WeChat      Избранное

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке берүү салтанатына катышты

16/08/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке берүү салтанатына катышты

Сүрөттөр интернеттен алынды

15-август күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районундагы «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

«Кичи-Чаарат» ЖАК 2008-жылы түзүлгөн, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунда жайгашкан. Куру-Тегерек жана Сулуу-Тегерек участокторунда чалгындоо иштери аяктагандан кийин алтын материалдарын чыгаруу башталган. Учурда фабрикада 529 адам иштейт, анын ичинде 419у жергиликтүү жашоочулар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкананын өндүрүштүк объекттерин көрүп чыгып, технологиялык процесс менен таанышты.

Өкмөт башчы бардык мекендештерди мындай ири ишкананын ишке берилиши менен куттуктап, мамлекет жана жергиликтүү калк тарабынан инвесторлорду колдоонун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

«Аймактарда ири өндүрүштүк объекттердин ачылышы алыскы райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө чоң күч берет. Улуттук экономиканы бекемдөөгө шарт түзөт. Инвестор алтын кен ишканасынын курулушуна жана тиешелүү өндүрүштүк инфратүзүмдү түзүүгө 220 млн АКШ долларынан ашуун салууда. Ишкананы зарыл көлөмдөгү кубаттуулук менен камсыздаган өзүнүн электр чубалгылары тартылды. Мамлекет өз кезегинде мындай инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Бирок ошону менен бирге алардын алдында конкреттүү талаптарды коет, айрыкча курчап турган чөйрөнү коргоо жана социалдык милдеттемелерди аткаруу боюнча», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал баса белгилегендей, көп бөлүгү ишкананын ишине тартылган жергиликтүү калк бардык техникалык жана экологиялык талаптардын так аткарылышын көзөмөлдөө боюнча мамлекетке жардам берүүгө тийиш.

Өкмөт башчы сөзүнүн соңунда ишкананы ишке берген символикалык баскычты басты.

Андан соң Премьер-министр компаниянын кызматкерлери менен маектешип, алар менен ишканада жашоо жана иштөө шарттарын жакшыртуу маселелерин талкуулады. Алар айлык акыларын көбөйтүү маселесин көтөрүштү. Учурда эмгек акыларынын орточо өлчөмү 16-19 миң сомду түзөт.

Өкмөт башчы белгилегендей, инвестор алтын кен ишканасында өндүрүш башталган соң биринчи кезекте ушул маселени чечүүгө милдеттенди.

Мухаммедкалый Абылгазиев мындай өндүрүштөрдүн ачылышы жана ийгиликтүү иши аркылуу аймактарда динамикалуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жетишүү мүмкүн экендигин белгиледи.

«Биз көрүп жаткандай, Чаткал районунда акыркы жылдары жолдор, мектептер, бала бакчалар курула баштады. Бул инвесторлор менен иштөө ыкмасын мамлекет кардиналдуу түрдө өзгөртүүсү аркылуу ишке ашып жатат. Район жаратылыш ресурстарына бай жана аларды калктын кызыкчылыгында натыйжалуу пайдалануу өлкөдө жашоо сапатын жакшыртууга шарт түзөт. Чаткал району эң өнүккөн жана ийгиликтүү аймактардын бири болушу керек», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр инвесторлор, ошондой эле жергиликтүү калк менен таасирдүү кызматташтыкты келечектүү жөнгө салуу боюнча компетенттүү органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)