WeChat      Избранное

КРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги бизнес чөйрөсүн өнүктүрөт

26/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

КРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги бизнес чөйрөсүн өнүктүрөт

Сүрөт КРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигине таандык

18-октябрь күнү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги тарабынан, агенттиктин бизнес чөйрөсү менен тыгыз кызматташтык алакасын активдештирүү максатында жолугушуу уюштурулуп, тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага эл аралык мекемелер, чет өлкөлүк соода иштеринин өкүлдөрү, ишкерлер чөйрөсү жана дагы Өкмөттүн ушул тармакка тиешелүү ведомстволорунун өкүлдөрү катышып, бизнес чөйрөсүнүн көйгөйлөрү талкууланды. 

Бул демилге КРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги тарабынан көтөрүлүп, мындан ары ар ай сайын ушундай жолугушууларды өткөрүп туруу пландары бар экендигин Агенттиктин директору Адилбек уулу Шумкарбек өз сөзүндө айтып өттү. 

Болуп өткөн иш-чарага ЖИА бизнес ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеңеши, КР Соода-өнөр жай палатасы, Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсы ж.б. бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрү менен катар ПРООН, Герман коомунун Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташуу уюму, ЮСАИД, ЖИКА, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык мекемелер дагы катышышты. 

Адилбек уулу Шумкарбек: 

“Биздин максат -  Кыргызстандагы бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп, алардын көйгөйлөрүн жакындан таанып-билүү, тиешелүү органдарга жеткирүү” 

- Биздин агенттик чет элден келген инвесторлорго эң биринчи жардам бере алган, инвестиция багытында Кыргызстанда иш жүргүзүү боюнча жол көрсөткөн, бирден-бир мамлекеттик мекеме болуп саналат. 

Мурда биз КРдин Экономика министрлигинин алдындагы агенттик катары иштеп, өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп келгенбиз. Азыркы тапта болсо, түздөн-түз премьер-министрге баш ийген, өз алдынча туруктуу мамлекеттик мекеме болуп саналабыз. Биз мурунтан эле ушул инвестиция багытында иштеп, ишкерлер чөйрөсү менен кызматташып келгенбиз. Учурда агенттиктин статусу жогорулап, ишкерлерге дагы көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүгө даярбыз. 

Иш-чаранын башкы максаты дагы абдан эле жөнөкөй, Кыргызстандагы бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп, алардын көйгөйлөрүн жакындан таанып-билүү. Бүгүнкү жолугушуу аркылуу дагы биргелешкен пландарды, идеяларды угуп, инвестиция жана экспорт чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн бизнес-аянтчаны түзүү болуп саналат. 

Агенттик инвестиция, экспорт жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагындагы мамлекеттик саясатты бирден-бир ишке ашыруу ыйгарым укугуна ээ мамлекеттик аткаруу органы болуп саналат. Ошондуктан, ушундай жолугушуулар, иш-чаралар аркылуу бизнес чөйрөнүн учурдагы абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине түздөн-түз билдирүү мүмкүнчүлүгүнө эгедер. 

Муну менен катар эле, ушундай кадамдар аркылуу ишкерлердин, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын ортосундагы ишкердик мамилелерин күчөтүүгө дагы ыңгайлуу шарттарды түзүп, аны өнүктүрүүгө өз салымын кошмокчу.

Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан Тегерек столдун алкагында бардыгыбыз үчүн маанилүү болгон, эки башкы маселени карадык. Биринчиси, Кыргызстандын инвестициондук потенциалын жакшыртуудагы Өкмөттүн жана жеке сектордун ээлеген ордун, ролун талкуулоо болсо, экинчиси Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу жолдорун издөө жана ушул багыттагы сунуштарды кароо болду. 

Өзүңүздөр көргөндөй, бүгүн бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүн ойлондурган, Кыргызстандагы ишкердикти өнүктүрүүдө тоскоолдуктарды жараткан бир катар маселелер айтылып, ортого салынды. Чындыгында, бул багытта аткарылчу иштер арбын. Мындай жолугушууларды мезгил-мезгили менен өткөрүп, салтка айландырып алсак деген изги тилегибиз бар. Анткени, бүгүнкү жолугушуу көрсөткөндөй, ортодо аткарылчу иштер көп, убакытты өткөрбөстөн ыкчам чечилиши керек болгон суроолор дагы бар экендиги айтылып, ушундай иш-чараларга муктаждык бар экендиги дагы бир жолу тастыкталды. 

