WeChat      Избранное

​“Алтынкен”-коопсуздук, жашыл чөйрө жана социалдык-экономикалык өнүгүү

20/08/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​“Алтынкен”-коопсуздук, жашыл чөйрө жана социалдык-экономикалык өнүгүү

Шаардык Кеңештин депутаттары менен бирге компаниянын жетекчилиги.

Сүрөттөр редакцияга таандык 

Үстүбүздөгү жылдын 7-август күнү “Алтынкен” ЖЧКсынын жетекчилиги Кемин жана Орловканын шаардык Кеңешинин депутаттарын ишкананын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштырышты. Бул иш-чарага биздин редакциянын журналисттери да барып катышып келишти. 

Алгач, эл өкүлдөрүн “Алтынкен” ЖЧКсынын башкы директору Чжан Хуахуэй тосуп, өтүп жаткан иш-чаранын башкы максатын айтып өттү. Ал: “Биз бүгүн, сиздерди өз көзүңүздөр менен  компаниянын жүргүзгөн ишмердүүлүгүн көрүп, жакындан тааныштыруу үчүн чакырдык. Биздин иш ар дайым ачык жана таза. Жашыруун-жабык эч кандай сырыбыз жок”, - деп, бардык меймандарга өз убакыттарын бөлүп келип бергендиктери үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Андан соң, меймандар кызматкерлердин жашоо-турмушу тууралуу кенен маалымат алып, алардын эс алуусу үчүн атайын курулган спорт залдарды, иш жайларын кыдырып, ашканадагы тамак-аштарынын сапаттары менен дагы таанышышты. Бул жөн гана ишкананын аймагын кыдыруу болбостон, ар бир бөлүмдөгү иштер кандай нукта аткарылып жаткандыгы тууралуу толук маалымат алууга мыкты мүмкүнчүлүк болду. Тактап айтканда, компаниянын адистери эл өкүлдөрүн кызыктырган бардык суроолорго жооп берип жатышты. Негизинен суроолор рекультивация иштерине, экологиянын сакталышына жана жергиликтүү кызматкерлердин жашоо-шарты, ишмердүүлүгүнө тиешелүү болду. 

Бул сапарда жергиликтүү эл менен иштешүү багытында дагы компания жигердүү иш алып барып жаткандыгына күбө болдук. Себеби, кен иштетүү жайларына кирүүдөн мурун, ал жакта жүрүү эрежелери менен тааныштыруу баракчасынын бир бетинде толугу менен кыргыз менталитети, кулк-мүнөзү менен тааныштырып, тамактануу этикетинен бери кытай жана орус тилдеринде жазылган экен. Бул кадам  аркылуу дагы, компания жетекчилиги жергиликтүү элдин жашоосун, маданиятын сыйлап, аны үйрөнүүгө чакырганын көрсөк болот. 

Эске салсак, “Алтынкен” компаниясы 2006-жылдын 5-апрелинде Чүй облусунун Орловка шаарында уюшулган. 2011-жылдын 30-сентябрында Кытайдын “Zijin Mining” аттуу тоо-кен корпорациясы компаниянын 60%дык үлүшүн сатып алган. Ошентип, компаниянын 40%ына ээ “Кыргызалтын” ишканасы менен бирге ишмердүүлүгүн баштаган.  “Талды-Булак Сол жээк” долбоорун жүзөгө ашырууга 246 млн. АКШ доллары кеткен. Бул жакта алтындын 77 тоннадан ашуун запасы бар экендиги аныкталган. “Талды-Булак Сол жээк” Кыргызстанда алтын кенинин көлөмү боюнча 3-орунду ээлейт. Долбоор мөөнөтү 19 жыл. Ишкана 2015-жылдын 29-июль күнү өз ишмердүүлүгүн баштаган. 

Дамир Сарыбаев, Орловка шаардык Кеңешинин төрагасы: 

“Алтынкен” ЖЧКсы менен көптөн бери тыгыз кызматташып келебиз”

- Биз “Алтынкен” ЖЧКсы менен көптөн бери тыгыз кызматташып келебиз. Чындыгында, алар өздөрүнө коюлган талаптардын бардыгын так жана таза аткарып келишүүдө. Учурда, муну иш жүзүндө аткарып далилдеди десек болот. Айлык-маяналар убагында берилип, салыктар төлөнүүдө. Мындан сырткары, Кемин районунда  “Кемин келечек” жана “Өнүктүрүү” фонддору уюштурулган. Бул жакка түшкөн акча-каражаттары аймакты өнүктүрүү жаатындагы иштерге арналып, элдин турмушун жакшыртууга коротулат. Ушул жылдар аралыгы фонддун каражатына көптөгөн жакшы иштер аткарылды. Бала-бакчалар, фельдшер-акушердик пунктарын (ФАП) оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлдү. Мектептерге дагы абдан жакшы көңүл бурулуп, спорт залдары курулду. Муниципалдык имараттар оңдолду. Эки бала бакча курулду, муниципалдык мончо ачылды. 

