WeChat      Избранное

Кайрат Осмоналиев: “Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында бирден-бир маанилүү өнөктөшү боло алды”

19/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кайрат Осмоналиев: “Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында бирден-бир маанилүү өнөктөшү боло алды”

Эл аралык Т20 Форумунан бир көз ирмем.

Сүрөттөр К. Осмоналиевдин өздүк архивинен алынды

Юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Шанхай Саясий илимдер жана укуктар университетинин штаттан сырткары профессору Кайрат Осмоналиев бүгүн биздин редакциянын сыйлуу коногу болду. 

Кайрат Медербекович, кыргыз-кытай кызматташтык алакасы, коңшу мамлекеттин укуктук системасы жана “Коопсуз шаар” тууралуу өз ою менен бөлүшүп, бизге кызыктуу маек куруп берди. 

-Кайрат Медербекович, алгач Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык жылдарындагы кыргыз-кытай кызматташтык алакасынын өнүгүү жолуна сереп салып берсеңиз?

-1991-жылдын 27-декабрында Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын көз карандысыздыгын таанып, ал эми, 1992-жылдын 5-январында эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн. Ушул дипломатиялык мамилелер орнотулган жылдар аралыгында, тараптар өз ара саясий, аскердик, экономикалык, маданий-гуманитардык ж.б. тармактарда, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндө дагы кызматташтык байланыштарын бекемдеп, өнүктүрүп, ушул жаатты чыңдоонун үстүнөн иштеп келишүүдө. 

Учурда, эки өлкөнүн ортосунда эч кандай карама-каршылык, түшүнбөстүк жана кызматташтыкты прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн тоскоолдук кылган көрүнүктүү маселелер жок. Бул жылдар ичинде, Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын сырткы саясатындагы бирден-бир маанилүү өнөктөшү боло алды. 

Мындай байланыштын бекем болуусуна, 2002-жылы “Достук, коңшулук жана кызматташтык” келишиминин кабыл алынуусу дагы мыкты өбөлгөлөрдүн бири болду. Бул келишим узак мөөнөттүү жана жаңы доордогу кыргыз-кытай мамилелерин туруктуу өнүктүрүүнүн жалпы максаттарын жана багытын аныктап, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун бекем саясий пайдубалын тургузган десек болот. 

2013-жылдын 11-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапары учурунда эки тараптуу кызматташтык мамилелердин стратегиялык өнөктөштүк алакалары мыйзам чегинде тастыкталып, “Стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасы Биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Бул документте, ынак коңшулук мамилелер, достук жана кызматташтык келишиминен сырткары, алдыдагы кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары жана перспективалары белгиленип, аныкталган. 

2014-жылдын 18-майдан 21-май күндөрү аралыгында, Кыргыз Республикасынын ошол кездеги Президенти Алмазбек Атамбаев КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытай Эл Республикасында иш сапары менен болуп кайткан. Иш сапардын аягында Шанхай шаарында өткөн Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Жыйынга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жана өкмөт башчыларынын төртүнчү жолугушуусуна катышкан. 

Ушул сапардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ортосунда стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары тереңдетүү жөнүндө Биргелешкен декларация кабыл алынып, кол коюлган. 

Ал эми, үстүбүздөгү жылдын июнь айында биздин Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасында мамлекеттик сапар менен болуп, Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин саммитине катышты. Саммитте кытай тараптын ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгынын мөөнөтү (2017-2018) аяктап, Төрагалык мандат 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. 

Ушул эки тараптуу дипломатиялык байланыштын 26 жыл аралыгында бир топ маанилүү келишим-укуктук кызматташуунун базасы түзүлдү. Бул кызматташуу алакалары, жалпысынан бардык тармактарды ичине камтыйт. Буга саясий, соода-экономикалык, аскердик, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук ж.б. тармактар кирет. Бирок, муну менен катар учурда, ушул кабыл алынган эки тараптуу келишимдерди дагы бир сыйрадан инвентаризациялоо муктаждыгы бар деп ойлойм. 

