WeChat      Избранное

«2019-жылдын мыктысы» – «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» гезити

27/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

«2019-жылдын мыктысы» – «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» гезити

Сүрөттөр редакцияга таандык

2019-жылдын 24-декабрь күнү  «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезити жыл мыктыларын сыйлоо салтанаттуу аземин өткөрдү. Бул иш-чарага Кыргызстандагы ар кыл тармактын өкүлдөрү, мекемелер катышып, коомдук ишкерлер, республиканын аймактарынан келген сыйлуу меймандар дагы болду. 

Саамалыкты «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору Дыйканбек Керимбаев ачып, жалпы жеңүүчүлөрдү гезиттин атынан куттуктап өттү. Андан соң, «Жыл мыктысы-2019» номинациясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, КРдин Жогорку Кеңешинин Тɵр агасы Дастан Жумабеков жана КРдин Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ээ болду. 

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, бардык жеңүүчүлөргө «Жыл мыктысы-2019» диплому салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Таалайбек Темиров, «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун орун басары: ««Жибек жолу. Маданий өнүгүү» гезити кыргыз-кытай ортосундагы «достук көпүрө»»

-Бүгүн «Эркин-Тоо» гезитибизде чоң салтанат болуп жатат. Анткени, жыл бою жигердүү эмгектенип, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алуу менен мамлекеттин ар кыл тармагындагы жарандарыбыздын, мекемелердин жыл мыктыларын аныктаганбыз. Бул жолу бизде 180ге жакын жыл мыктылары белгиленди. Арасында ар кыл тармактын өкүлдөрү бар: билим берүү, спорт, маданият, саламаттыкты сактоо тармактарынын өкүлдөрү менен катар эле саясатчылар, чет элдик жана жергиликтүү мекемелер ж.б. 

Чындыгында, жыл мыктыларын тандоо оңой иш эмес. Ошондуктан, жыл бою биз ошол мекеме, ишканалар, уюмдар менен кызматташып, алардын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныш болуп келебиз. Ушунун негизинде жана окурмандарыбызды сурамжылоо аркылуу жыл жыйынтыгын чыгарабыз. 

Мына, ушул жеңүүчүлөрдүн арасында «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» гезити дагы бар. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук байланыштарды, экономикалык кызматташтыкты, маданий алакаларды өнүктүрүүдө гезиттин кошкон салымы зор.

Анткени, Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды кытай окурмандарына, ал жактагы болуп жаткан окуяларды бизге жеткирүү жаатында мыкты иштерди аткарып келе жатасыздар. Башкача айтканда, «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» гезитин эки мамлекет ортосундагы «достук көпүрөсү» десек дагы жаңылышпайбыз. Ар дайым кызматташтык алакабыз өөрчүп, чыңдала берсин.  

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)