WeChat      Избранное

Сулуулук майрамын тартуулаган “Бьюти Экспо-2018” IV эл аралык көргөзмөсү

19/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Сулуулук майрамын тартуулаган “Бьюти Экспо-2018” IV эл аралык көргөзмөсү

Сүрөттөр редакцияга таандык

12-октябрь күнү Бишкек шаарында айымдарга сулуулук майрамын тартуулаган “Бьюти Экспо-2018” аталышындагы IV эл аралык сулуулук индустриясынын көргөзмөсү ачылып, бардык каалоочуларды өзгөчө шаң, ачык маанай менен тосуп алды. 

Чындыгында, сулуулук дүйнөсү ар дайым адамдарды өзүнө арбап келген. Бул жарманкеде дагы 12 мамлекеттин сулуулук индустриясынын алдыңкы өкүлдөрү бир арага чогулуп, 40тан ашуун компаниялардын 140тын тегерегиндеги өндүрүш товарларынын презентациялары болду. Мындай масштабды ичине камтыган бул иш-чара чындыгында, сулуулук дүйнөсүн бүткүл көрк-сөөлөтү менен даңктап, аны кардарларга жакындан тааныта алды. 

“Бьюти Экспо-2018” IV эл аралык көргөзмөсүнүн ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, ага Россия Федерациясынын Кыргызстандагы соода өкүлү Валерий Латыпов, Казакстандын Сулуулук индустрия Ассоциациясынын директору Махмуджан Турсун, БьютиМед сулуулук Академиясынын жетекчиси Феруза Яхъярова, эл аралык класстын чебери, “Алтын колдуу чебер” наамынын ээси Рахимжан Масимов, визажист, эл аралык чебер Евгения Николенко, мода дүйнөсүндөгү белгилүү алып баруучу Ольга Че жана “БиЭкспо” көргөзмө компаниясынын директору, уюштуруучу Виктор Линовицкий катышышты. 

Көргөзмөнүн сыйлуу меймандары иш-чаранын ийгиликтүү өтүүсүн каалашып, ушундай мыкты саамалыкты өткөрүп жаткан уюштуруу тобуна дагы ыраазычылыктарын билдиришти. Соңунда, жарманкенин кызыл тасмасын кесишип, “Бьюти Экспо-2018” IV эл аралык көргөзмөсүн ачык деп жарыялашты. 

Сулуулук майрамын тартуулаган “Бьюти Экспо-2018” IV эл аралык көргөзмөсү

“Мына ушундай көргөзмөлөр эл аралык сулуулук тармагын өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлейт. Мындай кадамдар кичи жана орто бизнестердин өнүгүүсүн камсыз кыла алат”-деген оюн Казакстандын Сулуулук индустрия Ассоциациясынын директору Махмуджан Турсун билдирип, сөзүнүн соңунда “Бьюти Экспо-2018” IV эл аралык көргөзмөсүнүн уюштуруучуларын ардак грамота менен сыйлады. 

Ал эми, визажист Евгения Николенко болсо, бардык катышуучуларды иш-чаранын ачылышы менен куттуктап, көргөзмөдөн эң жакшы маанайды жана сулуулук тууралуу керектүү маалыматтарды алып кетүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирип өттү. Анткени, дал ушундай иш-чаралар гана сулуулук чөйрөсүндөгү акыркы жаңылыктар менен тааныштырып, эң мыкты кеңештерди бере ала тургандыгына дагы токтолду. 

Иш-чаранын жүрүшүндө жеке гана жарманке болбостон, сулуулук индустриясынын чеберлери арасында сынактар дагы уюштурулду. Чач жасалгалоо, макияж коюу, тырмак тейлөө сыяктуу сынактар уюштурулуп, атайын дайындалган калыстар мүчөлөрү тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып жатты. 

Мындан сырткары, ушул чөйрөнүн кадыр-барктуу адистери мастер-класс көрсөтүп, өздөрүнүн тажрыйбалары менен дагы бөлүшүп жатышты. Сулуулук индустриясынын темасын ичине камтыган конференциялар, форумдар дагы эч кимди кайдыгер калтырган жок. Башкача айтканда, көргөзмөдө сулуулук дүйнөсү бардык тарабынан көркүнө чыгып, аны көрүүгө келген айымдарды чоң кубанычка бөлөдү. 

Бул көргөзмө 12-октябрдан 14-октябрга чейин созулуп, сулуулукту сүйүп баалаган бардык мекендештерибиз үчүн мыкты майрамдык маанай тартуулай алды. 

