WeChat      Избранное

​Көөдөнгө толгон кусалык-мекенден алыс өткөн жашоо жолу

20/08/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Көөдөнгө толгон кусалык-мекенден алыс өткөн жашоо жолу

Го Гуи менен маектешүү учурунда. 

Сүрөттөр редакцияга таандык

Жүздөгөн жылдар мурун, кең мейкиндикти ээлеп жаткан чөлдү кесип өткөн кербен үнү Борбордук Азия менен Кытайды байланыштырып, Улуу Жибек жолун бойлой жайгашкан элдерди бириктирип келген. Бул жол эл аралык алаканы өнүктүрүп, соода-экономикалык байланышты чыңдоого зор салым кошкон. Адамдар бир-биринин маданиятын үйрөнүп, соода-сатык менен катар бекем достук мамилесин дагы курушкан. Ушундан улам Улуу Жибек жолу адамзаттын уникалдуу маданий баалуулугу болуп саналат. 

Бүгүнкү күнү дал ушул Жибек жолун кайра жаратуу идеясы, чыгыш менен батышты бириктирген “Бир алкак-бир жол” аттуу масштабдуу кытай демилгесинин ичине камтылган. Бул элдер арасындагы достукту, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөөгө чакырган жол болуп саналат. “Бир алкак-бир жолду” жээктей жайгашкан мамлекеттерде жашаган кытай диаспорасынын өкүлдөрү (хуацяо) дагы демилгенин жүзөгө ашуусу үчүн өз салымдарын кошуп келишүүдө. 

Борбордук Азиядагы кытай эмигранттарынын жашоо-турмушу, кыйынчылыктары, жеңиштери тууралуу кенен айтып берүү үчүн биз “Борбордук Азиядагы Кытай диаспорасы” аттуу атайын рубриканы ачып, сандан-санга кызыктуу окуялар менен сиздерди тааныштырууну туура көрдүк. 

Ошондуктан, урматтуу окурмандар, кытай эмигранттарынын жашоосун гезит бетине чагылдыруу менен бирге, биз сиздерден дагы жаңы окуяларды күтөбүз. 

Ал эми, рубрикабыздын бүгүнкү каарманы 90 жаштын кырын ашкан Го Гуи болмокчу. Каарманыбыз бизге өзүнүн жашоосунун оош-кыйыш учурларын айтып, кызыктуу маек куруп берди. 

Кыргызстан - экинчи мекен

Го Гуи Кыргызстанда 60 жылдан ашуун өмүр сүрүп келе жатат. Ал өз эмгеги менен жакшынакай үй куруп, жакындары менен биргеликте бактылуу карылыгын кечирүүдө. Кыргызстан ал үчүн экинчи ата-журт болуп калды. Себеби, бул жерде анын жашоосунун 60 жылы өттү. Бирок, каармандын айтуусунда, баары бир жүрөгүнүн тээ түпкүрүндө ата-мекенине болгон кусалык, сагыныч күчтүү. 

Анын төрөлгөн жери Кытайдын Синьцзян аймагы. Бала-чагы, окуучу кези Үрүмчү шаарында өткөн. Алгачкы эмгек жолу Илиде (Или-Казак автономдуу району) башталган. Ал жактан биринчи жолу өзүнүн өмүрлүк жубайы жана анын ата-энеси менен таанышкан экен. Жубайы Или жергесинде төрөлүп чоңойгону менен, анын ата-энеси мурунку Советтер Союзу убагында Сталиндик режимден качып, Кытайда туруп калышыптыр. Тактап айтканда, азыркы Кыргызстандын аймагынан кетишиптир. 1958-жылы аялынын ата-энеси туугандары өз жерине кайтып келишкен экен. Ал эми, 1960-жылы 30 жаштагы Го Гуи, жубайы, бир уул, бир кызы менен Кыргызстандын аймагына көчүп келишет. 

Эмгекчилдик бул жаркын жашоого ачылган жол

Го Гуи Кыргыз жергесине келгенден кийин эки ай өтпөй, Фрунзе заводуна жумушка кирет. Бул завод ошол кездеги бирден-бир алдыңкы күчтүү, ири заводдордун бири болгон. Ал жакта 10 миңден ашуун жумушчулар иштеген. Алгач, жергиликтүү элдин тилин түшүнбөгөндүгү үчүн бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүгүн айтат. Бирок, заводдо кытай тилин билген татар кесиптеши абдан көп жардам берген.

