Фото WWW
Жээнбековдун айтымында, бул күн — өлкөдө белгиленген маанилүү майрамдардын бири. Ал ар бир адамды кайрымдуулук жана жакшы иш жасоого үндөп, айланадагы адамдарга кол сунууга чакырат.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков православ динин туткан кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Президенттин куттук сөзүн маалымат кызматы жарыялады.
Анын айтымында, бул күн — өлкөдө белгиленген маанилүү майрамдардын бири. Ал ар бир адамды кайрымдуулук жана жакшы иш жасоого үндөп, айланадагы адамдарга кол сунууга чакырат.
"Биздин мамлекет анда жашаган ар бир улуттун салттуу динине сый менен мамиле жасайт. Көп улуттуу өлкөбүздө биримдик гана коомдуу өнүктүрө алат", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.
(Автор:Аноним / Редактор:GL)
последние
Рекомендация
Горячие темы