрө алабыз. Бул дагы да болсо, алардын каада-салтты сыйлап, барктап келгендигинен кабар берет. 

Башында саймаланган кийимдерди кийүү, кадыр-барктуу, бай үй-бүлөлөргө гана таандык өзгөчөлүк болгон. Сайманы дагы жөнөкөй адамдар сая алган эмес, сайма саюу кандайдыр бир жогорку статусту билдирген. Императордун жубайлары дагы сайма менен алектенгендери тууралуу маалыматтар бар. Бирок, убакыттын өтүшү менен бул өнөр эл арасына жайылып, кадимки күнүмдүк-тиричиликте колдонула баштаган. Буюмдарга уламыш, санжыранын каармандары дагы сайма менен түшүрүлүп, көркөмдөлүп кооздолгон. 

Кытай саймасынын гүлдөп турган доору Сун династиясынын мезгилине туура келет. Ошол учурда, сайма саюуга колдонулган жабдыктар, материалдар өнүгүп, эң мыкты эмгектер жаралган. Канчалаган кылымдар өтсө дагы, ошол кездеги саймалар бүгүнкү күну элдин улуттук баалуулугу болуп саналат. 

Кылымдарды карыткан сай өнөма дүйнөсү-кыргызда табият кооздугун даңазаласа, кытай элинде адамдын коомдогу ордун билдирген

Байыркы Кытайда бийлик өкүлдөрүнүн кийимдерине канаттуулар түшүрүлгөн.

Кездеменин эки тарабына тең сүрөттөрдү бирдей түшүргөн саймачы, эң мыкты чебер деп бааланган 

Бардыгыбыз билгендей эле бул өнөр тактыкты, сабырдуулукту, чыгармачылыкты талап кылат. Кытай саймасы дагы майда эмгекти талап кылган оор жумуш. Түшүрүлгөн саймалар чындыкка жакын болуусу үчүн колдонулган кездемени, жип-шууларды өтө дыкаттык менен тандоо зарыл. Бул өнөрдүн сырларын кытайлар балдарына кичинекей кезинен баштап үйрөтүшөт.

Мына, ушундай дүйнөгө белгилүү ыкмалардын бири бул-жибек кездемесине жибек менен сайма саюу болуп саналат. Бул ыкма көп жылдык тажрыйбаны талап кылат. Жибек саймада жүздөгөн ар түрдүү кооз жиптер бир-бирине абдан тыгыз жайгашуусу керек. Бул 3 тараптуу мейкиндиктин элесин берет. Ал эми, кездеменин эки тарабына тең сүрөттөрдү бирдей түшүргөн саймачы, эң мыкты чебер деп бааланган. Албетте, кытай саймасы дагы аймактарга жараша өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, ал сянсюй, юэсюй, шусюй, сусюй деп бөлүнөт. Ар бир сайма мектебинде өзүнө гана тиешелүү боектун түрлөрү, кездемелер колдонулат. 

Ар бир маданиятта сайманын ичине кандайдыр бир ой-маани камтылган. Кытай саймасы дагы алардын катарында. Кытай маданияты негизинен табият менен тыгыз байланышкан. Ошондуктан, саймадагы башкы мотивдер жаныбарлар, өсүмдүктөр болгону таң калыштуу эмес. Алар дагы каалаган эле буюмдарга түшүрүлө бербейт. Анын дагы өз мааниси бар. 

Байыркы Кытайда эл катмарларга бөлүнгөн. Адамдын кайсы катмарга тиешелүү экендигин анын кийимине түшүрүлгөн саймалардан дагы билүүгө мүмкүн болгон. Мисалы, жоокерлердин кийимдерине жолборс, арстандын келбеттери саймаланган. Бул эр жүрөктүүлүктүн, баатырдыктын белгиси болгон. 

Ал эми, бийлик өкүлдөрүнүн кийимдеринде болсо, канаттуулар, турна ж.б. түшүрүлгөн. Байыркы Кытайда канаттуулар кудайдын элчиси деген ишеним болгон. Ал учурда император кудай катары кабыл алынган үчүн, канаттуулар императордун белгиси катары бааланган. Турна түшүрүлгөн кийим кийген адам, сарайда өзгөчө кадыр-баркка ээ экендигинен кабар берген. Ал эми, ажыдаардын келбети императордун кийиминде гана болгон. Анын кийимине 1 эмес, 5 ажыдаар саймаланган. 

Азыркы учурда, замандын акыркы тенденциясы катары этникалык стиль баркталып келет. Кытай дизайнерлери дагы бул тенденцияны колдоп, көз күйдүргөн эмгектери жаратышууда. Бул мода “Шинуазри” деп аталып, Орто Кытай маданияты менен Батыштын дизайнерлик ыкмаларынын айкалышуусунан келип чыккан мода түрү болуп саналат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)