WeChat      Избранное

“Улуу инсандын дүйнөсү”-Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кытай элинин берген баасы

26/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Улуу инсандын дүйнөсү”-Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кытай элинин берген баасы

13-октябрь күнү Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чара болуп өттү. 

Саамалык “Улуу инсандын дүйнөсү” деп аталып, Конфуций институтунун кытай жана жергиликтүү мугалимдерине залкар жазуучунун чыгармачылыгы, басып өткөн жолу менен жакындан тааныштыруу максатында уюштурулду. 

Бул саамалыкка Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов дагы катышып, атасы тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берип, катышуучулардын ыраазычылыгына арзыды. Муну менен катар Кытай тараптан атайын чакырылган Рен Жэн мырза дагы Чыңгыз Айтматов тууралуу баяндама жасап, анын өмүрү-чыгармачылыгы менен иш-чаранын катышуучуларын тааныштырып, маңыздуу маек куруп берди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун өмүр-чыгармачылыгы, үй-бүлөсү, алган сыйлыктары тууралуу кенен маалымат алышты. Муну менен катар залкар жазуучунун чыгармачылык жолуна токтолушуп, “Жамийла”, “Кыямат”, “Биринчи мугалим”, “Кылым карытар бир күн” , “Ак кеме” ж.б. эмгектерин талдашып, талкууга алышты. Кытай мугалимдери баяндамачынын ар бир сөзүн кунт коюп угуп, Чыңгыз Айтматов дүйнөсү абдан терең жана бай деген ойлорун билдиришти. 

Рен Жэн мырза: “Залкар жазуучунун чыгармаларын окубаган адам, кандай чоң жоготууга дуушар болгондугун билбейт, бул чоң бир аалам. Бул кыргыздын жашоосу, дүйнө таанымы”-деген оюн билдирди. 

“Чыңгыз Айтматовдун эмгектерин окуган сайын, өзүнө тартып, кыргыздардын ошол мезгилдеги жашоосу, маданияты, салт-санаасы менен толук таанышып чыгууга болот. Окурмандар чыгармаларды окуп баштагандан баштап, ошол дүйнөгө баш-оту менен кирип, окуу процесси акыр-аягына чейин кандайдыр бир күчтүү сезим, толкундоо, түйшөлүү, ойлонуу менен коштолот. Эгерде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын түшүнбөсөң, анда кыргыз элин жакындан таанып, маданиятын, тарыхын дагы түшүнө албайсың”-деп, өз ой-пикирин айтып өттү. 

Эльдар Айтматов: “Чыңгыз Айтматовдун китептери Кытайда басылып чыгып, коңшу элдин китеп сүйүүчүлөрүнө тартууланып жатат” 

-Мен бүгүн Конфуций институту өткөрүп жаткан бул иш-чарага катышып жаткандыгым үчүн абдан кубанычтамын. Конфуций институтунун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу, мугалимдери менен дагы баарлашуу мага абдан жакшы таасир калтырды десем эч жаңылышпайм. 

Мен “Айтматов эл аралык фонддун” жетекчилик кызматын аркалап келем. Бул фондду атам, Чыңгыз Айтматов көзү тирүү кезинде ачкан эле. Биздин фонд тууралуу кыскача маалымат бере кетсем, фонд жаштарды өнүктүрүү, билим берүү тармагын өөрчүтүү багыттарын ичине камтыйт. Бирок, биздин башкы максатыбыз Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын сактоо жана аны коргоо болуп саналат. 

Мына, көп жыл болуп калды, биз жазуучунун үй-музейин ачканбыз. Бул музей анын акыркы 20 жыл жашаган үйүндө, Чоң-Арык айылында ачылган. Эгерде, атамды дагы жакындан таанып, анын жашоосун көрүүнү каалагандар болсо, ушул үй-музейге чакырмакчыбыз. Бардык каалоочулар үчүн ар дайым эшик ачык. Ал жактан жазуучунун жашаган жайын, колдонгон буюм-тайымдарын көрүп, дүйнөгө белгилүү чыгармалары жаралган атмосфераны сезүүгө болот деп ойлойм. Алдыда болсо, биз толук кандуу Айтматов музейин ачып, анын чыгармачылык жашоосу менен дагы жакындан тааныштырып, ар тараптуу, кызыктуу, маңыздуу жашоо өңүтүн музей аркылуу берсек деген ой-планыбыз бар. Биздин фонд үчүн Айтматовдун чыгармачылыгын баалап, сыйлаган күйөрмандары менен ушундай учурларды бөлүшүү сыймык десем эч жаңылышпайм.