Чындыгын айтканда, мындай жолугушуулар мурун дагы болуп келген, алардын жыйынтыгында, бир катар маселелер чечилип, керектүү документтер дагы кабыл алынган. Ошондуктан, бүгүнкү каралган маселелер, айтылган көйгөйлөр сөзсүз түрдө Өкмөттүн деңгээлине чейин көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору тиешелүү Өкмөттүк ведомстволор менен дагы биргеликте каралмакчы. 

Кийинки жолугушууларда дагы ушул жаатта иш алып барган башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн чакырып, түздөн-түз, ушул тегерек стол үстүндө тараптардын ойлорун угуп, маселелерин талкууламакчыбыз. 

Көйгөйлөр жана сунуштар 

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү ишкерлер менен бирге чет элдик инвесторлор дагы өз көйгөйлөрүн билдирип, Кыргызстандагы ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы маселелерди талкуулашты. Ар бир айтылган маселеге КРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек менен катар тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жооп берип, кайсы бир маселелер жазылып алынып, Өкмөттүн денгээлинде карала тургандыгы белгилүү болду. Алдыда болсо, тегерек стол үстүндө талкууланган маселелер жалпы-жонунан берилди. 

1.Экспортту өнүктүрүү боюнча сунуштар жана суроолор. Иш кагаздарынын жасалышы, фитосанитардык тастыктама менен товардын келип чыгышы жөнүндө тастыктамалардын иштешип жаткан тарапка англис тилинде даярдалып берилүүсү керек. Бул документтер эл аралык кызматташууда англис тилинде талап кылынат. Бирок, бизде орус тилинде берилет. Ушундай кырдаалдар дагы иштин ийгиликтүү болуусуна өз кедергисин тийгизбей койбойт. Ошондуктан, ушул тармакка тиешелүү мамлекеттик органдар иш кагаздарын англис тилинде дагы даярдап берсе деген ойлор айтылды. 

Ушул эле документтерди берген жайларды көбөйтүү сунушу дагы түштү. Чүй облусу боюнча Бишкек жана Токмок шаарларында эле берилээри айтылып, облустун башка жерлеринде дагы пункттар ачылса, ишкерлердин убактысы дагы үнөмдөлүп, бир катар жеңилдиктер жаралмак деген пикирлер айтылды. Бул Кыргызстандын аймактарына дагы тиешелүү маселе экендиги ачыкталды.

2. Кошумчаланган нарк салыгы (КНС). Учурдагы, ишкерлердин эң башкы көйгөйү бул-кошумчаланган нарк салыгын кайтарып алуу экендиги белгилүү болду. 

3.Жергиликтүү инвесторлорду коргоп, алардын ишмердүүлүгү ийгиликтүү болуусу ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Өкмөт тарабынан дагы кандайдыр бир кадамдар аткарылса деген сунуштар айтылды. 

4.Кандайдыр бир объектти долбоордоо, пландоо иштериндеги кемчиликтер жана аны жүзөгө ашырууда аткарылган кызматтын баасынын абдан жогору болгондугу айтылып, белгилүү бир чектөөлөр коюлса деген ойлор ортого салынды. 

5.Кыргызстан айыл-чарба мамлекети болгондугу үчүн суу маселеси дагы ортого чыкты. Жергиликтүү дыйкандарга айыл-чарба өсүмдүктөрүн сугарууда суунун жетишсиздиги келип чыгып жаткандыгы айтылды. Бул багытта дагы маселелер каралып, тиешелүү чаралардын көрүлүшү керек экендигине токтолушту. 

6.Сүт азыктары менен алектенген ишкерлер дагы сунуштарын айтышып, айыл-чарба өндүрүшүндө иштеген ишкерлер үчүн Өкмөт тарабынан кандайдыр бир жеңилдиктер каралса жакшы болот эле деген өз ойлорун билдиришти. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)