Ал эми, Кытай менен инвестициондук кызматташууну өнүктүрүү үчүн, бизге атайын түзүлгөн кандайдыр бир методология керек. Жана дагы биргеликте жүзөгө аша турган перспективдүү долбоорлорду иштеп чыгуу, ушул багытка жооп берген жана алардын ишке ашуусуна көмөк көрсөтө турган атайын жоопкерчиликтүү тарапты аныктообуз заман талабы. 

Кытай менен кызматташуу боюнча конкреттүү саясий-экономикалык, инвестициондук долбоорлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин координаторлугунун алдында жүзөгө ашуусу керек. 

Эки өлкө ортосундагы ачык жана ак ниет мамиле жеке гана мамлекеттик деңгээлдеги мамилени өнүктүрүүгө өбөлгө болбостон, карапайым элдер арасында дагы байланыш түзүүгө, алака курууга, маданият жана салт-санаасын жакындан таанууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. 

Кыргызстандын жаштарынын Кытайга болгон кызыгуусу чоң. Бүгүнкү күнү миңдеген жаштарыбыз эки өлкөнүн жогорку жайларында окуп, дүйнөтаанымын кеңейтип, билимин тереңдетип келүүдө. Ушундай жол менен коңшу элдин тилин гана эмес, маданиятын, тарыхын, элин дагы жакындан таанууга шарт түзүлүп, жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Бул кадамдар дагы кыргыз-кытай достук алакасын мындан ары дагы өнүктүрүп-өстүрүүгө мыкты өбөлгө болуп, аны бекемдөөгө өз салымын кошмокчу. 

21-кылымдагы кыргыз-кытай алакасынын жолу-бул жөн гана жаңы этап, жаңы тажрыйба эмес, ал дагы биздин элдер арасындагы стратегиялык кызматташтыктын, биримдиктеги достук, тынчтык жана өнүгүү университетинин жолу болмокчу. 

Кайрат Осмоналиев: “Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында бирден-бир маанилүү өнөктөшү боло алды”

 Шанхай Саясий илимдер жана укуктар университети менен болгон кызматташууга кол коюу учурунан бир көз ирмем. 

-Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан 2013-жылы “Бир алкак-бир жол” долбоору сунушталган. Арадан беш жыл өттү. Ушул жылдар аралыгындагы долбоор канчалык деңгээлде өнүктү?

-Белгилүү болгондой, Кыргызстан жаңы доордун босогосунда турган кезинде, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эл аралык аренада саясий жүрүм-турумунун белгилүү бир моделин табуу талап кылынган. Мына ушундай моделдин бири катары, 1990-жылдары көз карандысыздыктын алдыңкы кадамдарында кабыл алынган “Жибек жолу Дипломатиясын” айтсак болот. Бул доктрина да аймактардын колдоосуна ээ болуп, анын максаты Жибек жолун бойлой жайгашкан мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык, саясий жана маданий-гуманитардык байланышты өнүктүрүү болгон. 

Мына ушул, 1990-жылдардагы “Жибек жолундагы Дипломатия” доктринасы, бүгүнкү күнү “Бир алкак-бир жол” эл аралык бараандуу долбоорунун алкагында жүзөгө ашып жатат десек жаңылышпайбыз. Бул долбоор Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан беш жыл мурун сунушталган. Кошуна өлкөлөр менен кызматташуу Кытайдын тышкы саясатынын башкы приоритети катары белгилүү. 

Кытай дипломаттарынын айтуусунда, КЭР “Бир алкак-бир жол” демилгесинде төрт багыт менен иш алып барат. Ал багыттарды атай кетсек: достукту жана салттуу жакындыкты сактоо; коңшу мамлекеттер алдындагы берилген сөздөргө туруктуу болуу; өз ара пайдага жетишүү; толеренттуулукту камсыз кылуу жана биримдикте ар тараптуу өнүгүү. Мына ушундай жол аркылуу, алгачкы Жибек жолундагы дипломатия концепциясы өзүнүн жолун улантууда десек болот. 

