WeChat      Избранное

​Сун Лицюнь: “Ар бир студентиң менен тил табышып, жакындан баарлашканда гана чыныгы билимди бере аласың”

07/08/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Сун Лицюнь: “Ар бир студентиң менен тил табышып, жакындан баарлашканда гана чыныгы билимди бере аласың”

Сун Лицюнь.

Сүрөттөр маек ээсине таандык

“Мугалим дүйнөдөгү эң таза кесиптин ээси”,- деп бекеринен айтылбаса керек. Мына, ушундай мыкты кесипти аркалап, ар бир сабагына өзгөчө дыкаттык менен даярданып, студенттерине кытай тилин, адабиятын, маданиятын тереңдеп үйрөтүүнү максат кылган жаш мугалимдердин бири Сун Лицюнь. 

Сун агай Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Конфуций классында сабак берет. Студенттеринин айтуусу боюнча, ал сабактарын эң кызыктуу өтүп, окуучуларын ар тараптуу өнүктүрүүгө аракет кылган кесипкөй мугалимдердин бири. 

Биз Сун агай менен жакындан таанышып, анын жөнөкөйлүгүнө, кызыктуу маектеш экендигине күбө болуп кайттык. Ал өзү, Кыргызстан жана Кытай алакасы тууралуу кеп салып, жергиликтүү студенттердин өзгөчөлүктөрүнө дагы токтолуп өттү. 

“Кыргыз элинин мыкты мамилесинен улам, өз үйүмдө жүргөндөй эле сезим калды” 

2015-жылы Сун Лицюнь К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту тарабынан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Конфуций классына мугалим болуп иштөөгө жолдомо алган. 

Ал алгачкы жолу Кыргызстанга келгендеги сезимдери менен бөлүшүп, бизге өзгөчө берилүү менен айтып берди. 

“Албетте, Кыргызстан тууралуу маалыматым бар болчу, бирок бул жакка келгенде жаратылышын, элин дагы жакындан таанып, Ала-Тоонун табиятынын сулуулугуна тан бердим. Ал эми, кыргыз элинин меймандостугу, жардам керек болгон учурда, кайдыгер калбастан өз көмөгүн көрсөткөнү мага өзгөчө таасир калтырды. Кыргыз элинин ушундай мыкты мамилесинен улам өзүмдү, өз үйүмдө жүргөндөй эле сезе алдым десем жаңылышпайм. Төрт-беш  жылдан бери кыргыз жергесинде жүрүп, эң баалуу көз ирмемдерди өткөздүм, кызыктуу окуяларга туш болдум. 

Чындыгында, мугалим болуу бул жеке гана өз сабагыңды түшүндүрүп коюп, басып кетүү эмес. Ар бир студентиң менен тил табышып, аны менен дос болуп, жакындан баарлашканда гана чыныгы билимди бере аласың деп ойлойм. Ошондуктан, кыргызстандык студенттер аркылуу дагы кыргыз маданиятын, элдин кулк-мүнөзүн жакшы билип, үйрөндүм”. 

“Кытай маданияты апталыгы аркылуу көптөгөн күйөрмандарды топтой алдык” 

-Бардыгыңыздар билгендей, ай жылнаамасы боюнча Кытай Жаңы жылы (кытайча Чуньцзе) же болбосо Жаз майрамын бизде өзгөчө майрамдашат. 2 аптага созулуучу майрамдык салтанат - кытайлыктардын эң ири үй-бүлөлүк майрамы болуп саналат. Мына, ушул Жаз майрамы аяктаган соң, Кыргызстан дагы жаздын белгиси болгон “Нооруз” майрамын белгилейт эмеспи. 

Биз ушул майрам күндөрү  Ала-Тоо аянтында орун алган Тарых музейинде Конфуций институтунун мугалимдери жана студенттери бирге чогулуп, кытай маданиятынын жарманкесин уюштуруп жүрөбүз. Ал жакта, кагаздан жасалган желпингичтер, салттуу кытай кийим-кечеси, кытай окуу китептери, кытай маданиятынын бир түрү болгон кагаздан кесилип жасалган ар түрдүү оймо-чиймелерди эл алдына тартуулайбыз. Жарманкеден түшкөн акча-каражаттары толугу менен кайрымдуулук иштерине жумшалат. 

Мына, ушундай иш-чаралар дагы эки элдин достугун бекемдөөгө зор салымын кошоору шексиз. Бул кадам кыргыз коому тарабынан дагы абдан жакшы кабыл алынып, элдин алкышына татыдык. 

Мындан сырткары, бизде байма-бай Кытай маданияты апталыгы өтүп турат. Ал жакта кытай кинолорунан баштап, салттуу кытай ашканасына чейин жакындан таанышып, көрүүгө мүмкүнчүлүктөр каралган. Ушундай кызыктуу жана маңыздуу маданий иш-чаралардын арты менен көптөгөн кыргызстандык студенттер кытай маданиятынын күйөрмандарына  айланды десек жаңылышпайбыз.