Жергиликтүү калк кошумча жумуш орундары менен камсыз болду. Албетте, жумушчу орундар жетишсиз. Бирок, бардыгын жумуш менен камсыз кылуу мүмкүн эмес да. Ал эми, учурда иштеп жаткан жердештерибизди бардыгы канааттандырат. Алардын иштөөсү үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүнө, бүгүн дагы күбө болдук. Бардыгы жакшы иштеп жатыптыр. Эң негизгиси экологияга эч кандай терс таасир тийбей эле турат. Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштери дагы жакшы жүргүзүлүп жатыптыр. Чындыгында, абдан жакшы иштер аткарылууда. Башкысы “Алтынкен” иштеп жатат. Коопсуздук маселеси абдан жакшы каралгандыгын көрдүк. Бардык жумушчулар өзүнүн формасы, керектүү шаймандары менен камсыз болуптур. Жумуш күнүнөн кийин кызматкерлер спорт менен машыгып, ден соолугун дагы чыңдашат экен. 

Жогоруда айткандай, кытай тарап менен биз тыгыз кызматташып келебиз. Кандайдыр бир жардам керек болуп, же болбосо техникалык жабдыктарга муктаж болуп калсак, бул жак бизге ар дайым жардамын берет. Бизде өз ара жардам, түшүнүүчүлүк мамилелери жакшы деңгээлде десем болот. Эки тарап тең бир-бирин колдоого жана жардам берүүгө аракет кылат. Ошондуктан, “Алтынкен” менен мамилебиз жакшы, дагы да болсо ушул багытта иш алып бара бермекчибиз. 


Кубат Мамыров, Кемин шаардык Кеңешинин төрагасы:

“Эң башкысы жумушчулардын жетекчиликке нааразачылыктары жок, өз ара түшүнүүчүлүк менен иш алып барышат экен”

- Бүгүнкү иш-чара бардык тараптарга пайдалуу болду деп эсептейм. Компаниянын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштык. Жергиликтүү жумушчулар менен да баарлашып, алардын ал-абалын билүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду. Кызматкерлердин маанайы көтөрүңкү. Бул жакта 1000ге жакын адам иштейт. Көптөгөн үй-бүлө багылып жатат.

Кемин шаары тууралуу айта турган болсом, бизде дагы социалдык объекттер жасалып, оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгүн биз компаниянын ичи менен дагы тааныштык. Спорт залын, жатаканасын көрдүк. Чындыгында, жашоого бардык ыңгайлуу шарттар каралыптыр. Кызматкерлерин Түркияга чейин эс алууга жиберген учурлары бар экен. Ысык-Көлгө барып келишиптир. Бул тууралуу жумушчулар менен сүйлөшүп жатканда айтышты. Ар дайым ушундай иш-чаралар өткөрүлүп тургандыгы дагы маалым болду. Бул жааттан алганда абдан жакшы иштер бар экен. Коопсуздук маселесине да жакшы көңүл бурулат экен.

Эми, чындыгында ишкананын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнө тиешелүү ведомстволор, атайын адистер жакшы баасын берип жаткандан кийин, демек бул жаатта иштер жакшы. Экология, кен иштетүү, рекультивация ж.б. 

Бүгүн бизге экскурсия абдан жакшы таасир калтырды. Эң башкысы жумушчулардын жетекчиликке нааразачылыктары жок, өз ара түшүнүүчүлүк менен иш алып барышат экен. Кандайдыр бир маселелер болсо, аны тез арада чечип, кызматкерлер менен тыгыз байланышта болгондугу дагы кубандырды.  Чындыгында, башкы жумушту жумушчулар кылат да. Ошондуктан, алардын кызыкчылыктары ар дайым корголуп, кандайдыр бир маселелери болсо тез арада чечилип туруусу абзел.

Биз өзүбүз дагы Байкоочу кеңештебиз. Фонддорго түшкөн акча-каражаттарын бөлүштүрүүдө, зарыл болгон, элге керектүү долбоорлорду карайбыз. Ошолорду жүзөгө ашырууга акча бөлөбүз. Бул фонддордон сырткары, компаниянын жетекчилиги жергиликтүү кем-карчы көп үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга, бала-бакчаларга дагы өз көмөктөрүн көрсөтүп келишет. 

​“Алтынкен”-коопсуздук, жашыл чөйрө жана социалдык-экономикалык өнүгүү

Иш үстүнөн бир көрүнүш.