“Бир алкак-бир жол” демилгеси жылдан-жылга өнүгүп, арышын кеңейтүүдө. Ал эми, ушул демилгенин алкагында, беш жыл ичиндеги экономикалык долбоорлордун жүзөгө ашуусу тууралуу айта турган болсок, бул берилген мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан толугу менен колдоно алган жок. Бизге караганда, бул демилгени коңшу өлкөлөрүбүз жакшы колдонууда. Ошондуктан, бул жаатта дагы да иштөөбүз, аракет кылуубуз зарыл деп эсептейм. 

-“Коопсуз шаар” долбоору тууралуу ой-пикириңиз кандай, бизге ушундай коопсуздук системасы зарылбы?

-Албетте, мындай долбоор бизге керек. Анткени, 21-кылымда жашап жатып, шаардагы кырдаалдарды көзөмөлгө алган заманбап технологиялардан баш тартуунун кереги жок. Жол эрежелеринин сакталуусуна жана шаар ичиндеги коопсуздукту камсыз кылууда бул долбоордун салымы зор болмокчу. 

Бирок, биз “Коопсуз шаардын” башка мамлекеттерде дагы жүзөгө ашырылган жолуна сереп салып, тажрыйба топтообуз абзел. Эң негизгиси, долбоор мамлекеттин катуу көзөмөлү алдында ишке ашып, жарандардын өздүк маалыматтары, кызыкчылыктары мыйзам алдында толугу менен корголуусу башкы шарт. 

Мисалы, Дубайда, Лондондо, Кытайдын бир катар шаарларында адамды бет-келбетинен таануу системалары көптөн бери колдонулуп, кылмышкерлерди, террористтерди кармоодо жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келет. Элибиздин тынч жашоосу үчүн эмне себептен ушундай коопсуз шаарды курууга болбосун?

-Кыргыз Республикасы менен Кытайдын мыйзамдары тууралуу кеп салсак, эки өлкөнүн ортосундагы бул жааттагы чоң айырмачылыктарга токтоло кетсеңиз?

-Албетте, бул багытта эки мамлекет ортосунда ачык-айкын айырмачылыктар бар. Мисалы, Кыргыз укук тутуму роман-герман укук системасына кирет. Ал эми, Кытайдын укуктук системасы аралаш десек да болот. Ал жакка, байыркы укук окуулары, “кытай спецификасы менен социализм” идеясынын негизинде түзүлгөн заманбап мыйзамдар жана булар менен катар роман-германдык жана англо-саксондук укуктук тутумдар дагы кирет. 

Менин билишимче, ал жакта негизинен, коомдук турмуштун бардык аспектилерин жөнгө салууда салттуу жүрүш-туруш моралдык нормалары үстөмдүк кылат. Башкача айтканда, мыйзамга болгон мындай мамилеге, мамлекеттик идеологиянын өзөгүн 1911-жылга чейин түзүп келген Конфуций окуусунун дагы таасири бар. 

Кытай Эл Республикасынын негизделишинин алдыңкы 10 жыл аралыгында Кытайдын укуктук системасына советтик юридикалык илимдин кошкон салымы дагы зор. КЭРдин заманбап укуктук системасынын башкы өзгөчөлүгү катары нормативдик акттардын аз болгондугун айта кетсек болот. Мисалы, коңшу мамлекетте алардын саны эки жүздөн ашса, Кыргызстанда болсо мыйзамдардын саны төрт миңден ашуун. Кытайдын укуктук системасынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, билүү, үйрөнүү Кыргызстандын юридикалык илими үчүн дагы олуттуу мааниге ээ. 

-Сиздин оюңуз боюнча, сырттан келген инвесторлор Кыргызстандын кайсы мыйзамдарын жакшылап билүүсү абзел?