Сулуулук майрамын тартуулаган “Бьюти Экспо-2018” IV эл аралык көргөзмөсү

Валерий Латыпов, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы соода өкүлү:

 “Бардыгыбызга ички жан дүйнөбүз менен сырткы келбетибиз бир-бирине дал келип, айкалышкан чыныгы сулуулукту каалайм” 

- Мен алгач, бүгүнкү иш-чарага катышып жаткан бардык сулуулук индустриясынын өкүлдөрүн бизге ушундай майрам тартуулап берип жаткандыгы үчүн чын жүрөктөн куттуктайм. Ушундай сонун ачык аба-ырайы, жылуу маанай менен тосуп алган Бишкек шаарына дагы ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Бекеринен “сулуулук дүйнөнү сактайт”-деп айтылган эмес да. Ошондуктан бардыгыбызга ички жан дүйнөбүз менен сырткы келбетибиз бир-бирине дал келип, айкалышкан чыныгы сулуулукту каалайм. Бүгүнкү иш-чара абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлүп жатат. Уюштуруу тобуна дагы рахмат. Ушунча мыкты адистердин башын бир арага бириктирип, айымдар үчүн сонун майрам тартуулап жатышат. 

Бул жарманке жеке гана сулуулук чөйрөсүндөгү акыркы жаңылыктар, жетишкендиктер тууралуу маалымат бербестен, ишкерлер үчүн кызматташуу алакаларын түзүүгө дагы мыкты мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Чеберлер арасында өз ара тажрыйба алмашуу иштерине дагы өбөлгө болууда. Ошондуктан, бул көргөзмөнүн мааниси абдан зор. 

Атыр Жумашева, Казакстандан келген ишкер:

 “Бүгүнкү жарманкенин мааниси мен үчүн абдан баалуу” 

-Мен атайын ушул көргөзмөнү көрүү үчүн Бишкек шаарына келип отурам. Алдыда, сулуулук каражаттары менен алектенип, ушул багытта иштесемби деген оюм бар. Ошондуктан, бүгүнкү жарманкенин мааниси мен үчүн абдан баалуу. Чындыгында, бул көргөзмөгө дүйнөнүн алдыңкы компаниялары келип катышууда. Бул бардык эле ишкерлерге абдан жакшы мүмкүнчүлүк деп ойлойм. 

Иш-чара абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп, мыкты маанайда өткөрүлүп жатат. Бардык катышуучулардын маанайы абдан сонун. Жарманкеде өзгөчө бир жылуу атмосфера орун алууда. Бардык эле айымдар сулуу болгубуз келет эмесписпи, ошондуктан мен дагы бетти тазалоо процессине катыштым. Мага абдан жакты. Ошентип, өзүм дагы эс алып, кызматташууга дагы өнөктөш карап, убактымды өтө жакшы өткөрүп жатам десем жаңылышпайм. Албетте, бизге ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген уюштуруу тобуна дагы ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Сулуулук майрамын тартуулаган “Бьюти Экспо-2018” IV эл аралык көргөзмөсү

Виктор Линовицкий, “БиЭкспо” көргөзмө компаниясынын директору, уюштуруучу: 

“Ишкерлерибизге жардам көрсөтүү биздин башкы максаттарыбыздын бири” 

-Биз бүгүн “Бьюти Экспо-2018” IV эл аралык көргөзмөсүнүн ачып жатабыз. Бүгүн чындыгында, Россия, Кытай, Түндүк Корея, Турция ж.б. өлкөлөрдүн өкүлдөрү өздөрүнүн сулуулук каражаттарын катышуучуларга тартуулап жатышат. Арасында дүйнөгө белгилүү бренддер дагы аз эмес. 

Иш-чаранын башкы максаты Кыргызстандын сулуулук тармагын өнүктүрүү жана анын эл аралык кызматташуу алакаларын чыңдоо, ага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү болуп саналат. Андыктан, биздин жарманкеге сулуулук индустриясынын алдыңкы өкүлдөрү чогулуп, ушул жааттагы жаңылыктар менен бөлүшүп, тажрыйба алмашып жатышат. 

Жарманке катышуучуларга сулуулук гана тартуулабастан, атаандаштыкты жаратып жаткан жаштыкты сактап калууда белгилүү болгон заманбап технологияларды дагы колдонуп көрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. 

Көптөгөн ишкерлер ушул иш-чара аркылуу өздөрүнө өнөктөштөрдү издеп, өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү таап, эл аралык аренага чыга алат деп үмүттөнөм. Ишкерлерибизге жардам көрсөтүү биздин башкы максаттарыбыздын бири. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)