Кыргызстандык мугалимдер квалификациясын Санкт-Петербургдан жогорулатат
Курска катышкан мугалимдер мекенине келгенден кийин алган билимин бишкектик жана нарындык кесиптештери менен бөлүшөт.
Кыргызстандык эки педагог Санкт-Петербургда квалификациясын жогорулатып жатат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборунан кабарлашты.
Орус тили жана адабияты сабагы боюнча чет элдик мугалимдер үчүн уюштурулган курс 12-августтан 25-августка чейин созулат.
Программаны "Россотрудничество" Санкт-Петербургдун мэриясы менен биргеликте иштеп чыккан.
"Иш-чарага 34 мамлекеттен келген 70 мугалим катышууда. Кыргызстандын атынан барган делегациянын курамында Нарын мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты боюнча кафедрасынын жетекчиси Гүлзат Касаболотова менен КРСУнун мугалими Евгения Дмитриева бар", — деп айтылат маалыматта.
Окуу программасы Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан иштелип чыккан. Анын жыйынтыгы боюнча ар бир катышуучуга квалификациясы жогорулатылганы боюнча күбөлүк берилет.
Курска катышкан мугалимдер мекенине келгенден кийин алган билимин бишкектик жана нарындык кесиптештери менен бөлүшөт.
последние
Рекомендация
- 1Кыргызстандык мугалимдер квалификациясын Санкт-Петербургдан жогорулатат
- 2Планирование семьи - ответственное родительство
- 3Помогите, тону!
- 42019-жыл өкмөт үчүн макроэкономиканы турукташтырууда, социалдык кырдаалды жакшыртууда конкреттүү кадамдарды жасоочу жыл
- 5Вкусная, но горемычная кыргызская картошка