WeChat      Избранное

​Хуавей “акылдуу сааттары”-замандын мыкты белеги

20/08/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Хуавей “акылдуу сааттары”-замандын мыкты белеги

Сүрөт редакцияга таандык

Урматтуу биздин сүйүктүү окурмандар, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити сиздер үчүн ар дайым кызыктуу жана кымбат баалуу белектерди ойнотуп, түрдүү сынактарды уюштуруп келет.

Бул сынактар биздин фейсбук жана инстаграм баракчаларыбызда жарыяланып, автоматтык түрдө жеңүүчүлөр тандалып алынат. Ошондуктан, алдыда дагы биздин мыкты тартууларыбызга ээ болууну кааласаңыздар, анда гезиттин интернет баракчаларына катталууга шашылыңыздар.

Ал эми, биз бүгүн сиздерди инстаграм баракчабыздагы кезектеги сынактын жеңүүчүлөрү менен тааныштырмакчыбыз. 

 Айгүл Жыпар кызы: 

“Менин эң алгачкы утушум, сиздерге чоң рахмат”

-Мен жеке фирмада эмгектенем. Азыр технологиянын өнүккөн заманында бардыгыбыз эле интернетти, социалдык баракчаларды өтө активдүү колдонуп калбадыкпы. Мына ошол жерден, сиздердин инстаграмдан өткөрүп жаткан конкурс тууралуу маалыматты окуп калдым. 

Чындыгында, гезит тууралуу буга чейин анчалык деле маалыматым жок болчу. Бирок, ушул интернет аркылуу бир аз тааныштыгым бар эле. Ал жакта дайыма кыргыз-кытай маданий кызматташтыгы, экономикалык байланышы ж.б. жааттагы алакалары жөнүндө кызыгуу менен окуп турабыз. 

Негизи эле, бул макалалар аркылуу биз Кытай өлкөсү, эли, ал жактын каада-салты, жаңылыктары тууралуу толук маалымат алсак болот. Менин байкоомдо “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин кыргыз-кытай достук алакасына өз салымын кошкон, эки мамлекеттин ортосундагы байланыш көпүрөсүн бекемдеген медиа тармагы катары кызмат кылат экен. 

Мен конкурска катышаарын катышып, бирок ал жөнүндө такыр эле унутуп калыпмын. Ысык-Көлгө эс алууга кеткем. Ошондуктан, жеңүүчү болгондугумду бир жумадан кийин көрдүм. Абдан кубанычта болдум. Жеңишке жетем деп эч ойлогон эмесмин. Мындай конкурстарга деле катышып көргөн эмесмин. Ошондуктан, эң алгачкы утушум десем болот. Бир жагынан конкурстун таза өтөөрүнө деле ишенген эмесмин. Эми, бардыгы таза өтөөрүнө көзүм жетти. Кийинки конкурстарга дагы каалоочуларды катышкыла демекчимин. 

Менин сиңдим Кытайда билим алат. Жакында, каникулга келгенде эле колунан ушундай “акылдуу саатты” көрүп абдан кызыгып калдым эле. Мына, эми өзүмдө да болду. 

Учурдан пайдаланып, сиздердин гезитке, жалпы редакциянын эмгек жамаатына ийгилик каалап кетмекчимин. Окурмандар үчүн ушундай күтүүсүз кубанычтарды тартуулаганыңыздар үчүн чоң рахмат. Ар дайым өнүп-өсүп, Кыргызстандын медиа тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү болууңуздарга тилектешмин.

Исмаилова Сүйүмкан: 

“Конкурс ак жана таза өтөт экендигине өзүм күбө болдум”

-Мен мектепте иштейм. Башталгыч класстарынын мугалимим. Бул оюнга дагы кокусунан эле катышып калдым. Оюндун шарты боюнча 3 досуңду белгилешиң керек экен. Мени ошол жакка туугандарым белгилеп коюшкан экен. Ал аркылуу анан мен издердин инстаграм баракчаңыздарга чыктым. Чындыгында, менде деле жеңишке жетем деген ой жок болчу. Мына, эми бүгүн мен Хуавей компаниясынын “акылдуу саатын” жеңип алдым. Абдан кубанып турам. 

Бул компания дагы дүйнө жүзүнө белгилүү бренд компаниялардын бири. Биз, негизинен Хуавейдин телефондорун көп колдонобуз. Башка телефондорго салыштырмалуу, алардын сапаты абдан жакшы. Эң негизгиси алардын батарейкасы көпкө жетет. Ошондуктан, бүгүнкү жеңип алган сыйлыгым үчүн абдан кубанып турган кезим. 

Чындыгында, бул мен үчүн абдан күтүүсүз мыкты жаңылык болду. Ошондуктан, бардык окурмандарды, алдыда боло турган сынактарга катышууга чакырмакчымын. Себеби, сынак ак жана таза өтөөрүнө өзүм күбө болдум. Бизге, окурмандарга ушундай оюндарды уюштуруп, мыкты белектерди бергениңиздер үчүн өз ыраазычылыгымды билдирем. 

Сиздердин гезит аркылуу Кытай тууралуу көптөгөн маалыматтарды алабыз. Өзүбүз барбасак да, ушундай булактардын жардамы менен коңшу элдин маданиятын, салт-санаасын жакындан таанысак дейбиз. Адам өнүгүп, дүйнө таанымы кеңейүүсү үчүн ар дайым жаңы маданиятты, жаңы дүйнөнү изилдеп үйрөнүүсү керек. Ошондуктан, сиздердин гезиттин эки өлкөнү бир-бирине таанытууда орду зор. Ар дайым ишиңиздер ийгиликтүү болуп, калемиңиздер курчуй берсин. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)