-Сырттан келген ар бир чет элдик жаран Кыргызстандын Конституциясын сыйлап, аны сактоосу башкы шарт. Жогоруда айтылгандай, Кыргызстандын укуктук системасы Кытайга караганда көлөмү жагынан кыйла татаал болуп, он сегиз кодекс, төрт миңден ашуун мыйзам менен катар дагы элүү миңден ашуун мыйзам алдындагы жоболор иштейт. Албетте, булардын бардыгын билип кереги жок. Бирок, ошентсе дагы инвестициондук чөйрөгө тиешелүү бир катар мыйзамдар жана жоболор иштелип чыккан. Сырттан келген инвесторлордун алар тууралуу маалыматы болуусу абзел. Муну менен катар алар, иш алып барууда алдыда, кандайдыр бир маселелер жаралбоосу үчүн тажрыйбалуу юристтерден жардам алуусун сунуштайт элем. 

Кайрат Осмоналиев: “Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында бирден-бир маанилүү өнөктөшү боло алды”

Чжежан университети.

-Кытай Эл Республикасынын Шанхай Саясий илимдер жана укуктар университетинде штаттан сырткары профессор катары эмгектенип келет экенсиз. Ушул тууралуу кеп салып берсеңиз?

-2014-жылы К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций университетинин жетекчилиги тарабынан Кытай жергесине уюштурулган сапардын алкагында Шанхай Саясий илимдер жана укуктар университетине барып келгем. Ал кезде мен КР ТИМдин Дипломатиялык Академиясынын проректору кызматын аркалып турган кезим болчу. 

Мына, ушундай мыкты мүмкүнчүлүктүн артынан аталган университетте Кыргызстандын укуктук системасы жана тышкы саясаты жөнүндө, регионалдык маселелер, анын ичинде коопсуздук боюнча - терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансулуттук кылмыштуулук көрүнүштөрү тууралуу англис тилинде бир нече баяндама жасагам. Дипломатиялык академиясына келээрден мурун болжол менен 18 жыл бою укук коргоо органдарында, муну менен катар Бириккен Улуттар Уюмунун Венадагы эл аралык башкаруу борборунун баңги жана кылмыштуулук тармагында кеңешчи болуп эмгектенгем. Ошондуктан, баяндама жасаган темаларым тууралуу өздүк тажрыйбам дагы мол эле. Мына, ошол лекциялардан кийин Шанхай университетинин жетекчилиги тарабынан тиешелүү диплом тапшырылып, штаттан сырткары профессор катары кабыл алышкан. Ар жыл сайын Кытайга бир жолу барып студенттерге баяндама жасап турам. Былтыр белгилүү бир шарттарга байланыштуу бара албай калгам. Быйыл, буюрса ушул мыкты окуу жайына барып келүүнү пландап жатам.

Кыргызстанга дагы Шанхайдан атайын делегациялар келип, бир канча тегерек столдорду өткөрүп жүрөбүз. Мындан сырткары, 2015-жылы Ханчжоудагы Чжежан университетине дагы кыдырып көрүп келүү мүмкүнчүлүгү болду. Ал жактан дагы адъюнкт-профессордун дипломун алып кайткам. 2016-жылы болсо, аталган университеттин чакыруусу менен эл аралык Т20 Форумунда баяндама жасагам. Мына, ошондуктан, Кытай тарап менен тыгыз кызматташтык байланыштабыз десем жаңылышпайм. 

-Өз мезгилинде К. Дикамбаев атындагы КР ТИМдин Дипломатиялык академиясында эмгектенип кеткем деп калдыңыз, сиздин оюңуз боюнча дипломат кандай башкы сапаттарга ээ болуусу абзел?

-Кыргызстан - кичинекей өлкө, ошондуктан, эл аралык аренада көп иштер дипломатиялык чеберчиликке көз каранды. Дипломат мыкты аналитик болуу менен катар, өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту болуусу зарыл. Бул багыттан алганда, биздин кытай дипломаттарынан үйрөнө турган жактарыбыз көп. Чындыгында, кыргыз дипломатиясы жаш. Бирок ошого карабастан, катачылыктарды кетирбөөгө аракет кылуу зарыл. Бул тармакты өнүктүрүп, күчтүү дипломаттарды даярдап чыгуу заман талабы.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)