Улан Тумаков, “Алтынкен” ЖЧКсынын профсоюздук комитетинин төрагасы:

“Компания кызматкерлерга абдан жакшы көңүл бөлөт”

- “Талды-Булак Сол жээк” кени 2015-жылы июль айында ишке кирген. Кенди иштетүү үчүн биргелешкен кыргыз-кытай “Алтынкен” ЖЧКсы лицензия алган. Анын 60 пайыздык үлүшү Кытайдын “Zi Jin Mining”, 40 пайызы “Кыргызалтын” ишканасына таандык. 

Биз “Алтынкен” ЖЧКсынын профсоюздук уюму болуп саналабыз. Негизинен жумушчулардын укуктарын коргоп, кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруунун үстүнөн иштейбиз. Бардык талап, суроолор мыйзамдын чегинде чечилип, аткарылат. Бизде негизинен жергиликтүү калк иштейт. Компания кызматкерлерга абдан жакшы көңүл бөлөт. Азыр жай мезгилинде жумушчуларын 3 күндүк эс алууга Ысык-Көлгө жиберип жатат. Алардын иштөөсү үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. 

Коопсуздук, техникалык коопсуздук маселери ар дайым биринчи орунда. Тамактануу шарттары дагы жакшы. Күчтүү тамактар берилет. Организмге керектүү болгон сүт азыктары дагы байма-бай берилип турат. Биздин жумушчулар негизинен он беш күн иштеп, он беш күн эс алышат.  Ал эми, офис кызматкерлери беш күндүк жумуш мөөнөтү менен иштешет. План менен иштейбиз. Ай сайын планды аткаруу бул башкы милдет болуп саналат. 

Турусбек Акматов, “Алтынкен” ЖЧКсынын башкы директорунун биринчи орун басары: 

“Чоң көйгөй жаралбоосу үчүн, кичинекей маселелерди көз жаздымда калтырбоо зарыл”

- Азыркы тапта, жумушчулар арасындагы абал стабилдүү. Биз профсоюз менен бирге, ар дайым кызматкерлер менен жолугушууларды өткөрүп, ал-абалдары менен жакындан таанышып турабыз. Кандайдыр бир маселелер жаралса дайыма убагында чечип, тараптардын кызыкчылыктарын коргоп келебиз. Башкы директорубуз Чжан Хуахуэй тартипке да абдан көңүл бөлөт. Анын келүүсү менен бардык жерде тартип бекем болуп, иштин дагы ийгиликтүү болуусуна өбөлгө болуп келүүдө. Бул тууралуу кызматкерлер дагы өздөрү айтып жатышат. Коопсуздук маселеси биринчи орунда. 

Мен бул жерде былтыркы жылдын декабрь айынан бери иштеп келе жатам. Албетте, кандайдыр бир маселелер болгон, бирок биз эл менен тыгыз иштеп, жумушчуларыбыз менен жакындан баарлашуунун негизинде аларды чечип келе жатабыз. Ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Жалпысынан алганда, бардыгы жакшы. Нааразычылыктар жок. 

Кытай жумушчулары менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп турат. Бардыгын ынтымак, өз ара түшүнүүчүлүк ичинде иштөөгө дайыма чакырып келебиз. Чындыгында, тараптар ортосунда түшүнбөөчүлүктөр болбоосу үчүн, алдын-ала иштерди жүргүзүү абзел. Кандайдыр бир көйгөй жаралдыбы, аны ошол жерде чечип, бүтүрүүгө аракет кылуу керек. Чоң бир маселелер жаралбашы үчүн, кичинекей маселелерди көз жаздымда калтырбоо зарыл. Ар дайым эл, жумушчулар менен сүйлөшүп, алардын ой-пикирлерин угуп, кошо аралашып жүргөндө гана жакшы бир жыйынтыкка, ынтымакка жетишүүгө болот. Муну менен катар эле, ошол элдин кулк-мүнөзүн, менталитетин дагы жакшы билүү керек. 

Мындан сырткары, бизде дайыма ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат. Маданий жана спорттук оюндар аркылуу кызматкерлердин дагы ынтымагы бекем болуп, достук мамилеси өөрчүйт. 

​“Алтынкен”-коопсуздук, жашыл чөйрө жана социалдык-экономикалык өнүгүү

“Алтынкен” ЖЧКсы 2018-жылы 139 млн. сом көлөмүндөгу салык төлөгөн

“Zi Jin Mining” тоо-кен корпорациясы мамлекеттин көзөмөлүндөгү бирден-бир ири корпорация. Анын ишмердүүлүгүнүн негизги багыты катары алтын, жез, цинк жана башка пайдалуу тоо-кен минералдарын чалгындоо жана өндүрүү иштери болуп эсептелет. Бул компания алтын, жез жана цинкти өндүрүүнүн көлөмү боюнча Кытайдын ишканаларынын алдыңкы үчилтигине кирет. Корпорациянын инвестициондук долбоорлору КЭРдин 18 провинциясында жана дүйнөнүн 11 өлкөсүндө жүзөгө ашып келүүдө. 2019-жылы “Форбс” журналынын маалыматына ылайык фонд биржасына катталган 2000 алдыңкы компаниялардын ичинен 889- орунду ээлеген. 