“Улуу инсандын дүйнөсү”-Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кытай элинин берген баасы

Ал эми, Кытай Эл Республикасы менен мурунтан эле тыгыз кызматташып келебиз. Чыңгыз Айтматовдун китептери Кытайда учурда дагы ар кайсы провинцияларда басылып чыгып, кытай китеп сүйүүчүлөрүнө тартууланып жатат. Мисалы, Шанхай, Пекинде жана Синьцзян аймагында дагы басылып чыгууда. Кытай тарап менен дагы да жаңы китептерди басып чыгуу жаатында келишимдер түзүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учурда, жазуучунун жаңы китептери, жаңы эмгектери менен кытай эли дагы жакындан таанышып, өз бааларын берүүдө. Айрыкча, акыркы беш жыл аралыгында Кытай тараптын Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына болгон кызыгуусу абдан өсүүдө десем туура болот. 

Ал гана эмес, жазуучунун чыгармасынын негизинде тасма тартуу боюнча Кытай тарап менен көптөн бери сүйлөшүүлөр дагы жүргүзүлүп жатат. Бул тасма “Чыңгыз хандын ак булутунун” негизинде тартылмакчы. Бардыгыбыз билгендей, бул “Кылым карытар бир күн” чыгармасынан алынган легенданын бөлүгү. “Чыңгыз хандын ак булуту” анчалык чоң эмес, кичине бир чыгарма. Ал негизинен Чыңгыз хандын окуялары тууралуу эмгек. Мен аны кичинекей кезимде эле окугам. Ошол кезден бери, жүрөгүмдөн түнөк тапкан, эң жакшы көргөн чыгармаларымдын бири десем жаңылышпайм. Ал кыска болсо дагы, ичине абдан маңыздуу, маанилүү ойлорду камтыган чыгарма. Ошондуктан, барыдыгыңыздарга “Чыңгыз хандын ак булуту” менен жакындан таанышып, окуп чыгууну сунуштайт элем. Буюрса, жакында анын тасмасы дагы тартылып элге сунушталат деп үмүттөнөм. Кытайча тартылса дагы, субтитр менен кыргызстандыктарга дагы көрсөтүлөт деп ойлойм. 

Атам үй-бүлөнүн камкор, боорукер, сезимтал жетекчиси болуу менен бирге, абдан кызыктуу окуяларды дагы өзгөчө тамашакөйлүк менен баяндап берчү. Ушундай окуяларынын бирин айтып берсем. Өз мезгилинде атам СССРдин Президенти, саясатчы Михаил Сергеевич Горбачев менен Кытай жергесине расмий сапарга чогуу барып калат. Пекинге келип, жайгашып отурушса эле, сырттан бир кытай кирип: “Сизге бир жаш бала келди, ал сиздин “уулуңузмун” деп жатат”-деп, атама кайрылыптыр. Муну уккан баары таң калып, Михаил Сергеевич болсо: “Бул жактан уулдуу болгонго качан үлгүрүп жүрөсүң”-деп, тамашалап күлүптүр. Атам өзү дагы таң калганын жашырбай: “Албетте, чакыргыла, көрөлүчү”-дептир. 

Ошондо, сырттан бир жаш бала кирип эле, атама кыргызча сүйлөп, ал өз сөзүндө: “Мен сиздин “уулуңузмун”, Ак кемени күткөн Нургазы менмин. Көлгө сүзүп кетип, ушул аймакта жүрөм”-деп өзүн тааныштырган экен. Көрсө ал өзүн ушул чыгарманын башкы каарманы менен салыштырып, жазуучунун “уулумун” деген оюн айтыптыр. Бир четинен, өзүнүн сүйүктүү жазуучусу менен жолугушуу үчүн дагы атайын ушундай таанышуу жолун тапкан экен. Ал өзү, Кытайда жашаган этникалык кыргыздардан болгону үчүн, кыргыз тилинде сүйлөп, атам менен жакындан таанышып кетиптир. Бул окуяны атам өзү абдан күлкүлүү кылып айтып берээр эле. Чындыгында, Кытай жергесине алгачкы жолу барып жатып, ал жактан “уулдуу” болуп, “ата” наамын алууга, жазуучунун улуу чыгармалары данакер болгонуна бул окуя толук далил болуп бере алат. Атам өзүнүн Кытай жергесине болгон сапары тууралуу көп эле айтып берчү. Бирок, негедир ушул окуя менин эсимде өзгөчө сакталып калган. 

Бүгүнкү болуп жаткан иш-чарадан дагы Чыңгыз Айтматов тууралуу көптөгөн маалыматтарды ала аласыздар деп ишенем. Айтматов үй-музейине келсеңиздер, ал жактан дагы жазуучунун жашоосунун жаңы барактары менен таанышып, өзүңүздөр үчүн жакшы бир таасирлерди алып кетесиздер деп үмүттөнөм. Ошондуктан, сиздерди Айтматов үйүндө күтөбүз. 

Мен Конфуций институтуна алгачкы жолу келип отурам. Мындан ары дагы байланышта болуп, эки тараптуу кызматташтык алакабызды өнүктүрөбүз деген ойдомун. Бүгүнкү иш-чараны өткөрүп жаткан уюштуруу тобуна дагы терең ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Бардыгыңыздардын ишиңиздерге ийгилик кааламакчымын. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)