​Сун Лицюнь: “Ар бир студентиң менен тил табышып, жакындан баарлашканда гана чыныгы билимди бере аласың”

Сун лаоши студенттери менен бирге. 

“Студенттерим Тан династиясынын белгилүү акыны Ли Бонун чыгармачылыгын сүйүп окушат” 

-Бизде студенттер жеке гана кытай тилин үйрөнүү менен чектелбестен, кытай адабияты дүйнөсүн дагы бирден талдап, үйрөнүп чыгышат. Менин студенттерим кытай элинин байыркы адабиятына абдан кызыгышат. Өзгөчө Тан династиясынын белгилүү акыны Ли Бонун чыгармачылыгын сүйүп окушат. 

Мен ар бир сабакка өзгөчө дыкаттык менен даярданам. Өтүлө турган сабакты жакшылап түшүндүрүү үчүн аны өздөштүрүүгө жеңил боло турган жаңы, кызыктуу ыкмаларды колдонууга аракет кылам десем да болот. Жеке пикиримде студенттерге жакшы тааныш болгон жазуучу-акындардын эмгектери менен кытай адабият дүйнөсүнүн үркөрлөрүн салыштырып, маңызын жеткирүү жакшы бир ыкмалардын бири. Ошондо студенттин эсине жакшы сакталып калат. 

Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Кытайда дагы абдан белгилүү, көптөгөн эмгектери кытай тилине которулган. Ошондуктан, негизинен Айтматовдун чыгармаларына салыштыруу көп болот.

 “Кыргызстандын окуучулары эркин ой-жүгүртүү, логикалык маселелер жагынан күчтүү келишет” 

-Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү системасында чоң деле айырмачылыктар жок. Эки тарап тең бирдей эле окутуу ыкмаларын колдонуп, сабак өтүшөт. Ал жакта деле башталгыч класстар, орто жана жогорку класстар болуп бөлүнөт. Бир гана айырма Кытайда окуучулар 12 классты окушса, бул жакта 11-класс менен менен аякташат экен. 

Менин оюм боюнча, Кыргызстандын окуучулары эркин ой-жүгүртүү, логикалык маселелер жагынан күчтүү келишет. Алар ар тараптуу өнүгүгүүгө аракет кылышат. Сабак учурунда түрдүү маселелерди дагы талкуулап, чечүү жолдорун карайбыз. Студенттер бул жаатта дагы эркин ой-жүгүртүп, өз сунуштарын айтып, далилдер менен сүйлөп бере алышат. Ар биринин өз көз карашы бар. Бул абдан жакшы. Мугалим катары, мен алардын эркин ой жүгүртүүсүн абдан жогору баалайм. 

Кыргызстанда кытай тилин окуп үйрөнүп жаткан студенттердин саны жыл санап өсүүдө. Мисалы, 2019-жылдын башында эле HSKди (кытай тили сынагы) тапшырган окуучулардын саны 1800 адамдан ашкан. Албетте, учурда Кыргызстанда кытай тилин тереңдеп үйрөтүү жаатында дагы бир катар көйгөйлөр бар. Тилди үйрөнүүдө мугалимдин орду абдан маанилүү. Бизде Кытайдан келген мугалимдеринин саны аз. Муну менен катар эле окуу куралдарынынын жетишсиздиги байкалат. 

Ошондой болгон күндө да, бул жагдайлар кыргызстандык студенттерге кытайчаны жогорку деңгээлде үйрөнүүгө тоскоол боло албайт деп ойлойм. Анткени, студенттеримдин арасында Кытайдын мен-мен деген мыкты жогорку окуу жайларынан билим алып, ийгилик жаратып жүргөндөрү бар. Ошондуктан, эң негизгиси каалоо жана эмгек болсо бардык ийгиликтерди багынтууга толук мүмкүн деп айтаар элем. 

Акыркы жылдары эки мамлекет ортосундагы кызматташуу өөрчүп, өнүгүүдө. Бул байланышты дээрлик бардык тармактардан көрүүгө болот. Билим берүү жаатында дагы жакшы алакалар курулуп жатат. Көптөгөн кыргызстандык студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларында окуп, эки элдин мамилесин чыңдоого өз салымдарын кошуп жүрүшөт. 

Былтыр, 2018-жылдын октябрь айында Кытайдын Ганьсу провинциясынан 50дөн ашуун студент Кыргызстанга келип 5 жылдык окуусун башташты. Бул студенттер Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы маанилүү программанын алгачкы катышуучулары. Алдыда, дагы көптөгөн кытай студенттери бул жакта билимин тереңдетет деп ишенем. Мындан тышкары, жайкы лагерлер дагы бар. Лагерлерге негизинен окуучулар барышат. Мына, ушундай долбоорлор, программалардын көп болуусу бардыгыбыз үчүн пайдалуу. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)