“Кыргызалтын” Ачык акционердик коому 1992-жылы 15-октябрда уюшулган. Ал Кыргызстандагы эң ири мамлекеттик ишкана болуп саналат. Аталган компания, азыркы учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын 97%ын өнөктөштөрү менен биргеликте өндүрүп, долбоорлорду иштетип келет. КМШда Кыргызстан алтын өндүрүү боюнча 3-орунда турат. 

2018-жылы “Алтынкен” компаниясы 3226 кг алтын өндүргөн. 139 млн. сом көлөмүндөгү салык төлөгөн. 2015-жылдан азыркы мезгилге чейин жалпысынан 6000 кг өндүрүлгөн. Ал эми, салыктар, ж.б. социалдык жоопкерчиликтерге бөлүнгөн акча 5, 95 млрд. сомду түздү. Муну менен катар эле, Кемин районунун “Өнүктүрүү” фондуна берилгени акча 350 млн. сом болду.

Компания ар качан “Байлыкты бирге түзүү! Компаниянын, эмгек жамааттын жана коомдун биргеликте өнүгүүсү!” аттуу ураандын алкагында иш алып барат. Ал өзүнүн социалдык жоопкерчилигин так жана таза аткарып, жергиликтүү калктын кошумча жумуш орундары менен камсыз кылууда. “Алтынкен” аймактын социалдык иш-чараларына жана кайрымдуулук иштерине активдүү катышып, өздөрүнүн колдоосун көрсөтүп келет. 

Компаниянын демилгеси менен “Кемин келечеги” коомдук фонду түзүлгөн. 2018-жылы “Өнүгүү” фондуна 198 млн. сом, “Кемин келечегине” бүгүнкү күнү жалпысынан 98, 7 млн. бөлүнгөн. Бул акча-каражаттары райондун инфраструктурасын оңдоого, айыл-чарба, саламттыкты сактоо тармактарын өнүктүрүүгө, аймактын социалдык-экономикалык ал-абалын жакшыртууга коротулат. Ал эми, мындан башка кайрымдуулук иштерине дагы 3,99 млн. сом каржыланган. 

Компанияда 13 структуралык бөлүм иш алып барат. Штатта 996 кызматкер иштейт. Алардын 60ы КЭРден келген техникалык адистер, 936сы Кыргыз Республикасынын жарандары. 2018-жыл боюнча айлык-акы фонду 596 млн. сом. Жумушчунун бир айлык кирешеси 40 миң сомдон жогору болду (салык жана кошумча берилчү акча-каражаттарын кошкондо). Социалдык колдоо балалуу болгондо, турмуш курганда, пенсияга чыкканда берилчү пособиелерди ичине камтыйт. Муну менен катар кызматкерлерге акысыз жатакана, тамак-аш жана вахта жумушуна алып келип, алып кеткен унаа каттамдары дагы бекер берилет. Кызматкерлер үчүн атайын спорт комплекси дагы курулган. 

Компания экология маселесине да өтө маани берип, таза суу, жашыл айлана-чөйрөнүн болуусуна дагы кам көрүп келет. “Адам өмүрү алтындан дагы кымбат” деп, коопсуздук маселесине да өзгөчө көңүл бурат. Кыргыз Республикасынын коопсуз өндүрүш, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча нормативдеринин негизинде компания бул жаатта өтө кылдаттык менен иш алып барып, бардык эрежелерди сактайт жана талаптарды аткарат. Ишкана айлананы жашылдандыруу боюнча дагы жигердүү иштерди жасап келүүдө. Үстүбүздөгү жылы ушул керектөөлөргө кеткен сумманын көлөмү 160 миң АКШ долларын түздү. 

2018-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кемин районундагы “Алтынкен” ЖЧК алтын кен казуу ишканасынын ишмердиги менен таанышкан. Ал компаниянын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, жакшы таасир алгандыгын айткан. Эмгек жамаатка ийгилик каалап, компанияны КРдин алдыңкы ишканаларынын бири экендигин белгилеген. 

“Алтынкен” ЖЧКсы кыргыз-кытай ишканасы катары, эки мамлекеттин социалдык-экономикалык кызматташуусуна дагы зор салымын кошуп келет. Ал ар дайым коңшу мамлекеттердин ынтымагы үчүн иш алып барып, биргеликте өнүгүүгө аракеттерди кыла бермекчи. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)