WeChat      Избранное

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктады

01/10/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктады

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1- октябрда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу КРдин Президенттик Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.   

«Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Сиз жетектеген Кытай элине Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүнүн 70 жылдыгына байланыштуу жылуу куттуктоолорду жана чын ниет каалоолорду жолдоо мага абдан чоң канааттануу алып келет.

Кытай Эл Республикасы түзүлгөн күндөн баштап өткөн жылдар ичинде Сиздин өлкөдө кытай элинин турмушун жакшыртууга, ал эми мамлекетке дүйнөдөгү эң ири жана алдыңкы экономиканы түзүүгө мүмкүнчүлүк берген чындыгында улуу өзгөрүүлөр болуп өттү. Өлкөнүн жетишкен жогорку жетишкендиктеринде Сиздин жеке эмгегиңиз баа жеткис.

Кыргызстанда дос элдин ийгиликтерин кубануу менен кабыл алышат жана Кытайдын мындан ары дагы гүлдөп өсүшүнө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда байланыштардын туруктуу жана ырааттуу өнүгүүсүнө үмүттөнүшөт.

Сиздин үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик визитиңизди жана ШКУ Саммитине катышууңузду өзгөчө жылуулук менен эстейм. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө Сиз менен жемиштүү жолугушууларды өткөрүп, кеңири түшүнүшүүгө жетишип, кыргыз-кытай достук кызматташтыгы үчүн жаркын келечекке биргеликте ниет койдук деген Сиздин пикириңизди толугу менен колдойм.

Өз кезегимде ынак коңшулук, достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө мындан ары дагы Сиз менен биргеликте бардык аракеттерди көрүүгө даяр экенимди ырастайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакты-таалай жана дос кытай элинин бакубатчылыгы, тынчтыгы жана гүлдөп өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)