Беш жыл катардагы жумушчу болуп иштегенден кийин, жумушунан көтөрүлүп, өз адистигин дагы тереңдеп өздөштүрө баштаган. Бул арада орус тилин дагы үйрөнүп, иштөөсүнө бир кыйла жеңил болуп калган мезгил эле. Заводдо баш-аягы 10 жылдан ашуун иштеген. Андан соң, жашоо-турмушун жакшыртып, үй-бүлөсүнүн абалын оңдоо максатында жумушунан бошоп, башка жакта иштөөнү көздөгөн. 

Ошентип, бул жердеги кытайлар менен биргеликте Казакстанга барып иштей баштаган. Ал кезде жашылча-жемиш көп жок. Карапайым эл негизинен картошка, капуста жана сабиз өстүрүп жан сактаган. Жемиштер жокко эсе эле. Ошондуктан, Го Гуи достору менен биргеликте дарбыз өстүрүп, ири суммадагы акча табышкан. Башкача айтканда, бир түшүмдүн акчасынан бир үй алууга мүмкүн болгон. Жыйынтыгында, жубайы экөөнүн тынымсыз эмгегинин артынан жакшы турмушка жете алышкан. Жубайы тикмечилик менен алектенген. 

Го Гуи: “Мен эмгек абдан баалуу экендигин түшүндүм. Жакшы жашоо, балдардын жаркын келечеги булардын бардыгы эмгекке байланыштуу. Канчалык күнү-түнү иштеп, маңдай териң менен акча тапкаң, ошончолук акчаң берекелүү болуп, бардыгына жетет. Эмгекчилдик бул жаркын жашоого ачылган жол. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин айткандай Кытайдын өнүгүүсүнө түздөн-түз эмгекчил элинин кошкон салымы зор. Чындыгында, бул абдан туура. Ондогон жылдар бою карапайым эл маңдай терин төгүп эмгек кылды. Өлкөнүн азыркы жетишкендиги, кытай элинин жетишкендиги”, - деген оюн дагы кошумчалады. 

Ал балдарын дагы эмгекчилдикке үйрөтүп табиялаган, улуу кызы үй-бүлөсү менен Каракол шаарында бактылуу өмүр сүрүп келет. Уулу дагы Бишкек шаарында почта кызматында иштейт. Ал эми, кичүү кызы Кыргызстанда төрөлгөн. Убагында банк кызматкери болуп, азыр пенсияда. Атасы менен бирге турат. Жубайы эки жыл мурун кайтыш болуп калган. Ошондон бери Го Гуи кызынын колунда. 

Жашаган үйү ичи-сырты менен гүлгө оролгон. Короосу бак-шактуу. Жер-жемиштер өсүп, берекенин белгисин берип турат. Мына, ушунун бардыгы алардын бактылуу жашоосунан кабар берет. 

Карылык менен кошо күчөгөн мекенге болгон кусалык

Го Гуинин кичүү кызы Раянын айтуусунда апасы кайтыш болуп калгандан кийин, үйгө мейманчылап келген кишилердин саны дагы абдан азайган. Атасы дагы орусча сүйлөгүсү келбей, кытай тилин гана колдонуп калды. Рая болсо, кытай тилин билбейт. Ошентсе, дагы экөө бир-бирин түшүнгөнгө аракет кылып, жашап келишет. Кызынын айтуусунда убакыт өтүп, карыган сайын Го Гуи Кытайды өзгөчө сагынып, куса болгондугу байкалат. Кытай дарыларын гана ичет, жергиликтүү дарыгерлерге баргысы келбейт. Ушул эки жыл аралыгында анын өз жерине болгон сагынычы күчөгөндөн-күчөөдө. Синьцзян тамактарына басым жасап, аларды жакшы жейт. Кытай тууралуу сөз болгондо, кадимкидей жанданып, өңүнө кызыл жүгүрөт. Биз дагы маектешүү учурунда ушуну байкадык. Өз жери, жашоосу тууралуу өтө берилүү менен айтып берип, күлкүсү чыгып, өз балдарына көрсөтпөгөн сүрөттөрүн алып чыгып, ар бир сүрөттүн кызыктуу тарыхын айтып берди.

Кыргыз жергесинде жашаган ушул 60 жыл аралыгында ал 5 жолу гана Кытайга барып келген. Эң алгачкы жолу, 1980-жылы гана мекенине кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк алган. 20 жылдан кийин энесине, жакындарына жолуга алган. Тилекке каршы, ал убакта атасы кайтыш болуп калган эле. Ал эми, акыркы жолу 2017-жылы барып, өз туугандарына жолугуп келген. 

Анын айтуусунда, Кытай учурда абдан өзгөргөн. Бала чагындагы жерлер таанылгыс болуп өнүккөн.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)